Руксат жана азима тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Руксат жана азима тууралуу
Захид Талиб Наимге
Урматтуу Шейх Ато бин Халил Абу Рушта, сизге Аллахтын тынчтыгы, мээрими жана берекеси болсун.
Бул суроо сизге ден соолугуңуз чың жана бакубат кезиңизде жетет деп үмүттөнөм жана Аллахтан жер жүзүндөгү ыймандуу пенделеринин мураскорлугун жана күч-кубатын тездетүүнү, жалпы мусулмандардын жана өзгөчө Газадагы элибиздин кайгысын жеңилдетүүсүн суранам.
Шахсия китебинин үчүнчү бөлүмүнүн 64-бетинде мындай деп айтылат: “Анткени, негизги өкүмгө (азимага) амал кылуу, башкача айтканда өлүмтүктүн этин жегенден баш тартуу мубах, бирок бул мубах амал сөзсүз түрдө арам ишке, башкача айтканда, өлүмгө алып келе турган болуп калды. Бул “арамга алып баруучу нерсе да арам” деген шаръий эрежеге ылайык арам болот . Ошондуктан, бул жерде азимага амал кылуу арам болот. Анткени ал өлүмгө алып келет. Ал эми уруксатка амал кылуу “өлүмгө алып келүү” сыяктуу кокустан келип чыккан себепке байланыштуу важиб болуп калат”.
Суроо: Руксатты таштап азимага ылайык амал кылуу арамбы? Азиманы таштап, руксатка ылайык амал кылуу важибби? Бул “Нерсеге буйрук берүү анын карама-каршысына тыюу эмес, ал эми бир нерсеге тыюу салуу анын карама-каршысын буйрук кылбайт” деген шарьий эрежеге карама-каршы келбейби? Тамактан баш тартуу арам деп эсептелеби же важибди аткарбоо деп эсептелеби? Мындай абалда тамактанган адам важибди аткарып, арамдан качкан болуп эсептелеби?
Аллах биздин жана сиздин жакшы иштериңизди кабыл кылсын.
(23.06.2024 – Захид Талиб Наим).
Жооп:
Уа алейкум ассалам уа рахтматуллоохи уа баракаатуху. Аллах сиздин жакшы тилегиңиз үчүн сизге жакшылыгын берсин, биз сиздин амандыгыңызды тилейбиз.
Сиз “Шахсия” китебинин үчүнчү бөлүгүндө сурап жаткан үзүндү “азима жана уруксат” бөлүмүндө келет жана анын толук тексти мындай:
“Бул шарият боюнча уруксатка жана азимага байланыштуу. Ал эми руксатка же азимага амал кылууга келсек, кайсынысын тандаса, ошого амал кылуу мубах. Анын уруксатка амал кылышы да, азимага амал кылышы да ыктыярдуу. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай деп айткан: قال: «إِنَّ الَلَّهَ يُحِبُ أَنْ تُؤْتَى رُخَصُهُ، كَمَا يُحِبُّ أَنْ تُؤْتَى عَزَائِمُهُ» أخرجه ابن حبان “Аллах азима амалдарынын аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзүнүн руксат амалдарынын аткарылышын да жакшы көрөт”. Ибн Хиббан риваят кылган. Бул талап жана анын мандуб экенинине далил. Эгер кимдир бирөө өтө муктаж болуп, өлүп калуудан корксо, ал өлгөн жаныбардын этин жеши керек жана аны жебей коюу арам болуп саналат. Дем ала албай муунуп жаткан адам, шараптан башка эч нерсе таппай өлүп калуудан корксо, шарап менен муунуп калганын басышы керек жана ага андан баш тартып, өлүп калууга тыюу салынат. Эгерде орозо кармаган адам өлүм алдында тургандай чарчап калса, анда ал орозосун бузушу керек, ал эми орозосун улантып, өлүмгө дуушар болушуна тыюу салынат ж.б.у.с. Ошондуктан бул руксат берилген өкүмгө амал кылуу фарз экенин көрсөтүп турат. Демек, руксат өкүмү фарз, мандуб, мубах болушу мүмкүн. Буга жооп, руксат тууралуу талкуунун өзүнө тиешелүү. Жогоруда айтылган далилдерде айтылгандай, руксаттын руксат болушу шарьий тараптан катьий түрдө мубах болуп саналат. Руксат шарьий тараптан алганда анын өкүмү мубах. Ал эми Пайгамбар (с.