Яхудийлерге каршы туруу – бул акыйда маселеси, ага даярдануу фарз, андан баш тартуу – кыйроо

Яхудийлерге каршы туруу – бул акыйда маселеси, ага даярдануу фарз, андан баш тартуу – кыйроо
Сирияда акыркы күндөрү айрым саясатчылар эл арасында «Биз элибизге кыялдарды айтпайбыз, мамлекетти кайра куруу үчүн реалдуу кадамдар менен жүрүшүбүз керек» деген идеяны жайылтып жатышат. Алар муну «өз чыныгы мүмкүнчүлүктөрүбүздү билебиз, коркутуу тили менен оккупацияга каршы туруунун пайдасы жок» жана «1974-жылкы макулдашууга кайтуу үчүн сүйлөшүүлөр уланууда» деген жүйө менен айтышат!
Мындай үмүтсүз жана кайратсыз чакырыктардын алдында, айкын күн сыяктуу ачык чындыктарды эскертип коюу зарыл:
Биринчи чындык:
Бул кыял эмес акыйдага, ыйманга жана саясатка таянган чындык. Яхудий түзүмү баскынчы түзүм, аны менен кол кармашуу, аны жеңүү жана мусулмандардын ыйык жайларын анын нажасатынан тазалоо фарз. Эгерде бизде эрк болсо, бул мүмкүн нерсе, анткени бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Өзгөчө, Газадагы мужахиддер «жеңилбес армия» деген уламыштын жалган экенин ачыктады. Алар аз санда жана аз курал менен эле чыныгы акыйкат ээси үстөмдүк кыларын, ыйман кереметтерди жаратканын, акыйкат дайыма жеңээрин, ал эми батыл сөзсүз жеңилээрин далилдешти.
Экинчи чындык:
Кыял – бул «саясий реалдуулук» деген желе менен жамынган коркоктук, кайратсыздык, алсыздык жана кордукту жайылтуу. Мындай саясат бизди жок кылат, ал эми яхудий түзүмүн жана анын биринчи колдоочусу, куфрдун башчысы Американы дагы да зомбулукка жана текеберликке түртөт.
Үчүнчү чындык:
Кыял мамлекет куруу деген шылтоо менен реалдуулукка жабышуу! Эгер жериң да, асманың да баскынчыга ачык болсо, эгемендигиң кем болсо, душманың каалаган учурда жериңде жүрүп, каалаганча кол салып, адамдарды уурдап, суракка алып, азаптап, өлтүрүп жатса, сага шарт коюп, баш калааңдын жанында аскер түшүрүп турса, сен болсо кыймылсыз туруп, болгону айыптап, БУУга жана эл аралык түзүмгө даттанып отурсаң, анда саясий же экономикалык «өсүштүн» баасы эмнеде? Алар болсо биздин душмандарыбыз, яхудийлер менен шериктер! Алар биздин согушубузда да, дээрлик эки миллион шахид берген улуу революциябыздын ар-намысын уурдоодо да шерик болушкан. Ошондо да яхудийлер Аллах жараткан эң коркок макулуктар, ал эми Шам эли болсо тоолорду түп-тамыры менен жулуп салчу эркке, чечимге жана кайратка ээ эмеспи?!
Яхудийлер менен кармашуу сөзсүз болот, аны кечиктирүүнүн да баасы бар.
Биз ар дайым айтып келгенбиз: бул жийиркеничтүү түзүм айлакерлик жана чыккынчылык түзүмү. Ага эч кандай келишимдер да, макулдашуулар да пайда бербейт. Ага тынчтандыруу саясаты да, ыраазы кылуу аракеттери да иштебейт, айрыкча булардын оор кесепеттерин жер үстүндө көрүп турабыз. Ага каршы туруш үчүн жалгыз жол – анын пайдубалын титиреткен, түзүмүн силкинткен чынчыл кыймыл гана жарайт. Анын жалган арстандын көлөкөсүн жок кылуу зарыл. Ал эми ага жүгүнүп, нормалдаштыруу каналдарын ачып, «коопсуздук, тынчтык жана өлкөнү, экономикасын куруу» деген шылтоолор менен моюн сунуу – бул басынуу гана!
Америка яхудий түзүмүнө чексиз колдоо көрсөтөт жана анын кеңейүү аракеттерин мусулмандардын жери менен байлыктарынын эсебинен колдойт. Ошондой эле, Америка мусулман өлкөлөрүн алсыратуу жана бөлүп-жаруу багытында иштеп келет. Максат – бул өлкө кайрадан турбасын, эгер турса да, бул Америка көздөгөн кызыкчылыктарга гана кызмат кылсын. Булардын башында яхудий түзүмүнүн коопсуздугу жана Исламды кайра бийликке кайтарууну «терроризмге каршы күрөш» деген жалган шылтоо менен алдын алуу турат.
