Сакофат

Саясатчынын жөндөмдөрү: харизма жана ишти мыкты билүү

Саясатчынын жөндөмдөрү: харизма жана ишти мыкты билүү

Саясий ишмердүүлүктүн баштапкы этабында, ресурстар чектелүү, система толук калыптана элек жана колдоо туруксуз учурда, эки негизги сапат өзгөчө мааниге ээ болот.

Алар: лидердик харизма жана ишти мыкты билүү. Так ушул сапаттар башаламандык учурунда кыйынчылыктарды жеңүүгө гана эмес, чыныгы өзгөрүүлөрдү баштоого мүмкүндүк береи. Харизма дем берет, бириктирет, максатка карай умтулууну жана маанилүүлүктү жаратат. Бирок туура чечим бере турган илимсиз, ар кандай жараяндардын механизмдерин так түшүнүүсүз, лидерлик сапат жөн гана бош туйгулануу бойдон калышы мүмкүн. Адамдардын жүрөктөрүн жандырып эле койбостон, аларды туура жолго жетелей ала турган адам гана чыныгы өзгөрүүлөрдү пайда кыла алат.

Саясат же мамлекет баштапкы стадиядан туруктуулук абалына өткөн сайын харизмалуу башчынын ролу өзгөрө берет. Тарых көрсөткөндөй, жеке инсанга ашыкча концентрациялануу институттардын жана укуктук механизмдердин өнүгүшүнө тоскоол болушу мүмкүн. Бул харизма сыпатын жемелөө эмес, бирок ар кандай баскычтарды айырмалоонун маанилүүлүгү тууралуу. Харизма баштапкы учурларда кризисти жеңип өтүү үчүн күч керек болгон мезгилде таасири чоң болот. Бирок туруктуулук жана бейпилдик мезгили келгенде түзүм, башкаруу жана эрежелерди сактоо биринчи орунга чыгат.

Халид ибн Валидди (Аллах андан ыраазы болсун) халифа Умар ибн аль-Хаттабдын (Аллах андан ыраазы болсун) аскер башчылыктан четтеткен окуясы жогорудагы сөзгө айкын мисал. Бул окуяны кээбирлер харизманы жана таасирди чектөө катары чечмелешет. Бирок терең назар салганда, бул чечим кеңейүү жана биригүү фазасынан  түзүмдөштүрүү фазасына карай олуттуу кадам экенин көрсөтөт.

Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (Аллахтын салам-салаваты болсун) жана халифа Абу Бакр ас-Сыддыктын (Аллах андан ыраазы болсун) доорунда үммөт басым алдында болгон. Ал кезде чечкиндүү, дем берүүчү, жеңишке жетелеген колбашчылар зарыл болгон. «Аллахтын кылычы» деп аталган Халид (Аллах андан ыраазы болсун) аскердик чебердиктин жана эр жүрөктүүлүктүн символу болду. Ал эми жаш Усама ибн Зайд (Аллах андан ыраазы болсун) жаш курагына карабастан аскербашчы болуп шайланган. Анткени ал адамдын элди жетелей ала турган жөндөмү бар болчу. Пайгамбарыбыз  (Аллахтын салам-салаваты болсун) Мусаб ибн Умайрды, Муаз ибн Жабалды, Али ибн Абу Талибди (Аллах алардан ыраазы болсун) бир ишке дайындап жаткан учурда, алардын илимин гана эмес, таасир берүү, ынандыруу жана дем берүү жөндөмдөрүн эске алган.

Ал эми Умар (Аллах андан ыраазы болсун) доорунда талаптар өзгөрүп, жеңишке жетүүдөн тышкары мамлекетти куруу зарылдыгы пайда болду. Андан тышкары бийликти күчөтүү, каржылоо иштерин тартипке салуу, укуктук көзөмөлүн орнотуу мааниге ээ боло баштады. Бул жагдайда системадан тышкары иш алып барган харизмалуу лидер туруктуулукка коркунуч туудурушу мүмкүн эле. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) корккондуктан эмес, артыкчылыктар өзгөргөнүн түшүнгөндүктөн мындай чечимдерди кабыл алды. Умар, харизмалуу колбашчыларды, аларга муктаждык бар болгон жерлерге шайлаган. Кыймылдарды уюштурууга, даават жаатында, окутуу, таалим берүү жааттарында мындай сыпаттарга ээ болгон адамдарды дайындаган. Ал эми негизги административдик кызматтарга тартиптүү, ишке берилген Абу Убайда ибн аль-Жаррах сыяктуу (Аллах андан ыраазы болсун) адамдарды башчы кылып койду.

Бул ыкма ислам аалымдарынын эмгектеринде да ырасталат. Ибн Таймия башчынын элдин жүрөгүнө таасир этүү жөндөмүн, моралдык үлгү боло билишин жана бириктирүүчү фигура болушун абдан маанилүү деп белгилеген. Анын ою боюнча, лидерде илим да, өзүнө тартуу күчү да болушу керек. Ибн Халдун болсо өзүнүн «мукаддима» теориясында бийликтин пайда болушу харизмалуу, таасирдүү жетекчилерден башталарын айтат. Бирок кийин бул бийлик борборлошуу жана түзүмдөшүү баскычына өтүшү керек, болбосо ал бузулат деп эскертет.

Заманбап саясий ойчулдар да бул маселеге токтолушат. Такийюддин ан-Набхани кайрадан күчкө келүүнүн жолу айкын идея, анык ыкма жана ошол идеяны аңдап түшүнгөн адамдар аркылуу болоорун баса белгилеген. Такиюддин ан-Набхани харизма система менен жанаша жүрбөсө бат эле күчүн жоготоорун эскерткен. Жеке инсандын арзуу жана аракеттери түзүмсүз тез эле өчүп калат. Ошондой эле түзүм харизмалуу башчысыз өлүк схема бойдон калат.

Хизб ут-Тахрирдин азыркы амири Ата ибн Халиль Абу ар-Рашта да бир талдоо макаласында мындай деген:

«…Ислам өзү эле өнүгүүнү, жеңиш жана үстөмдүкту алып келе бербейт. Бул үчүн иштин маңызын, адамдарды, коомду жана мамлекетти терең түшүнгөн адамдар керек. Бул адамдар иштерди аткарууда өзгөчө чечимдерге келишет жана мүмкүн эмес деп эсептелген нерселерге жетише алышат. Ошондуктан шариаттын бар болушу гана үммөттүн жана мамлекеттин биримдигин, кепилдебейт. Анын өзү гана жихадды жана дааватты алып барууга жетишсиз…».

Ошентип, тарых, пайгамбарлардын жолу  теологиялык ой жүргүзүү, реалдуулукту талдоо мунун баардыгы харизма менен илим атаандаш эмес, бири-бирин толуктоочу сапаттар экендигин көрсөтөт. Коомдун же саясий кыймылдын баштапкы этабында харизмалуу лидер өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы болуп бере алат. Бирок система күчөп, татаалдашып, бекемделген сайын, туруктуулуктун негизи – билим, тартип жана түзүм болот. Чыныгы жетекчилик бул эки сапаттын тең баалуулугун көрө билүү жана аларды ар бир этаптын талабына жараша туура пайдалануу. Чыныгы саясий чебердик – бул керектүү учурда инсандын жаркырашына мүмкүнчүлүк берүү жана ошол эле учурда системага иштөөгө шарт түзүп берүү болот.

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button