«Силерден бир үммөт болсун» аяты тууралуу

«Силерден бир үммөт болсун» аяты тууралуу
Суроо: Ыйык аяттын тафсирин окуп жатып:
﴿وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَأُولٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾
«Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, ибадат-итаатка буйра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар». (Али Имран: 104).
Бул аятта (мин) сөзү табъийд үчүн экенин, башкача айтканда «араңардан бир бөлүк» маанисин берерин карап жатып, Аллах Тааланын:
﴿وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ﴾
«Ибадат-итаатка буйра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган» – деген сөзү мени ойго салды. Анткени амр бил-маъруф жана нахий ан-аль-мункар иши бардык мусулмандардан талап кылынат, аны жеке адамдар да аткара алышат, ошондой эле жамааттар да аткара алышат. Анда эмне үчүн биз бул ишти мусулмандардын арасынан уюшкан, бириккен жамаат аткарышы керек деп айттык да, (мин) сөзү табъийд үчүн болсун дедик? Андан тышкары, кээде табъийд маанисиндеги (мин) менен баян маанисиндеги (мин) бири-бири менен аралашып кетет. Арабдар өз тилинде бул экөөнү так айырмалап туруш үчүн баяндык же табъийддик (мин) менен кошо колдонулуучу өзүнчө белгилерди колдонушкан эмес беле? Бул маселени тактап беришиңизди өтүнөм. Аллах силерге жакшылык берсин.
Жооп: (Мин) сөзүнүн бир нече мааниси бар. Алардын ичинен:
Табъийд үчүн:
﴿مِنْهُمْ مَنْ كَلَّمَ اللَّهُ﴾
«Алардын арасында Алла (түздөн-түз) сүйлөшкөн заттар да бар». (Бакара: 25) дегендей;
﴿لَنْ تَنَالُوا الْبِرَّ حَتّىٰ تُنْفِقُوا مِمّا تُحِبّون}
«Жакшы көргөн нерселериңерден кайыр-садага кылып бермейинче эч качан жакшылыкка (бейишке) жетпейсиңер». (Али Имран: 92) деген сыяктуу мисалдар бар.
Баян үчүн:
﴿فَاجْتَنِبُوا الرِّجْسَ مِنَ الْأَوْثَانِ﴾
«…буттардан болгон нажасат-ыпыластыктан ыраак болгула». (Хаж: 30) жана:
﴿يُحَلَّوْنَ فِيهَا مِنْ أَسَاوِرَ مِنْ ذَهَبٍ﴾.
«Алар ал жайда алтын билээриктер менен жасанышат». (Кахф: 31) сыяктуу.
Көп учурда ушул эки маанинин, табъийд менен баян маанисинин ортосунда чаташуу болуп калат. Бирок сөздүн контексти жана аны коштогон карина-далилдер кайсы маани көздөлгөнүн аныктап берет. Эми аятты карап көрөлү:
﴿وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَأُولٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾
«Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, ибадат-итаатка буйра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар».
Биринчиден: аяттардын контекстине, башкача айтканда, бул аяттан мурда жана кийин келген аяттардагы хитобдун (кайрылуунун) формасына көңүл буралы. Аяттар төмөнкүчө:
﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا … وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ … وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ تَفَرَّقُوا وَاخْتَلَفُوا …﴾
“Бардыгыңар Алланын жибине (Куранга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө!… жамаат болсун… бөлүнүп кеткен жана бир-бири менен талашып-тартышкан кишилер сыяктуу болбогула!”.
Мурунку аятта хитоб көптүк формада келген وَاعْتَصِمُوا кийинки аятта да көптүк формада وَلَا تَكُونُوا . Ал эми ушул экөөнүн ортосунда турган, талданып жаткан аятта да хитоб жекелик формада болуп, وَلْتَكُونُوا эмес, ولتكن деп келди.
Фикхул лугат илиминде, эгер контекст ушундайча айырмаланса, башкача айтканда, көптүк форма, андан соң жекелик форма, анан кайра көптүк форма келсе, жекелик форма менен башталган хитоб атайын максатталганын жана ал өзүнөн мурдагы жана кийинкисинен айырмаланып турарын билдирет.
Демек, мурунку аятта мусулмандарга хитоб көптүк формада биригип бекем карманууга буйрук берилген, кийинки аятта да мусулмандарга көптүк формада бөлүнүп-жарылбоо буйругу берилген. Ал эми экөөнүн ортосундагы аятта хитоб жекелик формада берилген, башкача айтканда, бардык мусулмандарга эмес.
