Сакофат
Trending

Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо (6)

Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо (6)

 Устаз: Лукман Харзаллах

Альянстар жана блоктор (союздар)

Альянстар жана блоктор маселесин саясатчы да, саясат түзүүчү адам да изилдөөгө тийиш. Анткени альянстар жана блоктор аскерий жана экономикалык мыйзамсыздыкка жана зулумга жол ачат, дүйнөнү адамдардын дээрлик бардыгын кырып жиберген дүйнөлүк согуштар сыяктуу кеңири масштабдагы согуштарга жетелейт. Альянстар менен блоктор – мамлекеттер өздөрүнүн аскерий же экономикалык күчүн бириктирүү үчүн колдонгон услубдардын (ыкмалардын) бири. Ошондо альянстын же блоктун салмагы эл аралык аренада өз-өзүнчө турган мамлекеттин салмагынан жогору болот. Демек, альянстын ар бир мүчөсү альянстын компетенциясына кирген тармактарда өз мамлекетинин салмагын гана эмес, бүт альянстын салмагын көтөрөт. Бул болсо альянстын эл аралык мамилелерге тийгизген таасирин ачык-айкын кылат, муну менен бирге альянсты түзгөн мамлекеттердин, айрыкча альянстын саясатын аныктап, аны жетектеген мамлекеттин таасирин күчөтөт.

Альянс – бул эки же андан көп мамлекеттин ортосундагы келишимдик мүнөздөгү байланыш, тараптардын макулдашуусу боюнча бири-бирин колдоосу зарыл болгон учурларда т.а. чабуулга учураганда же согуш чыкканда ишке кирүүчү келишим. «Альянс» деген сөз колдонулган учурда биз көбүнчө аскерий альянсты түшүнөбүз.

Альянстарды түзүүнүн түрдүү түрткүлөрү бар. Кызыкчылык түрткүсү башкаларга караганда көбүрөөк көрүнгөнү менен, айрым учурда альянстын артында акыйдабий түрткү да болушу мүмкүн. Мисалы, 1815-жылы түзүлгөн «Ыйык альянста» Россия, Пруссия жана Австрия мамлекеттери Европада Масих (Иса) насаат кылган нерселердин негизинде биримдик түзүүгө макул болушкан. Альянска кол койгондор өздөрүн тынчтыкты жана тартипти коргоого Кудай тарабынан милдеттендирилген тарап катары эсептешкен.

Кээде альянс материалдык негизде да түзүлөт. Мисалы, 1873-жылдагы «Үчтүк альянсы». Германия, Россия жана Австрия–Венгрия империясынын императорлору бул альянсты түзүп, кайсы бир империя согушка дуушар болсо, өз ара биргелешип коргонууга макул болушкан.

Ошондой эле 1949-жылы түзүлгөн Түндүк Атлантика альянсы (НАТО). Ал СССРге каршы биргелешип коргонуу максатында түзүлгөн аскерий альянс болгон. Өз кезегинде СССР 1955-жылы Варшава келишимин түзүп жооп кайтарган.

Ал эми эл аралык блок – бул бир нече мамлекеттин өз ара саясий же экономикалык багыттарды жана аларга байланышкан саясаттарды биргелешип кабыл алууга келген келишими. Дүйнөдө саясий блоктор, экономикалык блоктор жана саясий-экономикалык блоктор пайда болгон. Өткөн кылымда дүйнө эки негизги саясий блокко бөлүндү: чыгыш блогу же чыгыш лагери жана батыш блогу же батыш лагери. Чыгыш блогу СССРдин позициясынын айланасында бириксе, батыш блогу АКШ позициясынын айланасында бириккен. Бул бири-бирине каршы жүргөн Батыш менен СССРдин күрөшүнүн натыйжасы болгон.

Ошондой эле «Кошулбаган өлкөлөрдүн кыймылы» түзүлгөн, анын негизги өзөгү 1955-жылы Индонезиянын Бандунг шаарында өткөн конференцияда пайда болгон. Анын түзүлүшүнө Жавахарлал Неру, Жамал Абдуннасир жана Иосиф Тито демилгечи болгон. Бул кыймыл «оң жактуу нейтралитет» позициясын кабыл алган. Бирок СССР менен Батыштын күрөшү жүрүп жаткан учурда бул блок көбүн эсе Батыш блогуна пайда алып келгени айкын болгон.

