Сен жакшы көргөн адамың менен биргесиң

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Сен жакшы көргөн адамың менен биргесиң
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عن أنس رضي الله عنه أن رجلا سأل النبي ” صلى الله عليه وسلم عن الساعة فقال: متى الساعة؟ قال: وماذا أعددت لها؟ قال: لا شيء إلا أني أحب الله ورسوله صلى الله عليه وسلم فقال: “أنت مع من أحببت”. قال أنس: فما فَرِحْنا بشيءٍ فَرَحَنا بقولِ النبي صلى الله عليه وسلم: “أنت مع من أحببت”، قال أنس: فأنا أحب النبي صلى الله عليه وسلم وأبا بكر وعمر، وأرجو أن أكون معهم بحبي إياهم وإن أعمل بمثل أعمالهم
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, бир киши пайгамбардан (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун): Кыямат качан болот? – деп сурады. Ал: Ага эмне даярдадың? – деди. Ал: ага эч нерсе даярдаган жокмүн бирок мен Аллахты жана Анын Элчисин жакшы көрөм” – деди. Ал: Сен жакшы көргөн адамдарың менен болосуң – деди. Анас мындай деди: Биз эч качан пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Сен жакшы көргөн адамдарың менен болосуң деген сөзүнө кубангандай эч нерсеге кубанган эмеспиз. Анас мындай деди: “Мен пайгамбарды (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Абу Бакр менен Умарды жакшы көрөм жана аларга болгон сүйүүмдүн жана алар кылган иштерди жасаганымдын аркасында алар менен бирге болууну үмүт кылам.
وماذا أعددت لها، “Ага эмне даярдадың?” дегени: Кыямат келгенде сыйлыгын алуу үчүн кандай жакшы иштерди даярдадың? деген маани. Аль-Хафиз мындай деди: Аль-Кирмани мындай деген: Ал суроо берүүчүгө карата акылман адамдын ыкмасын карманган, башкача айтканда, суроо берүүчүгө ал сурагандан башка, аны тынчсыздандырган же андан маанилүү нерсе менен жооп берди.
أنت مع من أحببت، “Сен кимди жакшы көрсөң ошол менен биргесиң”. Аль-Хафиз “Аль-Фатх” китебинде мындай деген: Башкача айтканда, сен аларга байланып калгансың, ошондуктан сен алардын тобунун арасындасың. Жана муну менен алардын абалдары, даражалары ар башка болгону себептүү алар кантип бирге болот деген каршы пикир четке кагылат. Бирге болуу деген бир нерседе чогуу болуу менен пайда болот деп айтылат. Ал бардык нерседе бирге болуу зарылдыгын билдирбейт. Демек, эгерде баары бейишке кирсе, анда даражалары ар кандай болсо да, бирге болуу акыйкаты чын болуп саналат.
Анас, Аллах андан ыраазы болсун, мындай деген: فما فَرِحْنا بشيءٍ فَرَحَنا بقول النبي أنت مع من أحببت، “Биз эч качан пайгамбарыбыздын: “Сен кимди жакшы көрсөң, ошол менен болосуң” деген сөзүнө кубанганчалык башка нерсеге кубанган эмеспиз. Сахих Муслимде Анас мындай деген. Исламдан кийин биз эч качан пайгамбарыбыздын: “Сен кимди жакшы көрсөң, ошол менен болосуң” деген сөзүнө кубанганчалык башка нерсеге кубанган эмеспиз.
Анын: “Мен Пайгамбарды (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Абу Бакр менен Умарды жакшы көрөм” деген сөзү. Анас, (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарды жана анын эки сахабасын бирге жакшы көргөндүгүн билдирген. Аларды жакшы көрүү, Пайгамбарды сүйүүнүн бир бөлүгү, анткени чыныгы сүйүү сүйүктүү адам менен анын сүйгөн нерселерин сүйүү жана жек көргөн нерселерин да жек көрүүнү талап кылат. Ал эми Абу Бакр менен Умар (Аллах аларга ыраазы болсун) анын эки сүйүктүү достору жана сахабалары.
وقد قال الله تعالى: {قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ}
Аллах Таала айтты: {Айткын: (Эй, Мухаммад): “Эгер силер Аллахты сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле, ошондо Аллах силерди сүйөт”}.
Аллах Пайгамбарды (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жана анын эки сахабасын (ага Аллах ыраазы болсун) бул дүйнөдө, кабырда да, ортоңку дүйнөдө (барзахта) да бирге кылды, алар аны менен бейиште да бирге болушат. Алар пайгамбарлар менен элчилерден кийин энеден төрөлгөндөрдүн эң жакшылары. Алардын эң жакшысы Абу Бакр, андан кийин Умар, кийин Усман, андан кийин Али (Аллах алардан ыраазы болсун), андан кийин бардык сахабалар.
Ал эми биз, урматтуу бир туугандар, акыретибизге эмне даярдадык?
Эгерде биз бедуин Аллахтын Элчисине жооп бергендей жооп берсек, анда биз ага Аллахтын жана Анын Элчисинин сүйүүсүн даярдаган болобуз.
Биз чыныгы сүйүү сүйүктүү адам менен анын сүйгөн нерсесин да сүйүү жана жек көргөн нерсесин да жек көрүүнү талап кылат деп жооп бердик.
Биз Аллах жана Анын Элчиси жакшы көргөн нерсени жакшы көрөбүзбү?
Биз Улуу Аллахтын сүйүүсүнө татыктуу болуу үчүн Аллахтын Элчисин ээрчийбизби?
Эгерде биз бул даражаны жана бул сүйүүнү мураска алгыбыз келсе, түн жана күндөрүбүздү Аллахка жана Анын Элчисине баш ийүү менен өткөрүшүбүз керек. Биз Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) сыяктуу Ислам мамлекетин түзүп, аны ишке ашырып, элге жеткирүү менен Исламды кайрадан жандандыруу үчүн иштешибиз керек. Сүйүктүү Мухаммад эмне үчүн курман болгон болсо, биз ошон үчүн курман болушубуз жана пайгамбарлык үлгүгө негизделген адилеттүү халифалыкты тикелөө аркылуу Аллахтын Элчисинин, (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) мурасын калыбына келтирүүгө аракет кылышыбыз керек. Ошондо биз Аллахтын сүйүүсүнө жана Анын Элчисинин сүйүүсүнө татыктуу болобуз.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 15-шаьбан.
2026-ж, 3-февраль.
