Сабырдуулук жана сооп үмүт кылуу үчүн сыйлык

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Сабырдуулук жана сооп үмүт кылуу үчүн сыйлык
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
“Сахих аль-Бухариде” айтылат;
حَدَّثَنَا قُتَيْبَةُ حَدَّثَنَا يَعْقُوبُ بْنُ عَبْدِ الرَّحْمَنِ عَنْ عَمْرٍو عَنْ سَعِيدٍ الْمَقْبُرِيِّ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ “يَقُولُ اللَّهُ تَعَالَى مَا لِعَبْدِي الْمُؤْمِنِ عِنْدِي جَزَاءٌ إِذَا قَبَضْتُ صَفِيَّهُ مِنْ أَهْلِ الدُّنْيَا ثُمَّ احْتَسَبَهُ إِلَّا الْجَنَّةُ
Бизге Кутайба Абу Хурайрадан риваят кылып, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай дегенин айтты: Аллах Таала мындай дейт: “Эгер мен бул дүйнө адамдарынын арасынан момун пендемдин сүйүктүүсүн алып кетсем, (жанын алсам) ал мындан сооп үмүт кылып сабыр кылса, анын Менин алдымдагы сообу бир гана Бейиш болот”.
قبضت صفيه “анын сүйүктүсүнүн жанын алсам” башкача айтканда, мен анын сүйүктүү жана жакын досун, уулун, атасын, аялын же ушул сыяктуулардын жанын алсам.
ثم احتسبه “Анан ал мындан сооп үмүт кылса” башкача айтканда, ал Аллахтын сабырдууларга сыйлык жана сооп берүү убадасын эстеп, ага сабыр кылса.
Урматтуу бир туугандар:
Адамдын жашоосу бакыт менен мүшкүлдүн, кубаныч менен кайгынын аралашмасынан турат. Ажырабаган эч бир чогуу жашоо болбойт (ата баладан, жубайлар бири биринен ажырайт ж.б.у.с.). Ал эми ажыроо өзүнүн табиятынан адам жаны үчүн оор жана азап-тозокко чыдамкайлыкты талап кылат.
Сабыр – бул өзүн үмүтсүздүктөн, тилди нааразычылыктан, аша чаап колу менен бетин тытуудан жана ушул сыяктуу нерселерден тыйуу. Бул ыйман. Баш денеге кандай керек болсо бул жерде ыйман да баш сыяктуу өтө керек. Имам Ахмад айткандай, ал Куранда токсонго жакын жерде айтылган жана бул анын зарылдыгынан жана пенденин ага болгон муктаждыгынан улам айтылган.
Ал эми сыйлык жана сооп алып келген сабыр – өзүнүн жемишин жана таасирин пенденин жан дүйнөсүнө тийгизген пайдалуу сабырдуулук. Момун адам өз иштерин Аллах Таалага тапшырып, Анын буйругуна жана өкүмүнө баш ийиши керек, анткени кырсык жүрөктү титиретип, акылдан алып койо турган терең таасирге ээ.
Эгерде адам биринчи соккуда сабырдуу бойдон калса, анын күчү басаңдайт, кубаты алсырайт жана андан кийин ага сабырдуулугун сактоо жана аны улантуу оңой болот. Кээ бир акылмандар: “Акылдуу адам кырсыктын биринчи күнү акылсыз адам бир нече күндөн кийин эсине келет”, – деп айтышкан. Хадисте ошондой эле маанилүү маселеге, башкача айтканда, сабырдуулуктун жана сыйлык,сооп издөөнүн маанисине көңүл бурулат, анткени сыйлык адамдын Аллах алдындагы сыйлыктын улуулугуна болгон ишенимине жараша болот. Бул кырсыктын жанга тийгизген ачуулугун азайтып, жүрөккө берген таасирин басаңдатат. Аллахка ишеним канчалык күчтүү болсо, кырсыктын азабын сезүү ошончолук алсыз болот.
Умар (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегени кабарланат: “Мага кандай гана кырсык жетпесин, Аллах мага төрт жакшылык берген: ал балээ менин динимде болгон жок, ал балээ динимден чоң болгон жок, мен ал балээ үчүн Аллахтын ыраазылыгынан куру калган жокмун жана мен ал үчүн сооп үмүт кылам”.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 2-ражаб.
2025-ж, 22-декабрь.
