Эгемендиктен ажыроо: Пакистандын жаңы мунай келишими

Эгемендиктен ажыроо: Пакистандын жаңы мунай келишими
Июль айында Америка президенти Трамп өзүнүн “Truth Social” платформасында мындай деп жазды:
«Биз Пакистан мамлекети менен жаңы келишим түздүк. Пакистан жана Америка Кошмо Штаттары анын ири мунай корлорун өнүктүрүү үстүндө чогуу иштешмекчи».
Бул мунай келишими эки өлкөнүн ортосундагы кеңири соода келишиминин алкагында түзүлдү. Ага ылайык, Америка пакистандык импорттук товарларга коюлган бажы салыктарын 29%дан 19%га түшүрүүгө макул болду. Ошол эле учурда, Индия Орусиядан чийки мунайды импорттоону токтотпосо, ага жазалоочу тариф киргизерин эскертти.
Эң кызыгы, бул келишимден кийин эле Пакистандын эң ири мунай кайра иштетүүчү компаниясы Cnergyico АКШдан 1 миллион баррел чийки мунай сатып алууну пландап жатканын жарыялады. Бул анын салттуу түрдө Жакынкы Чыгыштагы мунай жеткирүүчүлөрүнө таянган багытын өзгөрткөнүн көрсөтөт. Бул Пакистандын Трамп администрациясын ыраазы кылуу аракетин бир гана мунай тармагында эмес, башка тармактарда да жасалып жатканын айгинелейт. Пакистандын Финансы министрлиги бул келишимди «энергетика, минералдар, маалымат технологиясы, санарип валюталар жана башка көптөгөн тармактардагы жаңы экономикалык кызматташтыктын доору башталды» деп сыпаттады.
Бул келишимди жакшылап талдоодо Пакистандын жетекчилиги өлкөнүн байлыктарын жана аймактык эгемендигин Америкага жагуу үчүн тартуулоону зыян деп көрбөй жатканын байкоого болот. Американын колу эч кандай чектөөсүз Балуцистандагы иштетилбеген мунай корлоруна жетет. Мындан тышкары, Синдде, Пенжабда жана Хайбер Пахтунхвада да мүмкүнчүлүктөр бар.
Бул келишим Кытай–Пакистан экономикалык коридору долбоорун токтотуп, Американын Жакынкы Чыгыштагы жаңы долбоорун ылдамдатышы мүмкүн. Ал долбоор Иранды, Афганистанды жана Пакистанды майдалап, карталарды кайра чийип, Америкага моюн сунган жаңы мамлекеттерди жана режимдерди түзүүнү көздөйт. Эгерде келечекте мунай толук пайдаланылса, негизги пайдалануучулар — америкалык мунай компаниялары жана алардын подрядчылары болот. Алар Пакистандын байлыгын өз өлкөсүнө чыгарып кетишет, бирок аны салыктык жеңилдиктер түрүндө көрсөтүп, АКШ экономикасын чыңдоого жумшашат. Демек, Пакистандын мунайы эми пакистандыктардын кызыкчылыктарына кызмат кылуучу стратегиялык байлык болбой калды. Ал Америка көзөмөлүндөгү соода товары болуп калды.
Пакистандын эгемендиги менен көз карандысыздыгынан баш тартуу жана Трамптын текебердигин канааттандыруу – бул өлкөнүн аскерий жана жарандык жетекчилигинин мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп калды. Индия менен болгон кыска согушта үстөмдүк Пакистандын тарабында болсо да, жетекчилер өлкөнүн түпкү, тагдыр чечүүчү маселелерин колго алууга болгон алтын мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып коюшту. Синд суулары боюнча келишимге байланышкан талаштар али чечилген жок, Кашмир дагы деле баскынчылык алдында турат, ал эми экономикалык ойгонуунун негизги таянычы болушу керек болгон экономикалык коридор чек арадагы чыңалуулардын айынан барган сайын алсырап барат. Стратегиялык көз карандысыздыкты бекемдөөнүн ордуна, Исламабад Трампка кайрылып, аны Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөттү!
