Роя гезити

Саясий туруктуулукту өнүгүү катары көрсөтүү: араб өлкөлөрүндөгү тең салмактуулуктун жоктугу

Саясий туруктуулукту өнүгүү катары көрсөтүү: араб өлкөлөрүндөгү тең салмактуулуктун жоктугу

Сирия мисалында талдоо

Араб өлкөлөрүндө узак убакыттан бери саясий туруктуулук экономикалык өнүгүүнүн шарты болуп саналат деген түшүнүк жайылтылып келди. Ошондой эле кандай гана саясий ачыктык болбосун башаламандыкка жана өнүгүүнүн токтошуна алып келет деген пикир калыптандырылды. Саясий туруктуулук өнүгүүнүн булагы деген сөз «көз карандысыздыктан» кийинки мезгилде араб саясий чөйрөсүндө эң кеңири орун алган түшүнүктөрдүн бири болуп калды. Анда өнүгүү саясий туруктуулук шартында гана ишке ашат деген идея жайылтылды. Көп учурда бул туруктуулук легитимдүүлүккө жана институттарга негизделген туруктуулук катары эмес, жалпысынан Батыш өлкөлөрүнө көз каранды болгон башкаруучулардын пайдасына кызмат кылган коопсуздук көзөмөлү жана кагылышуулардын алдын алуу катары түшүндүрүлдү.

Бирок көңүл бура турган жагдай, узак убакыт бою саясий туруктуулукка ээ болгон көптөгөн мамлекеттер туруктуу экономикалык өнүгүүгө жетише алышкан жок, ошондой эле саясий өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөн айрым өлкөлөр экономикалык туруктуулукту сактап кала алышкан жок. Ушул жерден туруктуулук менен өнүгүүнүн ортосундагы байланыштын табияты тууралуу борбордук маселе көтөрүлөт. Бул байланыш айрыкча араб дүйнөсүндө шарттуу мүнөздөгү байланышпы же өз ара таасири барбы? Же карама-каршылыктуу абалбы?

Бул маселени түшүнүү үчүн саясий экономика тармагына кайрылабыз. Адабияттарда саясий туруктуулук менен экономикалык өсүштүн ортосунда байланыш бар экени көрсөтүлөт, бирок бул байланыш бир кылка эмес. Ал бир катар өзгөрүүгө көз каранды. Алардын катарына саясий режимдин түрү, башкаруучунун табияты жана багыттары, экономикалык түзүлүш (рентиердикпи же өндүрүштүкпү), ошондой эле эсеп берүү жана ачык-айкындуулуктун институттарынын бар же жоктугу кирет. Бул институттардын жоктугу «формалдуу туруктуулук» деп аталган көрүнүштү жаратат, ал өнүгүүгө алып келбестен, институционалдык коррупцияны жана ресурстарды бөлүштүрүүдөгү бузулууларды пайда кылат.

Ал эми араб өлкөлөрүнүн абалында көп учурда биз кризистерди кечеңдеткен, бирок алардын алдын ала албаган мажбурланган туруктуулукка туш болобуз. Мунун айрым мисалдарын келтирүүгө болот:

Египет: Акыркы он жылдыкта коопсуздук туруктуулугун абсолюттук артыкчылык катары койгон, ал тургай темир менен отко таянган мажбурлоочу формадагы моделди сунуштаганына карабастан, бул эч кандай чыныгы өнүгүүгө алып келген жок. Тескерисинче, мамлекеттик карыз өстү, сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөдү, коом катмарларынын ортосундагы ажырым кеңейди, орто катмар дээрлик толук жоюлду да, коом өтө жакырчылык менен ашкере байлыктын ортосунда бөлүнүп калды.

Булуң өлкөлөрү: Көз каранды туруктуулуктун жогорку деңгээлине жана экономикалык өнүгүүгө жетишти, бирок бул өнүгүүнүн негизи саясий же экономикалык байланышка эмес, мунай экспортуна таянат. Бул болсо мындай туруктуулукту институттарга эмес, каржылык мүмкүнчүлүккө (мунайга) шарттайт жана ресурстардын кандай гана төмөндөшү болбосун, аны солгундатып жиберет.

Алжир: Кыймылсыз туруктуулук абалын башынан өткөрүүдө. Анда чыныгы өнүгүүсүз формалдуу саясий туруктуулук бар, бул коомдук чыңалууга алып келип, анын бир бөлүгү 2019-жылдагы жалпы элдик кыймылда жарым-жартылай жарылды. Бүгүн да өлкө жаңы жарылуунун босогосунда турат, анткени кризисти кечеңдеткен, бирок ага түпкү чечим сунуштабаган туруктуулук сакталууда.

