Роя гезити

Яхудийлер менен коопсуздук келишимин түзүү — түпсүз туңгуюкка карай кулоо

Яхудийлер менен коопсуздук келишимин түзүү — түпсүз туңгуюкка карай кулоо

Сириядагы өткөөл мезгилдин башчысы Ахмед аш-Шара шектүү билдирүүлөрдү жасады. Ал яхудий түзүмү менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү коопсуздук келишимине алып келиши мүмкүн экендигин жарыялады. Ал мындай келишимди «зарылдык» деп атады, бирок шарт катары Сирия жеринин биримдиги сакталып, БУУнун көзөмөлүнө алынуусун кошумчалады. Ошондой эле, өткөн жылдын июль айында эле тараптар мындай келишимдин негизине жетүүгө бир нече күн гана калганын, бирок Сувейда вилаятындагы окуялар бул процессти үзгүлтүккө учуратканын ачыктады.

Яхудий түзүмү менен коопсуздук келишимин сунуш кылуу үммөттүн түпкү туруктуу позицияларынан баш тартууну билдирет. Анткени мусулмандар менен яхудийлердин ортосундагы кармаш акыйдага  негизделген тарыхый күрөш болуп келген. Яхудийлер мусулмандардын жерин басып алган башкы душмандар. Ал эми Шам эли үммөттүн ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Яхудийлер мурунтан эле жерлерди басып алышкан, Башар качкандан кийин болсо жаңы аймактарды да ээлешти. Алар Шам элине каршы Дараадан тартып аль-Кисуага чейин кыргындарга барды. Ошондой эле бул келишим Шам революциясынын туруктуу принциптерине жана алардын: «Дамасктан кийин Кудус менен Газа» – деген ураандарына жана максаттарына каршы келет. Мындан тышкары, бул келишим баскынчы түзүмгө каршы күрөшүп шахид кеткендердин канына чыккынчылык болуп эсептелет.

Яхудий түзүмү эч качан коңшу болуп, коопсуздук жана тынчтык каалаган эмес. Ал кеңейүүнү көздөгөн колонизатордук долбоор. Палестинаны басып алган күндөн тартып бүгүнкүгө чейин үммөткө каршы тынымсыз кутум уюштуруп, жерин басып алып, уулдарын өлтүрүп келет. Анда кантип бул түзүмгө коопсуздук келишими аркылуу мыйзамдуу «актоочу кагаз» берип, анын Сирия ичинде дагы бекемирээк орун алышына жол берүү мүмкүн?!

Бүгүн «зарылдык» деп аталган нерсе — бул жеңилген кызматчы режимдер ондогон жылдар бою таңуулап келген логиканын кайра жанданышы. Алар «тынчтык стратегиялык тандоо» деген ураанды көтөрүп чыгып, акыры өз элдерине коопсуздук да, тынчтык да алып келбеген, тескерисинче кордук, көзкарандылык жана стратегиялык ачык калууну алып келген Осло жана Вади Араба келишимдерине жетишти.

Яхудийлер менен келишим түзүүнү «зарылдык» деп айтуунун өзү – багынууну жашыруучу парда, алардын долбоорун колдогон эл аралык күчтөрдүн кызыкчылыгын камсыздоочу кепилдиктен башка нерсе эмес.

Ал эми «эгерде Сувейдадагы окуялар болбосо, келишим түзүлмөк» деген сөздүн өзү канчалык кооптуу?! Бул жерде Сириянын ички кризиси яхудийлерге каршы тезирээк багынууга түрткү берүүчү карта сыяктуу колдонулуп жатат! Ички маселе яхудийлердин долбооруна байланыштырылышы — эки эсе саясий кылмыш. Анткени муну менен ички тынчтык яхудий түзүмүнүн ыраазылыгына гана байланыштуу деген жалган ой коомдук пикирге таңууланууда. Чындыгында болсо, сырткы кийлигишүүлөр жана бөлүп-жаруу долбоорлору айкын көрүнүп турган коркунуч. Ал долбоорлордун жүрөгүндө дайыма яхудийлер болуп келген.

