Ижтимаий түзүмү китебинен суроого жооп

Ижтимаий түзүмү китебинен суроого жооп
Суроо: «Ижтимаий түзүм» китебинин 41-бетинде мындай деп келген:
إذا زوّج أحدكم خادمه عبده أو أجيره فلا ينظر إلى ما دون السرّة وفوق الركبة فإنَّه عورة
«Эгерде кимдир бирөө күңүн кулуна же жумушчусуна турмушка берсе, анда тизеден жогору жана киндиктен төмөн жерине карабасын, анткени ал аврат болуп саналат». Бул хадис эркек аялдын, ошондой эле аял эркектин аврат эмес жерлерине карашы жаиз экендигине далил катары келтирилген. Кызматчысын киндиктен төмөн жана тизеден жогору жерине кароодо үйлөндүрүүдөн мурун жана үйлөндүргөндөн кийинки абалдын ортосундагы айырма эмнеде?
Жооп: Хадистин мааниси мындай: «Эгерде бирөөңөр өзүнүн күң аялын (أمة) турмушка берсе…». Бул жерде “الخادم – кызматчы” деген сөз араб тилинде эркекке да, аялга да колдонулат. Демек, сөз күң аял тууралуу болуп жатат.
Эгерде күң аял кожоюну тарабынан башка бирөөгө никеленбеген болсо, ал кожоюну мүлкү болуп эсептелет жана кожоюну анын авратын кароосу жаиз. Бирок ал башкага күйөөгө берилгенден кийин, кожоюну үчүн анын авратын кароо харам. Бирок ал күң бойдон калса (эркиндикке чыгарылбаса), анда кожоюну анын аврат жеринен башка дене мүчөлөрүн кароосу жаиз, тагыраак айтканда тизеден төмөн жана киндиктен жогору жерлеринен башка дене мүчөлөрүн карашы жаиз.
Эгерде ал эркиндикке чыгарылып, азат аялга айланса, анда кожоюну үчүн анын жүзү менен колдорунан башка жерине кароо толук харам болуп калат. Ошондуктан тексттеги:
«Эгерде бирөөңөр кызматчысын кулуна же жумушчусуна үйлөндүрсө…» деген сүйлөмдө «бирөөңөр» – бул “завважа” феълинин фаъили, «кызматчысын» – “завважа” феълинин биринчи мафъулу, ал эми «кулуна» – “завважа” феълинин экинчи мафъулу болот. Демек, бул “кызматчысына” ъатф баян эмес.
Ошондуктан хадис кожоюндун өз күңү «милкуль-йамин» болгону үчүн толук денесин кароо жаиз экенине далил болот. Бирок ал башкага турмушка берилгенде, кожоюнуна халал болбой калгандыктан, анын авратына кароо харам болуп калат. Башкача айтканда, тизеден жогору жана киндиктен төмөн жерине кароо харам. Анткени ал азат кылынбастан, күң бойдон калууда.
Ошентип, хадистин түз мааниси – эркек аялдын авратына кароосу харам экенине далил болот. Ал эми бул мааниден түшүнүлгөн мафхум – эркек аялдын авраты эмес жерлерине кароо жаиз, ал аял азатпы же күң болобу – айырмасы жок. Ошо сыяктуу эле аял да эркектин аврат эмес жерлерине шариат чегинде караса болот.
19-жумадал-ула, 1425-х.
06/07/2004-ж.