Макала
Trending

Соловьёв Кремлдин үнү

Соловьёв Кремлдин үнү

Орусиялык теле алып баруучу Владимир Соловьёвдун Россиянын Армения жана Борбор Азия мамлекеттеринин ички иштерине күч колдонуу менен кийлигишүүсүнө жол берилүүсү тууралуу айткандарын, жөнөкөй эле медиадагы аша чапкандык катары кароого болбойт. Анын сөзүн жада калса эмоционалдык чыңалуу же ийгиликсиз айтылган сөздөрдүн жыйындысы деп да айтуу орунсуз. Бул сөздөрдүн аркасында, коңшу мамлекеттердин эгемендүүлүгүн олутсуз караган, адаттагы империалык мамиле ачык көрүнүп турат.

Өзүнүн эфирлеринин биринде, Соловьёв Россия АКШнын Венесуэладагы кылган иши сыяктуу эле “эл аралык укукка түкүрүп туруп” айланадагы өлкөлөрдү өзүнүн таасир аймагында күч менен кармап турушу керектигин ачык эле билдирген. Бул жерде кеп теориялык талдоо жөнүндө гана эмес, аскердик кийлигишүү идеясын нормага айлантуу, башкача айтканда, кадимки нерсе катары кабыл алдыруу жөнүндө болуп жатат. Борбор Азия жана Түштүк Кавказ мамлекеттери үчүн мындай билдирүүлөр, абстракттуу сөздөр эмес, аларга иш жүзүндө айтылып жаткан колониалдык иерархиянын түз эскертүүсү болуп саналат.

Эске салсак, Владимир Соловьёв жөн гана журналисттик ишмердүүлүк менен гана чектелбейт. Ал көп жылдар бою, Владимир Путиндин расмий эмес болгон басма сөз катчысынын милдетин аткарып келет. Ал Кремл дипломатиялык кесепеттерден качуу үчүн түз айтуудан тартынган ойлорду коомчулукка жарыялап турат. Башкача айтканда, анын милдетине – эң радикалдуу нерселерди айтып чыгуу, реакцияны текшерүү, уруксат бериле турган чектерди жылдыруу жана зарыл болгон учурларда айтып жаткан ураандарын “бул болгону теле алып баруучунун жеке пикири” деген формулага шылтоолоп коюу кирет. Россиянын саясий түзүмүндө, бул илгертен бери колдонулуп келе жаткан механизм жана аны жок деп эсептөө – өзүн-өзү атайлап алдоого барабар.

Бул жагынан алганда, Кыргызстандын расмий бийлигинин реакциясы өзгөчө мааниге ээ болууда. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов, Соловьёвдун билдирүүлөрүн көп сааттык эфирлерде айтылган журналисттин куру жана олуттуу эмес сөздөрү катары кабыл алууну сунуштады. Анын айтымында, коркунучтун булагы министр же депутат болбогондуктан, мамлекет буга реакция кылбашы керек. Мындай мамиле, иш жүзүндө көйгөйдүн өзөгүн таануудан баш тартууну билдирет. Тактап айтканда, эгемендүү мамлекеттерге карата зомбулукка чакырык жасоо, аң-сезимдүү түрдө мамлекеттер аралык жоопкерчиликтен тышкары коюлууда.

Бул жагдайда, “мамилелердин эң жогорку деңгээлин” тартуулашы керек болгон КМШ, ЕАЭБ жана ШКУ сыяктуу уюмдарга таянуу – өзүн-өзү сооротууну гана түшүндүрүдө. Анткени, жакында болуп өткөн тарых көрсөткөндөй, Москва менен болгон ар кандай союздаштык форматтар, басым жасоону алдын алуудан көрө, аны мыйзамдаштырууга иштейт. Андыктан мындай коркутууларга жооп катары достук жана интеграция жөнүндө айтуу, бул маектешүүгө чакыруу эмес, тескерисинче, мындан аркы басым жасоого жол берүүгө белги катары кабыл алынат. Айрыкча, Россиянын медиа тармагындагы окуяларга реакция берүүсүнө салыштырмалуу, мындай позиция акылга сыйбайт. Анткени Россия, макалалардан баштап, интервьюларды, эксперттик пикирлерди, твиттерди, а түгүл көркөм чыгармадагы ойлорду да душмандык катары кабыл алат. Алар тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүлөрүнө, дипломатиялык жаңжалдарга жана санкцияларга себеп болот. Мындай баалуулуктар системасында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коркунучтарды олуттуу кабыл алуудан баш тартуусу – дипломатиялык жетилгендик эмес, бир тараптуу куралсыздануу сыяктуу кадам катары көрүнүүдө.

Ошондой эле, Өзбекстан тараптан кескин реакция болгонун белгилей кетүү керек. Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты жана «Yuksalish» кыймылынын төрагасы Бобур Бекмуродов, Владимир Соловьёвдун айткандарына жооп катары ачык түрдө «булбулуң менен ойно» деген сөздү таштады. Бул жооп, жөн гана туйгудан келип чыккан чыңалуу эмес, россиялык медиа-риториканы кабыл алууга мүмкүн болгон же талкуулоого арзый турган нерсе катары таануудан демонстративдик түрдө баш тартуу болду. Расмий, этияттыкты сактанууга негизделген түшүндүрүүлөргө салыштырмалуу, мындай жооп коркутууну жумшартууга же аны актоого каратылган жок. Тескерисинче, бул жооп аны тоготпостон кайра өз дарегине кайтарууда. Мындай реакциянын дал ушул иштеп жаткан саясатчы тарабынан айтылышы да өзгөчө маанилүү. Бул ага кошумча салмак берип, Ташкентте мындай билдирүүлөр журналисттин жеке пикири эмес, эгемендүүлүккө болгон чакырык катары кабыл алынарын баса белгилейт. Мындай шартта, өзбек депутатынын какшыктаган, бирок ошол эле учурда катуу позициясы, Кыргызстандын ашыкча сылыктык кылуу жана унчукпай коюусуна же түз баа берүүдөн качканына караганда кыйла эгемендүүрөк көрүнөт.

Ал эми, Армениянын реакциясы менен салыштырганда, бул карама-каршылык, ого бетер айкын көрүнөт. Армениянын Тышкы иштер министрлиги, мындай билдирүүлөр Москва менен Еревандын ортосундагы достук мамилелерге туура келбейт деп ачык билдирди. Бул эч кандай ашыкча туйгусуз, ошол эле учурда дипломатиялык алсыздыкты көрсөтпөгөн кадам болду. Эске салсак, Армения Россияга аскерий-саясий жактан алда канча көз каранды. Ошондой эле, ал ЖККУга  мүчө жана өз аймагында орус аскерлерин орноткон. Ошого карабастан, Ереван “кызыл сызыкты” ачык белгилөөнү зарыл деп эсептеди.

Армениянын позициясы, жада калса көз карандылык жана басым астында болсо дагы, чектерди белгилөө мүмкүн экенин көрсөттү. Ал эми, бул кадамдан баш тартуу, “дипломатиялык этияттуулукту” институттук морттукка айлантат. Андыктан, бул алсыздыкты “этияттык” деп канчалык актасак, ошончолук мындай коркутуулар кадимки нерсеге айлана баштайт жана каршы тараптын мындан да катуу коркутуп-үркүтүүсүнө жол ачып берет.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button