Силяту ар-рохим: Жоомарттык жана тууганчылык биримдикке алып баруучу жол

Силяту ар-рохим: Жоомарттык жана тууганчылык биримдикке алып баруучу жол
Исламда Силяту ар-рохим – туугандык байланыштарды бекемдөө түшүнүгү, өзгөчө орунга ээ. Исламий дүйнө карашта бул коомдук турмуштун негизги пайдубалы. Бул принцип аркылуу адамдар ортосундагы байланыштар калыптанат, өз ара ишеним чыңдалат жана коомдун туруктуулугу үчүн бекем негиз түзүлөт. Туугандык мамилелерди сактоо бул момундун Жараткандын алдындагы жана аны менен кандаш, үй-бүлөлүк байланышы бар адамдардын алдындагы ыйык милдети катары каралат.
Ыйык Куранда Аллах Таала мындай деп буюрат:
Аллага пенделик кылгыла жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла! Ата-энеңерге ошондой эле тууган-урук, жетим жана бечараларга, тууган кошуна жана бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшылык кылгыла. (4:36).
Бул аятта туугандарга карата кам көрүү буйругу, Исламдын эң улуу тиреги болгон – таухид менен бир катарда келүүдө. Туугандык байланыштын Мындай тартипте келиши, аны сактоо мусулман коомунун руханий жана ижтимаий жашоосу үчүн канчалык деңгээлде маанилүү экенин ачык көрсөтүп турат.
Туугандык байланыштарга карата Исламий түшүнүк тек гана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы жөнөкөй баарлашуудан алда канча кенен жана терең мааниге ээ. Силатур-рохим – жакындарына дайыма кам көрүүнү, алардын муктаждыктарына көңүл бурууну, жашоосуна катышууну жана жардамга келүүгө даяр болууну түшүндүрөт.
Бул милдет ар түрдүү абалдарда жүз бериши мүмкүн. Маселен, туугандарды зыярат кылуу, материалдык колдоо көрсөтүү, жылуу сөз айтуу, алардын кадыр-баркын жана абийирин коргоо. Жадакалса, көңүл буруунун кичинекей белгилери да өтө маанилүү деп эсептелет. Мисалы, мусулман адам улгайган туугандарына үзгүлтүксүз барып турат, үй иштерине жардам берет жана жашоонун оор учурларында аларга моралдык жактан дем берет. Исламда мындай иш-аракеттер тек гана сылыктыктын белгиси эмес, тескерисинче, эң биринчи кезекте диний милдетти аткаруу катары кабыл алынат.
Эй инсандар! Силерди бир жандан(Адамдан) жараткан жана андан жубайын (Обону) пайда кылган о.э ал экөөнөн көп эркек жана аялдарды тараткан Раббиңерден корккула! Дагы араңардагы суроо-жооптордо ортого наамы салына турган Алладан корккула жана тууган уругуңар (менен мамилени үзүүдөн сактангыла). (4:1).
Тууганчылык, бул Илахий тартиптин жана инсанияттын коомдук түзүлүшүнүн ажырагыс бөлүгү. Адамзат бир булактан таралган, ошондуктан алардын ортосундагы байланышты сактоо, бул Илахий мыйзамга болгон урмат-сыйдын белгиси.
Ислам үммөтүнүн тарыхы көрсөткөндөй, коомдук колдоонун туруктуу түзүмү, дал ушул туугандык байланыштар аркылуу калыптанган. Исламий чөйрөдө, туугандар инсандын жашоосунда ар дайым чечүүчү ролду ойноп келишкен. Эгер кимдир бирөө каржылык кыйынчылыкка, ооруга же тиричилик каражатынан ажыроого дуушар болсо, эң биринчи кезекте үй-бүлөсү жана уруусу жардамга келген. Жаш муундар билим алууда, же өз ишин баштоодо улуу туугандарынын колдоосуна ишенишкен. Ал эми үй-бүлөнүн карылары, өз балдары менен неберелеринин арасында урмат-сыйга жана коргоого ээ болушкан. Ошентип, туугандык байланыштар коомдук коргоонун табигый механизмине айланган.
