Сауд-Арабия менен БАЭнин Хадрамауттагы атаандаштыгы Йемендеги колонизатордук кызыкчылыктарга кызмат кылып, кан төгүүгө айланды

Сауд-Арабия менен БАЭнин Хадрамауттагы атаандаштыгы Йемендеги колонизатордук кызыкчылыктарга кызмат кылып, кан төгүүгө айланды
Яхудий түзүмү менен Хамас ортосундагы ок атышпоо мезгили менен кошо Йемендеги дипломатиялык аракеттердин ыргагы күчөдү. Эл аралык коомчулуктун тараптарды БУУнун жетектөөсүндө жалпы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө киргизүү багытындагы басымы да артты. БУУнун Йемен боюнча атайын өкүлү Грундберг йемендик аткаминерлер, ошондой эле Йемен согушуна катышкан мамлекеттердин (Иран, Сауд-Арабия, БАЭ жана алардын артындагы Америка менен Британия) өкүлдөрү менен Маскатта жана Эр-Риядда бир нече жолугушууларды өткөрдү.
Хусийлер Сауд-Арабиядан Америка колдоосу менен жарыяланган «жол картасын» ишке ашырууну талап кылышты. Бул жол карта өлкөдөгү таасир менен байлыктын эң чоң үлүшүн хусийлерге ыйгарат. Өз кезегинде Сауд-Арабиянын тышкы иштер министри жол картасы колдонууга толук даяр экенин кайра-кайра билдирип, аны ишке ашырууга тоскоол болуп жаткандар БАЭ колдогон Аль-Алими өкмөтү жана Өткөөл кеңеш экенин кыйытып өттү. Чынында эле, Өткөөл кеңештин төрагасы Айдрус аз-Зубайди бул жол карта мындан ары ылайыктуу эместигин жарыялады. Өкмөт өкүлдөрү болсо чечим «үч таянычка» (Булуң демилгеси, Улуттук диалог конференциясынын жыйынтыктары жана БУУнун 2216-резолюциясы) негизделиши керектигин баса белгилешти. Бул таянычтар хусийлерди мыйзамдуулукка каршы чыккан күч катары баалап, куралды тапшырууну талап кылат. Ошентип, Йемендеги абал ордунан жылбай калды. Бирок акыркы мезгилде Сауд-Арабия аталган жол картаны аткаруу үчүн шартсыз тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кирүүгө саясий басым жасай баштады. Бул болсо британ тарапка жаккан жок, анткени аталган жол карта Аль-Алими өкмөтүнүн жана анын алдындагы партиялардын ролун четке сүрүп, хусийлер менен Сауд-Арабияга өлкөнү Америка кызыкчылыктарына ылайык башкарууга жол ачат. Ушундан улам Британия БАЭге Өткөөл кеңеш аркылуу Хадрамаутта аскерий кыймыл жасоого көрсөтмө кылды.
Натыйжада убактылуу борбор Аденден Хадрамаутка карай бир катар бригадалар жылдырылды. Сыртынан бул кадам Хадрамауттун укуктарын талап кылган уруу шейхи Амру бин Хубрейштин козголоңуна каршы аракет катары көрсөтүлдү. Бул шейхти Сауд-Арабия колдоп, «Хадрамауттун укуктарын коргоо» деген ураан алдында мамлекеттин көзөмөлүнөн тышкары турган төрт бригаданы түзгөн. Өткөөл кеңештин күчтөрү Хадрамаутка жылган учурда, Сауд-Арабия бин Хубрейшке «облустан тыш келген баскынчы күчтөрдөн» коргоо деген жүйө менен Хадрамаут аймагындагы мунай булактарына кирип, ошол жерде бекемделүүнү тапшырды.
Тез өнүккөн окуялардын алкагында ири күчтөр Хадрамаутка жетип келди. Бирок алар уруу шейхи Амру бин Хубрейшти айланып өтүп, Аль-Алими өкмөтүнө караштуу «түндүк күчтөрүнөн бошотуу» деген ураан менен Хадрамаут өрөөнүндөгү шаарларга карай жолун улантты. Театралдык көрүнүштө түндүк күчтөрү чегинип, Өткөөл кеңештин күчтөрү эч кандай каршылыксыз «бошотуу» деген ураандын алдында өрөөн шаарларына кирип алды!