Саясий-экономикалык блоктордун мисалы катары 1957-жылдагы Рим конференциясынын натыйжасында түзүлгөн Европалык Экономикалык Жамаат (ЕЭЖ) көрсөтүлөт. Анын максаты – алты мүчө-өлкөнүн (Бельгия, Франция, Италия, Батыш Германия, Люксембург, Нидерланд) ортосунда жалпы европалык рынок түзүү жана бажы биримдигин орнотуу аркылуу экономикалык интеграцияга жетишүү болгон. Андан соң 1992-жылдагы Маастрихт келишиминен кийин Европа Биримдиги түзүлгөн. Анда Европа Биримдигинин валютасы бирдиктүү кылынган, бирок айрым мамлекеттер өз улуттук акчасын сактап калган. Европа Биримдиги саясий ролдорду да аткарганы менен, анын эң көрүнүктүү жагы экономикалык багыты болгон. Анткени акча-кредит саясаты бирдиктүү кылынган, бирок салык саясаты бирдиктүү болбогон. Ошондуктан ал саясий-экономикалык биримдик болуп саналат, бирок анда экономикалык тарап басымдуураак.

Саясий-экономикалык эң маанилүү блоктордун бири – Жетилик союзу (G7). Ал 1973-жылы Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Германия, Франция, Италия, Жапония жана Канада тарабынан түзүлгөн. Топтун максаты коопсуздук, соода, экономика жана климаттын өзгөрүү сыяктуу ири глобалдык маселелер боюнча позицияларды талкуулоо жана координациялоо болгон.

Ал эми экономикалык блоктордун мисалы катары БРИК союзун айтууга болот. Бул союз бир нече дипломатиялык жолугушуулардын натыйжасында, 2008-жылы Россиянын Екатеринбург шаарындагы жыйын менен расмий түрдө башталган. Ага Бразилия, Россия, Индия жана Кытай кирген. 2010-жылы Түштүк Африка кошулуп, анын аталышы БРИКС болуп өзгөргөн. Бул союз дүйнөдөгү бир уюлдуу (каржылык) үстөмдүктү токтотуу максаты менен түзүлгөнүн жарыялаган жана жаңы каржылык түзүм куруу багытында иштей баштаган. Алар Шанхайда жайгашкан Жаңы Өнүктүрүү Банкын түзүшкөн, глобалдык ликвиддүүлүк кризисине каршы турууга багытталган өз ара резервдик механизмдерди жараткан. Ошондой эле БРИКС өлкөлөрү 2015-жылы Батыш көзөмөлдөгөн SWIFT системасына альтернатива боло турган төлөм системасын түзүү маселесин талкуулай башташкан. Бул төлөм системасы Батыштан көз карандысыздыкка жетүү максатын көздөгөн кадам болгон.

Альянстарга жана блокторго конференциялар жана форумдар да кошулат. Биз эл аралык мыйзам жана эл аралык позиция тууралуу сөз кылган мисалдарда, ошондой эле ушул бөлүмдө эл аралык конференцияларга токтолгонбуз. Анткени эл аралык конференциялар альянстарды, эл аралык мыйзамды жана жалпы саясаттарды түзүүгө негиз болгон. Эң көрүнүктүү конференциялардын бири – 1944-жылдагы Бреттон-Вудс конференциясы. Анда доллар дүйнөдөгү башкы валюта катары негизделген. Ошондой эле 1648-жылдагы Вестфалия конференциясы Европанын Исламий мамлекетке каршы туруусунун негизин түзгөн.

Ал эми форумдар болсо саясий жана экономикалык лидерлердин, ойчулдардын чогулуучу жайы болуп саналат. Анда дүйнөдөгү ири маселелер талкууланып, изилденет. Дүйнөдөгү эң белгилүү форумдардын бири Давосто жыл сайын өткөрүлүүчү Дүйнөлүк Экономикалык Форум. Бул форум дүйнөдөгү ири капиталисттерди, эң чоң компанияларды, ойчулдарды жана саясатчыларды чогултат. Форумда дүйнөдөгү негизги глобалдык маселелерге байланышкан тенденциялар талкууланат.

Альянстар жана блоктор коркунучтуу. Анткени алар дүйнөлүк чоң согуштардын казанын кайнатат. Дүйнөнү он миллиондогон адамдардын өмүрүн алган эки чоң согушка алып келгендер аскерий альянстар болгон. Эки дүйнөлүк согушту тутандырган Британия бул согуштарды өзү жалгыз жүргүзө алмак эмес, ошондуктан бул үчүн альянстарды түзгөн, натыйжада адамдарды жана жер жүзүндөгү жашоону кыйраткан. Ошондуктан саясат түзүүчүлөр альянстар идеясына каршы дүйнөлүк коомдук пикирди жаратууга тийиш. Ушундай пикир жаралганда гана адамзатты кыйратуучу чоң согуштардын алдын алууга болот. Ал эми эки мамлекеттин ортосундагы чакан согуштарда эч маселе жок, себеби алар аймактык үстөмдүккө же кандайдыр бир кызыкчылыкка байланыштуу болот жана анын адамдык жоготуулары да чектелген бойдон калат.

