Кредиттик карта тууралуу

Кредиттик карта тууралуу
Суроо: Жумуш берүүчүнүн кызматкерге кредиттик карта берүүсүнүн өкүмү кандай?
Жооп: Жумуш берүүчү кызматкерге өз иши үчүн пайдаланууга кредиттик карта берсе, мисалы, кызматтык сапарга билет сатып алуу сыяктуу, анда бул жайиз жана эч кандай маселе жок. Анткени кызматкер жумуш берүүчүдөн алган акыны жана ишине байланышкан чыгымдарды пайдаланат. Бул кызматкер үчүн адал болуп эсептелет, ал тургай жумуш берүүчү бул мүлктү шариатка каршы жол менен (мисалы, сүткорлук аркылуу) тапкан болсо да, күнөө сүткор эмгек берүүчүгө жүктөлөт. Ал эми кызматкер болсо эмгек акысына адал түрдө ээ болот.
Ошондуктан кызматкер жумуш берүүчү берген кредиттик карта менен жумушуна байланышкан чыгымдарды төлөсө – бул адал. Карта келишиминдеги күнөө анын ээси – жумуш берүүчүгө болот, кызматкерге эмес.
Бирок эгерде адам өзүнүн досуна же тууганына кредиттик карта берсе, ал аны менен товар сатып алып, анан баасын карта ээси аркылуу төлөп берсе, анда бул «каржылык кепилдик» الكفالة المالية) ) болуп эсептелет. Башкача айтканда, карта ээси досуна соодагер алдында кепил болуп, товар үчүн төлөп берүүнү моюнуна алат (соодагер товар баасын карта ээси аркылуу каттайт).
Бирок бул келишимдин туура болушу үчүн төмөнкү шарттар талап кылынат:
А – Кепилдик алган тарап, тагыраак айтканда соодагер карта ээсине белгилүү болушу керек. Башкача айтканда, картаны алган адам карта ээсине, белгилүү бир соодагерден баланча товар сатып алып жатам деп билдирүүсү шарт.
Б – Акылуу милдет сөзсүз түрдө сатып алуучунун мойнунда болушу же милдетке айланып калышы керек. Башкача айтканда:
- же сатып алуучу соодагерден товарды карызга сатып алган болот да, досунун картасын алып, соодагер карызды карта ээсине каттап, төлөмдү кабыл алат;
- же милдетке айланып кетүүчү абалда болот, башкача айтканда, ал картаны алып, аны менен соодагерден товар сатып алууга барат. Бул учурда кепилдик товар сатып алууга байланат. Товар сатып алынганда гана баа сатып алуучунун мойнунда милдет болуп калат. Башкача айтканда, картаны алганда карыз анын мойнунда али милдет болбойт, бирок аз убакыттан кийин – соодагерге барып товар сатып алганда гана – милдет пайда болот. Мындай болсо, жаиз болот.
Ал эми картаны алып, аны менен каалаган учурда, каалаган жерден, каалаган товарды сатып алса, анда бул туура эмес. Анткени кепилдик берилген тарап белгисиз болуп калат жана милдеттүү болгон карыз да, милдетке айланып кетүүчү карыз да жок болот.
Мунун баары ушул шарттар менен гана жаиз болот: карта ээси картаны алган досунан сатып алынган товар үчүн болгон бааны гана ала алат. Ага эч кандай кошумча акы – аты кандай аталбасын (мисалы, төлөм, пайыз, кызмат акысы же ижара) – кошулбайт. Анткени кепилдик акы менен болбойт. Ошондой эле карызды көбүрөөк сумма менен кайтарып берүү риба болуп эсептелет.
25.02.2004-ж.