Роя гезити

Эмне үчүн Россия Талибан өкмөтүн тааныды?

Эмне үчүн Россия Талибан өкмөтүн тааныды?

Россия расмий түрдө Афганистан “Ислам Эмирлигин” тааныганын ТАСС агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине таянып билдирди. Агенттиктин маалыматына ылайык, Москвадагы элчиликке Талибан кыймылы кабыл алган Афганистандын туусу илинди. Кабулдагы орус элчиси Дмитрий Жирновдун айтымында, бул таануу чечимин президент Владимир Путин Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сунушу менен кабыл алган. Дипломаттын сөзүнө караганда, бул чечим “Россиянын Афганистан менен толук кандуу өнөктөштүк орнотууга болгон чын ыкласын билдирет”.

Рейтер агенттиги белгилегендей, Талибан 2021-жылдан бери Афганистанды толук көзөмөлгө алган учурдан тартып, Россия аны расмий түрдө тааныган дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп калды.

Анда бул расмий таануунун максаты эмне? Ал Борбор Азия өлкөлөрүнө, өзгөчө Өзбекстанга кандай таасир этет?

Россия Батыш чек арасын коргоо үчүн Украинага басып кирген. Бирок андан кийин башка чек араларын коргоо жөндөмү азайган. Мунун натыйжасында башка геосаясий күчтөр Россиянын таасириндеги аймактардан анын таасирин сүрүп чыгара башташты жана аймакта үстөмдүк орнотуу аракетин күчөтүштү. Бул процессте Кытай, Америка, Европа Биримдиги жана Британия өз ролун күчөттү. Натыйжада, Россия Кавказ жана Борбор Азиядагы салттуу таасирин жоготуп бара жатат. Бул көрүнүштү Азербайжан, Грузия, Армения, Өзбекстан жана Казакстанда ачык байкоого болот.

Мындан тышкары, акыркы эки айда Америка тарабынан тутандырылган Пакистан менен Индиянын, Иран менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы убактылуу согуштар жана Газа секторундагы согуштун айынан үммөткө жайылган жалпы маанайдан улам күчөгөн жихадчыл маанай Россияны түштүк жана чыгыш чек араларынын коопсуздугуна көбүрөөк көңүл бурууга мажбур кылууда.

Ошондой эле, дүйнөлүк соода жолдоруна болгон күрөштүн күчөшү жана минералдык ресурстарга жетүү жарышы, Трамптын жинди саясатынын айынан пайда болгон эл аралык тең салмактуулуктун бузулушу шартында, Россияны альтернативалык жолдорду издөөгө түртүп жатат.

Жогоруда айтылган жагдайлар жана шарттар Россияны геосаясий максаттарына жетүү үчүн Талибан өкмөтүн расмий түрдө биринчи болуп таанууга түрткөн. Бул кадам төмөнкүдөй себептер менен түшүндүрүлөт:

  • Түштүк чек араларынын коопсуздугун камсыз кылуу. Орусиялык аткаминерлер бул максатын өз билдирүүлөрүндө ачык көрсөткөн:

– Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова мындай деди:

«Мурда биз Россия да дүйнөнүн башка алдыңкы өлкөлөрү сыяктуу Кабул менен орток кызыкчылыктагы маселелер, анын ичинде терроризмге жана Афганистандын аймагынан тараган баңгизатка каршы күрөшүү багытында практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөрүн тастыктаганбыз. Ачыгын айтканда, Талибанды террордук уюм макамынан чыгарбай туруп бул ишти жүргүзүү мүмкүн эмес».

– Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров:

«Биз Талибан менен байланышта болууну улантабыз, анткени ал Афганистандагы реалдуу күч. Алардын баңгизат соодасына жана терроризмге каршы иш жүзүндөгү аракеттерин эске алуу маанилүү».

– Россиянын Афганистандагы атайын өкүлү Замир Кабулов:

«Биз Талибан менен диалогду улантууга мажбурбуз. Учурда Афганистанда кырдаалды көзөмөлдөп турган жалгыз күч – Талибандар. Айрыкча «Ислам мамлекети» сыяктуу террордук уюмдарга каршы күрөшүүдө алар менен кызматташуу өзгөчө мааниге ээ».

