Сакофий
Trending

Саясий күрөш жана пикирий күрөш туруктуу “тарыйкатпы” же өзгөрүлмө “ыкмаларбы”

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо жооп

Саясий күрөш жана пикирий күрөш туруктуу “тарыйкатпы” же өзгөрүлмө “ыкмаларбы”

Ахмад Бакр: Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху. Урматтуу амирибиз Аллах сизди колдосун жана жеңишке жеткирсин. Саясий күрөш  тарыйкат өкүмдөрүнөнбү  же ыкмалардын бириби? Тактап айтканда, мен мунун пикирий күрөш сыяктуу тарыйкаттан деп билем. Бирок, бул маселе жолугушуулардын биринде жигиттердин арасында талаш-тартышты жана түшүнбөстүктү жаратып, маселе чечилген жок. Ал бир аз убакыт мурун суроо жаралуу менен аяктаган жана биз канааттандырарлык жоопту жана так билдирүүнү күтүп жатабыз.

Аллах сизди коргосун, даңкыңызды түбөлүккө сактасын, ийгиликке жеткирсин, сиз аркылуу башкаларга пайда алып келсин, сиз үчүн эшиктерди ачып, даражаңызды көтөрсүн.

Жооп:

Уа алейкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракаатуху. Биз буга чейин ушул сыяктуу суроого хижрий 1429-жылдын 14-сафарында, миладий 2008-жылдын 20-февралында жооп бергенбиз жана анда мындай деп айтылган:

“Саясий жана пикирий иштер да тарикаттын курамына кирет. Анткени таасир өткөрүү баскычы муну талап кылат жана аларсыз ишке ашпайт. Саясий жана пикирий ишсиз таасир өткөрүү болбойт. Ал эми саясий (күрөш) жана пикирий (күрөш) бул саясий жана пикирий иш аркылуу жасалган ачык чакырык. Бул чакырык услуб болуп эсептелет. Айрым учурларда зарыл болушу мүмкүн, айрым учурларда зарыл болбошу мүмкүн.

Маселени жаркындатуу үчүн айтсак, баракча таратуу күрөш мүнөзүндөгү услуб. Ал ачык, ачык чакырык менен таратылышы мүмкүн… же жөнөкөй таратуу болушу мүмкүн…
Демек, каршылаштык жана күрөш ачык чакырыкты жана анын коштоочу белгилерин камтыган мааниге ээ. Булар услубдар. Куранда айтылгандарга келсек, алар куфр башчыларына карата чектелген учурлар болгон. Анткени аларда жөн гана каапырлыктан ашкан кошумча жамандык бар эле. Алар чындыкты айкын далилдерге карабай, Исламга жана мусулмандарга катуу каршы чыгып, согуш ачышкан. Ошондуктан ал аяттарда аларга карата катуу, күчтүү чабуулдар айтылган. Ошого карабастан, эгер аларды санап чыксаң, саны чектелүү экенин көрөсүң, ал эми каапырлар көп болгон. Расул ﷺ каапырларга карата күчү жагынан ар башка услубдарды колдонгон. Мисалы, Курайштын башчыларынын бири (Утба) Пайгамбарыбызга ﷺ келгенде, Расул ﷺ ага Исламды канааттандыруучу далил жана терең хикмат менен, тынч жана таасирдүү услубда сунуштаган. Натыйжада ал киши Курайшка баштагы абалынан башкача абалда кайтып келген. Анын абалын жиберген Курайштын башчылары сүрөттөп беришкен. Айрыкча, ал Пайгамбардан ﷺ уккан сөздөрүн алардын алдында мактап айткан.

Курайштын башчыларынын бирине (Ваилге) дагы Расул ﷺ жолуккан. Ал каапыр башчы колуна чириген сөөктү кармап келип, аны Расул ﷺга көрсөтүп: «Сенин Раббиң муну кайра тирилте алабы?» — деп сураган. Расул ﷺ ага: «Ооба, аны тирилтет», — деп жооп берип, андан соң кошумчалаган: «…жана сени тозокко киргизет». Бул жерде Расул ﷺ суроого гана жооп бербестен, ага катуу эскертүү да кошкон.