Исламдагы силатур-рохимдин эң маанилүү рүкүндөрүнүн бири, бул жоомарттык. Жоомарттык жана берешендик, тек гана кайрымдуулук кылуу менен чектелбейт, анткени жакындарга материалдык жардам көрсөтүү бул милдеттин бир бөлүгү гана. Бул жерде кеп алда канча терең адеп-ахлактык сыпат тууралуу болуп жатат. Бул, инсандын өзүндө болгон нерсеси: мал-мүлкү, убактысы, илими же көңүлү менен бөлүшүүгө даяр болууну талап кылат.
Качан адам өз тууганына карызын төлөөгө көмөктөшсө, бир тууганынын үй-бүлөсүнө оор учурда жөлөк болсо, же жээнинин билим алуусуна шарт түзсө, ал жөн гана соопчулук иш кылбайт. Ал адамдардын ортосундагы байламтаны бекемдеп, ошону менен бирге бүтүндөй коомдук түзүлүштүн чыңдалышына салым кошууда.
Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ туугандарга жардам берүүнүн баалуулугун өзгөчө баса белгилеген. Хадистердин биринде мындай деп айтылат: «Кедейге берилген садака, бул бир гана садака, ал эми тууганга берилген садака, бул эки эсе сооп: садака берүү жана туугандык байланышты (силатүр-рохимди) бекемдөө» (ат-Тирмизи, Ибн Мажа).
Ошондуктан, Исламда туугандарга жардам берүү, бул тек гана кайрымдуулук эмес, бул соопчулук менен коомдук байланыштарды чыңдоону өз ичине камтыган улуу иш катары каралат.
Жоомарттык адамдардын ортосундагы тосмолорду талкалайт. Кайсыл жерде, өз ара бөлүшүү жана көмөктөшүү бар болсо, демек ал жерде ичи тардык (көрө албастык) менен бири-биринен обочолонуу жок болот. Мисалы, эгер үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири материалдык ийгиликке жетип, бирок өз жакындарын унутпаса, алардын турмуш шартын жакшыртууга көмөктөшсө, оор учурларда жөлөк болсо, бул бүтүндөй уруунун ичиндеги биримдик сезимин бекемдейт. Адамдар, бирөөнүн ийгилигин баарына келген береке катары кабыл ала башташат. Ал эми тескерисинче, качан адам өз кызыкчылыгын гана көздөп, жакындарынын муктаждыктарына кайдыгер караса, ортодо чыңалуу жана таарынычтар пайда болот. Мындай абал убакыттын өтүшү менен туугандык мамилелердин түбүнөн бузулушуна алып келет.
Пайгамбарыбыз ﷺ туугандык байланыштарды сактоонун тек гана руханий эмес, ошондой эле терең турмуштук баалуулугун да көрсөткөн. Ал : «Кимде-ким ырыскысынын кеңейүүсүн жана өмүрүнүн узун болушун кааласа, анда туугандык байланыштарын (силатүр-рохимди) бекемдесин» – деген. (аль-Бухари, Муслим).
Демек, силатур-рохим инсандын жашоосуна тек гана руханий чөйрөдө гана эмес, бул дүйнөлүк тиричилигинде да береке алып келет.
Андан сырткары, туугандык мамилелерди сактоо, чыныгы ыймандын белгиси катары бааланат. Аллахтын Элчиси ﷺ : «Ким Аллахка жана Акырет күнүнө ишенсе, туугандык байланыштарын бекемдесин» – деп, баса белгилеген. (аль-Бухари, Муслим).
Андыктан, инсандын өз жакындарына болгон мамилеси, бул анын такыбалыгы жана ыйманы канчалык терең экенин көрсөтөт.
Качан туугандык байланыштар Исламдын негизинде, өз ара камкордук жана жоомарттык өкүмдөрү менен бекемделгенде, эл арасында коомдук ынтымактын кеңири байланышы пайда болот. Үй-бүлө алгачкы тилектештикти үйрөтүүчү мектепке айланат. Дал ушул үй-бүлөдө, инсан башкаларга урмат-сыйды көрсөтүүнү, өз ара жардамдашууну жана жоопкерчиликти моюнга алууну үйрөнөт.
Бул асыл сыпаттар, кийинчерээк кошуналар менен, кесиптештер жана бүтүндөй коомдун мүчөлөрү менен болгон мамиледе, атүгүл мамлекеттик деңгээлде байкала баштайт. Күчтүү үй-бүлөлүк байланыштар өкүм сүргөн чөйрөдө чоңойгон инсандар, башкалар менен ишенимдүү мамилелерди оңой курушат. Анткени алар айланадагыларды атаандаш катары эмес, тескерисинче, өзүлөрүнө келечекте үзөңгүлөш жолдош катары кабыл алууга көнүшөт.
Ошол эле учурда, Ислам туугандык байланыштарды үзүүнүн оор кесепеттеринен кайтарат. Ыйык Куранда Аллах Таала мындай деп айткан:
Аллага берген убада-шарттарын бекемдегенден кийин буза турган, Алла байланышууга буюрган нерселерди үзө турган жана жер жүзүндө бузукчулук кылып жүрө турган адамдар да бар. Алар үчүн (Алланын) каргышы болот жана алар үчүн эң жаман жай-тозок бар. (13:25).
Демек, туугандык байланыштарды үзүү, коомдук тартиптин бузулушуна жана адеп-ахлактык бузукулукка алып келет. Бул маселенин өзгөчө терең мааниси, белгилүү хадиси кудсиде ачыкталат, анда Аллах Таала мындай дейт:
«Мен Рахманмын (Мээримдүүмүн). Мен туугандык байланышты (рахимди) жараттым жана ага Өзүмдүн ысымымдан ат бердим. Ким аны менен байланышта болсо (аны бекемдесе), Мен аны менен байланышта болом, ал эми ким аны үзсө, Мен аны менен байланышты үзөм» (аль-Бухари «аль-Адаб аль-Муфрадда», ат-Тирмизи).
Мына ушундай мамилелер аркылуу коомдо тилектештик жүрүм-туруму акырындык менен калыптанат. Мындай алакалардын натыйжасында, инсан өзүн тек гана жеке үй-бүлөсүнүн мүчөсү эмес, алда канча кеңири коомдун (Үммөттүн) бир бөлүгү катары сезе баштайт. Ал коомдун бакубаттыгы анын ар бир мүчөсүнүн бакубаттыгы менен түздөн-түз байланыштуу экенин терең түшүнүп калат.
Жыйынтыктап айтканда, силаи-рахим аркылуу коомдук иштерге катышуу, муктаждарга көмөктөшүү жана жамааттык демилгелерди колдоого болгон даярдык күчөйт.
Бул жагдай коомдук туруктуулук жана саясий биримдик үчүн өзгөчө мааниге ээ. Инсандар бекем социалдык жана үй-бүлөлүк байланыштар менен бириккен коомдо, ишенимдин деңгээли жогору болот. Мындай коомдо адамдар маселелерди өз ара маек жана колдоо аркылуу чечүүгө көнгөндүктөн, бир пикирге келүү алда канча оңой ишке ашат.
Күчтүү туугандык мамилелер басым кылган жерде, коом арасында чоң фитналардын жүз бериши алда канча азаят. Мындай шартта, адамдар тек гана өзү үчүн эмес, өз үй-бүлөсүнүн, уруусунун жана бүтүндөй исламий үммөттүн кадыр-баркы үчүн жоопкерчиликти сезе башташат.
Демек, силатур-рохим, бул тек гана диний буйрук эмес, ошону менен бирге, ал кубаттуу коомдук механизм катары кызмат кылат. Туугандык байланыштарды сактоо аркылуу жоомарттык, өз ара жоопкерчилик жана ишеним түшүнүктөрү калыптанат. Бул баалуулуктар коомдук тилектештикти чыңдайт, коомдун ынтымагына өбөлгө түзөт жана саясий биримдик менен күчтүү мамлекетти куруу үчүн бекем негиз пайда кылат.
Ислам идеологиясы тек гана адеп-ахлактык идеалды эмес, тескерисинче, туруктуу жана күчтүү коомду куруунун практикалык моделин сунуштайт. Мындай коомдо ар бир инсандын бакубаттыгы бүтүндөй Үммөттүн бакубаттыгы менен ажырагыс түрдө байланышкан.
Латыфул Расых



