Роя гезити

Судандагы абал: согуш менен убактылуу тынчтык ортосунда

Судандагы абал: согуш менен убактылуу тынчтык ортосунда

Судан армиясы жана аны колдогон кошуундар Ыкчам колдоо күчтөрү менен алардын союздашы болгон Элдик кыймыл Түндүк тарабынан Даланг шаарына коюлган курчоону бузгандан кийин болжол менен бир жума өтүп, Түштүк Кордофан штатынын борбору болгон Кадугли шаарына да коюлган ушундай эле курчоону бузууга жетишти.

Армия Кадуглиге жетүү үчүн аскердик операция баштап, Кадугли–Даланг жолу боюнча Элдик кыймыл Түндүк жана Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы катуу салгылашууларды жүргүздү. Натыйжада Самасим, Каргал, Дишол калктуу пункттарын көзөмөлгө алды. Андан соң Кадуглиден чыккан күч менен Кувейк аймагында жолугушуп, кечинде шаарга кирди.

Ыкчам колдоо күчтөрү жана алардын союздашы Элдик кыймыл 2023-жылдын 15-апрелинде согуш башталгандан тарта алгачкы айлардан бери шаарды курчоого алган болчу. Кадугли Түштүк Кордофан штатынын борбору жана административдик борбору болгондуктан, ошондой эле Кордофан штаттары менен Түштүк Судан чек арасын байланыштырган стратегиялык географиялык жайгашуусуна байланыштуу өзгөчө мааниге ээ.

2026-жылдын 26-январында армия Түштүк Кордофан штатынын Кадуглиден кийинки экинчи ири шаары болгон Даланг шаарындагы курчоону да бузууга жетишти. Бул шаар болжол менен эки жыл бою Ыкчам колдоо күчтөрү жана Элдик кыймыл Түндүк тарабынан курчоодо турган.

Даланг шаары Кадугли менен Түндүк Кордофанды байланыштырган негизги түйүн болуп эсептелет жана калктын, ошондой эле товарлардын кыймылы үчүн маанилүү өтмөк болуп саналат.

Кордофан аймагындагы үч штатта (Түндүк, Батыш, Түштүк) 2025-жылдын октябрынан бери Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар уланууда. Бул кагылышуулар 2023-жылдан бери уланып келе жаткан согуштун алкагында жүрүп жатат.

Ал Омдурмандагы Судандын расмий телеканалынын башкы кеңсесине болгон сапары учурунда сүйлөгөн сөзүндө Өткөөл Суверендүү Кеңештин төрагасы Бурхан мындай деди: «Судандыктарга Кадуглиге баруучу жолдун ачылышы менен куттуктайбыз, ал жактагы элибизди куралдуу күчтөрдүн жетип барганы менен куттуктайбыз. Биздин күчтөр өлкөнүн кайсы бурчу болбосун жетет».

Ал ок атууну токтотуу маселесин Ыкчам колдоо күчтөрүнүн шаарлардан чыгып кетишине байлап: «Биз кандай гана убактылуу тынчтык чакырыгы болбосун кубаттайбыз, бирок ал душмандын күчтөнүшүнө пайдаланылбашы керек жана милициянын кайрадан дем алышына мүмкүнчүлүк берилбеши шарт», – деп түшүндүрдү.

Ошондой эле ал тынчтыкка жана согушту токтотууга болгон ар кандай чакырыкка жооп берилерин айтып, «Биз судан элинин канын сатпайбыз жана алардын укуктарын текке кетирбейбиз», – деп баса белгиледи. Бурхан Эль-Фашер шаарынын тургундарына да кайрылып, куралдуу күчтөр бириккен күчтөр, мобилизациялангандар жана элдик каршылык кыймылынын жардамы менен аларга карай бара жатканын билдирди.

Далангды, же Кадуглини, же башка аймактарды кайра алуу – бул жүрүп жаткан согуштун чыныгы маңызын элден жашыруу үчүн жасалууда. Бул согушту Америка өзүнүн эки агенти болгон генералдар Бурхан жана Дагло аркылуу тутандырган. Максат – Британияны ээрчиген адамдарды четтетип, Американын адамдарын бийликке бекем орнотуп, Суданды бөлүү планынын аткарылышын улантуу. Бул каргыш тийген согушту токтотуучу аскерий чечим жок. Эки тарап болгону чабуул жана артка чегинүү оюнун ойношууда. Көрүнүп тургандай, Америка өз жемишин жыйноо багытындагы даярдыктарды баштады.