Ооба, эгер биз «реалдуулук» дегенге баш ийип, «мүмкүн эмес» деген кыялга ишенип калсак, анда биз эч качан залим зөөкүрдү кулатууга көтөрүлмөк эмеспиз. Ал кезде дүйнөдөгү бардык каапырлар жана кылмышкерлер анын жанында турган. Бирок биз көтөрүлдүк, чыдадык, бекем турдук, тоолордон да бекем болуп, революциянын жылдарында чоң курмандыктарга карабастан сабыр кылдык.
14 жыл бою бизде учак болгон жок, бирок бизди учак менен бомбалады. Эл аралык кутум бизге абадан бир да коргонуу куралын алууга уруксат берген жок.
14 жыл бою биз эң катаал режим менен кармаштык. Анын кылмыштуу армиясы, Россиянын аба күчтөрү жана ага көмөктөш эл аралык коалиция, Ирандын, Ливандагы Хизбуллахтын жана башкалардын агылып келишине карабастан биз күрөштүк. Алар Шам элинин чыныгы асыл маңызын көрүштү, алардын бекем ыйманын, эр жүрөктүүлүгүн жана баатырлардын кайратын айкын байкашты.
14 жыл бою үммөт: «Миллиондогон шахиддер менен Бейишке баратабыз!» – деген ураанды көтөрүп келди.
Муну менен алар «азыр бизде күч жок, режимге да, анын аскерлерине да, анын союздаштарына жана колдоочуларына да туруштук бере албайбыз» деген кайратсыздардын эскирген жомогун талкалашты. Майдандагы арстандай баатырлар ыймандын даамын татып, аны менен куралданышты. Ошентип алар мүмкүн эмес көрүнгөндү мүмкүн кылышты: тоскоолдуктарды жеңишти, баштар аларга ийилди, ак ниеттүүлүк менен көтөрүлүштү жылдар бою кечиктирип келген «логиканын чынжырларын» үзүштү.
Бул эркектер – Аллахтын сөзүнө ишенгендер, ал эми коркок, алсыз колдуулар болсо бул сөздү унутуп коюшкан же атайын унутушкан:
﴿قَاتِلُوهُمْ يُعَذِّبْهُمُ اللَّهُ بِأَيْدِيكُمْ وَيُخْزِهِمْ وَيَنصُرْكُمْ عَلَيْهِمْ وَيَشْفِ صُدُورَ قَوْمٍ مُّؤْمِنِينَ﴾
«Алар менен согушкула, (ошондо) Алла аларды силердин колуңар менет азаптайт, кор кылат жана силерди алардын үстүнөн женишке ээ кылат, ошондой эле момун коомдун дилдерин кандырьш, көңүлдөрүндөгү кам-кайгыны кетирет». (Тообо: 14).
Ооба, эгер биз «реалдуулук» менен жүргөндө, биз эч качан мурдагы режимди кулата алмак эмеспиз. Биздин көтөрүлүш – акыйданын куралы жана зарыл болгон материалдык себептерди колдонуу менен жүрдү. Бул максаттуу көтөрүлүштүн чырагы Аллахтын сөзү болду:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат». (Мухаммад: 7).
Жана дагы:
﴿وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ وَمِنْ رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ﴾
«(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөрдүн барынча күч топтоп) жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Алланын жана өзүңөрдүн душманыңарды жана да алардан тышкары, силер билбей турган, бирок Алла биле турган башка бирөөлөрдү да коркунучка саласыңар. Алла жолунда эмнени сарп кылсаңар, силерге зулумдук кылынбастан толук кылып кайтарылат». (Анфал: 60).
Жыйынтыктап айтканда:
Бизди кайратсыздар жана коркоктор айтып жүргөндөй «алсыз звено» деп ойлобогула. Биз корко турган көз эмеспиз, биз чаба турган кылычпыз! Биз – Ислам үммөтүбүз, аң-сезимдин жана сабырдын үммөтүбүз, курмандыктын үммөтүбүз, жихаддын жана шахиддиктин үммөтүбүз. Биз – адамзатка чыгарылган эң жакшы үммөтпүз. Бизге ихласдту имам, бизди Ислам бийлиги астында улуулукка жана даңкка жетелеген лидер гана жетишпей турат.
Бул – Аллахтын убадасы жана Расулу ﷺ сүйүнчүлөгөн нерсе. Халифалык мамлекети – улуулук, күч жана коргонуу мамлекети. Аны орнотуу – фарздардын эң улуусу. Ушундай улуу жакшылык үчүн аракет кылуучулар аракет кылышы керек.
Устаз Насир Шейх Абдулхай
Роя гезити