Ошондой эле саясатчы блоктор, форумдар жана алардын жыйындарына карата бейкапар болбошу керек. Анткени бул жыйындарда дүйнөдөгү саясий жана экономикалык маанилүү маселелердин көбү талкууланат. Дүйнөгө таасир этүүчү мамлекеттердин лидерлери бул жыйындарда өз позицияларын билдиришет. Бул болсо изилдөөчү адамга белгилүү бир маселеге байланыштуу окуяларды ошол маселеге таасир этүүчү державалардын көз карашы менен байланыштыруу зарылдыгын көрсөтөт. Ошондо байкоочу майда-барат окуялардын артынан ээрчип кетпестен, жалпы көрүнүштү туура түшүнөт.

Саясий аң-сезим

Ойгонуу үчүн аракет кылган киши саясий талдоону мыкты билүүсү жетиштүү эмес. Анткени талдоо өзү үчүн өзүнчө максат эмес. Эгер иш ушуну менен гана чектелсе, ойгонуу үчүн аракет кылган киши максаттарына жете албайт жана саясий түшүнүгүнөн эч кандай пайда ала албайт. Ал болгону теориялык саясий аналитик болуп калат дагы, ойгонууга эч кандай таасир тийгизбейт. Ал эми ойгонуу үчүн аракет кылган киши Үммөтү ойготушу үчүн сөзсүз саясий аң-сезимге ээ болушу керек.

Саясий аң-сезим эл аралык абалды же окуяларды билүү менен бирдей эмес. Саясий аң-сезим — бул иштерди башкарууга болгон аң-сезим, башкача айтканда, адам өз иштерин кантип жүргүзүүнү акыл менен терең ойлонушу. Демек, бул — адамдын дүйнөгө белгилүү бир бурчтан карашы.

Адамдын өз иштерин жүргүзүүсү менен дүйнөгө белгилүү бир бурчтан карашынын байланышы мындай: адам өз иштерин жүргүзгөндө ага кимдер таасир берип жатканын карайт, алардын таасиринин деңгээлин түшүнөт, алар кандай услубдар менен таасир берип жатканын билип алат жана андан келе турган коркунучту да аңдайт. Ошондо гана ал коркунучтан сактануу үчүн чараларды көрө алат, саясатын анык максатка ылайык түзөт, башкалардын аны өз таасирине түшүрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат, тескерисинче, өзү башкаларга таасир этүүгө багыт алат.

Дүйнөгө караган өзгөчө бурч — бул кыйматтар же негиздердин жыйындысы болушу мүмкүн, же бир мабда болушу мүмкүн. Эгер адам дүйнөгө улутчулдук же мекенчилдик бурчунан караса, анын дүйнөгө болгон түшүнүгү тар болот. Эгер адам адамзаттык теңдик же “бирге жашоо” баалуулуктары менен караса — фантазияга айланат. Кээде адам белгилүү бир фикратка же максатка негизделген бурчтан карайт, ошондо анын бардык иштери ошол алган бурчуна жараша жүрөт. Эгер адам дүйнөгө мабдадан келип чыгып караса, анын саясий аң-сезими туруктуу, максаты так, услубдары да ошол максатка бекем байланышкан болот.

Мусулмандын дүйнөгө карай турган өзгөчө бурчу — Ислам акыйдасы. Мисалы, мусулман адам араб өкүмдарларын көргөндө, алар Америка менен мамилелерди вассалдыкка (көз карандуулукка) негиздегенин байкап, муну Үммөттүн жаракасы деп көрөт. Анткени Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَجْعَلُوا لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَانًا مُبِينًا﴾

«Эй, момундар, момундарды коюп, кафирлерди дос тутпагыла! Аллах үчүн өзүңөргө каршы ачык далил берүүнү каалайсыңарбы?». (Ниса: 144).

Ошондой эле мусулмандар кырсыкка кабылганда Бириккен Улуттар Уюмун чакырып, кудуреттүү кафир күчтөрдөн жардам сурашса, бул нерсени мусулман адам жоготуу керек болгон күнөө катары көрөт. Анткени Аллах Таала айтат:

﴿فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَى أَنْ تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ فَعَسَى اللَّهُ أَنْ يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِنْ عِنْدِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَى مَا أَسَرُّوا فِي أَنْفُسِهِمْ نَادِمِينَ﴾

“Сен дилдеринде мараз-оорусу бар адамдар: «Бизге бирер балээ жетишинен коркобуз», деген абалдарында алар (кафирлер) тарапка шашып жатышкандарын көрөсүң. Мүмкүн Аллах мусулмандарга жеңиш берер, же өз алдынан (бул мунаафык кишилерди шерменде кыла турган) бир ишти келтирип, алар ичтеринде жашырган нерселерине бушайман кылуучуларга айланып калышаар”. (Маида: 52).

