Саясий аң-сезим жана анын өзгөрүүгө тийгизген таасири

Саясий аң-сезим жана анын өзгөрүүгө тийгизген таасири
Саясий аң-сезим тууралуу сөз кылганда, эң оболу Исламдагы аң-сезим тууралуу сөз кылабыз. Анткени Ислам табиятынан саясий дин. Ал жашоону, коомду жана мамлекетти камтыган толук бир система болуп саналат. Аллах Таала адамдардын иштерин Ислам аркылуу, аны ишке ашыра турган мамлекет аркылуу башкарууну буйруган. Бул Ислам табияты боюнча саясий фикрат экенин билдирет. Демек, үммөт Исламды жашоонун, коомдун жана мамлекеттин системасы катары түшүнө башташы — бул саясий аң-сезимдин башталышы болуп саналат.
Бүгүнкү күндө мусулмандарда саясий аң-сезим алсыз болгондуктан, эгер бийликке намаз окуган, орозо кармаган, Куран окуган, Ислам ураандарын көтөргөн жана сөздөрүндө айрым Куран аяттарын келтирген бир мусулман адам келсе, анда мамлекет автоматтык түрдө Исламий болуп калат деп ойлошот. Алар мамлекеттин Исламий болушундагы эң негизги көрсөткүчкө, мамлекеттин кандай экендигине, башкача айтканда, Ислам акыйдасына, ошондой эле колдонулууга тийиш болгон түзүмдөргө жана мыйзамдарга көңүл бурушпайт. Ошентип, алар башкаруучунун көрүнүшүндө диндарлык бар болгону үчүн гана ага берилгендигин көрсөтүүгө даяр болушат, ал болсо Аллах түшүргөн дин менен башкарбайт. Мусулмандар саясатка, саясатчыларга, мамлекеттерге жана режимдерге дал ушундай негизде мамиле кылып, окуяларга: «Бизди ким башкарып жатат, мусулманбы же алавийби же друзийби? Намаз окуйбу же динсизби?» деген көз караш менен гана карап жатышса, бул үммөттүн саясий аң-сезимге жетүүсү үчүн дагы узак жол бар экенин билдирет.
Саясий аң-сезим мусулмандар дүйнөгө Ислам акыйдасы негизинде караганда гана калыптанат. Башкача айтканда, диндери талап кылган саясий көз карашы, Ислам акыйдасы жашоосунда үстөм болушу керек деген пикир. Муну менен үммөт жер жүзүндө шарияттын үстөмдүгүн кайрадан калыбына келтирүүгө жана өлкөлөрүндө өз бийлигин кайра колго алууга умтулуп, Ислам даъватын дүйнөгө көтөрүп чыгуу, Исламга каршы күчтөргө каршы күрөшүү жана үммөтүбүзгө, өлкөлөрүбүзгө жана башка өлкөлөргө үстөмдүк кылууну көздөгөн колонизатордук пландарга каршы күрөшөт. Ушул көз карашка ээ болсо гана анда саясий аң-сезим пайда болот. Эгер бир күнү дал ушул көз караш мусулмандар арасында үстөмдүк кылса, анда үммөт саясий аң-сезимдин белгилүү бир деңгээлине жетти деп айтууга болот.
Пайгамбарыбыздын ﷺ сирасын кылдат карап чыгуу бизге анын ﷺ пайгамбар болуп жиберилген күндөн тартып эле Исламга үстөмдүк бериле турган күндү көздөп турганын көрсөтөт. Бул көп адамдар жаңылыш ойлогондой, ал ﷺ даъватты Ислам жана мусулмандар үчүн бийлик орнотуу максатын көздөбөстөн алып барып, окуялардын жүрүшү аны өзү да максат кылбаган абалда Мединада нусратка жана мамлекетке жеткирген деген пикирге карама-каршы келет. Тескерисинче, Пайгамбарыбыз ﷺ пайгамбар болуп жиберилген күндөн тартып эле даъваттагы манхажында Мекке коомундагы коомдук пикирди өзгөртүүгө көңүл бурган. Анын максат коомду жахилияттан исламий өздүккө буруу, Ислам мамлекетин, исламий жашоону жана исламий коомду орнотуу эле. Мекке коому ага каршы катып калганын көргөндө, ал башка коомдорду издей баштаган. Акыры, Аллах Таала Мединадан болгон бир топ адамдардын жүрөктөрүн ыйманга ачты. Андан соң ал жакта даъват кеңейип, Исламдын алгачкы мамлекети пайда болуп, ал жерде алгачкы Исламий жашоо орноду. Кийинчерээк бул мамлекет дүйнө жүзүн өзгөртүү милдетин аткарууга киришти. Ал ﷺ мамлекет башчысы боло электе эле, өзүн мамлекеттик ишмер катары алып жүргөн. Андан кийин келген халифалар да — рошид халифалар болобу, алардан кийинкилер болобу — ушундай жолду улантышкан. Мамлекетте падышачылык (мулк ‘адуд) пайда болуп, айрым бузуулар орун алганына карабастан, Исламий мамлекетте башкаруу деңгээлинде да, үммөттүн саясий чөйрөсүндө да саясий аң-сезим жоголгон эмес. Бул Бани Умайя халифаларынын мезгилинде да, Бани Аббас халифаларынын алгачкы доорлорунда да, андан кийин Осмон султандарынын күчтүү мезгилдеринде да айкын көрүнгөн. Тарых алардын көбүн саясий даанышмандыгы, саясий ыкмалары, мамлекеттер жана падышалар менен Ислам акыйдасынын негизинде мамиле кылганын жана Исламды дүйнөгө рисалат катары көтөрүп чыкканы менен эскерет. Дал ушул себептен Исламий мамлекет тарых барактарынын көпчүлүк мезгилинде дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекет болуп келген.