а.в)дын: «إِنَّ الَلَّهَ يُحِبُ أَنْ تُؤْتَى رُخَصُهُ»”Аллах Өзүнүн руксатынын аткарылышын жакшы көрөт” деген сөзүнө келсек, хадис сунуштоону (мандубду) эмес, тескерисинче, мубах экендигин билдирет. Анткени Аллах руксаттардын аткарылышын жана азималардын аткарылышын жакшы көрөрүн билдирди жана бирин экинчисинен артык көргөн жок. Хадистин тексти: «إِنَّ الَلَّهَ يُحِبُ أَنْ تُؤْتَى رُخَصُهُ، كَمَا يُحِبُّ أَنْ تُؤْتَى عَزَائِمُهُ» “Аллах азима амалдарынын аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзүнүн руксат амалдарынын аткарылышын да жакшы көрөт”. Ошондуктан, хадисте руксатка амал кылуу мандуб болушу мүмкүн деген эч кандай белги жок. Ал эми өлүп калган малдын этин жегенге келсек, ал сөзсүз өлөөрү анык болгон өтө муктаж адамды билдирбейт, тескерисинче, жөн гана өлүп калуудан корккон адам өтө муктаж болуп эсептелет жана бул учурда жегенге мубах болот, бирок важиб эмес. Бирок эгер ал этти жебесе өлүп кала турган болсо, анда анын ал этти жебей коюусуна тыюу салынат жана ал этти жеши важиб болот. Бул ага руксат болгондуктан эмес, тескерисинче, ал важиб болуп калгандыктан. Анткени, өлүмтүктү жебей баш тартуу деген азима өкүмгө амал кылуу мубах, бирок бул мубах амал сөзсүз түрдө арам болгон нерсеге алып барат. Ал өлүп калуу. Ошондуктан “арамга алып барган нерсе да арам” деген шаръий эрежеге ылайык азима өкүмгө амал кылуу арам болуп саналат. Кокустан келип чыккан өлүп калуу коркунучу себептүү руксат өкүмүнө амал кылуу важиб болуп саналат. Бул руксаттын руксат болушу тарабынан келип чыккан нерсе эмес, тескерисинче, “арамга алып баруучу нерсе да арам” деген шаръий эрежеге ылайык колдонулган учурлардын мисалы. Бул жеке эле руксатка гана тиешелүү эмес, бардык мубах нерселерге тиешелүү. Мисалы, дем ала албай муунуп жаткан адамдын шарап ичүүсү, өлүп калуу коркунчу жаралганда орозосун ачуу ж.б.у.с. Ошондуктан, руксат руксат болушу тарабынан жана шариятта руксат болуп бекитилгени тарабынан анын өкүмү мубах. Эгерде руксатты таштап, азимага амал кылуу сөзсүз түрдө арам нерсеге алып келсе, анда мубах нерсе арам болуп калат”. [Цитата аяктады].
Сен сурап жатасың:
Руксатты таштап азимага амал кылуу арамбы? Азиманы таштап, руксатка амал кылуу важибби? Бул бир нерсеге буйрук берүү анын карама-каршысына тыюу эмес, ал эми бир нерсеге тыюу салуу анын карама-каршысына буйрук кылбайт деген шарьий эрежеге карама-каршы келбейби? Өлүмтүк этин жегенден баш тартуу арам деп эсептелеби же важибди аткарбоо деп эсептелеби? Мындай абалда ошол этти жеген адам важибди аткарып, арамдан качкан болуп эсептелеби?
Буга жооп мындай:
- “Шахсия” китебинин үчүнчү бөлүгүндө айтылгандай, руксат өкүмгө руксат катары амал кылуу мубах. Бул руксаттын негизги өкүмү. Албетте, бул белгилүү бир учурда руксат сунушталып, азимага караганда артыкчылыктуу экендиги жөнүндө кеңири далилдер болбосо… Же болбосо, белгилүү бир учурда азимага амал кылуу уруксат берилгенден артык экендиги жөнүндө далил болбосо …. анын өкүмү мубах болот. Биз бул учурларды “Тайсиирул вусуул илал усуул” китебинде түшүндүрдүк, анда Word документинин 42-44-беттеринде мындай деп айтылат:
“Руксат шарьий тараптан руксат болуп бекитилген, анын өкүмү мубах. Демек азимага амал кылса да болот, руксатка амал кылса да болот.