Мусулмандын дүйнөгө караган өзгөчө бурчу аны ошол бурчка ылайык иш кылууга түртөт. Эгер ал Америка Палестина маселесине өз көз карашы боюнча чечим иштеп чыгып жатканын, башкача айтканда, яхудий түзүмүнүн жанына Палестин мамлекетин куруу долбоорун көрүп турган болсо, анда ал сөзсүз бул долбоорго каршы күрөшүшү керек. Ал үчүн тиешелүү ыкмаларды колдонот: эл арасында долбоорго каршы коомдук пикир жаратуу, демонстрацияларга чыгуу, билдирүү баракчаларын таратуу, плакаттарды орнотуп чыгуу, адамдарды бул долбоорго каршы петицияларга кол коюуга үндөө, же болбосо күч ээлери менен байланышып, аларга долбоордун маңызын жана коркунучун түшүндүрүү, чечим алардын колунда экенин билдирүү, эгер кааласа жана Аллахка тобокел кылса, аны жокко чыгара аларын айтып жеткирүү.

Мусулман ойгонуу үчүн иш алып барганда дүйнөгө караган ошол өзгөчө бурчу аны биринчи кезекте өз Үммөтүнө таасир этүүгө түртөт. Үммөт анын мабдасын өз мабдасы катары кабыл алсын, колонизатор кафирдин кишенинен кутулсун, бекем пайдубалдуу, улуу түзүлүшкө ээ мамлекетин курсун, дүйнөгө таасир кылсын жана Исламды дүйнөгө хидаяттын жана нурдун системасы катары алып чыксын.

Мусулман өз мамлекетинде дүйнөгө ушул өзгөчө бурчтан караганда, кафирлердин кутумдарын көрөт: бул жерде согуш жүргүзөт, тигил жерде келишим түзөт, бирок Аллах жолунан башка эч бир жол үчүн күрөшпөйт. Азык-түлүктүн аздыгы же жакырчылык коркунучу аны байлык издеген империалисттик көз карашка же шариат өкүмдөрүн бузууга түртпөйт. Анткени Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْمُشْرِكُونَ نَجَسٌ فَلَا يَقْرَبُوا الْمَسْجِدَ الْحَرَامَ بَعْدَ عَامِهِمْ هَذَا ۚ وَإِنْ خِفْتُمْ عَيْلَةً فَسَوْفَ يُغْنِيكُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ إِنْ شَاءَ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ حَكِيمٌ﴾

“Эй, момундар, шек-күмөнсүз мушриктер ыплас (кимселер), демек, (алар) быйылдан кийин Масжид-ал-Харамга жакын келишпесин! Эгер силер жакырчылыктан корксоңор, (билип койгула), жакында (Аллах) кааласа, Өз жоомарттыгы менен силерди бай кылып коет. Албетте Аллах билимдүү жана даанышман”. (Тообо: 28).

Бул бурч тескерисинче аны бүткүл дүйнөнү көз алдына коюуга, Исламга ылайык өлкөлөрдү фатх кылып, аларды башкарууну жеңилдеткен саясатын түзүүгө багыттайт. Ошондо ал тигил жакка соодагерлерди Исламдын рисаласы менен жөнөтөт, бул жакта медиага Исламдын рисаласын ташуучу багыт берет, харбий мамлекеттеги мусулмандар тобун колдоп, аны өз маселелери менен алек кылат, башка жакка Ислам аскерлерин жөнөтүп, өлкөлөрдү фатх кылат.

Ошондуктан, дүйнөгө караган өзгөчө бурч бар болсо да, көз карашты жергиликтүү чөйрө менен гана чектөө саясий аң-сезим эмес, тескерисинче, саясий аң-сезим жагынан чоң кемчилик. Ошондой эле бул ойгонуу үчүн иш алып барууда да кемчилик. Анткени өз үммөтүнүн ойгонушу үчүн аракет кылган киши сөзсүз өз үммөтүнө таасир тийгизген башка элдерди жана мамлекеттерди да көрүшү жана аларды өзгөчө бурчтан карап талдашы керек.

Ошондой эле үммөт ичинде айрым адамдардын саясий аң-сезимге ээ болушу жетиштүү эмес. Алар канча көп болсо да, бул үммөттү душмандын тузактарынан коргой албайт. Тескерисинче, жалпы үммөттүн саясий аң-сезимге ээ болуусу үчүн толук аракет кылуу зарыл. Бул түшүнүк ар бир адамдын өзүндө толук болушу мүмкүн болбосо да, үммөт жалпы мүнөздө саясий аң-сезимдүү болушу керек.