Жогоруда айтылган маанидеги саясий аң-сезимдин болушу ар бир мусулманга важиб. Бул маселе адамдардын ой жүгүртүү деңгээлинин айырмасына байланыштуу эмес. Чындыгында, адамдардын акыл-эс дарамети, саясий окуяларды канчалык деңгээлде көзөмөлдөшү жана аларды талдоо жөндөмү ар башка. Бирок, ошого карабастан, алардын баары шарият боюнча саясий окуяларга Ислам акыйдасы негизинде мамиле кылууга милдеттүү. Кандай гана фикрий мүмкүнчүлүгү же сакофий деңгээли болбосун, эч бир мусулман саясий окуяларга улуттук же аймактык (кутрий) көз караштан карабашы керек. Башкача айтканда, окуяларды «мен ливандыкмын», «сириялыкмын», «палестиналыкмын» же «ирактыкмын» деген негизде баалоого болбойт. Бул маселе адамдын мүмкүнчүлүгүнө эмес, анын Исламды канчалык деңгээлде түшүнгөнүнө, Исламга болгон аң-сезимине жана ага канчалык берилгенине, башкача айтканда, такыбаалык менен такыбаасыздыгына байланыштуу. Албетте, ар бир коомдо саясий окуялардын жүрүшүн жакшыраак түшүнө алган, аларды талдоого жана болуп жаткан нерселерди аңдоого жөндөмдүү бир элита бар экени шексиз.
Бул элита коомдук пикир менен канчалык тыгыз байланышта болсо, ага ошончолук таасир этет жана өз аң-сезимин коомго өткөрүп берет. Мындай таасир этүү аң-сезимдүү адамдарга, саясий жамааттарга, ошондой эле саясий окуяларга аң-сезимдүү мамиле кылган институттарга жана саясий мектептерге важиб.
Акыркы мезгилде Сирияда болгон окуялар мусулмандардын басымдуу бөлүгүндө саясий аң-сезимдин алсыз экенин ачык көрсөттү. Сириядагы кылмышкер мазхабчыл режим кулагандан кийин эле, анын эли жана анда болуп жаткан окуялардан таасирленген коңшу аймактардын көпчүлүгү максат орундалды, кризис аяктады деп эсептеп, эми болгону өз мамлекетин курууга киришүү гана калды, анткени бизде эми «мамлекет бар» деп ойлошту. Алар Сириядагы жаңы бийлик өзүнө исламий саясий долбоорду алып келбегенин, атүгүл эч кандай саясий долбоор алып келбегенин байкабай калышты. Анткени бүгүн аймакта, анын ичинде Сирияда ишке ашырылып жаткан долбоор америкалык долбоор болуп эсептелет. Алар муну чоң коркунуч катары көрүшкөн жок, анткени кылмышкер мазхабчыл режимден кутулушкан эле. Бул болсо алардын азыркыга чейин Аллах Таала «орточо үммөт, адамзатка күбө» кылып жараткан үммөт катары өз милдетин аңдай электигин көрсөтөт. Ошондой эле алар өз өлкөлөрү менен мүмкүнчүлүктөрүнүн америкалык колонизатордук дүйнөлүк түзүмдүн бир бөлүгүнө айланышынын канчалык кооптуу экенин да түшүнүшкөн жок. Алар Америка аймакты баш ийдирүү үчүн колуна курал кылып алган, Евфраттан Нилге чейин созулган мамлекетти кыялданган яхудий түзүмү менен бирге жашоонун коркунучун да аңдашкан жок. Ошондой эле алар өздөрүн чек аралары каапыр колонизатор тарабынан сызылган каргыштуу чектер менен чектелген «сирия эли» эмес, бир бүтүн үммөттүн бөлүгү экенин түшүнүшкөн жок. Ислам үммөтүнүн маселеси шарият үстөм болгон, исламий жашоо орногон, иштер Аллахтын шариаты менен башкарылган жана Исламды дүйнөгө рисалат катары алып чыккан бир үммөт болушунда экенин да аңдай алышкан жок. Алар экономикалык кризисти чечип, жакырчылык маселесин жойгон жана капиталисттик дүйнөлүк түзүмгө көз карандуулуктан куткарган система — өз шариатында камтылган экономикалык система экенин да байкашкан жок.
Мунун баарынан оору бул саясий алсыздыкты бекемдеп жаткан адамдардын арасында, башкарууну Аллах түшүргөн дин менен жүргүзбөөнүн күнөөсүн, Аллах Тааланын алдында бул өтө чоң мункар экенин жеңилдетип көрсөткөн, чалма кийген «аалымдар» бар. Алар үчүн башкаруучу намаз окуган мусулман болсо эле «баш ийүүгө тийиш болгон бийлик ээси» болуп калат, ал тургай Аллахтын, Анын Элчисинин ﷺ жана момундардын душмандарына дос болуп алса да!
Ахмад ал-Касас
Роя гезити