Демек, услуб каршы тарапка ылайык күчөп же жумшарып турат. Элести дагы даана кылып көрсөтүү үчүн бул аятты оку:
﴿اذْهَبْ أَنْتَ وَأَخُوكَ بِآيَاتِي وَلَا تَنِيَا فِي ذِكْرِي • اذْهَبَا إِلَىٰ فِرْعَوْنَ إِنَّهُ طَغَىٰ • فَقُولَا لَهُ قَوْلًا لَيِّنًا لَعَلَّهُ يَتَذَكَّرُ أَوْ يَخْشَىٰ﴾
«(Эй Муса), сен өзүң жана агаң (Харун) менин кереметтеримди (адамдарга) алып баргыла жана Мени эстеп-жадыңарда тутууда суздук кылбагыла! Силер Фиравндын алдына баргыла, себеби ал («Мен кудаймын» деп) чектен ашты. Анан, ага жумшак сөз сүйлөгүлө! Балким нарк-насаат алаар же (Менин каарымдан) коркоор!» (Таха: 42–44).         Бул аятта талап кылынганы тынч, жумшак пикирий талкуу экени ачык көрүнүп турат.

Эми ушул эле темадагы, Муса менен Фараондун ортосунда болгон, бирок башка жагдайдагы аятты кара. Фараонго ачык-айкын далилдер айтылгандан кийин да ал текеберлигин жана зулумдугун уланта берген. Ошондо Муса عليه السلام ага жумшак сүйлөбөстөн, катуу сүйлөп, аны مثبوراً башкача айтканда, каргышка калган, жок болуучу деп сүрөттөгөн.

Аят мындайча:
﴿وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَىٰ تِسْعَ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ فَاسْأَلْ بَنِي إِسْرَائِيلَ إِذْ جَاءَهُمْ فَقَالَ لَهُ فِرْعَوْنُ إِنِّي لَأَظُنُّكَ يَا مُوسَىٰ مَسْحُورًا • قَالَ لَقَدْ عَلِمْتَ مَا أَنْزَلَ هَٰؤُلَاءِ إِلَّا رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ بَصَائِرَ وَإِنِّي لَأَظُنُّكَ يَا فِرْعَوْنُ مَثْبُورًا﴾
«Ырасында, Биз Мусага тогуз ачык аят – керемет бердик. Андан соң ал (Фиравн жана анын адамдарынын алдына) келген чагында, (ага): «Бани Исраилди (өз журттарына-Шамга кое берилишин, Фиравндан) сурагын», (деп буйрудук). Ошондо Фиравн ага: «Эй Муса, эч күмөнсүз, мен сени сыйкырга чалынган, деп ойлоодомун», деди. (Муса мындай) деди: «(эй Фиравн), сен тээтиги ачык – айкын (кереметтерди) жалаң асмандардын жана Жердин Раббиси гана түшүргөнүн анык билесиң. Эч шек, күмөн жок, эй Фиравн, мен сени жок кылынуучу деп ойлоодомун». (Исра: 101–102).

Демек, алгач далилдерди жана ачык-айкын байиналарды айтуу үчүн жумшак талкуу болгон. Бирок айкын далилдер берилгенден кийин да текеберлик жана зулум улангандыктан, анда катуу талкуу колдонулган.

Муну менен маселе толук ачылды деп үмүт кылам. Ошондуктан биз китептерибизде таасир өткөрүү баскычындагы саясий иштер тууралуу мындай деп айтабыз: “…бул саясий иштерде пикирий жана саясий күрөш айкын көрүнөт…”.

Демек, саясий жана пикирий күрөш бул баскычта айкын көрүнөт, себеби бул баскычта адатта каапырлыктын башчылары менен кагылышуу болот да, аларга ушундай услуб ылайык келет. Ал эми башка каапырлар менен же башка убакта саясий жана пикирий иш башка услуб менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Кайра баса белгилеп айтам: саясий жана пикирий иш тарикаттын курамына кирет, анткени таасир өткөрүү баскычы муну сөзсүз талап кылат. Ал эми саясий жана пикирий ишти күчөтүү, башкача айтканда, күрөш жана каршылашуу бул услуб болуп эсептелет жана ал ылайыктуу убакта жана жерде ар кандай деңгээлде колдонулат”.

Боордошуңар Ато бин  Халил абу Рашта.

1447-х, 6-шаьбан.

2026-ж, 25-январь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button