  • Түштүк транзиттик жолун өнүктүрүү:

– Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин мындай деди:

«Афганистандын географиялык жайгашуусу региондук соода жана транспорт үчүн абдан маанилүү. Биз Афганистан Борбор Азия менен Түштүк Азиянын ортосундагы ишенимдүү көпүрө болушун каалайбыз. Бул өлкөнүн өзүнө гана эмес, бүт аймакка экономикалык пайда алып келет».

– Тышкы иштер министри Сергей Лавров:

«Биз Афганистанды региондук транспорт жана логистикалык инфраструктурага интеграциялоого кызыкдарбыз. Бул Түндүк-Түштүк коридорунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, бардык кызыкдар тараптар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт».

Россиянын Афганистандагы атайын өкүлү Замир Кабулов мындай деди:

«Афганистандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрү абдан чоң. Эгерде өлкөдөгү кырдаал туруктуулукка жетсе, ал Борбор Азия менен Түштүк Азияны байланыштырган маанилүү транспорттук хабка айланышы мүмкүн. Биз бул багытта, анын ичинде темир жолдорду жана автоунаа жолдорун өнүктүрүүдө, кызматташууга даярбыз».

Батыштын Россияга каршы киргизген санкциялары, Азербайжан менен болгон мамиленин сууп калуусу жана Иранды кошкондо Жакынкы Чыгыштагы аскерий чыңалуу шарттарында Түштүк Кавказ жана Иран аркылуу өтүүчү жолдордун коопсуздугу шек туудурат. Мындай шарттарда Афганистан аркылуу өтүүчү түштүк транзиттик жолдор Москва үчүн өзгөчө мааниге ээ болууда.

Эгерде Россия Афганистан аркылуу өтүүнү камсыздай алса, анда Борбор Азиядагы коопсуздук жана транспорт саясатын өз таасир аймагында сактап калууга жетишет. Бул болсо Россияга аймактагы өзүнүн колонизатордук таасирин кайра жандандырууга шарт түзөт жана Батыш менен болгон күчтөрдүн тең салмактуулугун калыптандырууга көмөктөшөт.

2023-жылы Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Ташкент конференциясында мындай деген:

«Афганистан аркылуу өтүүчү транспорттук коридорлор экономикалык гана эмес, коопсуздук жагынан да маанилүү. Бул аймак Борбор Азия менен Россия үчүн стратегиялык мааниге ээ» (ТАСС, 2023).

Жыйынтыктап айтканда, Россия дүйнөдө биринчи болуп Талибанды Афганистандын расмий бийлиги катары таанып, түштүк чек арасын коркунучтардан коргоого аракет кылууда. Ошондой эле Батыш менен болгон кагылышуулар күчөп, тышкы соода жана транспорт каналдары кыскарып жаткан шартта эл аралык соода жолдоруна өз алдынча жетүүнү көздөп жатат. Бул кадам Украинадагы согуштун айынан жоготкон геосаясий таасирин кайтаруу жана аймактагы негизги оюнчу катары позициясын бекемдөө үчүн да багытталган.

Мындай шарттарда Борбор Азия, өзгөчө Өзбекстан, геосаясий күчтөрдүн атаандаштыгына, бул аймактагы элдердин тагдыры Сирия сыяктуу эл аралык күрөштүн курмандыгына айланууда. Бул абалга чекит коюунун бирден-бир жолу пайгамбарлык жолундагы экинчи Халифалыкты тикелөө болуп саналат. Ал Ислам менен өкүм жүргүзөт. Бул шарият менен да, вакыйлык менен да далилденген чындык.

﴿وَالَّذِينَ كَفَرُوا بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ إِلَّا تَفْعَلُوهُ تَكُن فِتْنَةٌ فِي الْأَرْضِ وَفَسَادٌ كَبِيرٌ﴾

«Каапыр болгон кишилер бир-бирине дос, камкор-шериктеш (болушат). (Демек, эй момундар, силер аларды өзүңөргө душман туткула). Эгер ошондой кылбасаңар (тактап айтканда, момунга дос, каапырга душман болбосоңор), жерде фитна жана чоң бузулуу болот». (Анфал сүрөсү, 73-аят).

Абдулазиз Аль-Өзбекий

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button