Ал эми эмне үчүн азима жана руксат, өкүм тарабынан мубах болуп бирдей өкүмгө ээ экенине келсек, Аллахтын Элчиси мындай деп айткан: قال: «إِنَّ الَلَّهَ يُحِبُ أَنْ تُؤْتَى رُخَصُهُ، كَمَا يُحِبُّ أَنْ تُؤْتَى عَزَائِمُهُ» أخرجه ابن حبان
“Аллах азима амалдарынын аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзүнүн руксат амалдарынын аткарылышын да жакшы көрөт”.
Бул алардын Аллахка баш ийүү жагынан бирдей экенин көрсөтүп турат. Бул эреже руксаттын же азиманын белгилүү бир кырдаалда кайсынысы Аллахка көбүрөөк жагарын көрсөткөн насс болбосо гана иштейт.
Мисалы, Аллах Таала мындай дейт:
: يقول الله تعالى: ﴿أَيَّامًا مَّعْدُودَاتٍ فَمَن كَانَ مِنكُم مَّرِيضًا أَوْ عَلَى سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ فَمَن تَطَوَّعَ خَيْرًا فَهُوَ خَيْرٌ لَّهُ وَأَن تَصُومُواْ خَيْرٌ لَّكُمْ﴾
“(Орозо) эсептелүү күндөрдө гана. Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса – анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө толуктап берет. Орозо тута албай турган адамдар жакырдын тамагын төлөйт. Ким андан ашыкча жакшылык кылса – ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн жакшы”. [Бакара: 184].
Мындан түшүнүлөт, кимде-ким бир себеп менен орозону бузууга уруксат болсо да, орозону кыйынчылыксыз кармай алса, анда анын орозосу орозону бузуудан жакшыраак. Мисалы, учакта же ыңгайлуу унаада уруксат берилген сапар аралыгын басып өткөн адам орозосун бузбай кармаганы сыяктуу. Анын орозо кармоого жана орозосун бузууга мүмкүнчүлүгү бар жана бул учурда анын орозо кармоосу жакшыраак. Муну: ﴿وَأَن تَصُومُواْ خَيْرٌ لَّكُمْ “Орозо кармооңор силер үчүн жакшыраак” – деген аят көрсөтүп турат.
Ошо сыяктуу эле, صحّ عن رسول الله ﷺ أنه قال: «لَيْسَ مِنَ الْبِرِّ الصِّيَامُ فِي السَّفَرِ Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сахих хадисте: Ал орозо кармап, сапарда жүргөн бир кишинин орозо кармап чарчап калганын көргөндө: “Сапарда орозо кармоо жакшылык эмес” деп айтканы кабарланат. Хадистен кимдин сапары оор жана машакаттуу болсо, орозосун эртерээк ачышы керек экени түшүнүктүү болду. Биринчи учурда, аяттан орозо кармоо жакшыраак экени б.а. азиманы кармануу жакшыраак экени түшүнүлөт. Экинчи учурда, хадистен орозону ачуу жакшыраак экени б.а. руксатты алуу жакшыраак экени түшүнүлөт.
Бирок, эгерде айрым учурларда азима менен руксаттын ортосундагы артыкчылык жөнүндө атайын насс жок болсо, жогоруда талкууда мурда айтылган Аллахтын Элчисинин хадисине таянып, руксатты же азиманы аткаруу экөө тең бирдей мубах. Каалаганын аткарат.
- 2. Жогоруда түшүндүргөндөй, зарылчылык болгон учурда тыюу салынган нерселерди жегенге же ичкенге уруксат берилген учурда б.а. өлүмтүктү жегенге келсек, бул сөзсүз өлүмү жакындап калган зарылчылык абалында болуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, жөн гана өлүмдөн коркуу зарылчылык абал деп эсептелет. Руксаттын өкүмү башка бардык мубахтар сыяктуу эле уруксат берилгендик болуп саналат.