Араб дүйнөсүндө саясий туруктуулук адатта мыйзамдын үстөмдүгү, бийликтин тынч жол менен алмашуусу же күчтүү жана көз карандысыз институттар катары аныкталбайт. Тескерисинче, ал бир эле мааниге т.а. кандай гана формада болбосун өзгөрүүнүн жоктугуна, нааразылык, ошондой эле атаандаштык менен оппозициялык үндөрдүн жоктугуна кыскартылат. Ошентип, араб өлкөлөрүндөгү туруктуулук коомдук ынтымакка эмес, басымга таянган мажбурланган туруктуулукка айланат да, мамлекеттик институттар коомго кызмат кылуучу түзүмдөрдөн башкаруучу катмардын кызыкчылыгы үчүн көзөмөлдөө, талап-тоноо жана кысым көрсөтүүчү аппараттарга айланат.

Мындай шартта өнүгүү дайыма кийинкиге калтырылган долбоор бойдон калат. Ал бир эле учурда убада берүү жана коркутуу куралы катары колдонулат. Толук туруктуулуктан кийин, башаламандык жоюлгандан кийин, сынчыл үндөр басылгандан кийин, анан, анан… бирок ал эч качан келбейт.

Мына ушундан улам күч менен таңууланган туруктуулук жогорку натыйжалуулукка ээ күчтүү институттарды жаратпастан, берилгендик жана коррупция тармактарын түптөйт деген жыйынтыкка келебиз. Элге отчет берүү жана ачык-айкындуулук жок шартта өлкөнүн ресурстары тышкы колдоонун астында үстөмдүк кылуучу катмардын олжосуна айланат. Ошондуктан араб өлкөлөрүндө өзгөрүүсүз туруктуулук, катышуусуз өнүгүү таңууланат. Ал көп учурда ренталдык экономикага (чийки сырье, жардамдар, которуулар, эл аралык кредиттер ж.б.) негизделет.

Араб жазынын тажрыйбаларын окуп-талдоодо, айрымдар анда өзгөрүү башаламандыкка алып келерин далил катары көрүшөт. Бирок кылдат окуу жарылуунун өзү өнүгүүнүн жана адилеттүүлүктүн узак убакыт бою жок болуп топтолушунун натыйжасы болгонун көрсөтөт. Ошондой эле чыныгы өзгөрүүсүз мурдагы эски туруктуулук абалына кайтып келген өлкөлөрдө ошол эле кризистер кайрадан, бирок андан да курч формада кайтып келди. Бул Египет менен Тунис мисалдарында ачык көрүнөт. Демек, легитимдүүлүккө таянбаган туруктуулук — алсыз, убактылуу жана жарылууга даяр болот.

Сирия абалы:

2011-жылга чейин Сирия эл аралык деңгээлде коопсуздук жагынан туруктуу мамлекет катары классификацияланган, бул катуу коопсуздук басымына байланыштуу эле. Тамыры тереңге кеткен коопсуздук режимине негизделген кысымдан улам саясий атаандаштык болгон эмес. Бул режим элдин ыраазычылыгына эмес, күчкө таянып өзүнүн бар болушун сактаган. Бул системаны Хафез Асад бийликке келгенден тартып негиздеп, «тааныш-билиш капитализми» деп мүнөздөлгөн экономиканы курган. Натыйжада орто катмар режимге байланышкан катмар менен алмаштырылып, башкаруучу катмар менен анын союздаштары байып, жакырчылык менен кысым кеңейген.

2011-жылдан кийин туруктуулук кулап, чыныгы абал ачылды жана кырдаал жарылды, анткени коомдук институттар да, чыныгы өнүгүүчү экономика да жок болчу. Легитимдүүлүктүн жоктугу жана экономиканын монополияланышы жарылуунун негизги себептеринен болду да, мамлекет кагылышуу талаасына айланды. Саясий илимде мажбурланган туруктуулук биринчи соккуда эле кыйрайт. Эгер тышкы колдоо болбосо, режимдин өмүрү узак болмок эмес. Инфраструктуранын кыйратылышы жана ресурстардын талап-тонолушу менен экономика кулап, коом ыдырады, ал эми репрессивдүү режим тышкы колдоо жана каржылоо менен гана сакталып калды.

2024-жылдын 8-декабрында, 14 жылдык согуштан кийин Башар Асаддын режими кулады да, «Хайат Тахрир аш-Шам» жетектеген өткөөл мезгил башталды, андан соң Жулани өлкөнүн убактылуу президенти болуп дайындалды. Бирок учурдагы реалдуулук мурунку режимдин саясий жана экономикалык логикасынын кайра өндүрүлүп жатканын көрсөтүүдө. Элиталар жана риторика өзгөргөнү менен, башкаруунун өзөгү өзгөргөн жок.