«Эмне үчүн биз وَلْتَكُنْ сөзүн жекелик форма деп айттык, ал «үммөт» сөзүнө кайтып жатат го, ал сөз болсо көптүк түрдө, бир адам эмес го?» деген суроо туулат.
Буга жооп: биз бул жерде хитобдун сөздүк (лексикалык) формасы тууралуу айтып жатабыз. Андан кийинки сөздүн мааниси бул формага таасир этпейт. Маселен, Ыйык аятта:
﴿هَذَا فَوْجٌ﴾
«Бул топ» – деп айтылат. “Фавж” — бир нече адамды билдирет, бирок бул هَذَا деген сөздү көптүк формага айлантып жибербейт. Ал, көптүк түрдү билдирген мааниден кийин келсе да, жекелик форма бойдон калат. Ошондой эле, мен сага: «Силер — Аллах силерди урматтасын — улуу аалымсыз» десем, бул жерде “силер” деген сөздөн кийин жекелик маанини билдирген “улуу аалым” келсе да, көптүк форма бойдон калат.
Дал ушундай эле, وَلْتَكُنْ жекелик форма. Аят:
﴿وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ﴾
«Силерден бир жамаат болсун» – деп келген, كُونُوا أُمَّةً «Силер бир жамаат болгула» деп эмес. Бул жерде анын аялдык же эркектик формасы أمة сөзүнө ылайык болуусу үчүн таасир этпейт. Ал баары бир жекелик форма бойдон калат: وَلْتَكُونُوا эмес, ولتكن.
Демек, бул жерде биз сөздүн түзүлүшүнө, башкача айтканда, сүйлөмдөрдүн башталышындагы сөздөрдүн ирээтине көңүл буруп жатабыз. Маселе үч аятта хитобдун башталышындагы формалардын айырмачылыгында:
(وَاعْتَصِمُوا), (وَلْتَكُنْ), (وَلَا تَكُونُوا).
Сүйлөмдөрдүн түзүлүшүндөгү айырмачылыктын маңызы ачыгыраак болуусу үчүн, Аллах Тааланын төмөнкү сөзүн мисал катары алалы:
﴿لَيْسَ الْبِرَّ أَنْ تُوَلُّوا وُجُوهَكُمْ قِبَلَ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ وَلَٰكِنَّ الْبِرَّ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ …
«Жүзүңөрдү Чыгышка жана Батышка бура беришиңер жакшылык-такыбаалык эмес. Тескерисинче, жакшы (адамдар) – Аллага, Кыямат Күнүнө ыйман келтирген…».
Бул жерге чейин:
وَالْمُوفُونَ بِعَهْدِهِمْ إِذَا عَاهَدُوا وَالصَّابِرِينَ فِي الْبَأْسَاءِ وَالضَّرَّاءِ وَحِينَ الْبَأْسِ﴾.
«…эгер убада берсе убадасына туруучу, айрыкча кыйынчылык оор күндөрдө жана согуш учурунда сабыр кылуучу адамдар». (Бакара: 177).
Бул жерде сен байкайсың: لكنَّ сөзүнүн хабары марфуъ абалда, ошондой эле وَالْمُوفُونَ «убадасына туруучу адамдар» сөзү да марфуъ абалда келген. Бирок андан кийинки وَالصَّابِرِينَ «сабыр кылуучулар» сөзү мансуб абалда келген. Ал لكنَّ сөзүнүн кабарынан да, ага кошулуп келген وَالْمُوفُونَ сөзүнөн да форма жагынан айырмаланып турат.
Фикхул лугат илиминде мындай айырмаланган сүйлөм түзүлүшү — وَالصَّابِرِينَ сөзүнүн атайын максат менен мансуб абалда келтирилгенин, алардын даражасын көтөрүү жана аларды өзгөчө мактоо үчүн бөлүп көрсөтүү ниети бар экенин билдирет. Башкача айтканда, сүйлөмдүн түзүлүшүндөгү бул айырма аларды мурда айтылгандардан өзүнчө, өзгөчө максатталган топ катары көрсөтөт. Араб тилин мыкты өздөштүргөндөрдүн тилинде сүйлөм түзүлүшүндөгү ар бир ушундай айырмачылыктын дал ушундай мааниси бар.
Ушул негизде, каралып жаткан аяттагы сүйлөм түзүлүшүнүн айырмачылыгы да — ортоңку аяттагы кайрылуу өзүнөн мурдагы жана кийинки кайрылуулардан айырмаланып, атайын максатталганын билдирет. Демек, ал бардык мусулмандарга эмес, алардын бир бөлүгүнө гана тиешелүү. Ошондуктан бул контекстте (من) баян үчүн эмес, табъийд үчүн колдонулган.
