Саясатчынын жөндөмдөрүнөн: Саясий көрөгөчтүк

Саясатчынын жөндөмдөрүнөн: Саясий көрөгөчтүк
Чыныгы саясатчынын ишмердүүлүгүндөгү эң маанилүү сыпаттардын бири – бул анын саясий көрөгөчтүгү. Бул коомдун маанайын кылдат сезүү, «күн тартибинде эмне болоорун», алдын ала билүү, коом эмне менен жашап жаткандыгын, элди күнүмдүк нааразычылыктардан баштап тарыхый бурулуштарга чейин ар кандай деңгээлде эмнелер козгоп келерин түшүнүү. Кеп жөн гана маалыматты талдоодо эмес, кеп абалды сезип, жаңылык массалык маалымат каражаттарынын башкы саптарына чыкканча жана коомдук сурамжылоолордун жыйынтыктары ачыкталганга чейин эле жагдайды изилдеп байкап билүүдө. Бул сыпаттарды көбүнчө саясий туюм же маалыматтык эмпатия деп аташат.
Эмне үчүн бул ушунчалык даражада маанилүү? Анткени саясатчы ишин бир туюктукта жүргүзбөйт. Анын иши коом менен, алардын үмүтү жана коркуусу менен, алардын ачуулануусу жана тилектери менен бирге. Демек жалпы маалыматтык толкундун аркасында угулбас добуштарды айырмалай алган, өзгөрүүлөрдү башкалардан эрте сезе алган адам дайыма алдыда болот. Ал жөн гана реакция билдирбестен, алдын ала боло турчу нерселерди ачыктап, баардыгын таң калтырат. Мына ошондуктан баардык лидерлер кийин мааниге ээ боло турган адилеттүүлүк, кедейчилик, миграция же моралдык кризис сыяктуу көйгөйлөрдү алдын ала эле көтөрүп чыгышат.
“Маалыматтык сезгичтик” саясатчыга жөн гана тез иштөө мүмкүнчүлүгүн бербестен, туура саясий күн тартибин түзүүгө жардам берет. Бул сыпатсыз саясатчы ката сүйлөп элдин назарында тантыкка айланат. Натыйжада ал сөзсүз элдин ишенимин жоготот. Кризис убагында, митингдер жана маалыматтык чабуулдар болуп жаткан учурда, чыныгы туруктуулуктун көрсөткүчү – сергектик, башаламандыкка алдырбай, көрүнүштүн маңызын үстүрт ызы-чуудан айырмалай билүүсү.
Бул жөн гана аналитикалык жөндөм эмес, ички байкоо касиети болуп саналат. Такийюддин ан-Набхани (рахимахуллах) «Уюшуу» китебинде бул тууралуу так жана таамай белгилеп кеткен: «…үммөттүн ойгонуусу, мабда (идеология) анын тарыхый жана мыйзамдык мурасында болсо да автоматтык түрдө болбойт,…» Башкача айтканда, коом идеологияны чоң силкинүүлөр болмоюнча түшүнбөй жүрө бериши мүмкүн. Ошондо коом арасында бирдей сезим пайда болот.
Мындай сезим, болуп жаткан окуяларга реакция катары болот, жана бул нерсе адамдардын ой жүгүртүүсүн жана ички күрөшүн козгойт.
Набхани мындай шарттарда “мабда” ушул сезимдердин туу чокусуна жеткен адамдарда капталмайынча элге белгисиз кала бериштигин айткан. Алар алгачкы болуп чындыкты сезишет, болгон нерсени акыл менен гана эмес, жүрөгү менен түшүнүшөт. Алар коомдун көзү болушат жана анын аңдоочу катмарына айланышат. Андан кийин бул катмардан өзгөчө топ түзүлөт, ал топ анализ аркылуу туура жолду тандайт. Алардын идеясы реалдуулуктан ажырабайт, тескерисинче, идея ошол реалдуулукту сезүүдөн жаралат. Ушул учурда коомду билип түшүнүү, аң-сезимдүү идеяга, андан соң кыймылга айланат.
