Роя гезити

Яхудийлердин Газа секторун кайра басып алуу чечимине карата эл аралык позиция

Яхудийлердин Газа секторун кайра басып алуу чечимине карата эл аралык позиция

2025-жыл, 8-август, жума күн, таңында яхудий түзүмүнүн коопсуздук кеңеши Газаны көзөмөлгө алуу планын жактырды. Яхудий премьер-министринин кеңсеси бул план төмөнкүлөрдү көздөйт деп билдирди:

Биринчи: ХАМАСты куралсыздандыруу.

Экинчи: Бардык туткундарды — тирүүсүн да, өлүгүн да кайтарып алуу.

Үчүнчү: Бардык топторду куралсыздандыруу.

Төртүнчү: Газа секторуна коопсуздук көзөмөлүн орнотуу.

Бешинчи: ХАМАСка да, Палестина бийлигине да баш ийбеген альтернативалуу жарандык башкарууну түзүү.

Түзүм ичиндеги ички пикир келишпестик шартында бул план Европа Биримдигинен жана Британиядан катуу эл аралык сынга кабыл болду. Коопсуздук Кеңеши чогулууга шашылды, ислам өлкөлөрү жана БУУнун бардык жооптуу органдары бул планды айыпташты. Анда бул план артында эмне турат? Эмне үчүн дүйнө ага каршы көтөрүлдү, айрыкча Франция, Кытай, Россия жана Британия сыяктуу таасирдүү мамлекеттер эмне үчүн каршы чыгышты? Караган кишиге алардын чындап сезимдери ойгонгондой көрүнөт! А бирок, мунун себептери төмөнкүлөрдө:

Биринчиден: Америка позициясында Газа азыркы Палестина бийлиги, ХАМАС жана Уюм сыяктуу структураларсыз америкалык-араб башкаруусуна өткөрүлөт. Америкада Палестина маселесин ислам өлкөлөрү менен нормалдаштыруу аркылуу чечүү көз карашы бар, ошондо яхудий түзүмү аймакта табигый көрүнүшкө айланат. Демек, бул маселени кармап турган Америка, башка эч ким эмес. Маселен, Трамп европалык мамлекеттердин позициясын сынга алып, Макронго чабуул жасады, анткени Макрон Палестина мамлекетин таанууга даярмын деп айткан. Трамп Макрон тууралуу: «Ал жакшы оюнчу, бирок анын айткандарынын баары маанисиз» деген (Sky News Arabia, 25/7/2025). Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио да  бул мамлекеттерге карата ушундай эле позицияны билдирген, ал мындай деди: «ХАМАС менен болгон сүйлөшүүлөр Макрон Палестина мамлекетин таануу тууралуу бир тараптуу чечим кабыл алган күнү эле ишке ашпай калды» (EWTN, 8/8/2025). Ошондой эле Трамптын яхудий түзүмүндөгү элчиси жана администрациясынын мүчөлөрү Нью-Йорктогу Палестина мамлекетин таанууга чакырган конференцияны катуу сынга алышты. (АКШнын Израилдеги элчиси Майк Хакаби болсо: «Палестина мамлекетин түзүү АКШнын тышкы саясатынын чыныгы максаты болбой калды», – деп билдирди. Аль-Жазира Нет, 28/7/2025). Балким, Америка бул конференцияга көз жумду, анткени анын башка чечимдери АКШнын жана яхудийлердин талаптарына дал келди, алар ХАМАСтын багынышын, Газаны куралсыздандырууну жана анда өз алдынча башкарууну орнотууну каалашат. Биз көрүп тургандай, Трамп «Кылым келишиминин» пункттарын Газага жана Батыш жээкке колдонгусу келет. Ал тургай, ага кошумча дагы бир ойду киргизди: калкты жарымына чейин азайтып, алардын бир бөлүгүн Ливияга жана Сомали жерине көчүрүп, анын ордуна экономикалык жана дипломатиялык артыкчылыктарды берүү.

Экинчиден: Яхудий түзүмүнүн позициясы — Газаны Батыш жээгинен бөлүү жана аларды байланыштырбоо, керек болсо аларды жоготуу. Нетаньяху Трамптын планын колдойт. Бардык билдирүүлөр, эгер ХАМАС Газа маселесинде анын шарттарына макул болбосо, Трамп Нетаньяхуга аягына чыгарууга уруксат бергенин көрсөтүп турат. «АКШ президенти Дональд Трамп 2025-жылдын 5-августунда: «Газа секторун басып алуу маселеси толугу менен Израилдин өзүнүн чечимине байланыштуу» деп айтты. (Россия сегодня, 5/8/2025).