Экинчиден: аяттын мазмуну жагынан.
Амр бил-маъруф жана нахий ан-аль-мункар иши бардык адамдар тарабынан аткарылуучу иш эмес, ал мүмкүнчүлүгү бар айрым адамдар тарабынан гана аткарылат. Муну менен бирге, бул аят жөн гана амр бил-маъруф жана нахий ан-аль-мункар тууралуу буйрук эмес. Эгер ошондой гана болгондо, аны жеке адамдар аткара алмак жана хитоб бардык мусулмандарга багытталмак. Бирок аятта мунун үстүнө хайрга (Исламга) даъват кылуу да кошулуп айтылган.
Аяттагы يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ деген сөздөгү «хайр» — бул Ислам. Анткени «хайр» алиф-лам менен аныкталып келген, демек ал ъаам (жалпы) маанини билдирет, башкача айтканда Исламдын баарын камтыйт. Ал эми Исламдын баары ибадаттарды да, мамилелерди да, ошондой эле жазаларды жана хаддарды да камтыйт. Ал эми жазаларды жана хаддарды колдонуу мамлекеттин иши. Демек, Ислам мамлекетти да, башкача айтканда өкүмдөрдү колдонуу үчүн халифаны да камтыйт. Халифалыкты жеке адамдын иши менен орнотуу мүмкүн эмес, ал сөзсүз уюшкан жамааттын иши менен гана ишке ашат. Бул ачык нерсе. Ошондуктан бул аят мусулмандардын арасынан уюшкан жамаат (үммөт) чыгып, Исламга толук түрдө, анын мамлекетин орнотуу аркылуу даъват кылуусун, жакшылыкка буйруусун жана жамандыктан кайтаруусун важиб кылып жатат.
Бул жерде айта кетчү нерсе: мамлекетсиз Исламды толук колдонуу мүмкүн эмес. Анткени шарият өкүмдөрүнүн айрымдарын жеке адамдар аткарат, мисалы намаз, орозо ж.б. Ал эми айрым өкүмдөрдү сөзсүз имам же халифа гана аткарат, мисалы хаддар. Демек, Исламга толук даъват кылуу — бул Халифалыкты орнотууга даъват кылуу дегенди билдирет. Ал эми Халифалыкты орнотуу жамаий ишти, башкача айтканда уюшкан топтун ишин талап кылат, жеке адамдардын иши менен аткарылбайт.
«Мамлекетти орнотууга даъват кылуу — мамлекетти орнотуу үчүн иш жүргүзүүдөн башка нерсе. Мамлекетти орнотуу үчүн иш жүргүзүү чын эле жамаатты талап кылат, ал эми ага даъват кылуу жеке адамдар тарабынан да жасала берет» — деп айтылбайт. Анткени мамлекетти орнотууга даъват кылуу менен аны орнотуу үчүн иш жүргүзүү бири-биринен ажырабайт. Исламда даъват — иш-аракеттен бөлүнгөн, өз алдынча турган пикирий эрмек эмес. Мамлекетти орнотууга даъват кылуу аны орнотуу үчүн иш жүргүзүү менен кошо жүрөт жана андан ажырабайт. Пайгамбар ﷺ дал ушундай кылган: даъват кылды, иш жүргүздү, нусрат сурады, мамлекетти орнотту. Пайгамбар ﷺга ээрчип, биз да Аллахтын уруксаты менен мамлекетти орнотуу үчүн, дал ушундай тарыйкат менен даъват кылабыз жана иш жүргүзөбүз. Демек, аяттын мазмуну Исламга толук даъват кылуу хитобдун уюшпаган жеке мусулмандарга эмес экенин көрсөтөт. Анткени мамлекетти орнотуу уюшпаган жеке адамдардын даъватынан келип чыкпайт, тескерисинче, бул ишке кудурети жеткен, мусулмандардын арасындагы уюшкан жамааттын иши менен гана ишке ашат. Ошондуктан бул жерде مِن баян үчүн эмес, табъийд үчүн колдонулган.
Үчүнчүдөн: тил жагынан.
Тил аалымдары من сөзүнүн баяндык маанисин башка маанилеринен айырмалоо үчүн айрым белгилерди айткан. Алардын ичинен من баян экенин көрсөткөн үч белги бар. Бул белгилер табъийд маанисиндеги من менен кошо келбейт.
