Роя гезити

Сиси режиминин кысымы менен шариат талаптарынын ортосунда калган дааватчылар

Сиси режиминин кысымы менен шариат талаптарынын ортосунда калган дааватчылар

Египетте Аскердик академиянын ичинде эки жылга созулган окутуу программасы жарыяланды. Бул программа Вакф министрлигинде докторлук даражасы бар дааватчыларга жана ваазчыларга (насаат айтуучуларга) багытталган. Программа медиада «диний багытты жаңылоо» жана «агартууну» чыңдоо катары көрсөтүлдү. Бул дааватчылар менен жолугушууда Египет президенти: дааватчылар «диндин гана сакчылары эмес, эркиндиктин да сакчылары», ал эми адам «ыйманды тандоодо эркиндикке ээ» деп баса белгиледи.

Бул сөздөр жөн эле айтыла салган эскертмелер эмес, тескерисинче, терең саясий жана пикирий мааниге ээ. Алар мамлекеттин акыркы жылдардан бери дин менен иш алып баруу, шариат тармагын көзөмөлдөө жана коомдук аң-сезимди өз көз карашына ылайык кайра калыптандыруу багытындагы ачык багыты менен шайкеш келет. Бул багыт Батышта «дин эркиндиктери» деп аталган стандарттарга дал келтирилет жана Батыш менен болгон мамилелерде коюлуучу эң маанилүү саясий-дипломатиялык шарттардын бири болуп эсептелет.

Эмне үчүн Аскердик академия?

Дааватчыларды университетке же шариаттык институтка эмес, аскердик мекеменин ичинде эки жылдык курс менен окутуу — мамлекеттин дааватчыларды эми шариат өкүмдөрүн жеткирген аалымдар катары эмес, бийликтин стратегиясына кызмат кылышы үчүн берилгендикти кайра калыптандыруу жана дискурсту багыттоо максатындагы кызматтык кадрлар катары көрүп калганын ачык көрсөтөт. Бул төмөнкүлөрдөн байкалат:

  1. Диний тармакты аскерлештирүү — дааватчыларды тартипке негизделген аскердик түзүмгө интеграциялоо аркылуу алардын инсандыгын баш ийүү жана моюн сунуу негизинде кайра калыптандыруу. Алардын негизги дааватчылык ролун четтетип, коомду көзөмөлдөөчү куралдарга айландыруу. Шаръий нусустарга эмес, мамлекеттик саясатка ылайык аракет кылган дааватчыларды пайда кылуу.
  2. Шариаттык референциянын ордуна бийликтин референциясын бекемдөө — эки жылга созулган окуунун шариаттык эмес мекемелердин көзөмөлүндө жүргүзүлүшү дааватчы үчүн таянуучу негиз мындан ары шариат эмес, режим экенин билдирет. Бул бийликтин динди өкүмдар менен калкка милдеттүү болгон бүтүн Роббаний тутум катары эмес, «үйрөтүлүп-окутулууга тийиш» сакофий компонент катары кабыл алган философиясына шайкеш келет.
  3. «Докторантурадан да жогору» деп мүнөздөлгөн окуу программалары аркылуу жаңы диний аң-сезимди куруу максат кылынган. Бул долбоорго академиялык өң-түс берүү менен режим чыныгы максатын жашырууга аракет кылууда. Бул максатка тырмактары жулунган диний дискурсту жайылткан дааватчылардын жаңы муунун жаратуу, светтик түзүмгө шайкеш, аны менен жарашкан түшүнүктөр орун алган вакыйлыкка жана мамлекеттик саясатка шаръий актоолорду киргизүү, дин тили менен капталган саясий баш ийүү үлгүлөрүн түзүү менен жетишмекчи. Ушундайча дааватчынын милдети акыйкатты жеткирүүдөн расмий баянды коргоого айландырылат.

Ишеним эркиндиги Исламданбы?

