Роя гезити

Руанда менен Конгонун жаңжалы жана Трамптын аны жөнгө салуу планы

Руанда менен Конгонун жаңжалы жана Трамптын аны жөнгө салуу планы

Африканын Улуу көлдөр аймагы дүйнөдөгү эң татаал жаңжалдардын бирин баштан кечирип келет. Эски этникалык, саясий жана экономикалык кризистер топтолгон сайын Руанда менен Конго Демократиялык Республикасы ортосундагы чыңалуу кайра-кайра жанданып турат. Бул жаңжал тарыхый жактан 1994-жылдагы геноцидден кийин, куралдуу күчтөрдүн көтөрүлүшү жана аймактык күчтөрдүн эң ири байлыктары болгон сейрек минералдар үчүн атаандашуусунан башталган. 2025-жылы зомбулуктун күчөшү шартында Америка кризистин багытын өзгөртүшү мүмкүн  болгон демилге менен кийлигишип жатат. Ошондуктан жаңжалдын келип чыгышын жана америкалык кызыкчылыктарды эске алуу менен, тынчтык мүмкүнчүлүктөрүн же кайра жарылуу ыктымалдыгын карап чыгабыз.

Бурулуш чекит 1994-жылдагы Руандадагы геноцид. Ошол кезде жүз миңдеген хутулар Конгонун чыгышына качып өткөн. Бул ири көч күчтүү чыңалууларды тутандырды, айрыкча качкындар менен алардын каршылаштары, мисалы Конгодогу Руанда сүргүндөгүлөрүнүн күчтөрү (FDLR) ортосунда чыңалуу күчөдү. Бул кыргындын негизги себептери төмөнкүлөр болгон:

  • Колониялык мурас: Бельгия 1916-жылдан тартып Руанданы колониялаштырган. Колонизатор этникалык иденттүүлүккө ажырым салып, тутсилерди “жогорку раса” катары эсептеп, аларга курал, бийлик жана билим берген, ал эми хутуларды четке каккан.
  • Хутуларга, андан соң тутсилерге карата саясий жана социалдык басмырлоо: 1962-жылы Руанданын «көз карандысыздыгы» алынгандан кийин бийлик хутулардын колуна өтүп, тутсилерге каршы катуу кагылышуулар болгон. Натыйжада алардан миңдеген адамдар Угандага, Бурундиге жана Конгого качкан. 1980-жылдардын аягында Руанда улуттук фронту түзүлүп, 1990-жылы хутулардын өкмөтүнө кол салган. Ошондо бийликтеги режим бул чабуулду этникалык кастыкты күчөткөн жалпы чөйрөнү түзүү үчүн пайдаланган. 1994-жылдын 6-апрелинде президент Хабияр Имана отурган учак атып түшүрүлүп, далилсиз түрдө аткаруучу катары өзгөчө Руанда улуттук фронтуна, жалпысынан радикал тутсилерге шилтеме жасалган.

Мамлекеттин алсыздыгы жана эл аралык системанын кийлигишпей, болуп жатканды «геноцид» деп өз убагында атабаган шартта, тутсилер менен хутулардын орточо катмары кыргын машинасынын алдында өз тагдырына ташталып калган. Анын жыйынтыгында 100 күндүн ичинде болжол менен 800 миң адам өлтүрүлгөн.

Ал эми кыргын Руанда улуттук фронту күчтөрүнүн алдыга жылуусу, алардын борбор шаарга кириши, геноцидди жетектеген өкмөттүн кулашы жана кыргынды аткаргандардын, анын ичинде саясатчылардын миңдеп качышы менен токтогон. Дал ушул учурда Бириккен Улуттар Уюму адаттагыдай эле кыргынды токтотуу үчүн эмес, толкунга кошулуу үчүн кийлигишкен.