Ушунун негизинде түзүм кол салууну баштоонун алдында эки айлык мөөнөт белгиледи, аны даярдык жана камдануу деп жүйө келтиришти. Чынында болсо ХАМАСтын багынуусу үчүн жана Газадан чыгып кетүүгө ортомчулар аркылуу басым жасоо максатында берилген убакыт болчу. Ошондой эле биз Америка Батыш жээгинде яхудийлерди колдоп жатканын көрүп турабыз. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери мындай деди: «Яхуда жана Самария (Батыш жээк) яхудий элинин менчиги» (Аль-Жазира Нет, 5/8/2025).

АКШ элчиси мындай деди: Батыш жээк яхудийлердин алдында өзгөчө макамга ээ болот, бул – конуштарды алуу, калктуу аймактарды болсо курчоо жана кысым алдында калтыруу дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, палестиналык башкарууда өз алдынча жергиликтүү кантондуктар болот, бирок менимче бул Палестина боштондук уюму болбойт, алар яхудийлердин коопсуздук кызматкерлери сыяктуу гана адамдар болот. Демек, маселе Америка менен яхудийлер үчүн жалгыз гана Газа эмес, тескерисинче Палестинанын калганын жок кылуу, Ослодон чыккан алкактын бурмаланган долбоору менен аны бүтүрүү болуп жатат. Ага катар, адамдарды көчүрүп, алардын санын азайтуу үчүн коопсуздук жана экономикалык катуу чараларды колдонууга да аракеттенишүүдө. Жыйынтыктап айтканда, яхудийлер Батыш жээгинде коопсуздук жана экономикалык көзөмөлдү каалашат, Трамптын Америкасы болсо көп маселелерде алар менен макулдашып жатат. АКШнын позицияларында байкалган өзгөрүүлөр болсо ички жана эл аралык коомчулуктун басымынын алдында гана болот, ошондуктан маселе алардын каалаганындай жетилип бүткөнгө чейин, ал убактылуу гана терисин өзгөрткөндөй көрүнөт.

Үчүнчүдөн: Европа позициясы. Европалык мамлекеттер яхудий түзүмүнө Газадан чыгуу үчүн кысым көрсөтүп жатышканын билдиришүүдө жана геноцидди токтотууну, туткундарды бошотууну талап кылышууда. New York Times Британиянын Палестина маселесине чечим сунуш кылган планын да айтып өттү. Бирок бул позициялар эл арасында күчөгөн басымдын натыйжасы болуп саналат, анткени Газага каршы жасалып жаткан кыргындар яхудийлерге карата элдик жек көрүүнү күчөттү. Болбосо, Европанын башкаруучулары да яхудийлерге жардамчылар, исламга жана мусулмандарга душмандыкта алардын шериктери. Жалпысынан айтканда, Трамп бар учурда алардын аракеттери эл аралык трибуналардан жана дипломатиялык жолугушуулардан ары барбайт. Маселенин чечүүчү тараза ташы Америка болуп эсептелет, ал эми анын «яхудий кызматкери» шарттарды даярдап берет.

Эй мусулмандар!

Бул – шерменделик! Каапырлар Палестина элин, айрыкча Газадагы бир туугандарыңарды өлтүрүүнү пландаштырууда, ал эми силер унчукпайсыңар. Алар биздин Газадагы элге тозоктун отун төгүп жатышат, башкаруучулар болсо алардын шериги болууда. Силердин бул кылмыштарга каршы унчукпай калышыңар алардын текебердигин, зулумдугун жана баскынчылыгын күчөтүп жатат. Аллахка ант, силер аларга татыктуу жооп кайтарууга, он эсе сокку урууга, Палестинадагы бир туугандарыңарды алардын зулумунан жана зордугунан куткарууга кудуреттүүсүңөр. Бул үчүн силер Аллахты жардамчы кылып, Аллах ыраазы боло турган позицияда туруп, башкаруучуларыңар силерге салып берген кордуктун кишенин үзүп ташташыңар керек. Өзүңөрдү жана Газадагы, Палестинадагы мазлум бир туугандарыңарды ойлогула!

Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الأَشْهَادُ﴾

Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө, да, күбөлөр тура турган Күндө (Кыяматта) да жардам беребиз. (Гафир: 51).

Сайфуддин Абду

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button