
Соттор дааватчыларга карата күч кызматкерлеринин өкүмзордугун улантууда
Баткен райондук соту Ахунжанов Алишер Мамурович баштаган алты дааватчыга адилетсиз түрдө өкүм чыгарып, аларды 17 жылдан 13 жылга чейин катуу режимдеги абакка камоо чечимин кабыл алды. Аларга карата жасалма түрдө токулган экстремизм айыптары тагылып, буга кошумча уюмду каржылоо үчүн 2 700 сом алышканы тастыкталганы айтылды.
Буга чейин Баткен облусунун тургундары экстремизм менен айыпталып камалган алты жигиттин бошотулушун талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. Нааразылыкка чыккан тургундар камакка алынган жигиттер пандемияда, чек ара окуясында калктын жүгүн көтөрүп, ар дайым муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип келгенин билдиришкен. Ошондой эле, экстремисттик айыптар туура эмес тагылып жатканын, орган кызматкерлери куру доомат менен аларды кылмышкер катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышканын билдиришкен.
Күч кызматтарынын мындай жосунсуз аракеттери башка аймактарда да уланып жатат. Маселен, Чүй облусунун Калыс-Ордо конушунан 2025-жылдын 3-апрелинде колу-буту таңылып, оозу скочтолгон абалда белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткен Жалгашев Аманкул Романовичке карата да сот өкүмү чыгарылды. Аны уурдап кеткендер Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери болуп чыкты. Алар мыйзамсыз кылган кылмыштарын жаап-жашыруу үчүн, №21 СИЗОнун кызматкерлери менен тил бириктирип, 2025-жылы 1-июлда Жалгашев Аманкулду кыйноого алышкан. Кылбаган иштерин да мойнуна алдыруу үчүн уруп-сабашкан жана “сени өмүр бою түрмөдө чиритебиз” деп коркутушкан. Мындай кыйноолор Улуттук кыйноо борбору тарабынан өз тастыгын тапкан. Сот отурумунда Жалгашев тергөө кызматы тарабынан угузулган айып боюнча күнөөсүн толугу менен четке кагып, үйүн тинтүү учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери үйгө мыйзамсыз ашып киришип, соттун токтомунда көрсөтүлгөн дарек башка дарек болгондугун жана эч кандай экстремисттик аракетке барбаганын билдирген. Муну Жалгашевдин коңшулары да тастыктап, анын жаман иштерге аралашпаганын ырасташты. Маселен, жаңы конуштун маала башчысы Айдаров Жалгашевди он беш жылдан бери тааныганын, жашыруун иш аракетин, Ислам дини тууралуу сабактарды өтүп жаткандыгын көргөн эместигин айтты.
Буга карабастан, Биринчи Май райондук соту Жалгашев Аманкул Раманкуловичке карата үч жылга эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Ал эми Бишкек шаарынын Ленин райондук соту дагы бир дааватчы Жайлообек уулу Угузга карата өкүм чыгарып, ага 50 миң сом өлчөмүндө айып салынган эле. А бирок, Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жеңил көрүп, Жайлообек уулун бир жылга эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Сот 2025-жылдын 4-мартында, тергөөчү Н. Гапаров Угуздун үйүнө мыйзамсыз, тагыраак айтканда эч кандай уруксат кагазы жок кирип барганын, анын үстүнө Угузга карата жалган маалымат аркылуу, сиз каракчылыкта шектелип жатасыз деп алдап алып кеткенин эске алган эмес.
Жогорудан маалым болгондой, калыс мусулмандарга жалган жалаа түрүндө “экстремизм” тамгасы жабыштырылууда. Алар коррупционер эмес, “черный” да эмес… А бирок, коррупционер менен “черныйлар” кустурулгандан кийин эркиндикке чыгышууда. Ал эми, бул дааватчылардын “куса” турган каражаты болбогондуктан адилетсиз түрдө 17 жылга чейин абакка камалууда. Тилекке каршы, Кыргызстанда сүткордук, монополия, кумарпоздук ж.б.у.с. арты үзүлбөгөн арам амалдар гүлдөп өсүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткан бир учурда, Исламды үйрөтүү, жаман иштерден кайтарып, жакшы иштерге буйруу сыяктуу важиб амалдар кылмыш эсептелүүдө. Коңшулардын, жергиликтүү тургундардын дааватчыларга карата көрсөтмөлөрү, оң пикирлери эске алынбай калууда.