2026-жылдын 4-февралында АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлүнүн биринчи орун басары Пиготтун кеңсеси басма сөз жарыялап, анда 2026-жылдын 3-февралында Америка союздаштар жана өнөктөштөр менен иш-чара өткөргөнү, анын алкагында 1,5 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө жаңы гуманитардык жардам көрсөтүү милдеттенмеси алынганы маалымдалды.

Билдирүүгө ылайык, Америка 20дан ашуун донорду Дональд Трамптын Тынчтык институтуна чакырып, анда «Судан үчүн гуманитардык жардам фондунун» алкагында кошумча 200 миллион АКШ доллары бөлүнгөнү жарыяланган. Ошондой эле башка донорлордун, айрыкча Бириккен Араб Эмираттары, Саудия, Катар, Кувейт, Мисир, Чад, Британия, Норвегия жана башка өлкөлөрдүн да кең пейил салымдары белгиленген. Билдирүүдө мындан ары мындай деп кошумчаланды. «Биз 15-апрелде Берлинде өтө турган жолугушууну күтөбүз жана дагы көп мамлекеттердин бул маанилүү гуманитардык аракетке кошулуусуна үмүт артабыз».

Ошондой эле АКШ президентинин араб жана африка иштери боюнча башкы кеңешчиси Массад Булос азыркы учурда Судандагы жаңжалдашкан эки тарапка тең кабыл алынат деп эсептелген документ бар экенин айтып, гуманитардык убактылуу тынчтыкка алып келиши керектигин белгиледи. Ал Вашингтондогу АКШ Тынчтык институтунун штаб-квартирасында Судан боюнча өткөн иш-чарада сүйлөп жатып, Бириккен Улуттар Уюму Судандагы эки тараптын согушкерлерин айрым аймактардан чыгаруу механизмин иштеп чыкканын, бул гуманитардык жардамдын агымына мүмкүнчүлүк берерин айтты. Ал мындан тышкары Судандагы тараптар ортосундагы тынчтык келишими «төрттүк» тарабынан бекитилгенден кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталарын билдирди. Ошондой эле: «Биз Судан боюнча тынчтык келишимин БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуштагандан кийин Тынчтык кеңешине да көтөрө алабыз», – деп кошумчалады.

Ар бир билдирүүсүндө күтүлүп жаткан убактылуу тынчтык тууралуу жарыялары менен белгилүү болгон Булос Судандагы тараптарды АКШ тарабынан колдоого алынган жана «төрт тарап» мамлекеттери тарабынан колдоого алынган планды алдын ала шарттарсыз кабыл алууга чакырган. Бул план 3 айлык гуманитардык убактылуу тынчтыкты орнотууну, андан соң туруктуу ок атышууну токтотууга өтүүнү, андан кийин 9 айлык өткөөл мезгилге жол ачууга багытталган. Бирок АКШнын атайын өкүлүнүн айтымында, бул сунуш эки тараптан тең четке кагылган. Мындан тышкары, Трамп мезгил-мезгили менен өз администрациясы Судандагы жүрүп жаткан согушту токтотуу үчүн жигердүү иштеп жатканын айтып келет. Маселен, ал жыл сайын февралдын биринчи бейшембисинде Вашингтондо өткөрүлүүчү улуттук салттуу таңкы тамак иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө анын администрациясы Судандагы согушту токтотууга абдан жакындап калганын билдирген. Ошондой эле ал Судандагы жаңжал анын администрациясы токтоткон тогузунчу согуш болот деп ырастаган.

Суданды кыйратып, дүйнөдөгү эң ири миграцияны жараткан бул маанисиз согуш башкаруучулардын агенттик саясаты болбогондо болмок эмес. Алар Суданды колонизатор Батыштын пландары үчүн майданга айландырууга макул болушкан. Бул кылмышкерлер каалаганда согушту тутандырып, каалаганда токтотушат.

Судан эли толук укуктарын алган, коопсуз жана татыктуу жашоого тышкы күчтөргө байланышы жок мамлекеттин көлөкөсүндө гана жетише алат. Андай мамлекет өз күчүн Улуу Жаратуучудан алып, бул агенттерди бийликтен шыпырып, Алла жолунда жихад аркылуу бул каапырлардын шайтандык пландарын жок кылат.

﴿لِـمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ﴾

«Мына ушундай (иш) үчүн аракет кылуучулар аракет кылышсын». (Саффат: 61).

Роя гезити

Устаз Абдулхалик Абдун Али

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button