Сакофат

Саясатчынын жөндөмдөрү: Саясий туруктуулук

Саясатчынын жөндөмдөрү: Саясий туруктуулук

Саясий лидердин эң маанилүү сыпаттарынын бири бул саясий туруктуулук. Саясатта билим, идея, харизма, стратегиялык ой жүгүртүү өтө чоң мааниге ээ. Бирок басым-кысымдын, уруш же ачык каршылыктын алдында адам өзүн-өзү көзөмөлдөй  албаса, булардын баардыгы маанисин жоготот.

Туруктуулук – бул ички тирек. Бул күч айланада баары көзөмөлдөн чыгып кеткен учурда да тең салмакты, абийирди жана акылмандыкты сактап калууга мүмкүндүк берет. Бул сыпат, сезимдерди жана эмоцияларды башкаруу менен байланышкан.

Күнүмдүк саясий турмуштагы туруктуулук конфликттерди жана пикир келишпестиктерди өзүн балээге туш кылбастан жана элдин саясатчыга болгон ишенимин жоготпостон жөнгө салуу жөндөмү. Бул көйгөйлөрдөн качуу дегенди түшүндүрбөйт, тескерисинче, запкы-машакаттарга чыдап, алар аркылуу күчкө толуп чыгууну түшүндүрөт. Ачык дебаттарда эмоцияга алдырып кетпөө, сын алдында өзүңдү кармоо, сабырдуу, бирок бекем болуу – мунун баары саясий туруктуулуктун элементтери. Айрыкча бул сыпат кризистердин, чыр-чатактардын, маалыматтык басымдын учурунда өтө айкын көрүнөт. Анткени коомдун көңүлү сага карата бурулуп, талкуу туу чокусуна жеткен учурда, ар бир ката кымбат машакат жаратышы мүмкүн.

Туруктуулук жөн гана сырткы чөйрө менен иштөөгө чектелбейт. Балким, ички чыдамкайлык, психологиялык, моралдык, айрым учурларда физикалык басымды көтөрүү жөндөмдөрүн камтыйт. Саясий ишмердүүлүк менее көп учурда кооптуу абал жанаша келет. Камакка алуу, жакындарга болгон басым, аңдуулар, коом арасында жана медиада каралоо сыяктуу көрүнүштөр жүз бериши мүмкүн. Мындай учурда туруктуулук – саясий сыпаттан, жеке өздүк сыпатка айланат. Мындай шартта пиар ыкмалары, эл алдында сүйлөө тажрыйбасы адамды сактап кала албайт. Өзүнүн ишине болгон ишеним, өзүн жоготуп койбоо жана кайраттуулук кылуу саясатчыны сактап кала турган негизги элементтер. Бул лидерликтин даражасындагы көрүнүш. Бул даражада, сырткы сыпаттар экинчи орунга өтөт. Ал эми биринчи орунга – саясатчы бойдон калбастан инсан болуп калуу, сынып кетпөө, өзүн жана принциптерин сатпоо негиздери коюлат.

Саясий туруктуулук – кимдир бирөөгө жеңил тутулса да, туулганда бериле турган белек эмес. Бул жылдар бою калыптанган тажрыйбанын натыйжасы. Жашоо турмушта тажрыйба, каталар, чыңалуу жана өзүн-өзү тарбиялоо аркылуу калыптанат. Бул өзүңө оор болуп турган учурда башкаларга жөлөк-таяк боло билүү жөндөмү. Бул абийирди сактап, паникага берилбестен татаал чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк жараткан чыныгы жетилгендик. Башкалар токтоп калганда, элди жетелеп кетүү, башкалар чөгүп жатканда суу үстүндө калуу мына бул чыныгы туруктуулук!

Саясатта жеңишке эң катуу жана кооз сүйлөгөн эмес, эң көп чыдай алган адам жетишет. Туруктуулук – бул адамдын ички калыптануусу. Дал ушул сыпат саясатчыны чыныгы лидерге айлантат. Саясатчынын тарапташтары, атаандаштары, душмандарынын көзүндө, жада калса – өзүнүн көзүндө чыныгы жетекчиге айлантат.

Бул нерсе саясатта чоң баага ээ!

Азыркы жаңы саясий тарыхыбызда, саясий туруктуулуктун жоктугунан улам кандай кесепеттер келип чыкканына көптөгөн мисалдар бар. Жетилгендик, стратегдик, оор-басырыктуулук жана сабырдуулуктун жоктугунан көптөгөн топтор, келишимдер жок болуп кеткен. Бул көйгөй, улуттар аралык согуштарга жана таасирди жоготууга себеп болгон.

Эң көрүнүктүү мисалдардын бири – Россия менен Украинанын ортосундагы саясий маектин үзүлүшү. Натыйжада бул маселе толук масштабдуу согушка алып келди. Конфликттин негизинде стратегиялык каталар эмес, сырткы күчтөрдүн «отко май тамызып» жибергени да эмес, тагыраагы эки тарапта тең туруктуулуктун жоктугу болду. Сүйлөшүүлөрдүн үзүлүшү, туйгуга толгон кептер, кризистен чыгуу жолдорун издөөдөн көрө ички басымды күчөтүүгө багытталган аракеттер – мунун баары, саясатты дипломатия чегинен ашырып жиберди. Азыркы заманыбыздагы саяясий кыйроолор, дал ушул конфликттерди диалог деңгээлинде көтөрө албагандыктан болуп жатат. Мындай абалда жалгыз эки тараптын гана эмес, дээрлик бүткүл Европанын коопсуздук архитектурасы кыйроодо.

Улуу Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу маселеси буга дагы бир мисал. Туруктуулуктун жетишсиздиги бул процессти терең кризистин катализаторуна айлантты. Брекзит – көбүнчө британия элитасынын ички туруксуздугу үчүн болду. Популисттердин басымы, истеблишменттин (бийликтин) алсыздыгы, негизги маселелер боюнча так позициянын жоктугу – баары жыйылып жылдарга созулган башаламандыкка алып келди. Бүт процесс бою саясий борборду кармап турууга жөндөмдүү фигура болгон жок. Натыйжада өлкө экономикалык туруксуздукка, ал эми союз өзүнүн эң маанилүү мүчөсүн жоготууга туш болду.

Ливия мамлекетинин кыйрашы дагы бир мисал. 2011-жылдан кийинки кризис көп жагынан Муаммар Каддафинин чечим кабыл алууда жана коомчулук алдында саясий туруктуулукту жоготушу менен байланыштуу. Ал реалдуулуктан обочолонуп, ички жана эл аралык басымдын ишараттарын көңүлгө алган жок. Стратегиялык жооп издөө ордуна ал орой басып-тынчытуу жолун тандады. Натыйжада анын режиминин кулашы ого бетер ылдам болду. Мамлекеттин кыйрашы, жарандык согуш, нааразы күчтөрдүн көтөрүлүшү –мунун баары сырткы кайраттуулук менен жашырылган саясий алсыздыктын кесепети болду.

Кагылыштарды жөнгө салуудагы туруктуулуктун жоктугу, Армения менен Азербайжандын тарыхында да чоң ролго ээ болду. Экинчи Карабах согушу өз күчүн баалоодо аша чабуу жана саясий реалдуулукка көз жумуу канчалык коркунучтуу экенин көрсөттү. Армения жетекчилиги дипломатиялык чечимдерге шарт түзбөстөн союздаш байланыштарды бекемдебей, ички биримдикти камсыздай алган жок. Натыйжада өлкө аймактарынан айрылып, коом ичиндеги ишенимди да жоготту.

Бул мисалдардын баары, туруктуулук – абстрактуу (жашоодо оруну жок) сыпат эмес экендигин ачыктайт. Бул – жашоо үчүн күрөш куралы. Тынчтыкты, бейпилдикти сактоонун, каталарды жана кырсыктарды алдын алуу үчүн практикалык курал. Саясий туруктуулук жок жерде замбиректер сүйлөйт, адамдардын өмүрү кыйылат. Ал бар жерде – эң курч кагылышта да чечим табылат.

Исламдын саясий тарыхындагы мисалдар

Исламдын саясий тарыхындагы мисалдар, саясий туруктуулуктун ички ишенимге, адеп-ахлактык туруктуулукка жана стратегиялык сабырга негизделгенин баяндайт. Бул нерсе, кыйроого эмес өнүгүүгө карай кадамды кепилдейт жана мамлекеттин, институттардын, элдин ишеними цивилизациянын өсүшүнө алып келет.

Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тарыхы – бул адамзат тарыхындагы саясий туруктуулуктун эң жаркын мектеби. Анын бардык саясий жана башкаруучулук чечимдери эң оор сыноолор шартында кабыл алынган. Куугунтук, ачык коркунучтар, сүргүн, согуштар, чыккынчылыктар жана ички уруу кутумдар ташкындап жатканда Пайгамбарыбыз чыныгы туруктуулукту көрсөткөн. Мындай оор сыноолорго карабастан, ал сабырдуулугун, акылдуулугун, адилеттүүлүгүн жана көрөгөчтүгүн сактап калган.

Анын ﷺ  саясий туруктуулуктарынын эң көрүнүктүү мисалдарынын бири – Худайбия окуясы. Мусулмандар тынчтык максатында Меккеге ажылыкка жөнөгөндө, курайш ээлери аларга бул укукту берүүдөн баш тартышкан. Алар муну менен гана чектелбестен, жаңжал чыгарууга ачык түрткү беришти. Дал ушул учурда Пайгамбар ﷺ сахабаларды кагылышуудан сактап, согуш алоосун алдын алды. Андан соң мусулмандар үчүн өтө зыяндуу көрүнгөн келишим түзүлдү. Ал чечимден көпчүлүк сахабалар таң калып, айрымдары нааразы болду. Бирок Пайгамбар ﷺ өз чечимине ишенип бекем бойдон кала берди. Ал башкалар көрө албаган нерсени көрө алды. Бул келишим мусулмандарга күч-кубат топтоого убакыт  жана таасирин кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүк берди. Акыры алар Меккени кан төгүүсүз колго алышты. Бул саясий жетилгендиктин, сабырдуулуктун мисалы болду.  Кыска мөөнөттүү туйгу менен узак мөөнөттүү стратегияны айырмалап билүү үчүн чоң үлгү болду.

