Шектүү саясий кадамдар коркунуч жөнүндө кабар берүүдө

Шектүү саясий кадамдар коркунуч жөнүндө кабар берүүдө
Дамасктагы азыркы жетекчилик чет элдик элчиликтерге жана алардын аймактык куралдары болгон элчиканаларга шектүү түрдө умтулуп, кулатылган режимдин айрым символдору жана жардамчылары менен жакындашууда. Алардын айрымдарын мамлекеттик кызматтарга тартуусу жана алардын арасында жаңы колдоочуларды издеп жатканы Башардын кулатылуусунан кийинки баскыч жана бүтүндөй Сириянын тагдыры үчүн чоң коркунуч туудурган олуттуу өзгөрүү болуп эсептелет. Бул шектүү саясат Шам революциясын колдоп өз жанын арнаган мужахиддердин четке сүрүлүшү менен бир мезгилде жүрүп жатат. Ал мужахиддер Аллах Тааланын жардамы менен ушул жетекчиликти кылмышкер Асад режиминен кийинки Дамасктагы бийликке алып келген негизги күч болушкан.
Бул коркунучтуу багыт жөн гана өз канын төгүп жеңишке жеткирген эр азаматтардын курмандыгын жана революция жылдарында чоң салым кошкон революциячыл элдин колдоосун тануу эмес. Бул багыт ошол сырткы күчтөрдүн орноткон чоң тузагына түшүү болуп саналат. Анын максаты азыркы жетекчиликти мындан да алсыз кылуу, элдик таянычынан ажыратуу жана акырында аны ички колдоодон такыр ажыратып, душманга көз каранды кылып же анын “ырайымдуу огуна” гана үмүт кылган абалга жеткирүү. Бул кырдаал Шамдагы мужахиддерде, революционерлерде жана элдин кеңири катмарларында терең жана тынчсыздандырган суроолорду жаратууда:
— Бизге Аллах тартуулаган бул жеңиш жаңы өкмөттүн чыныгы максаттары менен үмүттөрүн көрсөтүп жатабы?
— Бул жеңиш шейиттердин канына, жарадарлардын жана туткундардын курмандыгына болгон ишенимди билдиреби?
— Же биз маңызы жок, бош жеңишке жеттик деп ойлоп жатабызбы? Балким, бул жеңиш дегенибиз чындыгында жеңилүү, бирок “жеңиш” деген ураандар менен капталган абал эмеспи?
Дамаскта жүргүзүлүп жаткан азыркы саясат революциялык баалуулуктардан четтеп, сырткы күчтөргө көз карандуулуктун ачык көрүнүштөрү менен коштолуп, азыркы жетекчиликти эгемендиктен жана көз карандысыз чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, өлкө келечеги үчүн тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алуу жөндөмүн да алсыратууда. Бул багыт жергиликтүү элдин ишенимине кызмат кылмак турсун, өлкөнүн өз алдынчалыгына шек келтирүүдө. Ошондой эле бул саясат Сирияны жөн гана “Ислам бийлиги орношу мүмкүн болгон кооптуу аймак” катары караган эл аралык күчтөргө толук баш ийүүнү бекемдеп жатат. Ошондуктан, АКШ, анын өнөктөштөрү жана атаандаштары өз кызыкчылыктарын көздөп, Сирияда үстөмдүккө жетүүнү өздөрү үчүн зарыл деп эсептешет.
Бул элчиликтерге жана чет өлкөлөргө жакындашуу аракетин “колдоо” же “коопсуздук жана күчкө ээ болуу” деген жүйөлөр менен актай албайбыз. Анткени күч душмандын белегинен же ырайымынан келбейт, ал күрөш менен алынат.
Дамасктагы азыркы жетекчилик башынан эле Башардын режимине альтернатива боло турган так аныкталган саясий долбоорго ээ эмес болчу. Ошондой эле алар бул өткөөл мезгилге жетип келишин күткөн да эмес, аны башкарууга реалдуу даярдыгы да жок эле. Аларда мамлекетти башкаруу же эл аралык системалар менен жоопкерчилик жана чеберчилик менен иш алып барууга жөндөмдүү мамлекеттик ишмерлер да жок болчу.