Президент өз сөзүндө адам «ыйманды тандоодо эркиндикке ээ» экенин, дааватчылар бул идеяны «жогорку адамдык баалуулук» катары жайылтышы керектигин алдыңкы планга чыгарды. Бирок шариат жагынан эки чындыкты ажыратып кароо зарыл:

  1. Ыйман менен куфрдун ортосунда тандоо эркиндиги, башкача айтканда, Аллах Таала адамдарды ыйманга зордоп мажбурлабаган:

﴿لَا إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ﴾

«Бул динде зордоо (Ислам динине зордоп киргизүү) жок». (Бакара: 256).

﴿فَمَنْ شَاءَ فَلْيُؤْمِنْ وَمَنْ شَاءَ فَلْيَكْفُرْ﴾

«Демек, каалаган киши ыйман келтирсин, каалаган киши каапыр болсун» (Кахф: 29).

Бул аяттар алгач калтыруу жөнүндө айтат, шаръий уруксат жөнүндө эмес. Пенде куфрду тандай алат, бирок ага шариат боюнча куфрду тандоо мубах эмес. Ыйманга зордоого тыюу салынганы менен, анын куфрда калышы күнөө, куфрду тандоосу күнөө.

  1. Ислам коомун тартипке салган шариат өкүмү. Ислам үммөттүн акыйдасына кол салууну тыюу салган айкын өкүмдөрдү алып келген. Ислам коомунун ичинде куфрга чакырууну харам кылган, риддага жана акыйданы кыйраткан фикирлерди жайылтууга жол бербеген. Динди коргоо зарылчылыктардын бири. Демек, адам вакыйлык жактан тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ, бирок өкүм жагынан тандоонун шаръий мыйзамдуулугуна ээ эмес. Ишеним эркиндигин абсолюттук баалуулук катары жайылткан багыт таза светтик багыт. Ал Исламга да, дааватты көтөрүү милдетине да каршы келет. Дааватчынын вазыйпасы жеткизүү, түшүндүрүү жана инкар кылуу. Ыйманды «соодалашуу мүмкүн боло турган жеке тандоо» катары жайылтуу эмес. Ушундан көрүнүп тургандай, режим нусустарды шариат өкүмдөрүнө эмес, Батыш стандарттарына ылайык кайра тафсирлөөгө аракет кылууда.

Эмне үчүн Сиси Батыштын алдында ишеним эркиндигин баса белгилейт?

Акыркы он жылдыкта «диний дискурсту жаңылоо» араб режимдери тарабынан Батышка сунушталган негизги документтердин бири болуп калды. Максаттары:

  1. Эл аралык легитимдүүлүккө жетүү. Батыш саясий жана экономикалык кызматташууну «дин эркиндиктери» документине, мамлекеттин диний дискурстагы көзөмөлүнө жана «фикрий экстремизм» деп аталган нерсеге каршы күрөшкө байлап келет. Ошондуктан режим өзүн Батыштын алдында диний институттарды эң чечкиндүү түрдө баш ийдирген, Исламды батыштык баалуулуктарга шайкеш кайра калыптандыра алган, «ислам коркунучуна» каршы сакофий калкан катары өзүн сунуштаган жана Батыштын Ислам менен күрөшүндө үммөттүн жүрөгүнө багытталган найзанын учу катары көрсөтөт.
  2. «Биз — коопсуз альтернативабыз» деген билдирүү жөнөтүү. Сиси дааватчылар «диндин гана эмес, эркиндиктин да сакчылары» деп айтканда, ал муну ички аудиториядан көрө Батышка көбүрөөк кайрылып айтууда. Башкача айтканда, биз силер каалагандай кагылышуудан алыс, тартипке баш ийген, саясаттан чет, «туруктуулукка» кызмат кылган жаңы Исламды сунуштай алабыз деген белги.
  3. Дин документин ички жана тышкы басым куралы катары колдонуу. Ичкериде мамлекетке жакпаган кандайдыр бир сөз чыкпашы үчүн, Вакфтар министрлиги менен Азхар университети аркылуу шаръий тармакты монополиялоо жүргүзүлөт. Тышкарыда болсо ошол эле дискурс Батыш «сезимтал» деп эсептеген документтерде «прогресс» бар экенин далилдөө үчүн колдонулат, муну менен саясий жана каржылык колдоого жетүү жеңилдетилет.

