Сауд Арабиясында өткөн жыйын: региондогу согуштун негизги чагымчысы айыпталган жок

Сауд Арабиясында өткөн жыйын: региондогу согуштун негизги чагымчысы айыпталган жок
2026-жылдын 18-мартында Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында 12 араб жана Ислам мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин чукул жыйыны болуп өттү. Жыйындын натыйжасында биргелешкен билдирүү жарыяланды.
Билдирүү Азербайжан, Бахрейн, Египет, Иордания, Кувейт, Ливан, Пакистан, Катар, Сауд Арабиясы, Сирия, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынын атынан жарыяланды.
Билдирүүнүн негизги пункттары:
- Ирандын баллистикалык ракеталар жана дрондор менен жарандык объектилерге жасаган чабуулдары кескин караланды.
- Мамлекеттердин БУУнун уставынын 51-беренесине ылайык өзүн-өзү коргоо укугу тастыкталды.
- Иранга чабуулдарды токтотуу жана эл аралык укукту сактоо чакырыгы жасалды.
- Келечектеги мамилелер Ирандын башка өлкөлөрдүн суверенитетин урматтоосуна байланыштуу экени белгиленди.
- Ирандын куралдуу топторду колдоосун токтотуу зарылдыгы айтылды.
- Ормуз кысыгы жана Кызыл деңиздеги кемелердин аракетине коркунуч жаратуу кабыл алынгыс экени белгиленди.
- Ливандын суверенитети колдоого алынып, курал мамлекеттин гана колунда болушу керектиги баса белгиленди, «Израилдин» Ливанга каршы аракеттери да сынга алынды.
- Аймактагы туруктуулукту камсыздоо үчүн кызматташтык улантылары айтылды.
Комментарий: билдирүүнүн эч бир жеринде АКШ тилге алынган жок. Ал эми, «Израилдин» Ливандагы гана аракеттери караланып, Ирандагы адамдардын өмүрүн алып жаткан соккулары такыр каралган эмес. Расмий маалыматтарга ылайык, Америка-«Израил» соккуларынан улам Иранда 1300дөн ашуун адам набыт болуп, 17 миңден ашуун адам жаракат алышкан. Минаб шаарындагы бир эле мектепке урулган ракеталык соккуда 168 адам өлдү, алардын 100дөн ашууну окуучулар. Согуш башталгандан бери Иранда 61 миңден ашуун жарандык объектилер талкаланган. А бирок, кожоюндарынын чакырыгына жооп катары чогулган бул кыянатчы акимдер АКШнын кылмыштарын айыптоого да батына алышкан жок.