Мына ушунда Сауд-Арабиянын жообу ыкчам болду: Хадрамаут өрөөнүндө жайгашкан «Дираъ ал-Ватан» күчтөрү кыймылга келип, 23-лагерин жана Сауд-Арабия менен чоң чек арага туташкан кеңири Аль-Абр аймагын көзөмөлүнө алды. Ошол эле маалда Аль-Кахтани жетектеген жогорку деңгээлдеги делегация Хадрамауттун борбору Аль-Мукалла шаарына жөнөтүлүп, облустун губернатору менен тынчтандыруу келишимине кол койду. Ага ылайык, бин Хубрейштин күчтөрү мунай булактарынан чыгып кетет, ал эми Өткөөл кеңештин күчтөрү да Хадрамаут облусунан чыгып, өз базаларына кайтып келет. Бул кадам мунайга бай Хадрамаут облусун жана ага коңшу Махра облусун толук көзөмөлгө алуу боюнча Эмираттардын планын ачык түрдө үзгүлтүккө учуратты, анткени Махра облусу өз лагерлерин Өткөөл кеңешке каршылыксыз өткөрүп бергенин жарыялаган болчу.
Бирок Өткөөл кеңештин күчтөрү бул келишимге баш ийбей, Амру бин Хубрейшке кол салып, аны мунай секторлорунан чыгарып жиберишти. Сауд делегациясы болсо Хадрамаут облусунда кала берүүдө, Өткөөл кеңештин күчтөрүнүн облус аймагында болушуна каршы чыгып, жакында дайындалган губернаторду өз өкмөтүнөн бул күчтөрдү облус аймагынан чыгарууну талап кылууга же болбосо отставкага кетем деп коркутууга түртүп жатат. Бул кадам ансыз да башаламан болгон саясий абалды дагы да татаалдатмак.
Ошол эле учурда Сауд-Арабияга караштуу жана Махра облусунда жайгашкан «Дираъ ал-Ватан» күчтөрү да кыймылга келип, облустагы аскерий лагерлерди, мамлекеттик мекемелерди жана чек ара өткөрмө пункттарын көзөмөлүнө алды. Ушундайча, Эмираттардын Хадрамаут облусун толук көзөмөлгө алуу планы кыйла деңгээлде ишке ашпай калды. Өкмөт башчысы Рашад аль-Алими консультация үчүн Эр-Риядга чакыртылды. Бирок Өткөөл кеңештин күчтөрү мынчалык оңой эле чыгып кетет деп күтүлбөйт, анткени алардын колунда мунай секторлору, порттор, аэропорттор, аралдар жана башка маанилүү аймактар, бир катар сезимтал объекттер дагы эле бар. Бирок биринчи ирет Хадрамауттун ичинде оор куралдар колдонулган кандуу кагылышуу болду. Эки тараптан тең өлгөндөр жана жарадарлар катталды, алардын баары ошол эле облустун өз уулдары!
Ошентип, колонизатор үчүн кан төгүлүп жатканы маанилүү эмес, ал кан өзүнүкү болбосо эле жетиштүү. Өз кызыкчылыктарын арзан баада ишке ашыруу үчүн бул бир туугандыкты динди жана акыйданы курмандыкка чалуу болсо да согушууга даяр болгондор табылат!
Эй Йемен эли! Исламда мусулман адамдын өз бир тууган мусулманга каршы курал көтөрүүсү өтө чектелген өзгөчө учурларда гана уруксат кылынат, жана ал учурлардын өкүмдөрү шариятта так баяндалган. Бирок Йеменде учурда жүрүп жаткан куралдуу кагылыштар колонизатор каапырдын өлкөдөгү таасир жана байлык кызыкчылыктарына кызмат кылуудан башка нерсе эмес.
Чечим бардык жергиликтүү жетекчилерден эч бирин калтырбай жүз буруудан башталат. Анткени алар толугу менен өлкөдөн тышкы күчтөргө таянып иш жүргүзүшөт жана башкалардын кызыкчылыктарын ишке ашырышат, «Америкага өлүм», «Хадрамауттун укуктары», же «түндүктүктөрдөн бошонуу» сыяктуу ураандарды көтөрүшсө да. Бул аймактык жана мазхабдык ураандардын баары алдамчы болуп, алардын артында колонизатор каапырга болгон толук көз карандылык жашырылган.
Андан соң бул чечим Пайгамбарлык минхажы негизинде экинчи рошид Халифалыкты тикелөө менен аяктайт. Ал мусулмандардын канын төгүүдөн сактайт, алардын байлыктарын коргойт жана колонизатордук таасирди жана анын агенттерин өлкөдөн кууп чыгат. Биз, «Хизб ут-Тахрир», силерди ушул улуу долбоордун айланасына биригүүгө чакырабыз. Анткени дал ушуну менен дүйнө жана акырет жакшылыгы ишке ашат.
Устаз Хамид Абдулазиз
Роя гезити