Болуп өткөн жана болуп жаткан окуяларды байкап көрсөк, бул багытты Америкадан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Анткени Сувейда маселесин колго алууга биринчилерден болуп чыккан дал ошол Америка. Ошондой эле ал бир нече жолу Абрахам келишими жөнүндө ачык сүйлөгөн. Ооба, Америка Абрахам долбоорунун негиздөөчүсү. Ал жылдар бою аны изилдеп, уюштуруп, аймакты яхудий түзүмү менен толук нормалдашууга түртүп келген. Бүгүн болсо Сирияны дал ошол чөйрөгө түртүшүүдө, бирок бул жолу «коопсуздук келишими» деген ат менен, ички муктаждык катары сатыкка коюлуп жатат. Чындыгында болсо Америка Сириянын туруктуулугун каалаган жок, тескерисинче аны коопсуздук жактан ачык талаага айлантууну көздөйт. Анда аба мейкиндиги да, чек аралары да, чечимдери да толугу менен яхудий түзүмүнүн көзөмөлүнө жана шарттарына баш иймекчи.

Бул коркунучтуу кесепеттер, башкача айтканда яхудийлер менен коопсуздук келишими төмөнкүлөрдү билдирет:

  • Эгемендүүлүк түшүнүгүнүн талкаланышы: Сирия аймактык жана эл аралык деңгээлде тепселген абалга түшүп, үммөттүн маселелери жөнүндө сөз кылуу укугун жоготот. Айрыкча эгерде маселенин экинчи тарабы яхудийлер болсо, анда азаттык, зулумду жоюу же иззат тууралуу сөз болбойт. Бардык расмий позициялар жөн гана айыптоо, жумшак билдирүү жана «өзүн кармоого чакыруу» менен чектелет.
  • Яхудий түзүмүнүн вужудун мыйзамдаштыруу: ага аймактын коопсуздугундагы ролун кыйыр түрдө таануу. Бул болсо мамлекетти өз тагдырын чечүүгө жөндөмсүз, баш ийген бийлик катары көрсөтөт.

Ахмад аш-Шара эң башынан эле диндеги туруктуу өкүмдөр өзгөрүлбөйт жана аларды коргоо керек экенин жарыялашы зарыл болчу. Үммөттүн жүрөгүндөгү түпкү принцип — яхудийлер баскынчы түзүм, ага эч качан мыйзамдуулук берилбейт жана коопсуздук же чек арага ишеним тапшырылбайт. Бул түзүм толугу менен кутумчу жана кылмышкер. Ошондуктан азыркы администрация билип алсын: анын абалын келишимдер аркылуу «чырайлуу кылып көрсөтүүгө» жасалган ар бир аракет бул принциптерден баш тартуу жана саясий позицияны эң арзан баага сатуу болуп саналат. Эч бир саясатчы, анын даражасы кандай болбосун, бул принциптерден баш тартууга  укугу жок.

Сирия бүгүн эң кооптуу жол айрылышында турат: же яхудий түзүмү менен ар кандай келишимди четке кагат, же Асаддар доорундагыдай эле Американын алдындагы кор болгон, баш ийген абалга кайра түшүп калат.

Демек, бүгүн ар бир адам бул маселеге карата жоопкерчиликти өзүнө алышы, ачык позиция көрсөтүп, үнүн бийик чыгарып, бул келишимди четке кагышы керек. Анткени «коопсуздук» деген желектин астында өткөрүлүп жаткан нерсе — яхудий түзүмүнүн үстөмдүгүнө ачылган эшиктен башка эч нерсе эмес.

Билип алгыла: чыныгы коопсуздук — баскынчы душман аркылуу сырттан импорттолбойт. Ал, биринчи кезекте, принциптерге бекем кармануу менен, андан соң чоң курмандыктарды берген элдик колдоого таянуу аркылуу курулат.

Ар бир кордук келишим кулап түшкөндүгүнө, ошондой эле аны түзгөндөр да аны менен кошо кулап жок болгондугуна тарых күбө экендигин билип койгула!

Устаз Абдудалий (Абу аль-Мунзир)

Хизб-ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button