Мурунку режим түзүмүнүн кайталанышынын эң көрүнүктүү белгилеринин катарына төмөнкүлөр кирет:

  • Чечимдердин бир адамдын же тар чөйрөнүн колуна топтолушу, институттардын четтетилиши жана бийликти бөлүштүрүүнүн жоктугу.
  • Саясий жана коопсуздук чечимдеринин катуу борборлошуусу жана мурунку сириялык абалдагыдай эле тышкы булактарга көз карандылыгы.
  • «Ким бошотсо — ошол чечет» деген логикага негизделген легитимдүүлүк. Буга чейин болсо «ким коргосо — ошол чечет» эле. Эки учурда тең легитимдүүлүк коркуу негизинде курулат.
  • Партиялык көп түрдүүлүктү четке кагуу жана саясаттан коркууну кайрадан пайда кылуу.
  • Тааныш-билиш экономикасын, монополияны жана коррупцияны кайрадан өндүрүү.
  • Айкын экономикалык жана өнүгүүчү көз караштын жоктугу, тескерисинче, жергиликтүү жаңы куралдар аркылуу берилген тышкы көрсөтмөлөр үстөм болуп, кризисти башкаруу менен гана чектелүү.

Актоо үчүн эмес, адилеттүүлүк үчүн айрым айырмачылыктарды белгилөөгө болот:

  • Бүгүнкү башкаруу чыныгы ресурстары жок, кыйраган, ыдыраган мамлекетте жүрүүдө, анда ар түрдүү тышкы берилгендиктер бар.
  • Азырынча мурдагыдай үлгүлүү, жалпы кысым жок, бирок коопсуздук басымы күчөп баратат жана анын майда этностордон тыш, тышкы коргоого алынган топтордон алыс, суннийлер арасындагы сунний–сунний кагылышууга айланып кетүү коркунучу бар.
  • Өткөөл адилеттүүлүк жана конституция тууралуу дискурс азырынча практикалык эмес, көбүнчө теориялык бойдон калууда, алардын айрым элементтери гана тышкы басым менен майда этностордун пайдасына колдонулууда.

«Туруктуулук» жана «башаламандыкты алдын алуу» деген ат менен жаңы авторитаризм пайда боло баштады. Ал эски авторитаризмден да кооптуу, анткени революция элинин терең көңүл калуусун жаратат, анын акыркы ахлакый капиталын жок кылат жана кийинкиге калтырылган жарылуунун уруктарын себет. Ошентип, Асаддар үй-бүлөсүнүн режими кулашы башкаруунун логикасын автоматтык түрдө жойгон жок, жүздөр өзгөргөнү менен, ошол эле модел сакталып калды. Системанын түзүмүндө түпкү өзгөрүү болбогон туруктуулук кандай гана революциялык же өткөөл ураандарды жамынбасын, алсыз жана артка кетүүгө дуушар болот.

Аймактын келечеги бийликтин тартипти таңуулоо жөндөмү менен эмес, ушул моделди бузуп, көз карандысыздыкка, легитимдүүлүккө жана катышууга таянган, тышкы берилгендиктерди кабыл албаган, мабдаий негизге курулган жана чакырыктарга туруштук бере алган системаны түзө алуу жөндөмү менен аныкталат.

Бул күрөштө тараза ташы сирия элинин колунда. Мына ошондуктан эл аралык күчтөр андан коркушат жана аны алсыратууга аракет кылышат. Бирок бул эл адилеттүүлүккө, кадыр-баркка жана эркиндикке умтулат. Өзүнүн азат болуу жолун Аллахтын шариатын өкүм кылууга кайтууда көрөт. Муну ураандар менен нааразылыктар чагылдырат, маалыматтык бөгөт коюуларга карабастан, Шам аймагындагы элдин табияты исламий жашоону кайра улантууга умтулуу менен мүнөздөлөт.

Бүгүн биз туш болуп жаткан кыйынчылыктар акыйкатты жалгандан ажыратуу үчүн болуп жатат. Ошондон кийин Аллахтын Элчиси ﷺ  берген сүйүнчү т.а. пайгамбарлык минхажы негизиндеги рашид Халифалыктын кайра кайтуусун ишке ашырууну каалаган акыйкат ээлери менен, сыноолор бетин сыйрып салган жалгандын ортосунда чечүүчү күрөш башталат. Ошондо Аллах Тааланын убадасы ишке ашат:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا…﴾

“Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзүнө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды”. (Нур: 55).

Устаз Набил Абдулкарим

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button