Ошондой эле абдан катуу эскертүү бар: саясий аң-сезимдүү болгон адам саясатты жана эл аралык абалды түшүнүүдө өз туйгуларына жетеленбеши керек. Анткени эмоцияга берилүү, алдын ала өкүм чыгаруу, же жеке, жамаий, же мабдаий жактоодон улам бир тарапка ооп түшүндүрүү түшүнүктү адаштырат. Муну менен бирге, ушул түшүнүккө таянып жасалган иштер да маанисиздикке, ысырапка жана туура эмес аракеттерге алып келет.

Саясаттарды түзүү

Саясий аң-сезимге ээ болгон киши өзүнүн өзгөчө бурчтан көргөн максатына жетүү үчүн сөзсүз план жана услубдарды кабыл алышы керек. Эгер бул саясий аң-сезимдүү адам мусулмандардын иштерин карап, Ислам мамлекетинин башында турган адам болсо, анда саясаттарды түзүү — максаттар, ал максатка жеткирүүчү себептер жана ошол себептер аркылуу максатка жеткирүүчү услубдар — абдан зарыл жана маанилүү иш болуп саналат. Анткени өнүгүү жана глобалдашуу заманы келгенден бери дүйнөдө максатка жеткирүүчү саясатты ойлоп табуу кыйын гана эмес, кооптуу ишке айланды. Ошондуктан саясат түзүү анын негиздерин билүүнү талап кылган өзүнчө бир өнөр болуп калды.

Саясат түзүүгө себептүүлүк принциби (القاعدة السببية) толук колдонулат: саясаттар максаттарды ишке ашыруу үчүн түзүлөт, ал эми максаттарга жетүү үчүн максаттын өзү алгач так, айкын, жалпы аталыш гана болбостон, толук баяндалган болушу керек. Максат такталгандан кийин ага жеткирүүчү себептер каралат. Себептер даана белгиленгенден кийин ошол себептер аркылуу максатка жеткирүүчү услубдар аныкталат. Андан кийин услубдар колдонулуп жаткан учурда максат дайыма көз алдыда болуп, ага жеткенге чейин көзөмөлдөнүп турушу керек.

Максат адамдын аң-сезиминде так отурганда, ал ага ылайык чара көрөт. Бул чара максаттын деңгээлинде да, максат үчүн аракет кылып жаткан адамдын деңгээлинде да болот. Мисалы, адам саясатчы катары өзү үчүн максат коёт, мисалы, оокат табуу. Анан ал үчүн себептерди издейт. Бул себептер максаттын көлөмүнө жана аны ишке ашыруучунун даражасына ылайык болот: айрымдар оокат дегенде болгону күнүмдүк нанды гана ойлошот. Айрымдар оокатты так аныктабайт, эмне туш келсе ошого аракет кылат. Айрымдар байлыкка жетүүнү максат кылат, мындай адам байлыктын жолун издеп, башка эки топко караганда таптакыр башка деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрдү карайт.

Ушундайча, жамааттар да өз максаттарын түзүшөт: айрым жамааттардын максаты учурдагы абалга аралашуу гана болот. Айрымдарынын максаты учурдагы абалды толугу менен өзгөртүү болот. Ар ким өз максатынын көлөмүнө жараша кадамдарды жасайт. Ошондой эле кимде-ким максатына жетүүгө күчү жетпей жатканын көрсө, анда ал так максатына ылайык деңгээлге жетүү үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, күчүн жогорулатууга аракет кылат.

Дүйнөлүк партиялар жана мамлекеттер саясат түзүү маселесинде көз карашын жеке адамдардан же чектелүү топтордон алда канча терең карашат. Бул табигый нерсе. Анткени бир адам белгилүү бир максат үчүн бир услубду тандап, кийин анын пайдасыз экенин көрсө, жөн гана ал услубдан баш тартып, башка услубга өтөт, бул ага көп чыгым да, чоң жоготуу да алып келбейт.

Бирок дүйнөлүк партиялар же мамлекеттер партия же мамлекет деңгээлинде бир иш-чараны кабыл алып, кийин ал туура эмес болуп чыкса, аны башкасына алмаштыруу көп убакытты талап кылат. Бул деңиздеги авианосецке окшош: эгер ал туура эмес багытты тандап алса жана бул багыт максатына жеткирбесе, капитан аны туура багытка бурушу керек болот. Бирок кеменин чоңдугу жана инерциясынын күчтүүлүгүнөн улам багытты оңдоого он чакты чакырым талап кылынат.

Ошондуктан мамлекеттер пландарды жана стратегияларды түзүшөт жана услубдарды кабыл алышат. План жана стратегиялар чоң максаттарга жетүү үчүн түзүлөт, бул максаттарга жетүү көптөгөн этаптарды, майда максаттарды жана убакытты талап кылат. Ал эми услубдар дал ошол пландар менен стратегиялардын алкагында колдонулуучу амалдар.