Динди бийликтин кызматына кайра калыптандыруу аракетине карата туура көз караш кайсы?

Ислам өкүмдөрүн алмаштыруу бузуунун эң оор түрлөрүнөн. Мамлекетти нусустарга өкүмдар кылуу мыйзам чыгаруу укугунда Аллахтын акыйкат укугуна кол салуу. Ал эми имамдарды бийликке кызмат кылууга багыттоо акыйкатты жеткирүү жана жакшылыкка чакыруу милдетинен чыгуу.

Исламда даават жүгүн көтөргөндүн ролу бийликке каршы келсе да акыйкатты айтуу зулумду актоо эмес, ага каршы туруу. Акыйданы кайра түзүү же Батыштын көз карашына ылайык «куруу» эмес, аны сактоо, Исламды башкаруучу же Батыш каалагандай эмес, аны кандай болсо ошондой жайылтуу. Ал эми алдын ала даярдалган түшүнүктөр таңууланган, катуу саясий чөйрөдө «жасалган» имам же даават жүгүн көтөргөн адам өзүнүн эң башкы касиети болгон шаръий көз карандысыздыкты жоготот.

Аскердик академиядагы окутуу программасы жана аны коштогон «ыйманды тандоодогу эркиндик» тууралуу билдирүүлөр илимий жактан бейтарап иш да, даават тармагындагы реформалык кадам да эмес. Тескерисинче, бул Египеттеги диний аң-сезимдин түзүлүшүн кайра калыптандырууга багытталган комплекстүү долбоордун бир бөлүгү. Анын максаты ички колдонууда коомду көзөмөлдөөгө, тышкы колдонууда Батыш күчтөрүнүн ыраазылыгын алууга жараган эсептелген светтик дискурсту түзүү. Бул багыт Исламдын өкүмдөрү жана шаръий дискурстун табиятына ачык карама-каршы келет, анткени ал бийликке ыңгайлашып, Ислам менен башкарылбаган саясий системага сиңип кетет. Ошондуктан үммөттө мындай аң-сезим болушу зарыл: дин казармаларда корголбойт, дааватчылар саясий чечимдер менен жасалбайт, Ислам калыпка салынуучу материал эмес — ал окулган вахий, колдонулган өкүмдөр жана аны көтөрүп ойгонууга алып баруучу үммөт.

Кинана аалымдарына кайрылуу: силерден акыйкатты ачыктоо, аны жашырбоо жөнүндө убада алынган. Актоочу курал эмес, чындыкты сүйлөгөн тил болгула. Бийликтин кысымы, куугунтук коркунучу же мансапка умтулуу силерди дин өкүмдөрүн бурмалоого же акыйкатты батыл менен аралаштырууга жетелебесин. Анткени силердин унчукпай коюуңар — үммөттүн кыйроосуна алып баруучу жолдун башы, ал эми үнүңөр анын жеңишинин алгачкы эшиги. Тарыхта чыныгы аалымдар кандай болсо, ошондой болгула. Башкаруучу үчүн эмес, Аллах үчүн тургула. Акыйкатты айткыла, Аллах жолунда эч кимдин айыптоосунан коркпогула. Акыйданы бурмалоодон коргогула жана үммөттү көз карандылыкка эмес, улуулукка жетелегиле.

Кинана элине кайрылуу! Диниңерди бекем кармагыла, акыйкат үстүндө бекем тургула. Эч кимге акылыңарды тартып алууга, диниңерди мазмунунан ажыратууга же аны куру ураандар үчүн кыскартууга жол бербегиле.

Устаз Саид Фадл

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button