Набхани бул нерсени өзгөчө белгилеп: «Бул пикир, абалды сезим деңгээлинде кабылдоонун натыйжасы… ал аң сезимди пайда кылат… бул — сезим менен пикирлөө ортосундагы кыйымылдан пайда болгон жалын. Ал бузукулукту өрттөгөн от, жолду жарык кылган нур болуп калат» деп айткан. Бул жөн гана кооз метафора эмес, саясий туюмдун табиятын так түшүндүргөн пикир. Чыныгы башчы – бул жөн гана билген эмес, учурда элдин жүрөгүндө эмне болуп жатканын сезип, түшүнө алган адам.
Лидер, өзүнүн сезимдерин айкын пикир менен байлап аракетке айландыра алат.
Ошентип, саясий сезим – бул харизмага же билимге кошулган «бонус» гана эмес. Бул саясатчынын эл менен байланышта боло ала турган, өзгөрүүлөргө ыңгайлашып, актуалдуу чечимдерди сунуштай ала турган, элди жетелеп, коомду өзгөртө ала турган негиз.
Бул нерсесиз адам реалдуулуктан үзүлгөн коомду жетелей албаган сокур карапайым теорикке айланат.
Ушуга ылайык, Ан-Набханинин сөзү актуалдуу. Анын сөздөрү чыныгы саясий кубат, сезим менен пикирдин байланышуусу аркылуу жана абалды туура түшүнүү, калчанган идеяны андан соң коомду өзгөртүүчү күчкө айланаарын тастыктайт. Мына ушул нерсе саясий сезимдин асыл негизи болот. Бул сыпатсыз нукура саясат жана нукура лидерлик болбойт.
Тарыхта бул сапаттын жоктугунан канчалаган саясий кыйроолор болгондугуна көптөгөн мисалдарды келтирсек болот. Тагыраак айтканда саясий аң сезим жоктугунан, коомдо, элитанын арасында жана жалпы саясий өзгөрүүлөрдү убагында байкай албоо улам болгон кыйроолорго алып келди. Биз саясий аң сезим кыйроого алып келип, кризис абалдары пайда болгон учур тууралуу айтып жатабыз.
Тарых кагаздарына назар салсак буга бир нече мисал табабыз:
Иран шахынын кулашы (1979). Мухаммед Реза Пехлеви элдин өзөгүндөгү нааразылыгын көзгө илбей, дин башчыларды теңге албай, убагында абалды сезе алган жок. Жылдар бою күчөп келе жаткан чыңалууларды байкабастан, Пехлеви, батыштык маданияттын негизиндеги турмуш моделин жана светтик национализмди жайууга уруна берди. Бирок, эл үчүн бул нерсе жат көрүнүп, Пехлеви тартуулап жаткан нерсе эл тарабынан четке кагылды. Ошондой эле ал “САВАК” атайын кызматына ашыкча ишенип, шиит дин башчылыгынын ролун туура баалоодо ката кетирди. Коом күйүп жатканда, Пехлеви стабилдүүлүккө үмүттөнүп реалдуулуктан бекинип алды. Натыйжада, Аятолла Хомейни революция уюштуруп монархияны толук таркатты. Бул ийгиликсиздик, бийликтин коомго карата саясий дүлөйлүгүнө айкын мисал болот.
Араб жазындагы окуялар (2010–2011)
Бир катар авторитардык лидерлер (Тунис, Египет, Ливия, Йемен, Сирияда) коомдогу “ишеним кризисин”, коррупцияны, жумушсуздукту жана демографиялык басымды этибарга алышкан жок. Алардын өкмөттөрү өсүп жаткан нааразылыкты байкабай, коомдун «үн катпагандыгын» колдоо же пассивдүүлүк деп түшүнүштү.