Урматтуу мусулмандар, сиздерге кайрылабыз, ушул жалган доомат менен соттолуп жаткан мусулман бир туугандарыбыздын сотуна барып катышып көрүңүздөр. Же соттолуп жаткандардын туугандары менен сүйлөшүп көрүңүздөр. Ошондо бул дааватчылар кимдер экенин билип, күч түзүмдөрүнүн адилетсиздигине күбө болосуздар. Ал эми, укук коргоочулар буйрукту аткарып жатканын, кармалгандардын жаман ишин көрбөгөнүн айтышууда. Анда мындай зулумдукка ким буйрук берип жатат?
Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах (с.а.в) айтты:
«سَيَأْتِي عَلَى النَّاسِ سَنَوَاتٌ خَدَّاعَاتُ، يُصَدَّقُ فِيهَا الْكَاذِبُ، وَيُكَذَّبُ فِيهَا الصَّادِقُ، وَيُؤْتَمَنُ فِيهَا الْخَائِنُ، وَيُخَوَّنُ فِيهَا الْأَمِينُ، وَيَنْطِقُ فِيهَا الرُّوَيْبِضَةُ. قِيلَ: وَمَا الرُّوَيْبِضَةُ؟ قَالَ: الرَّجُلُ التَّافِهُ فِي أَمْرِ الْعَامَّةِ»
«Адамдардын үстүнө жалганчы жылдар келет. Ал жылдарда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга чыгарылат, саткын – аманаткөй, аманаткөй болсо саткын деп эсептелет, ал жылдары рувайбиза сөз сүйлөйт. Ошондо: Рувайбиза эмне? – деп суралды. Пайгамбарыбыз: Жалпынын иши жөнүндө (сүйлөй турган) ахмак кимсе» деп жооп берди.
Кыргызстан мамлекети өз конституциясында “светтик” аталып, бийлик демократияны колдонорун жана ага ылайык адам укуктарын коргой тургандыгын айтып жатса да, бул окуяда мамлекеттик кызматкерлер конституция жана кодекстерде белгиленген мыйзамдарын бузушуп, адам укугун тебелеп жаткандыгы айкын көрүнүп турат.
Расулуллах (с.а.в) бул жөнүндө мындай дейт:
«صِنْفَانِ مِنْ أَهْلِ النَّارِ لَمْ أَرَهُمَا: قَوْمٌ مَعَهُمْ سِيَاطٌ كَأَذْنَابِ الْبَقَرِ يَضْرِبُونَ بِهَا النَّاسَ.. »
«Тозок калкынын эки түрү бар: ушундай бир коом, аларда уйдун куйруктары сыяктуу камчылар болот, аны менен адамдарды уруп-сабашат…».
Эгер орган кызматкерлери бул иштерди өз кызыкчылыктары үчүн кылып жатышса, алар бийликти жаманатты кылып жатышкан болот. Жана дүйнөсү үчүн динин сатып жатышкан эсептелишет. Эгер бул мамлекеттик саясат болуп, бийликке жагынып кылып жатышкан болсо, анда динин бирөөлөрдүн дүйнөсү үчүн сатышыптыр.
Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деди:
»شَرُّكُمْ مَنْ بَاعَ دِيْنَهُ بِدُنْيَاهُ، وَشَرٌّ مِنْهُ مَنْ بَاعَ دِيْنَهُ بِدُنْيَا غَيْرِهِ«
«Силердин жаманыңар – динин дүйнөсү үчүн саткан кимсе, андан да жаманыраак кимсе – динин башка кимсенин дүйнөсү үчүн саткан кимсе».
Эгер бул иштер мамлекеттик саясат алкагында кылынып жаткан болсо, анда бийлик ээлери да диндерин бирөөлөрдүн дүйнөсү үчүн саткан болушат. Анткени, алар мындай саясатты кафир кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн кабыл алышат. Б.а. кожоюндарынын кызыкчылыгы үчүн өз үммөтүнө саткындык кылган болушат.
Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү




