Судандагы эл аралык атаандаштык жана ач көздүктөр

Судандагы эл аралык атаандаштык жана ач көздүктөр
1916-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Британия менен Франциянын ортосунда түзүлгөн жашыруун Сайкс–Пико келишими кийинчерээк француз жана британ мандаттык системаларынын алкагында пайда болгон араб мамлекеттеринин көбүнүн чек араларын чийүүгө негиз болуп берген. Бул келишим мусулман өлкөлөрүнүн бири-биринен бөлүнүп-жарылышынын, атүгүл бир эле өлкөнүн ичинде бир нече алсыз майда мамлекеттерге бөлүнүп кетишинин башкы түйүнү болуп эсептелет.
Ушул баян мусулмандардын жерлеринде Ирактан Шамга, Йемен менен Ливиядан Суданга чейин болуп жаткан окуяларга кириш катары кызмат кылат. Судан эл аралык күчтөрдүн күрөшү жана жаңжалдары үчүн сахнага айланды. Судан Британиядан «көз карандысыздык» алгандан бери, анда мол ресурстар менен байлыктар бар болгондуктан, жамандык күчтөрүнүн көзүн кызыктырган нукка бурулду. Бул күчтөргө аталган ресурстарды жана байлыктарды талап-тоноо үчүн кир колдор керек болду.
Суданды бөлүп-жаруунун алгачкы учкуну анын өзүндө тутанды. Ал Судандын көз карандысыздыгына бир нече ай калганда, тактап айтканда, 1955-жылдын 18-августунда Түштүк Судандын Торит шаарында башталган. Ал жерде түштүктөн чакырылган жоокерлерден түзүлгөн армиянын бир бөлүгү болгон экватордук (истиваия) батальондун күчтөрү Хартумдагы түндүк жетекчиликке каршы көтөрүлүш чыгарган. Бул көтөрүлүштү экватордук бөлүктүн командири, улук лейтенант Леонардо Локия жетектеген. Ал экватордук батальондун көтөрүлүшүн түздөн-түз башкарган аскер башчы катары эсептелет жана бул көтөрүлүш Судандагы биринчи жарандык согуштун алгачкы учкуну болгон.
Көтөрүлүштүн түз себептери бийликтин британ-мисир администрациясынан Хартумдагы саясий элитага өткөрүлүп берилиши менен байланыштуу. Ал мезгилде Америка Ториттеги көтөрүлүштүн түз колдоочусу же тарабы катары көрүнгөн эмес, анткени Түштүк Судан маселеси ал үчүн артыкчылыктуу болгон эмес. Бирок кийинчерээк, айрыкча жарандык согуш кайра тутанып, өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында (1983-ж.) Жон Гаранг жетектеген Суданды боштондукка чыгаруу элдик кыймылы пайда болгондо, Америка бул жаңжалда маанилүү тарапка айланды. Гаранг кыймылына колдоо алуу үчүн дипломатиялык сапарлардын алкагында Америкага барган жана ал кездеги АКШ президенти Жимми Картер сыяктуу адамдардан чакырууларды алган.
1989-жылы Суданда исламий багыттагы «Куткаруу» режими бийликке келгенден кийин, Америка Түштүк Судан маселесин өзүнүн артыкчылыктуу күн тартибине койду да, кагылышууну улам күчөтүп турду. Акыры, согушкан тараптар толук чарчап-чаалыгып, алсырап калганда, эки тарап үчүн тең эң ыктымал жана коопсуз жол катары тынчтык келишимине кол коюу варианты алдыга чыкты. Ошентип, «Куткаруу» режими менен Суданды боштондукка чыгаруу элдик кыймылынын ортосунда тынчтык келишими түзүлдү. Бул процессте Америка тынчтык орнотуу аракеттерин колдогон «үчтүктүн» (Америка, Британия, Норвегия) мүчөсү катары маанилүү роль ойноп, 2005-жылы түзүлгөн Комплекстүү тынчтык келишимине т.а. Ниваша келишимине жетишүүгө салым кошту. Ал келишим акыр-аягы Түштүк Судандын бөлүнүп чыгышына алып келди.
Америка ушул амалкөй планын Түштүк Суданда ишке ашыргандан кийин, аны Судандын калган бөлүгүн бөлүп-жаруунун негизи кылды. Кийинки кезек табигый ресурстарга жана кен байлыктарга бай, ошондой эле мал чарбачылыгы менен түшүмдүү айыл чарба жерлерине ээ болгон батыш Судандагы Дарфур аймагына келди. Мунун баары жана башка себептер Америкага Дарфурду бөлүп алуу планын тездетүүгө түрткү болду.
Бул ресурстарга жалгыз өзү ээ болуу үчүн Америка түштүктөгүдөй эле ыкманы колдонду: Ыкчам колдоо күчтөрү аскердик институтка каршы көтөрүлүп, эч бир нерсени калтырбай жок кылган согушту жарыялады. Анын курмандыгы күнөөсүз адамдар болуп, алар өлтүрүү, зордуктоо, талап-тоноо, кыйроо жана ооруларга дуушар болушту. Ушундай жол менен Америка аскердик күчтөрдү колдонуп, алардын жардамы менен Британиянын агенттери болуп саналган жарандык күчтөрдү жана жарандык өкмөттү четке сүрүп салууга жетишти.
Бүгүн Өткөөл кеңештин төрагасынын орун басары Малик Агар Судан боюнча Британиянын атайын өкүлү, элчи Ричард Краудер менен жолугушту. Анын бул сапары өлкөдөгү саясий жана гуманитардык абалды талкуулоонун алкагында болду. Агар элчинин сапары Судан өкмөтүнүн көз карашын угууга эмес, Улуу Британиянын согушту токтотуу боюнча өз көз карашын алып келиши керек эле деп белгиледи. Ошондой эле өкмөт бардык эл аралык уюмдарга жана дипломатиялык миссияларга жол картасын сунуштаганын, айрыкча милициянын кылмыштары дүйнөнүн бардык экрандарында көрсөтүлүп жатканын айтты.) (Порт-Судан, 4.12.2025-ж.)
Ушундан улам Британия Судан сахнасынан толук чыгып кеткенин, ал эми окуяларды башкарып, кырдаалды катуу көзөмөлдөп турган негизги күч Америка экенин ачык көрүүгө болот.
Судандагы согушту токтотуу боюнча америкалык дипломатиялык аракеттерде жанданууну көрсөткөн кадам, Америка президенти Дональд Трамптын Судан согушу маселесине жеке өзү кызыкдар экенинен билинди. Ал сүйлөшүүлөр үчүн өкүлдөрдү жөнөтпөстөн, жаңжалды токтотуу үчүн түздөн-түз аракет көрөрүн баса белгиледи. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен биргелешкен маалыматтык брифингде айтылды. Ал брифинг CNN жана Fox News сыяктуу АКШнын негизги телеканалдары аркылуу көрсөтүлдү. Ак үйдө Трамп Рубио менен чогуу чыгып, Рубио президенттин позициясын толук колдой турганын билдирип: «Президент Трамп бул маселеге жеке өзү көңүл бурат, бул иш үчүн өкүлдөрдү жөнөтпөйт… анткени ал дүйнөдө бул согушту токтото ала турган жалгыз лидер», — деди.
БУУнун отчетторуна ылайык, бул жаңжал он миңдеген адамдардын өмүрүн алып, 12 миллиондон ашык адамды жер которууга мажбур кылды. Трамп бул ишке жеке өзү киришерин өткөн жылдын ноябрь айында Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын Вашингтонго болгон сапары маалында түз кайрылуусунан кийин билдирген. Ал мурдагы билдирүүсүндө: «Бул акылга сыйбаган жана көзөмөлдөн чыккан абал эле, бирок эми мен Судан боюнча ишти баштайм», — деген. («Ас-Судани»).
Америка согушту токтотуу процессин көзөмөлдөйт, бирок бул «аш» толук бышып жетилгенде гана болот, башкача айтканда, Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфур аймагынын үстүнөн бүтүндөй үстөмдүк орноткон соң же дээрлик ошого жеткен учурда гана ишке ашат.
Эй, Судан калкы! Эмне үчүн биз жаңы Сайкс–Пикого жол беребиз? Момун бир тешиктен эки жолу чактырылмак беле?! Кантип ондогон жылдар бою өлкөбүздүн кыйроосуна себеп болгон тарап биздин мамилелерибизге жана ооруларыбызга даба болуп калсын?! Андыктан биз ага каршы тик туруп «жок» жана «миң жолу жок» деп айтууга тийишпиз. Ресурстарыбызды талап-тоноону жана өлкөбүздү бөлүп-жарууну көздөгөндөрдүн баарынын башына үстөлдү төңкөрүп салуубуз керек. Бул болсо атаандаштардын жүрөгүн калчылдата турган туура жолдогу башкаруу системасын орнотуу менен гана мүмкүн. Буга Халифалык мамлекети гана татыктуу.
Устаз Абдуссалам Исхак
Роя гезити




