Басма сөз

Саясатчылардын билдирүүлөрү интернеттеги басмырлоонун күчөшүнө салым кошууда

Басма сөз баянаты

Саясатчылардын билдирүүлөрү интернеттеги басмырлоонун күчөшүнө салым кошууда

2026-жылдын 11-февраль, шаршемби күнү бир нече маалымат каражаттары басмырлоого жана расизмге каршы өкмөттүк комиссиянын жыйынтыктарын жарыялашты. Бул жыйынтыктар интернеттеги басмырлоо жана расизм саясатчылардын терс билдирүүлөрүнөн ачык таасирленерин көрсөтөт. Комиссия өз тыянактарын Амстердам университети жүргүзгөн изилдөөгө негиздеген. Анда 2014–2024-жылдар аралыгында Нидерландия парламентинин Төмөнкү палатасында айтылган он миңдеген билдирүүлөр жана алардын интернеттеги реакцияларга тийгизген таасири талданган.

Изилдөө парламенттен чыккан бөлүп-жаруучу сөздөр интернеттеги талкуулардын мүнөзүн түздөн-түз калыптандырарын көрсөтөт. Саясий чөйрөдө колдонулган түшүнүктөр жана терминдер социалдык тармактарда жана коомдук талкууларда кабыл алынып, колдонулат. Акыркы он жыл ичинде өзгөчө мусулмандарга жана башка этникалык топторго каршы багытталган басмырлоочу сөздөр көбөйгөн. Ошондой эле жаңылык маалымат каражаттары бул түшүнүктөрдү кайра өндүрүп, аларга мыйзамдуулук берип, күчөтүүчү ролду аткарып жаткандай көрүнөт.

Бул жерде өзүнчө бир окуя эмес, кайра-кайра кайталанган түзүмдүк үлгү көрүнүп турат. Хизб ут-Тахрир партиясы бир нече жылдан бери саясий институттар менен маалымат каражаттарынын Исламды жана мусулман жамаатын көйгөй катары көрсөтүүдөгү ролун белгилеп келген. Бул изилдөө мусулмандар көптөн бери баштан кечирип келген нерсени сандар аркылуу ырастайт, кастык өзүнөн-өзү пайда болбойт, ал фикрий жактан сиңирилет.

Эркиндик партиясы жана ушуга окшош багыттагы партиялардын билдирүүлөрү Исламга каршы сөздөрдүн күчөшүнө ачык салым кошуп жатканына карабастан, маселе бул партиялар менен гана чектелбейт. Кеңири саясий талкуу, секулярдык алкак ичинде, мусулмандарды түзүмдүк түрдө коргонуу абалына коёт. Мусулмандар дайыма интеграция маселеси, коопсуздук коркунучу же маданий четтөө катары сүрөттөлөт. Натыйжада мусулмандар үстөмдүк кылган либералдык ченемдик алкакка кандайдыр бир деңгээлде ылайыкташса гана чыдоого боло турган четке кагылган иденттүүлүккө чектелип калышат.

Саясатчылар коомдук чыңалууларды «интеграция ийгиликсиздигинин» натыйжасы катары көрсөтүшөт, бирок дал ошол өздөрүнүн риторикасы бул чыңалууларды күчөтөт. Жоопкерчилик мусулман жамаатына жүктөлөт, ал эми негизги себептин өзү секулярдык системанын ичинде жатат.

Бул чыңалуулар исламий баалуулуктарга жана ченемдерге берилгендиктен улам жаралган эмес, тескерисинче, секулярдык нормалар ой жүгүртүү менен иш-аракеттин үстөмдүк кылган алкагы болгон бир тектүү коомдук тартипти түзүүгө умтулган коомдук моделден келип чыккан. Демек, түзүмдүк маселе мусулман жамаатында эмес, мабдаий негизге таянган альтернативдүү дүйнө таанымды кабыл алууда олуттуу алсыздык көрсөткөн системанын ийгиликсиздигинде жатат.

Хизбут-Тахрирдин Голландиядагы маалымат бөлүмү

12.02.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button