Бүгүнкү күндө чет элден “күч” издөөсү — ички алсыздыктын, келечекке карата түшүнүксүздүктүн жана реалдуу долбоордун жоктугунун гана көрүнүшү. Бул болсо мамлекеттин чыныгы күч булактарынан, атап айтканда, аң-сезимдүү жана курмандыкка даяр элдик колдоодон акырындык менен алыстоого алып барат. Бул эл — ар бир жетекчи үчүн табигый жана бекем тирек эле.
Ал эми сырттан жардам жана таяныч издөө бул жол акыр аягында өлкөнү эгемендиктен ажыратып, чечим кабыл алуу эркиндигинен кол жууп, эл аралык күчтөр каалаган учурда ошол жетекчиликти кулатууга жеткире турган абалга алып келет.
Айкын болуп калды, бул жетекчилик кайра көтөрүлүүнүн негиздерин тебелеп, аны бийликке алып келген элдик колдоону четке кагууда, жакшылыгын унутуп, өз күчүн коомдун ичинен курап чыгуунун ордуна, ички күчтү ыдыратууда. Ал элдин ишенимин жана таянычын түзгөн күчтүү колдоону четке сүрүп, анын ордуна ишенимсиз сырткы тараптар менен туруксуз альянстарды түзүүдө же Асад үй-бүлөсүнүн тарапташтарын өз катарына аралаштырып жатат. Бул болсо эртеби-кечпи аны революцияга каршы чыккандардын жана элдин душмандарынын колундагы куралга айлантат.
Саясий чындыкта бир нече жолу тастыкталган мыйзам ченем бар. Чыныгы туруктуулукту жана узак мөөнөттүү өнүгүүнү көздөгөн ар бир мамлекет же жетекчилик эч качан өзүнүн эгемендүүлүгүн убактылуу жардам же жалган легитимдүүлүк үчүн соодалашпайт. Сыртка таянуу көз карандылыкка алып келет. Бул жалган, саясий ачыктык шылтоосу менен кирип келүүдө. Бирок, ал тез жок болуучу “күчтөн” башка эч нерсе бербейт. Ал эми чыныгы мамлекеттик курулуш — мамлекетчил, калыс инсандарды көтөрүп, алар менен кызматташуу, саясий көзкарандысыздыкты бекемдөө жана ички муктаждыкты камсыз кылуу менен ишке ашат.
Бүгүн Дамасктын жетекчилигине жетиши керек болгон кабар ачык жана так. Силер тандаган жол — коркунучтуу жол. Бул жол күч-кубат эмес, кулоо жолуна алып барат. Эгер силер чынында эле революциянын жетишкендиктерин сактап калууну жана өз позицияңарды бекемдөөнү кааласаңар, анда дароо өз тамырыңарга т.а. мужахиддерге, революциянын чыныгы уулдарына кайтууңар керек. Сырткы күчтөрдүн койнуна кирүүнү токтоткула. Чыныгы күч — Аллахты ыраазы кылган жолду тандап, элдин калыс жана курмандыкка даяр колдоосуна таянуудан келип чыгат. Бул күч элчиликтерден эмес, эркин эрктен, көзкарандысыз чечимден жана толук эгемендиктен жаралат. Ким бул чындыкты кабыл албаса, ага Аллахтын ушул сөзү жетиштүү болот:
﴿فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَى أَن تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ فَعَسَى اللهُ أَن يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِّنْ عِندِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَى مَا أَسَرُّوا فِي أَنفُسِهِمْ نَادِمِينَ﴾
«Сен, дилдеринде мараз-оорусу бар адамдар: «Бизге бирер балээ жетишинен коркобуз», деген абалдарында алар (каапырлар) тарапка ташып жатышкандарын көрөсүң. Мүмкүн Алла мусулмандарга жеңиш берер, же өз алдынан (бул мунаафык кишилерди шерменде кыла турган) бир ишти келтирип, алар ичтеринде жашырган нерселерине бушайман кылуучуларга айланып калышаар». (Маида сүрөсү, 52-аят)
Роя гезити
Устаз Мустафа Сулейман
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук байланыш комитети