- 3. Эгерде тыюу салынган нерсени жебегендиктен же ичпегендиктен өлүм келери анык болсо, бул төмөнкүлөрдү билдирет:
- A. Бул учурда азиманы (арам нерсени жебөөнү) сактоо “арам нерсеге алып баруучу нерсе да арам” деген шарьий эрежеге түшөт. Анткени, бул маселеде азимага амал кылуу – арам нерсени жебесе же ичпесе өлүмдөн корккон өтө муктаж адам үчүн – мубах болуп саналат… Бирок арам нерсени жебесе же ичпесе анык өлүп кала турган адам үчүн, бул учурда баштапкы азима өкүмгө амал кылуу мубах амал болуп саналат жана башка мубах нерселер сыяктуу эле, ага амал кылуу арам болуп калат. Анткени бул учурда “арам нерсеге алып баруучу нерсе да арам” деген шаръий эреже ага тиешелүү болот, ошондуктан бул эрежеге ылайык, арам нерсеге алып баруучу мубах нерсе арам болуп калат… Ошентип, бул эрежеге ылайык, мубах болгон азимага (б.а. өлүмтүктүн этинен баш тартуу) амал кылуу мубах болсо дагы, бул мубах өкүмгө амал кылуу арам нерсеге, башкача айтканда, өлүмгө алып келүүчү каражатка айлангандыктан бул мубах амал арам болду… Анын далили өзүн-өзү жок кылууга тыюу салган нусустар.
Б. Ошол сыяктуу эле, арам нерсени жебесе же ичпесе, өлүп каларынан корккон адамга уруксат берүүнүн өкүмү руксаттын баштапкы өкүмүнө ылайык мубах болуп саналат… Бирок эгер өлүмгө анык алып келсе, анда анын өкүмү важиб болуп калат, анткени өзүн өлүмдөн куткаруу фарз. Өлүмгө алып келген учурда, адам арам нерсени жемейинче же ичмейинче, өмүрдү сактап калуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, белгилүү бир кырдаалда өмүрдү сактап калуу сыяктуу фарз милдетин аткаруу арам нерсени жегенди же ичкенди талап кылат. Фарз болгон өзүн куткаруу милдети арам нерсени жеп-ичүү менен гана аткарылат, ошондуктан бул маселеде “важиб эмне менен ишке ашса ал дагы важиб” деген шарьий эрежени колдонуу важиб болот. Ошондуктан, бул учурда руксатты алуу важиб болуп саналат.
- 4. Бул суроодо айтылган эрежеге каршы келбейт: “Бир нерсеге буйрук берүү анын карама-каршысына тыюу эмес, ал эми бир нерсеге тыюу салуу анын карама-каршысына буйрук кылуу эмес”.
Өлүмгө алып бара турган конкреттүү учурда азимага амал кылууга тыюу салынат дегендин өзүнүн далили бар, ал эреже: “арамга алып барган нерсе да арам”. Руксатка амал кылуу важиб дегендин өзүнүн далили бар ал эреже : “Важиб эмне менен ишке ашса ал дагы важиб”. Арам нерселерди жеп-ичүү важиб деген сөз, жеп-ичүү арам деген шаръий өкүмгө кайтып барбайт, тескерисинче, шаръий эрежеге: “важиб эмне менен ишке ашса ал дагы важиб” деген эрежеге кайтып барат. Ошол сыяктуу эле, арам нерсени жеп-ичүүнү арам кылган азимага амал кылуу арам деген сөз – уруксат берилген нерсени аткаруу важиб дегенге кайтып барбайт тескерисинче, ал: “арамга алып баруучу нерсе да арам” деген эрежеге кайтып барат. Бул жердеги талкуу буйруктардын жана тыюулардын маанисин тилдик жактан талкуулоо эмес, тескерисинче, анын чоо-жайына байланыштуу шаръий далилдерге негизделген изилдөө. Руксатка амал кылуу азиманы аткаруудан тыюу деген тилдик талкууга негизделген эмес. Ошол сыяктуу эле, азиманы аткаруу арам болот деген сөз уруксат берилген жолду тандоого важиб деген тилдик маанисине негизделген эмес.
Эми түшүнүктүү болду деп үмүттөнөм.
Боордошуңар Ато бин Халил абу Рушта.
1447-х, 6-ражаб.
2025-ж, 26-декабрь.