1) Биринчи белги: (من) баяндык болгондо, андан кийинки сөздү мурунку сөзгө кабар кылып айтууга мүмкүн болот. Мисалы:
﴿وَاجْتَنِبُوا الرِّجْسَ مِنَ الْأَوْثَانِ﴾
«…буттардан болгон нажасат-ыпыластыктан ыраак болгула». (Хаж: 30). Бул жерде «буттар» сөзүн «рижс-нажасатка» хабар кылып: рижс — бул буттар деп айтууга болот.
﴿أَسَاوِرَ مِنْ ذَهَبٍ﴾
«Алар ал жайда алтын билээриктер менен жасанышат». (Кахф: 31). Бул жерде «алтын» сөзү «билээриктерге» хабар болуп турат: билериктер — алтын.
Ал эми каралып жаткан аятта бул белги туура келбейт:
﴿وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ﴾
Бул жерде من ден кийин келген сөз 2-жактагы كم домири (ат атооч). Ал эми من ден мурун كان этиши ولتكن турат. Домир мурунку كان этишине хабар боло албайт, тескерисинче анын ысмы боло алат, башкача айтканда: «силер бир үммөт болгула» деген мааниде. Демек, бул жерде من баян боло албайт. Бул биринчи белги.
Экинчи белги: (من) жана анын мажруру (андан кийинки сөз), эгер мурунку сөз таанымал (маърифа) болсо, хал ордунда; эгер мурунку сөз таанылбаган (накира) болсо, наът ордунда келе алат. Мисалы:
﴿أَسَاوِرَ مِنْ ذَهَبٍ﴾
— бул жерде من ذهب сыфат болууга жарайт, анткени «билээриктер» накира. Алтындан жасалган билээриктер деп айтууга болот. Ошондой эле:
﴿الرِّجْسَ مِنَ الْأَوْثَانِ﴾
— бул жерде من الأوثان «рижс» сөзүнө хал боло алат, анткени «рижс» маърифа. Рижс бут түрүндө (болгон) жийиркеничтүү нерсе деп айтууга болот. Бул жерде «бут» рижстин абалын билдирип турат. (وثناً) деген сөз туундусуз (жамид) болгондуктан, ал хал эмес, тамйизге жакыныраак. Анткени хал адатта муштак (туунду) сөз болбойт». Биринчи себеп: Чынында, хал көп учурда муштак сөз менен келет:
﴿فَخَرَجَ مِنْهَا خَائِفًا﴾,
«Анан, ал коркууга түшүп, (артынан жетип калууларына) назар сала ал жерден (шаардан) чыгып…» (Касас: 21).
﴿وَأَرْسَلْنَاكَ لِلنَّاسِ رَسُولًا﴾.
«(Эй Мухаммад) сени Биз адамдарга пайгамбар кылып жибердик». (Ниса: 79).
Бирок кээде хал жамид сөз менен да келет: «аны бир мудд өлчөмүндө бир дирхамга сат» бул жерде «бир мудд» хал. Ошондой эле: «Зайд арстан болуп чуркады» — «арстан болуп» хал. Демек, хал дайыма эле муштак болушу шарт эмес. Ал эми тамйиз көбүнчө жамид келет: «жыйырма дирхам», «бир ратл май». Бирок сейрек болсо да муштак түрдө да келиши мүмкүн: «Аллахка ант, кандай мыкты жоокер!», «Аллахка ант, кандай мыкты атчан!». Демек, ар бир жамид сөз сөзсүз тамйиз болуп, хал боло албайт деген туура эмес.
Экинчи себеп (негизгиси): Хал — ээсинин абалын билдирет, башкача айтканда, ал ээсинен бөлөк эмес, анын бир абалы. Мисалы: «жыйырма дирхам» дегенде «дирхам» тамйиз, анткени ал «жыйырманын» абалын түшүндүрбөй эле, аны башка нерселерден айырмалап турат. Ошол сыяктуу «бир ратл май» дегенде «май» тамйиз, анткени май ратлдын абалы эмес, андан өзүнчө нерсе. Ал эми «рижс бут түрүндө (болгон) жийиркеничтүү нерсе» дегенде «бут» — рижстин абалын билдирет. Бул жерде бут рижстен башка нерсе эмес, тескерисинче рижстин өзү бут болуп турат. Дирхам жыйырмадан, май ратлдан бөлөк болгондой эмес. Бул экинчи белги.