Ошентип, Тунисте Бен Али нааразылык акцияларын байкабай, өтө эле кеч болгондо абал курчуп кеткенин түшүндү. Жыйынтыгында шашылыш түрдө өлкөдөн качууга мажбур болду. Египетте Хосни Мубарак социалдык тармактардын күчүн да, көчөдөгү митингдерди да олуттуу кабыл алган жок. Ал саясий жеңилдиктерди режим кулагандан кийин гана сунуш кылды.
Ливияда Муаммар Каддафи эл аны «сүйөт» деп ойлоду. Өсүп жаткан жек көрүүнү жана изоляцияны сезген жок. Ал көтөрүлгөндөрдү «айбандар» жана «наркомандар» деп атады, бул анын реалдуулуктан таптакыр ажырап калганын тастыктады.
Демек, алар элдин абалын сезе алган жок, коомдун бийликке болгон көз карашын өзгөргөнүн көрүшкөн жок. Натыйжада бийликти жоготушту жана өлкөлөрүн канга бөлөштү.
Советтик Союздун кулашы (1991)
Советтик жетекчилик, өзгөчө 70–80-жылдарда, экономика, идеология, маданият жаатында реалдуулуктан барган сайын ажырап баратты. Коомдук нааразылык, республикалардагы улутчулдуктун өсүшү, ишеним кризиси – мунун баары күчөп жаткан болсо да, жашырылып, көмүскөдө калтырылып келе берди.
КПСС жетекчилери (Брежнев, Черненко, Андропов) коомдун аң-сезиминдеги өзгөрүүлөргө, өзгөчө жаш муундардын арасында болуп жаткан өзгөрүүлөргө реакция кылбай койгон учурда “саясий көрөгөчтүк” такыр жок болуп кетти. Ал эми, Горбачёвдун «перестройка» аракеттери, кризисти терең түшүнө албагандыгы себеп, өтө кеч башталды. Реформалар жогору жактан башталды, бирок эл буга чейин системадан толук ажырап кеткен болчу.
Акырында СССР, тышкы душмандан эмес , дээрлик эч кимдин каршылыгысыз элита менен коомдун ортосундагы байланыштын кыйрашынан улам урап жок болду. Бул идеологиялык жана саясий байланыштын толук кыйрашы болду.
АКШнын Вьетнамдагы жеңилиши (1955–1975)
Америкалык жетекчилик, өз убагында жөн гана партизандык кыймылга каршы эмес, идеологиялык түрдө шыктандырылган элге каршы согушуп жатканын түшүнгөн жок. Вьетнам эли АКШны куткаруучу эмес, жаңы колонизатор катары кабыл алышкан.
Америкалыктар вьетнамдыктардын улутчул жана антиколониалдык маанайын байкашкан жок. Ошондой эле өз коомунун, айрыкча жаштардын арасында, «маанисиз согушка» болгон мамилесин да олуттуу кабыл албай, армиянын ичиндеги нааразылыкты, чарчоону жана руханий кыйроону да эске алышкан жок.
Натыйжада саясий жана аскердик кыйроо болду. АКШ Вьетнамдан чыгып, аркасында он миңдеген курмандыктарды, жабыркаган абройду жана чоң моралдык кризисти калтырды.
Осмон мамлекетинин кризиси
Осмон мамлекети ички жана тышкы кризистерди өтө кеч байкай баштады. XVIII–XIX кылымдарда Осмон халифалыгы акырындап өз таасирин жоготуп жатты, бирок султандар жана бюрократия узак убакыт бою бул алсыроонун белгилерин көзгө илбей жүрө берди.
Бийлик, арабдардын, балкан элдеринин жана башка тургундардын арасында өсүп жаткан нааразычылыктарын туура баалабай, армиядагы, башкаруудагы жана билим берүү тармактарындагы реформаларга болгон талаптарды туура баалай алган жок.