Мунун натыйжасында Индия Пакистанды кайрадан таштап кетти. Ал айыл чарба жана тез көбөйүп жаткан калкты багуу үчүн зарыл болгон сууну тартып алды. Мындан тышкары, өлкө Линиялык көзөмөлдүн боюна он миңдеген жоокерлерди коргонуу позицияларында кармоого аргасыз, бул болсо ресурстарды түгөтүп, аймакты ашыкча аскердештиргени менен, бирок Индия менен болгон коопсуздук көйгөйүнө түпкү чечим бербей жатат. Стратегиялык көрөгөчтүктүн жоктугу жана Америкага болгон тынымсыз таяныч Пакистандын чыныгы эгемендиги тууралуу бардык дооматтарды жокко чыгарып турат.
Пакистанды үмүттөндүргөн технология тармагы ири таланттарга бай болсо да, анын жетекчилиги эгемендиктен баш тартуусунан кутула алган жок. Жасалма интеллект боюнча улуттук саясат амбициялуу көрүнгөнү менен, чет элдик технологияларга, платформаларга жана өнөктөштүктөргө болгон терең көз карандылыкты ашкерелеп турат. Эгерде эсептөөчү инфраструктураны, маалымат борборлорун жана эгемен алгоритмдерди өнүктүрүү боюнча олуттуу аракеттер көрүлбөсө, анда Пакистан өндүрүүчү эмес, тескерисинче чет элдик системалардын жөн гана керектөөчүсү болуп калуу коркунучунда.
Саясат жаңычылдыктын тилинде сүйлөп жаткандай көрүнөт, бирок азыркы формасында Пакистан Американын жана Кытайдын технологиялык жабдууларына болгон көз карандылыгын бекемдеп жатат. Бул болсо өлкөнү алдыдагы ондогон жылдар бою башкаруу, экономика жана коргонуу системаларын калыптандырчу технологиялар үстүнөн көзөмөлсүз калтырат.
Ушул сыяктуу эле, 2025-жылдагы виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам жана «Пакистандын санарип валюталар кеңеши» дегендер Трампка байланышкан криптовалюталык компаниялар менен кызматташтыктын жөн гана көрүнүшү болуп эсептелет. Дагы бир ирет, Пакистандын криптовалюталарга жапырт киришүүсүнөн негизги пайда көргөндөр — америкалык компаниялар жана президент Трамп. Ал эми карапайым пакистан калкы үзгүлтүксүз жарык өчүрүүлөрдү жана суу жетишсиздигин баштан кечирип жатышат, анткени өлкөнүн чектелүү ресурстары Трамптын кызыкчылыктарына байланып турган энергияны чексиз жуткан майнинг фермаларына багытталууда.
Үч тармакта тең — энергетикада, баскынчы Индиянын колундагы Кашмир маселесинде жана технологияда — Пакистан өзүнүн кызыкчылыктарын жана эгемендигин Американын кызыкчылыктарына курмандыкка чалып жатат. Ал өзүнүн жаратылыш байлыктарын америкалык компанияларга тапшырып, Индияга каршы тактикалык ийгиликтеринен баш тартып, Трамптын төмөн аброюн «тынчтыктын жаратуучусу» деген деңгээлге көтөрүп, өзүнүн санариптик келечегин америкалык платформаларга берип койду. Эгерде Пакистандын багыты түп-тамырынан оңдолбосо, анда азыркы жетекчилик өлкөнү кыйроого учуратат.
Ошондуктан Пакистан мусулмандары бул бузулган түзүмдүн улануусуна жол бербөө үчүн демилгени өз колуна алышы зарыл. Анткени анын башында турган жетекчилердин максаты — «император» Трампты ыраазы кылуу гана. Бул болсо Пайгамбарыбыз ﷺ көрсөткөн тарикат менен курулуучу рашид Халифалык болмоюнча ишке ашпайт.
Аллах Таала мындай деди:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾
“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал: 24).
Устаз Абдулмажид Бахати – Пакистан вилаяты
Роя гезити