Салык кызматы жарандардын карыздарын банктык эсебинен түз ала баштайт

Салык кызматы жарандардын карыздарын банктык эсебинен түз ала баштайт
Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 30 күндүн ичинде төлөнбөгөн салык карыздары жарандардын банктык эсептеринен жана электрондук капчыктарынан түз өндүрүлө баштайт. Бул төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- Салык төлөөчүгө карызы тууралуу расмий билдирүү тапшырылат.
- Билдирүү берилгенден кийин жаранга карызды ыктыярдуу төлөө үчүн 30 календардык күн убакыт берилет.
- Эгерде бул мөөнөттө төлөм жүргүзүлбөсө, Салык кызматы банктагы эсептерден же электрондук капчыктардан каражатты түз өндүрүп баштайт.
Комментарий:
Мындай жол менен салык чогултуу айрым капиталисттик өлкөлөрдө колдонулса да, түпкүлүгүндө бул каржалган калкты дагы да кыйноодон башка нерсе эмес. Айрыкча, электрондук капчыктарынан акчасын түшүнүксүз жолдор менен алдырып, даттанып келген жарандар үчүн бул дагы да кооптуу жагдай. Башкача айтканда, салыктык чегерүүлөрдүн ашыкча алынышы же каражаттын эскертүүсүз кемип калышы сыяктуу түшүнбөстүктөргө алып келиши талашсыз.
Ал эми, негизги маселе өлкөнүн катуу кол капиталисттик салык саясатына багыт алганында. Мында мамлекеттик бюджетти толугу менен салык төлөмдөрүнөн толтуруу жана салыктын түрлөрүн айлык-акы менен бирге көбөйтүү көздөлөт. Натыйжада, калктын кирешеси өскөндөй көрүнсө да, баалар жана төлөмдөрдүн өсүшү жашоо деңгээли мурдагыдай балким андан да оор абалда сакталышына алып келет. Ал эми, негизги пайда бир ууч капиталисттердин колуна топтолуп, көпчүлүк калктын жакырланышы өсүп бара берет.
Мунун каршысында, Ислам ар кандай салык түрлөрүн жана төлөмдөрдү карапайым калктан чогултууга тыюу салат. Тескерисинче, байлардан зекет чогултуп, аны өзүнүн шариаттагы чыныгы багыттарына жумшоону камсыздап берет. Ушунун өзү эле Үммөттүн негизги муктаждыктарын карызсыз жаап берүүгө жетиштүү. Ушундай болгон соң, бүгүнкү зулумдук түзүмдөн кутулуп, өз Исламыбыз менен толук жашоого жана аны башкаруунун бардык тармагына колдонууга аракет кылышыбыз керек.
Нурдин Асаналиев