Абалдын курчтугун сезген соң, танзимат реформалары сыяктуу аракеттер көрүлө баштады, бирок ал чаралар мамлекет ичиндеги чирип-бузулуу процесси жүрүп баштаган маалда иштей баштады. XX кылымдын башына карата Осмон халифалыгы, «Оорулуу адам» деп аталып, биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында толугу менен талкаланды. Мунун баардыгы, өз учурунда каралбаган көйгөйлөр үчүн жана реалдуулук менен байланыштын үзүлгөнү үчүн болду.
Жыйынтык
Саясий көрөгөчтүктүн жоктугу – бул жөн гана ката эмес, саясаттагы өлүмгө алып баруучу кемчилик. Элди, реалдуулукту, доордун атмосферасын сезбеген лидер — сөзсүз кыйроого учурайт. Канчалык күч кубатка, аскерге, каражат жана шериктерге ээ болгон система болсо да, эгер анын башында коомдун маанайын, көчөнүн абалын, өзгөрүүлөрдү сезе алган жетекчи жок болсо, демек ал система албетте кыйроого учурайт.
Жогорудагы эскерилген мисалдарга карама-каршы мисалдар жана ийгилике ээ болгон лидерлер.
Ийгиликтүү мисал катары Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ жана Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах алардан ыраазы болсун) сыяктуу лидерлерди айтууга болот. Алар болуп жаткан окуялардын маңызын сезишкен, көрүнбөгөндү көрө алышкан жана көрүнүшкө карап эмес, абалга жараша иш кылышкан.
Саясий туюм аларда жөн гана касиет катары пайда болбостон, аман калуу талабынан жана ийгилик үчүн зарылдыктан жаралган. Ислам тарыхындагы улуу жетекчилер маалыматтык сезимталдыктын, коомдун маанайын сезип, ага жараша иш кылуу жана көйгөйлөр пайда боло электе, чараларды өз убагында көрүү жөндөмүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүшкөн.
Пайгамбарыбыз ﷺ, асмандан вахий түшө электе эле, коомдун учурдагы абалга карата нааразычылыктарын сезчү. Ал, Хира үңкүрүндө жалгыз калып – адилетсиздик, бутпарастык, кедейлерди эзүү тууралуу, коомдо ачык өзгөрүүлөр баштала электе эле, ой жүгүртүп олтурчу. Бул коомдун ичиндеги терең процесстерин сезүүнүн эң жогорку мисалы.
Вахийлер башталгандан кийин, ал чакырыгын өтө кылдаттык менен тартиптеди. Алгач эң жакын туугандарынан жана досторунан баштап, кийин Меккеде ачыкка чыгып, андан соң башка уруулардын жана Медина элинин алдына чыкты. Ал ар бир кадамын учурдагы абалга туура келтире билген.
Айрыкча, Меккеден чыгып, Ясрибге (Мединага) көчүп кетүү ( хижрат) кылуу чечимине келгенде, коомдун бир бөлүгүнүн исламды кабыл алып, жаңы коом курууга даяр экендигин сезе алган.
Меккеде кысым курчуп жаткан маалында Хаббаб (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызга ﷺ келип, жеңишти тездетүүнү суранат. Пайгамбарыбыз ﷺ ага мурунку пайгамбарлардын кантип азап тартканын айтып, жеңиш сөзсүз болорун, бирок убакыт талап кылынарын түшүндүрүп берет. Бул мисалдар, анын учурдагы коомдун сыналып жатканын жана сыноодон башка баскычка өтүү кезеги келгенин так сезип билгенин көрсөтөт.
Ансарлар менен Акабадагы келишим, жөн гана кокустук же ыңгайлуу мүмкүнчүлүк болгон эмес. Пайгамбар ﷺ көп уруулардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, бирок Медина элинин даярдыгын, ислам долбоорун акыйда (ишеним) катары эле эмес, коомдук саясий модель катары түшүнгөндөрүн чындап сезгенден кийин гана хижратка чечкиндүү кадам жасады.
Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) улуу ачарчылык доорунда элдин абалын сезип, өзү да май жана эт жештиктен баш тартты. Эл менен тең бөлүшүп, бийликтин администрадивдик жоопкерчилик жагынан чектелбестен, моралдык жоопкерчилигин да кошо сезди.
Ал жөн гана реакция билдирбестен, башчынын демин элге көрсөтүп жатты. Мамлекет өзү менен гана эмес, эл менен экендигин коомго түшүндүрө алды. Калк ач болсо, бийлик аны менен ач болду. Умар башка региондордон ач болгон калкка көмөк тартканга шашылды. Анткени ал абалды жакшы түшүнүп, эгер кеч калган болсо, мамлекет жана система, чоң кризиске учураарын убагында сезе билди. Андыктан анын көргөн чара-аракеттери тез жана таамай болду.
Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун). Усмандын өлтүрүлүшүнөн кийинки фитнада күнөөлүүлөрдү жазалоо иштерин атайын кечиктирди. Анын Муавия менен маектерди өткөзүү, өч алууну кечиктирүү, тартипти тургузуу сыяктуу саясий чечимидери, үммөттүн назик абалын сезгендигинен келип чыккан.
Ал туйгуга алдырып, шашкан абалда чечимдерди кабыл алган болсо, фитнанын алоолонуп кетишине себепкер болуп калмак.
Салахуддин аль-Айюби. Мусулмандардын “крест тагуучуларга” (христиандарга) каршы биригүүгө даярдыгын убагында сезе алды. Салахаддиндин келишинен мурун, ислам үммөтү чачыранды болуп, ар ким өзү менен убара болуп жүрө берген. Ал христиандардын кооптуулугунан улам, үммөттүн биригүүгө пайда болгон муктаждыгын байкап, ыңгайлуу убакта саясий жана аскерий аракеттерди баштады. Ал ким менен сүйлөшүш керек экенин, кимге чабуул жасаш керек экендигин, качан токтоп, качан чечкиндүүлүк менен соккуу бериш керек экендигин туура түшүнгөн. Анын жеңиштери (Хиттин, Иерусалимди бошотуу) күчкө гана эмес, аян түшпөй калган учурда саясий туюмга негизделген.
Өз убагында Умар ибн Абдулазиз, коомдогу адилетсиздикти сезип, чечкиндүү реформаларды өткөргөн. Халиф болуп шайлангандан соң, өзүнөн мурункулардын коррупциялык жана адилетсиздик кесепеттерин сезгенден кийин адилеттүүлүкө карай жол алды. Ал мыйзамсыз тартылып алынган мүлктөрдү ээлерине кайтарды, адилетсиз салыктарды жойду, мазлумдарды бошотту. Ал бул кадамдарды моралдык жоопкерчилик катары гана эмес, саясий зарылдык катары түшүндү. Умар ибн Абдулзиз, көйгөй созула турган болсо, мамлекеттин биримдиги жок болушун алдын ала сезди.
Жыйынтык
Бул мисалдардын баарында бир принцип көрүнөөрүн байкасак болот. Чыныгы лидер, коом өз каалоосун же кыйналганын ачык билдиргенге чейин аны көрө алат. Бул жөн гана эмпатия эмес, бул өзүнө интуицияны, данышмандыкты, байкоо жана адамдык жоопкерчиликти камтыган саясий сыпат.
Пайгамбарыбыз ﷺ, халифтер жана улуу ислам жетекчилери реалдуулукту алдын ала сезип, чечимди тез тартуулап адамдарды таң калтырган. Алар абалды, үммөттү жана анын муктаждыгын сезишкен. Бул — саясий көрөгөчтүктүн асыл маңызы. Бул сыпатсыз, чыныгы саясий лидер болуу, саясий ислам көз карашында мүмкүн эмес.
Бурана