Ал эми каралып жаткан аятта من жана анын мажрурунан мурун келген сөз ولتكن «Болсун» анын ичиндеги ат атооч أمة сөзүнө кайтып жатат, ал болсо накира. Демекمنكم «үммөт» сөзүнө наът боло албайт. (أمة)сыпатталган накира болгондуктан маърифа болуп калды» — деп айтылбайт. Анткени маселе уммат сөзү маърифабы же накирабы дегенде эмес, من жана анын мажруру наът же хал болууга жарайбы же жарабайбы дегенде турат. أمة накира деп алынса да, маърифа деп алынса да, наът да, хал да болууга жарабайт. Демек, маселе أمة сөзүнүн маърифа же накира экендигинде эмес, من жана анын мажруру наът же хал болууга ылайыктуулугунда.
Мындан тышкары, накираны маърифага айланткан сыпат маселеси бул изилдөөнүн темасы болбосо да, мен айтам: накираны маърифага айланткан сыпат бул өзгөчө (хас) сыпат, ал эми жалпы (аам) сыпат андай кылбайт. Мисалы, эгер: «Базарда товар сатууга чакырып жаткан бир адам келди» десек, бул сыпат «адам» деген сөздү маърифа кылбайт, ал накира бойдон калат. Анткени бул сыпат базарда товар сатууга чакыргандардын баарына тиешелүү, белгилүү бир адамга гана тиешелүү эмес.
Ал эми каралып жаткан аятта أمة сөзүнө ээрчип келген сыпат — жалпы сыпат. Ошондуктан ал аны накира абалынан чыгарган эмес. Бул тафсир китептеринде أمة сөзүнүн маанисине берилген түшүндүрмөлөрдүн ар түрдүүлүгүнөн да ачык көрүнөт. Ошондуктан أمة сөзү боюнча туурасы ал маърифа эмес, накира. Бирок мында маселе أمة маърифа же накира экенинде эмес, من жана анын мажруру أمة накира деп этибарга алынса наът боло алабы же маърифа деп этибарга алынса хал боло алабы дегенде турат. Ал эми бул жерде من жана анын мажруру хал да, наът да болууга жарабайт. Демек, бул жерде من баяндык эмес, табъийддик.
Үчүнчү белги: Бул таржих берүүчү белги. Башкача айтканда, эгер баяндык من менен табъийддик من ортосундагы бардык башка далилдер тең болуп калса, анда бул белги бар болсо, من баяндык экенин артык көргөзөт. Анткени бул белги من менен кошо келгенде, ал сөзсүз баяндык болот. Бул белги, эгер анын алдында (ما же مهما ) келсе. Мисалы:
﴿مَا يَفْتَحِ اللَّهُ لِلنَّاسِ مِنْ رَحْمَةٍ فَلَا مُمْسِكَ لَهَا﴾
«Алла адамдар үчүн эмне ырайым – мээримди ачып койсо» (Фатир: 2). Бул жерде ما мурда келгендиктен, من رحمة баяндык экенин үстөм көрсөтөт. Ошондой эле:
﴿مَهْمَا تَأْتِنَا بِهِ مِنْ آيَةٍ﴾
«Кандай аян-белги келтирсең да…» (Аъраф: 132). Бул жерде да مهما мурда келгендиктен, من آية баяндык экенин артык көрсөтөт. Биз муну таржих берүүчү белги дейбиз, анткени баяндык من сөзсүз түрдө дайыма ما же مهما менен гана келиши шарт эмес. Ал эми каралып жаткан аятта баяндык من менен табъийддик من ортосундагы далилдер тең эмес. Тескерисинче, хитобдун мазмуну, башкача айтканда, аяттагы буйруктун сөздүк башталышы жана талаптын мазмуну боюнча من табъийддик экенин көрсөтүп турат. Мындан тышкары, эгер талаш үчүн бардык далилдер тең деп элестетсек да, баяндык менен табъийддикти айырмалоо үчүн ушул таржих берүүчү белги ما же مهما каралат. Ал эми бул жерде منكم сөзүнүн алдында ما да, مهما да келген эмес. Демек, баяндыкка артыкчылык бере турган белги да жок.
Кайрадан айтабыз: бул белги — арабдар колдонгон таржих берүүчү белги, ал башка бардык факторлор тең болгондо гана колдонулат. Эгер тең болбосо, анда бул белги колдонулбайт.
Ушул айтылгандардын негизинде, ыйык аяттагы:
﴿وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَأُولٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾
– деген من табъийд үчүн, башкача айтканда: мусулмандардын арасынан бир үммөт (уюшкан жамаат) ушул аятта айтылган фарздарды аткаруу үчүн түзүлсүн деген мааниде колдонулган.
3-Рабиъус Сани 1429-х.
08.04.2008-м.