1994-жылдан 2000-жылга чейинки мезгилде мамлекетти кайра куруу этабы башталып, Руанда улуттук фронтунун Пол Кагаме жетектеген башкаруусу орногон. Улуттук биримдик өкмөтү түзүлүп, Угандадан, Бурундиден жана Танзаниядан жүз миңдеген руандалык качкындар (хутулар да, тутсилер да) кайтып келген. Кылмышка аралашкандар соттолуп, хутулардын куралдуу милициялары таратылган, алардын көбү мурда Заир деп аталган Конгого качып кеткен. Дал ушундан кийин Руанда 1996-жылдагы биринчи Конго согушуна жана 1998-жылдагы экинчи Конго согушуна аралашкан. 2000-жылы Пол Кагаме расмий түрдө Руанданын президенти болгон.

2010-жылдан 2022-жылга чейин Руанданын таасири Конгонун чыгышына карай кеңейип, Руанданын Конгодогу куралдуу кыймылдар менен байланышы өтө күчөгөн. Руанда дайыма бул кыймылдарды, айрыкча (M23 Конгодогу хуту күчтөрү менен атаандашкан куралдуу топ) чексиз колдойт деп айыпталып келген. Албетте, бул кийлигишүү хуту күчтөрүнүн кайтып келишине жол бербөө максатын да көздөйт. Ошону менен катар Конгонун чыгышы алтынга, колтанга, калайга жана электрондук өнөр жай үчүн негизги баалуу заттарга өтө бай.

Ушул мезгил ичинде Руанда Африкадагы экономикалык жактан эң ылдам өсүп жаткан өлкөлөрдүн бирине айланып, ошол эле учурда авторитардык режимди сактап калган. Ал конституцияга өзгөртүү киргизип, 2034-жылга чейин бийликте калууга мүмкүнчүлүк түзгөн жана оппозиция өкүлдөрүн өлтүрүү саясатын жүргүзгөн.

2022-жылдын башынан тартып куралдуу топтор, айрыкча M23, Рубая аймагы сыяктуу маанилүү кен казуучу аймактарды көзөмөлүнө алган. Кыймыл кен казууга салынган салыктар аркылуу туруктуу кирешеге ээ болгон. Андан соң алар Конгонун чыгышындагы негизги шаарларды, анын ичинде Гома жана Букаву шаарларын да басып алган. Ушундан кийин Руанданы M23 кыймылын курал-жарак жана жоокерлер менен каржылап жатат деп айыптаган эл аралык аракеттер күчөгөн, бирок бул айыптоолор Руанда тарабынан расмий түрдө четке кагылган.

Мына ушундай шартта 2025-жылдын 27-июнунда Трамптын демилгеси пайда болду. Ошол күнү Руанда менен Конго Демократиялык Республикасы АКШнын ортомчулугу астында «Вашингтон келишимдери» деп аталган тынчтык келишимине кол коюшту. Трамп эки өлкөнүн лидерлерин Вашингтонго чакырып, келишимди бекемдеп, ага тарыхый маани берүүгө аракет кылды. Бул келишимдин негизги пункттарында төмөнкүлөр каралган:

— Руанда аскерлеринин 90 күндүн ичинде Конгонун чыгышынан чыгып кетиши;

— эки өлкөнүн ортосунда экономикалык интеграция алкагын түзүү;

— коопсуздук маселелерин координациялоо, курал-жаракты көзөмөлдөө жана расмий эмес  күчтөр болгон M23 жана FDLR топторун таратуу үчүн биргелешкен коопсуздук механизмин түзүү;

— Конгонун тоо-кен тармагына эл аралык, айрыкча америкалык жеке инвестициялардын киришин камсыз кылуу. Дал ушул пункт Трамп үчүн бул жакындашуунун негизги максаты болуп саналат, анткени ал стратегиялык минералдар боюнча Кытайга болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн кендерге көзөмөл орнотууну көздөйт.

Трамп өз билдирүүлөрүндө бул келишимди тарыхый деп атап, дүйнөдөгү эң узакка созулган жаңжалдардын бирин токтотот деп мүнөздөдү. Ал мындай деди: «Бул Африка үчүн да, дүйнө үчүн да улуу күн… бүгүн биз көптөрдүн колунан келбеген ишти жасап, адамзат көргөн эң жаман согуштардын бирин аяктадык» (Washington Post, 27-июнь 2025).

Бул келишим узак мөөнөткө сакталып, чыныгы тынчтыкка жеткире алабы? Же бул кырдаалдын кайрадан жарылышынын башатыбы?

Тынчтыкка мүмкүнчүлүк бар деп эсептелет, анткени АКШ минералдарга толук көзөмөл орнотуу үчүн тынчтыкка кызыкдар, мындан тышкары эл да бул согуштун кесепеттеринен чарчады.

Ал эми кайрадан жарылуу коркунучун жараткан бир нече фактор бар, алардын ичинде:

— M23 кыймылы Конгонун чыгышында дагы эле активдүү болуп, Руандадан колдоо алган деп айыпталууда;

— чыныгы түрткү тынчтык эмес, табигый ресурстар жана сейрек минералдар болуп, америкалык компаниялар үчүн гана эшик ачылууда;

— күчтөрдү таратуу кагаз жүзүндө оңой көрүнгөнү менен, иш жүзүндө аны аткаруу өтө татаал.

— Ушул убакка чейин Конгонун чыгышында кагылышуулар жана чабуулдар болуп жатканы тууралуу кабарлар угулуп келет.

— Конгодогу айрым жергиликтүү жамааттар бул тынчтык сырттан таңууланган деп эсептешет. Маселе түп-тамырынан чечилген жок, этникалык терең катмар ошол бойдон калды, ал этникалык кризистер тутанганда угулбайт да, көрүнбөйт да.

Руанданын чакан аймактык держава катары ролунун өсүшү байкалууда: бүгүн ал Борбордук Африкада «канжар» ролун ойнойт (бул жагынан алганда континентти бөлүүдө яхудий түзүмү аткарган ролго окшош). Анын уюшкан армиясы бар, Мозамбикте, Борбордук Африка Республикасында жана Конгодо кеңири таасири бар, ошондой эле АКШнын күчтүү колдоосуна ээ. Руанда географиялык жана демографиялык көлөмүнөн ашкан ролду аткарууга даярдалууда. Дал ушул аркылуу Америка өзүнүн геоэкономикалык коопсуздугун сактайт жана ири америкалык компаниялардын киришин камсыздайт. АКШнын кириши эл аралык келишимдер аркылуу «мыйзамдуу» формада болот. Ошол эле учурда Америка Конгону дайыма алсыз, өз колдоосуна муктаж болгон гигант бойдон сактап, анын ресурстарын талап-тоноону жана Кытайдын, ошондой эле башка бардык тараптардын Конгонун минералдарына жана бай ресурстарына кол салуусун кесүүнү көздөйт. Туруктуулук абалы болсо америкалык формуланын ишке ашышы менен аныкталат: (көзөмөлдөгү тынчтык + Американын инвестициясы + Руанданын таасири = туруктуулук).

Түзүлгөн тынчтык сакталышы мүмкүн, бирок ал абсолюттук кепилденген эмес. Эки өлкө ортосундагы жаңжал жөн гана убактылуу чек ара тиреши эмес, ал ондогон жылдар бою топтолгон этникалык чыңалуулардын, аймактык кийлигишүүлөрдүн жана бүгүн эң кымбат, улуттук куралга айланган байлыктар — сейрек минералдар үчүн кызыкчылыктардын кагылышынын жыйындысы. Чыныгы ийгилик тараптардын саясий милдеттенмелерди жеринде ишке ашыра билүүсүнө көз каранды. Мына ушунда негизги көйгөй жатат, анткени сунушталган чечим маселени толук жапкан жок, анын тамырын дарылоого келген жок, тескерисинче, убактылуу кызыкчылыктарга багытталды.

Ошентип суроо ачык бойдон калууда: Руанда менен Конго америкалык тынчтык келишимин туруктуу жолго айландыра алабы, же келишимдер кагаз жүзүндө гана калып, узакка созулган согуш үчүн убактылуу гана тыныгуу болуп калабы?

Устаз Набил Абдулкарим

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button