Стратегия түзгөн киши аны кеңири аталыштар түрүндө белгилейт. Анан аткарууга келгенде максатка жетүүгө ылайыктуу услубдарды учурдагы шартка жараша аныктайт.

Америка сыяктуу мамлекеттердин он жылдык пландар менен иштеши белгилүү.

2000–2010-жылдары Америка Жакынкы Чыгышка түздөн-түз кирүү, таасирин бекемдөө менен алек болгон, Афганистанда жана Иракта согуш жүргүзгөн, Палестина маселесин кайра көтөргөн.

2010–2020-жылдары мусулман өлкөлөрүндө революциялар башталганда, алардын багытын буруу жана басуу менен алек болду.

2020-жылдан баштап, стратегиялык көңүлүн Кытайга бура баштады.

Ошентип, план жана стратегиялар түзүлгөндө өзгөртүлбөйт, бирок услубдар болсо учурдагы абалдарга жана шарттарга ылайык ар дайым өзгөрүп турат.

Кафирлерде саясаттарды түзүү мабдаий же ахлакый чектөөлөр менен чектелбейт. Анткени алардын саясий иштеринде колонизаторлук мүнөз мабдадан да алдыга чыгып алган. Ал эми мусулмандарда саясат түзүү чектелет:

Биринчиси: максаттар жана саясаттар шаръий өкүмдөрдүн негизинде курулушу керек. Ошондуктан саясат түзүүчү адам өзүнүн түзүп жаткан саясатына тиешелүү фыкх маселелерин сөзсүз билиши зарыл.

Экинчи чектөө: мамлекетти, анын түзүлүшүн, үммөттү жана анын акыйдасын коркунучка салган бардык нерседен коргоо.

Үчүнчү чектөө: мусулмандардын ишенимин жана ыраазычылыгын камсыз кылуу.

Биринчи чектөөгө мисал:

Пайгамбарыбыз ﷺ  Худайбия келишиминде курайштар менен келишим түзгөн жана алар бузмайынча өзү келишимди бузган эмес. Ал келишимди түзгөндө көз алдында Хайбар согушу турган. Ошондуктан Пайгамбарыбыз ﷺ  келишим түзүлгөндөн кийин Абу Жандал ибн Сухайл ибн Амрды да, Абу Басырды да Мадинага кабыл алган эмес, бул сулхка байланышкан шаръий өкүмдөрдү аткаруу үчүн болгон. Анткени, пайгамбарыбыз ﷺга вахий келет, анын буйругу, амалы жана сөзү үммөт үчүн мыйзам болот.

Экинчи чектөөгө мисал:

Абу Бакр رضي الله عنه  ридда кыймылы жөн гана зекет маселесине каршы чыккан нааразычылык эмес, мамлекеттин түзүлүшүнө коркунуч туудурган нерсе экенин түшүндү. Ошондо ал бул кыймылды тамыры менен жок кылуу жөнүндө бекем чечим кабыл алган. Сахабалар айрым пикирлерди айтышса да, ал эч бирин кабыл алган эмес. Тескерисинче, аларга катуу жооп берип, мамлекеттин түзүлүшүн сактоо үчүн өз пикиринде бекем турган жана акыйкатта дал ошондой болду.

Үчүнчү чектөөгө мисал:

Өкүмдар элге болгон нерсенин баарын толук айта бербейт, анткени элди ыраазы же нааразы кыла турган ар бир нерсени ачык айтуу акылсыздык болот. Керек болуп калса, элдин ишенимин сактоо үчүн кээ бир сөздөрдү кыйытып айтууга туура келет. Ошондой эле мусулмандардын биримдигин өкүмдарга каршы туруу тарапка буруп жибербеген саясаттарды колдонуу зарыл.

Мисалы, Табари Мунафикун сүрөсүнүн тафсиринде төмөнкү окуяны келтирет:

Ибн Убай: «Аллахка ант болсун! Эгер биз Мадинага кайтсак, албетте күчтүүлөр күчсүздөрдү андан кууп чыгарат! Силер аларды каржылабай эле койсоңор, алар жеп-иче албайт эле, анан өзүлөрү эле качып чыгып кетишмек» – деп айткан.

Умар ибн ал-Хаттаб رضي الله عنه  Пайгамбарыбыз ﷺга келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, Ибн Убайдын сөзүн уккан жоксузбу? Анын башын алайын!» – деди.

Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

«إذا تَرْعَدُ لَهُ آنُفٌ كَثِيرَةٌ بِيَثْرِب»

«Анда Ясрибде көптөгөн мурундар титиреп калат», башкача айтканда, эл буга чыдабай, бүткүл кадыр-баркка доо кетет.