Абу Бакр ас-Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун), биринчи халиф. Пайгамбарыбыз дүйнөдөн өткөндөн кийин өтө чоң саясий басымга жана оор сыноолорго туш болду. Ал бийликке келгенде бөлүнүп кетүү коркунучу, көтөрүлүштөр, айрым уруулардын борборго баш ийүүдөн баш тартуусу өтө жайылып жаткан эле. Ал жумшак мүнөздүү адам болсо да, бирок анын туруктуулугу даана көрүнүп турду. Ал өзүнүн көз караштарынан баш тарткан жок, басымга алдырган жок, зекет берүүдөн баш тарткандар менен орто чечимге барган жок. Бул чечим оор жана элге жагымсыз болсо да, бирок дал ушул чечим үммөттүн биримдигин сактап калды. Эгер ал алсыздыгынан, коркконунан эки жүздүүлүккө берилип чечим чыгарган болсо – ислам мамлекети күчкө толо элек жатып урап түшөөрүн билген. Анын туруктуулугу – принципиалдуулуктан, намыскөйлүктөн эмес, чындыкка болгон терең байланышынан келип чыкты.

Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун), Абу Бакрдан кийин экинчи халиф. Ал ички бекемдиктин жана жоопкерчиликтин чыныгы символу. Анын бийлиги учурунда ислам мамлекети жер бетине кең жайылды. Бирок аскерий ийгиликтерине карабастан, ал өтө сабырдуу, этият жана адилет бойдон калды. Ал жеңиш даамына мас болгон жок, адеп тартибин  сактоого катуу аракет кылды. Ачарчылык жылдары эт менен майдан баш тартып, карапайым эл жей албаган нерсени өзү да жеген жок. Ал сырткы басымга гана эмес, бийликтин ички азгырыктарына да туруктуулук көрсөтө алды. Анын сын угууга жөндөмдүүлүгү, оор чечимдерди кабыл алуу менен бирге адилеттүү бойдон калуусу – саясий жетилгендиктин эң жогорку көрүнүшү.

Андан соң Усман ибн Аффан (Аллах андан ыраазы болсун), үчүнчү халиф болуп шайланды.  Ал да өзгөчө туруктуулукту көрсөтө алды. Бийлиги аяктап калганда, ал өтө чоң басымга кабылды. Ал айыптоолор, сындар, кутумчулар арасында калып кетти. Мындай абалда ал күч колдонсо болот эле, бирок мусулмандардын канын бийлик үчүн төгүүдөн баш тартты. Ал өлөөрүн билсе да, сабырдуулукту тандады.

Бул чечим алсыздыктан эмес, мусулмандардын ичиндеги тынчтыкты сактоодон улам келип чыкты. Бул саясий курмандыктын, чыдамкайлыктын жана үммөткө болгон берилгендиктин кадамы болду.

Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун), төртүнчү халиф, Халифалыкта жарака пайда болгон учурда бийликке келди. Ал Муавия менен болгон кагылыштын, ички оппозиция менен күрөшүү менен жана Жамал (төө) трагедиясынын ортосунда калып кетти. Анын башкаруусу үзгүлтүксүз сыноо болду, бирок ал чындыкты жана адилеттүүлүктү карманууну улантты. Али элди козгоп, туйгусуна тийүүгө барган жок жана саясий пайда үчүн өз көз караштарынан чегинген жок. Ал бийликке урунган эмес, бирок ислам негиздерин сактап калуу үчүн аны кабыл алды. Анын туруктуулугу – эрдикте гана эмес, топторго каршы чыгууда жана ошол эле учурда адилеттүү бойдон калууда көрүндү.

Бул мисалдардын бардыгын бириктирген нерсе – ислам лидерлери катага жол бергенине карабастан, ар бири ички өзөккө ээ болгон жана ар кандай кырдаалда алар өз ишенимдерин жана көз караштарын саткан эмес. Алардын туруктуулугу кайдыгерликтен же катуулуктан эмес, терең ишенимден, моралдык тарбиядан жана Алла менен үммөттүн алдындагы жоопкерчиликтен улам чыккан. Жоопкерчилик жана Алланын буйругун аткаруу жагынан бул – чыныгы лидерликтин жана такыбалыктын көрүнүшү. Дал ушул туруктуулуктун аркасынан ислам эң оор шарттарда өзүн сактап калды. Муну менен чектелбестен жаңы цивилизациянын пайдубалын түптөдү. Ислам, Алланын ыраазылыгын издегендер үчүн – илимди, маданиятты, адилеттүүлүктүн асылы болгон (шариатты) жана башкарууну тартуулады! Ислам дүйнөгө – акыйдага негизделген чыныгы чечимди берди!

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button