Роя гезити

Өзбекстан жарылуу чекитинде турат!

Өзбекстан жарылуу чекитинде турат!

Советтер Союзу ыдырап, Өзбекстан көз карандысыздыкка жеткенден кийин, анын экономикасы кыйрады. Миллиондогон өзбектер жумуш издеп, айрыкча Россияга көчүп кетишти. Алар көп жылдар бою ал жакта эмгек мигранттары катары жашап келишет. Өлкө болсо экономикасын оңдоп, жаңы завод-фабрикаларды куруп жумуш орундарын түзүп бере алган жок. Тескерисинче, совет доорунда курулган заводдорду жана ишканаларды бузуп салды.

Өлкө өз чыгымдарын жабуу үчүн тышкы насыяларга жана чет элдик инвестицияларга таяна баштады. Бул насыялардын көпчүлүгүн Россия, Европа Биримдиги, Кытай жана Америка берди. Аткаминерлер бул насыялар менен инвестицияларды ар кандай жолдор менен ээлеп, байып кетишти. Эл болсо мамлекеттин камкордугусуз өз турмушун өзү өткөрүүгө аргасыз болду.

Насыя жана инвестиция берген өлкөлөр Өзбекстанга өз талаптарын жана милдеттүү көрсөтмөлөрүн таңуулап, өз таасирин кеңейтүүгө умтулду. Мындай шартта Россия мурдагы таасирин сактап гана тим болбостон, мигранттарды кууп чыгуу жана аймакта экономикалык кризис жаратуу сыяктуу басым көрсөтүү аркылуу таасирин күчөттү.

Мурунку президент Ислам Каримовдун доорунда, 2016-жылга чейин Өзбекстандын тышкы карызы 6 миллиард долларды түзгөн. Ал эми бүгүн, 2025-жылы, бул сумма 72 миллиард долларга жетти. Анын негизги бөлүгү Кытайга таандык. Кытай Өзбекстанга берилген насыялар жана инвестициялар боюнча Россиядан ашып түштү.

Бул насыяларды жана инвестицияларды берип жаткан бардык мамлекеттер — Россия, Кытай, Европа Биримдиги же Америка болобу эң биринчи жана негизги шарт катары коомго Исламдын кайтып келүүсүнө жол бербөөнү талап кылышат. Ар бир насыя же инвестиция, же болбосо Шанхай кызматташтык уюму же Евразиялык кызматташтык сыяктуу уюмдардагы саясий жолугушуулар Исламга каршы күрөштүн күчөшү жана ага каршы саясаттын жайылышы менен коштолот.

Мисалы, акыркы Шанхай кызматташтык уюму саммитинен кийин Өзбекстандын Наманган облусунда бийлик 30дан ашык имамдын аялдарын прокуратурага чакырып, эгер алар шаръий либасын (хижабын) чечпесе, алардын күйөөлөрүн жумуштан бошотуу менен коркуткан.

Ошондой эле көчөлөрдө хижаб жана сакалга каршы кампаниялар күчөдү. Өкмөт Кытайдын көзөмөл системасын колдонуп, көчөлөргө Кытайдан импорттолгон камераларды орнотуп, мусулмандардын жүздөрүн таанып, аларды байкоого алды. Ошол эле учурда, расмий уруксатсыз диний илим окуткандарга же ага чакыргандарга каршы жазалар да күчөтүлдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун 80-сессиясынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен жолугушуп, АКШ менен Өзбекстандын ортосунда 105 миллиард долларлык келишимге кол коюлду. Бул келишимдер өз ара соода, инвестиция тартуу жана өлкөнүн минералдык байлыктарын пайдалануу тармактарын камтыды. Натыйжада, АКШ Өзбекстан менен экономикалык кызматташуу көлөмү боюнча Кытай менен Россиядан озуп чыкты.

«Талибан» кыймылынын Афганистанда бийликке келишинен кийин, америкалык аскердик учактардын, тик учактардын жана согуштук жабдуулардын бир бөлүгү Өзбекстанга көчүрүлгөн. Азыркы учурда Талибан өкмөтү Өзбекстандан ошол аскердик жабдууларды кайтарып берүүнү талап кылууда. Ошол эле учурда, АКШ президенти Дональд Трамп Талибан өкмөтүнөн Афганистандагы Баграм аскер базасын Америкага өткөрүп берүүнү талап кылды, бирок Талибан бул сунушту катуу четке какты. Ошондуктан, АКШ Өзбекстандагы бул аскердик жабдууларды калтырып, бул аймакты өзүнүн аскер базасына айлантышы ыктымал.

Бүгүн Борбор Азия, айрыкча анын жүрөгү болгон Өзбекстан Россия, Кытай, АКШ жана Европа Биримдиги сыяктуу ири державалардын таасир талашынын аренасына айланып, ар бир көз ирмемде кайсы бир тарап же баары тең жардырып жибере турган  жарылуу чекит аймагына айланып калды.

Эй мусулмандар! Силердин башкаруучуларыңар силердин экономикалык жыргалчылыгыңарды ойлошпойт. Силер катуу экономикалык кыйынчылыкта жашап жатасыңар. Ал эми чоң мамлекеттер силерди диниңерден алыстатып, каалагандай эки жүздүү, атеист жана каапыр кылгысы келишет. Ошондуктан, диниңерге бекем болгула жана башкаруучуларыңарга бул кара ниет максаттарын ишке ашырууга жол бербегиле.

Аллахтын уруксаты менен силерди дүйнө жана акырет бактысына, Аллахтын ыраазычылыгына жетелеген пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылгыла, бүт күч-аракетиңерди жумшагыла.

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал: 24).

Ошондой эле төмөнкү эскертүүдөн сак болгула:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى * قَالَ رَبِّ لِمَ حَشَرْتَنِي أَعْمَى وَقَدْ كُنتُ بَصِيراً * قَالَ كَذَلِكَ أَتَتْكَ آيَاتُنَا فَنَسِيتَهَا وَكَذَلِكَ الْيَوْمَ تُنسَى * وَكَذَلِكَ نَجْزِي مَنْ أَسْرَفَ وَلَمْ يُؤْمِن بِآيَاتِ رَبِّهِ وَلَعَذَابُ الآخِرَةِ أَشَدُّ وَأَبْقَى﴾

«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз». Ал: «Раббим, неге мени көр кылып тирилттиң, мурда мен көрчү элем го», деген эле. (Алла) айтты: «Ошондой, Сага Биздин аят-кереметтерибиз келгенде аларды унуттуң». Бүгүн сен да ошондой «унутуласың». Чектен ашкан жана Раббисинин аяттарына ыйман келтирбеген кишилерди мына ушундай жазалайбыз. Акырет азабы шек-күмөнсүз, катуураак жана узагыраак-туруктуураак». (Таха: 124–127).

Устаз Ахмад Хади

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button