Катаданын ушул окуя тууралуу келтирген риваяты:

Абдуллах ибн Абдуллах ибн Убай Пайгамбарыбыз ﷺга келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, атамды өлтүрүүнү каалап жатканыңыз мага жетти. Эгер аны өлтүрмөкчү болсоңуз мага буйруңуз, анын башын мен алып келейин. Анткени анын өлүмүнө башка бирөө себеп болсо, мен аны көргөндө чыдай албай ошол адамды өлтүрүп коём да, кафир үчүн момунду өлтүргөн болуп, тозокко түшүп калам» – деди.

Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

«بل نرفق به ونحسن صحبته ما بقي معنا»

«Тескерисинче, биз ага жумшак мамиле менен карайбыз, ал биздин арабызда жашап турганча жакшы мамиле кылабыз».

Ошондон кийин Ибн Убай бирер жамандык кылса, аны өзүнүн коому сыртка чыгарып, катуу сөгүп, жазалап турган.

Пайгамбарыбыз ﷺ  бул окуя тууралуу Умарга айтты:

«كيف ترى يا عمر، أما والله لو قتلته يوم أمرتني بقتله لأرعدت له آنف، لو أمرتها اليوم بقتله لقتلته»

«Эй, Умар, бул ишке эми кандай карайсың? Эгер мен сен айткан күнү аны өлтүргөндө, Ясрибде көптөгөн мурундар титиреп калмак. Ал эми бүгүн мен буйрук берсем, аны сен өзүң өлтүрмөксүң!»

Умар رضي الله عنه  айтты: «Албетте, Аллахка ант! Пайгамбарыбыз ﷺдын амалы менин пикиримден да берекелүү экенин билдим».

Пайгамбарыбыз ﷺ  жаңыдан Исламга киргендерге олжону бөлүп берип, ансарларга эч нерсе бербегенде, айрым ансарлардын ичинен нааразычылык белгилери чыккан эле. Абу Саид ал-Худрий رضي الله  عنه  риваят кылат:

Пайгамбарыбыз ﷺ  ал олжолорду Курайшка жана араб урууларына берип, ансарлардын эч кимисине бир да нерсе берилбегенде, ансарлардын арасында нааразычылык чыгат. Алар: «Пайгамбар ﷺ өзүнүн элин тапты окшойт» – деп айта башташат.

Саъд ибн Убада Пайгамбарыбыз ﷺга кирип: «Оо, Аллахтын Элчиси, ансарлар сиздин бул олжону бөлүштүрүүңүз боюнча ичинен нааразы болуп жатышат. Сиз аны өзүңүздүн элиңизге бөлүп бердиңиз, араб урууларына чоң белектерди бердиңиз, бирок ансарлардан эч ким эч нерсе алган жок» – дейт.

Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

«فأينَ أنتَ من ذلك يا سعدُ»

«Бул маселеде сенин оюң кандай, эй Саъд?». Саъд: «Мен да өз элимдин бир адамымын, алардын айткандарын айтам» – деди.

Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

«فاجمعْ لي قومَك في هذه الحظيرةِ»

«Элди ушул жайга чогултуп бер».

Ансарлар чогулганда Пайгамбарыбыз ﷺ  келип, Аллах Тааланы мактап, даңктап, аларга кайрылды:

«يا معشرَ الأنصارِ ما قالةٌ بلغتني عنكم ووجدةٌ وجدتموها في أنفسِكم ألم تكونوا ضُلَّالًا فهداكمُ اللهُ بي وعالةً فأغناكم اللهُ وأعداءً فألَّف بينَ قلوبِكم قالوا بل اللهُ ورسولُه أَمَنُّ وأفضلُ»

«Эй, ансарлар жамааты! Мага силер тууралуу сөз жетти. Силердин ичиңерде нааразычылык пайда болуптур. Силер жолдон адашып жүргөндө Аллах мен аркылуу силерди хидаят жолуна салбады беле? Жакыр болуп турганыңарда Аллах силерди бай кылбады беле? Бири-бириңерге душман болуп турганыңарда Аллах силердин жүрөктөрүңөрдү бириктирбеди беле?»

Ансарлар: «Албетте, Аллах жана Анын Элчиси бардыгынан берешен жана артык» – дешти. Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

قال ألا تجيبوني يا معشرَ الأنصارِ

«Эй, ансарлар! Мага жооп бербейсиңерби?». Алар: «Эмне деп жооп берели, оо, Аллахтын Элчиси? Бардык жакшылык жана артыкчылык Аллахка жана Анын Элчисине таандык» – дешти.

Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

«أما واللهِ لو شئتم لقلتم فلصدَقتم ولصدقتم: أتيتنا مُكذَّبًا فصدقناك ومخذولًا فنصرناك وطريدًا فآويناك وعائلًا فواسيناك، أوجَدْتُم في أنفسِكم يا معشرَ الأنصارِ في لعاعةٍ من الدنيا تألفتُ قومًا ليُسلِموا ووكَلتُكم إلى إسلامِكم؟ ألا ترضونَ يا معشرَ الأنصارِ أن يذهبَ الناسُ بالشاةِ والبعيرِ وترجعون برسولِ اللهِ  في رحالِكم؟ فوالذي نفسُ محمدٍ بيدِه إنه لولا الهجرةُ لكنتُ امرَأً من الأنصارِ ولو سلك الناسُ شعبًا لسلكتُ شعبَ الأنصارِ اللهمَّ ارحمِ الأنصارَ وأبناءَ الأنصارِ وأبناءَ أبناءِ الأنصارِ»

«Аллахка ант! Кааласаңар, мага мындай деп айтсаңар туура айтмаксыңар жана ал сөзүңөр чын болмок: Сен бизге жалганга чыгарылган абалда келдиң, бирок биз сени тастыктадык, сен ташталган болуп келдиң, биз сени колдодук, сен куулган абалда келдиң, биз сени коргодук, сен муктаж болуп келдиң, биз сени камсыз кылдык. Эй ансарлар! Дунявий нерсенин бир аз бөлүгүнө байланыштуу нааразы болуудасыңарбы? Мен бул адамдарга Исламга жакындашсын деп белек бердим. Силерди болсо силердин Исламыңарга калтырдым. Эй ансарлар! Силер койду жана төөнү алып кетүүнү каалайсыңарбы же Пайгамбарды  өзүңөр менен бирге алып кетүүнү каалайсыңарбы? Аллахка ант болсун! Эгер хижрат болбогондо, мен ансарлардын бирөөсү болмокмун. Эгер адамдар бир өрөөнгө кирсе, мен ансарлар түшкөн өрөөнгө түшмөкмүн. Оо, Аллах! ансарларды, алардын уулдарын жана алардын уулдарынын уулдарын Өзүңдүн рахымың менен курча!»

Ошондо ансарлар көз жаштарын токтото албай, сакалдары суу болуп кеткенге чейин ыйлашты. Алар: «Биз бөлүштүрүүчү жана үлүш берүүчү катары Пайгамбар ﷺ га ыраазы болдук!» – дешти. Андан кийин Пайгамбарыбыз ﷺ  кетип, алар тарады.

Демек, биз саясий абалдар бул дайыма өзгөрүп турчу абалдар экенин, анткени таасир этүүчү күчтөр жана шарттар өзгөрүп турат экендигин түшүнүп билүүбүз керек. Ошентип, бир эле максат үчүн ар дайым бир эле саясатты колдонуу туура эмес, анткени услуб өзү үчүн кабыл алынбайт, услуб максатка жетүүгө мүмкүнчүлүк берсе гана кабыл алынат.

Эгер Ислам мамлекети мусулмандардын бир өлкөсүндө тикеленип, коңшу өлкөгө кеңейүүнү максат кылса, анда ал коңшу өлкө дыккат изилденет. Эгер коңшу өлкөдө Ислам жөнүндө коомдук пикирди түзүү кыйын болсо жана ал өлкөнү кошуп алган учурда, анда жашаган Батыштын көзөмөлүндө өсүп чыккан топтор көп болгондуктан, мамлекетке коркунучтуу ички очокко айланып кетиши мүмкүн болсо, анда Ислам мамлекети ошол өлкө менен узак демдүү саясатты колдонот. Мындай саясат төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: ал өлкөдөгү мусулмандарды колдоо жана күч бириктирүү, материалдык же саясий жардам берүү, коррупциялашкан башкаруучуларга каршы абал жаратуу, Ислам мамлекетинин башкаруусун кабыл алууга коомдук пикир түзүү. Мына ошондо гана Ислам мамлекети кеңейүүгө өтөт.

Ал эми эгер коңшу өлкөдөгү эл Исламды сүйсө, Ислам мамлекетин сүйсө, анда мурдагыдай татаал эсептерди эске алуунун кереги жок болуп, түз кеңейүү саясаты мүмкүн болот.

Саясат түзүүчү жана аны ишке ашыруучу адамда төмөнкү сапаттар сөзсүз болушу керек: бекем эрк, чыдамдуулук жана узакты көрө билүү, эмоцияларды башкаруу, керек учурда аларды алыстатуу, иш үстүндө ыйман чөйрөсүн сезип туруу, акыйкатка бекем болуу, чечкиндүүлүк, Аллахка тобокел кылуу, сабырдуулук.

Анткени Аллах сабыр кылуучулар менен бирге жана таква, ихсан кылуучулар менен бирге. Аллах момундардын Эгеси, ал Зат кандай гана жакшы Эге жана кандай гана жакшы Жардамчы.

Ааламдардын Роббиси болгон Аллахка мактоолор болсун. 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button