Сакофий
Trending

Дин кызматкерлери деген түшүнүктү жоюу тууралуу

Дин кызматкерлери деген түшүнүктү жоюу тууралуу

Суроо: Конституция долбоорундагы 10-берененин аягында

(… وعلى الدولة أن تمنع كل ما يشعر بوجودهم من المسلمين)

«Мамлекет мусулмандар ичинде буга байланыштуу болгон ар кандай абалдарга тыюу салат» – деген сүйлөмдөн эмне түшүнүлөт? Бул чечим шейхтер менен мечит имамдарына расмий кийимдерди (топу, селде жана жубба) кийүүгө тыюу салынат болот дегенди билдиреби?

Жооп: Андай эмес. Мамлекет тыюу сала турган нерсе – бул христиандардагыдай «дин кызматкерлери» түшүнүгү. Алардын арасында дин кызматкерлерине хос атайын кийим бар, ошол кийим аларды башкалардан бөлүп, аларды гана арам-адалды белгилөөгө укуктуу кылат. Кийин капитализм пайда болгондо ага байланыштуу түшүнүк да пайда болгон: руханий бийлик өзгөчө кийими бар «дин кызматкерлерине» гана чектелет, ал эми дүйнөлүк бийлик «секуляристтерге» (мамлекет кызматкерлерине) берилет. Ошондуктан капиталисттик мабда негизинде аларда «мамлекет адамдары» «дин кызматкерлеринин» кийимин кийиши мүмкүн эмес болуп калган. Башкача айтканда, аларда динди мамлекеттен бөлүү түшүнүгү бар, бул капитализм менен түз байланышкан.

Бизде, исламда болсо, динде адистешкен, арам-адалды чечмелөөгө башкалардан артык укук берилген «адамдар» жок. Ошондой эле бизде дин менен мамлекетти бөлүү деген түшүнүк да жок, руханий бийлик, дүйнөлүк бийлик деп да бөлүнбөйт. Дал ошол түшүнүк жана ага байланышкан бардык нерселер жоюлушу зарыл.

Ал эми арам-адалды белгилүү бир кийим кийген айрым адамдарга гана байлап коюу – бул түшүнүк көпчүлүк мусулмандарда жок. Бул багытта Хизб жүргүзгөн ишмердик өз жемишин берди: көптөгөн адамдар расмий кийим кийген ошол шейхтерден өкүм алуу үчүн кайрылбай калышты, анткени аларга ишеним жок.

Ал эми «руханий иштерди» да ошол расмий «дин кийиминдеги» адамдарга гана байлоо – бул да мусулмандар арасында дээрлик жокко эсе. Анткени бүгүнкү күндө мусулмандар өкүм жана саясат жөнүндө сүйлөгөн шейхтерге умтулушат, аларды кадырлап, урматташат. Ал эми ибадаттарга гана көңүл буруп, өкүмдарларды мухасаба кылбаган шейхтерге болсо адамдар урмат менен карашпайт.

Ошентсе да, шейхтердин жана мечит имамдарынын ушул өзгөчө кийими айрым жөнөкөй адамдарды жаңылыштыкка түртүшү мүмкүн: алар динде, ибадат сыяктуу иштерге гана адистешкен өзгөчө адамдар бар жана алардын саясатка эч кандай тиешеси жок деп ойлошот. Ал эми саясат жана анын иштерине тиешеси барлар – башка «мамлекет адамдары» деп түшүнүшөт.

Ошондуктан мамлекет шейхтер менен мечит имамдарынын өзгөчө кийим көрүнүшүн жоюуга аракет кылат. Бирок бул аларды аны кийүүгө тыюу салуу аркылуу эмес, тескерисинче, ошол кийимди белгилүү бир катмарга гана таандык кылууну жоюу аркылуу ишке ашат. Маселен, адамдар суу же электр акысын чогулткан кызматкерди жубба менен селде кийип келгенин көрүшү мүмкүн, же халифа менен анын валийин Пайгамбарыбыз ﷺ  доорундагыдай селде кийген абалда көрүшөт, ал эми мечиттин имамын болсо кадимки кийимчен көрүшөт. Башкача айтканда, кийимдин бир гана катмарга таандык болушу жоюлат. Бул үчүн өзүнчө чечим чыгарыштын зарылдыгы жок, айрым ылайыктуу ыкмалар менен жетишүүгө болот. Мисалы, курулушка уруксат алууга барсаң, сага текшерүүгө чыккан инженер селде кийип чыгышы мүмкүн, же нике кыйган молдо икаль менен хитта (арабдардын салттуу баш кийимдери) кийген болушу мүмкүн. Ошентип, кандайдыр бир кийимди хаким же шейхке гана тиешелүү деген түшүнүк жоюлат.

Бул – исламда толук кабыл алынган жана акылга сыярлык нерсе. Чынында мусулмандар алгач дал ушундай болгон: халифа элге намазда имамдык кылган, бирок эч ким анын кийиминен ал хаким, казы же жөнөкөй киши экенин айырмалай алган эмес. Хадисте келгендей, Пайгамбарыбыз ﷺ  сахабалар менен отурганда, сырттан келген киши алардын ичинен ким Пайгамбар экенин кийиминен таанып биле алган эмес.

Демек, мамлекет шейхтердин кийимине тыюу салуу тууралуу чечим чыгарбайт, болгону бул кийимдин «атайын адистерге» тиешелүү деген түшүнүгүн гана жоёт жана аны исламга каршы түшүнүк кылып бекитүүгө жол бербейт. Ошондой эле башка кийимдер менен да ушундай иш жүргүзүлөт: дин үчүн өзгөчө адамдар, мамлекет үчүн өзгөчө адамдар бар деген түшүнүккө негиз боло турган кийимдерди жоюп, ар кимге каалаган мубах кийимди кийүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондо белгилүү бир кийимди «дин адистерине» монополия кылып, эл руханий маселелерде аларга гана кайрылып, саясий маселелерде башкаларга кайрылуусу болбойт. Тескерисинче, мусулмандардын баары Исламдын бардык тармактарында жоопкерчиликти көтөрөт жана ким кандайдыр бир маселе боюнча илимге ээ болсо, ал селде кийсе да, башы ачык болсо да ошол маселе боюнча аалым болуп эсептелет.

3 жумадал-ула, 1425-х.

21/06/2004-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button