Табарруж жана авратты жабуу тууралуу

Табарруж жана авратты жабуу тууралуу
Суроо: «Табарруж» — бул көңүлдү өзүнө бура турган зыйнат дегенди билдирет. Ошондуктан, эгер аялдын жоолугу кичине болуп, чачынын же моюндун бир аз бөлүгү көрүнүп калса, ал табарруж болуп эсептелеби? Ошону менен бирге, чачтын же моюндун бул аз гана көрүнгөн бөлүгү көңүл бурдурбасачы, анткени учурда көптөгөн аялдар көчөдө адатта жоолуксуз жүрүшөт жана бул көрүнүш азыр көңүл бурдурбай калган болсочу?
Жооп: «Табарруж» — бул аврат ачылбастан, көңүлдү өзүнө бура турган түрдө жасануу. «Аврат ачылбастан» деген чектөө коюлган, анткени эгер жасаныш аврат менен коштолсо, ал көңүл бурдурбаса да, бурдурса да — харам болот.
Демек, сөз аврат ачылбаган учурдагы жасаныш жөнүндө болуп жатат. Мисалы, аял жүзүн, манжаларын, жоолугу же жоолугунун үстүн кооздоп, же жоолук астындагы бутуна кооздук кийип жасанса… Ушул сыяктуу жасаныштар эгер аял жүргөн чөйрөдө адаттан тыш болуп, көңүлдү бура турган болсо, бул табарруж болот жана харам болуп саналат.
Мисалы, аял манжаларына боёк сүртүп жасанып алса, ал жашаган аймакта аялдын манжалары мындайча көрүнүшү адатта болбосо, анда бул жасаныш көңүлдү бурат жана табарруж болуп эсептелет. Демек кол аврат болбосо да бул харам болот.
Эгер аял жерге катуу басып, анын бутундагы жасалгасы (мисалы, коңгуроо же кооздук) үн чыгарып көңүл бурдурса, анын буту жабык болсо да бул табарруж жана харам болот.
Ошондой эле, эгер аял жоолук кийип, бирок ал жоолук адаттан тыш, көзгө урунарлык, өтө кооз, жаркыраган түрдө болсо, анын чачы толук жабык болгон күнү да табарруж болуп эсептелет жана харам болот. Эгер аял көкүрөк жагында көңүлдү өзүнө бура турган сүрөттөр түшүрүлгөн жилбаб кийсе, анда бул да табарруж болуп эсептелет жана харам болот, анын башка кийими шариатка ылайык келип турса да. Ошентип, аврат ачылбастан көңүлдү бура турган ар кандай жасаныш табарруж жана харам болот. Ал эми аврат ачылгандагы жасаныш болсо, көңүл бурдурса да, бурдурбаса да харам.
Буга далил, Аллах Тааланын сөзү:
﴿وَلَا يَضْرِبْنَ بِأَرْجُلِهِنَّ لِيُعْلَمَ مَا يُخْفِينَ مِن زِينَتِهِنَّ﴾
«Дагы жашырган (көмүскөдөгү) кооздук жасалгалары билинсин үчүн буттарын (жерге) урушпасын!» (Нур: 31).
Бул аятта аялдын бутуна илген жасалгаларын (мисалы, коңгуроосун) угузуу аркылуу көңүл бурдуруу харам экени айтылууда, бирок анын авраты жабык бойдон турат. Демек, аврат ачылбастан көңүлдү бура турган ар кандай жасаныш табарруж болот, ошондой эле харам болот.
Жыйынтык:
Аврат ачылбастан көңүлдү өзүнө бура турган ар кандай жасаныш — табарруж болуп харам болот. Ал эми аврат ачылган жасаныш көңүл бурдурса да, бурдурбаса да харам. Албетте, авратты ачуу өзү эле харам.
Ошондуктан, аялга шариатта адатта мубах болгон, бирок көңүлдү өзүнө бура турган ар кандай жасаныш — табарруж болуп, харам болуп эсептелет. Бул нерсе аял жашаган чөйрөнүн шарттарына жана коомдук көрүнүшүнө жараша белгилүү болот. Көпчүлүк учурда муну түшүнүү кыйын эмес, анткени адамдар — аял да, эркек да — бул нерсенин көңүл бурдурганын же бурдурбаганын өздөрү баамдай алышат. Анткени көңүлдү өзүнө буруу — мубах болгон жасанышты табарруж же табарруж эмес деп өкүм чыгарууда чечүүчү белги болуп саналат.
Ал эми авраттын үстүндөгү жасаныш болсо, бул табарруж темасына кирбейт, анын өкүмү аврат маселесине тиешелүү, жана анын далилдери ачык-айкын. Аял үчүн авратынын кандай гана бөлүгү болбосун көңүл бурдурса да, бурдурбаса да көрсөтүү харам.
Аллах Таала мындай деп айткан:
﴿وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَلْيَضْرِبْنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلَىٰ جُيُوبِهِنَّ وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا لِبُعُولَتِهِنَّ أَوْ آبَائِهِنَّ أَوْ آبَاءِ بُعُولَتِهِنَّ …﴾
“Ошондой эле көрүнүп тургандан башка кооздук – жасалгаларын (тактап айтканда үстүлөрүндөгү кийимдеринен башка кооздук жасалгаларын чоочун бирөөлөргө) көрсөтүшпөсүн жана көкүрөктөрүн оромолдору (жоолуктары) менен тосушсун! Алар кооздук жасалгаларын көрсөтүшпөсүн, бирок эрлерине гана (көрсөтүүлөрү мүмкүн)”. (Нур: 31)
Бул аяттагы {ما ظهر منها } – “көрүнүп тургандан башка” дегенди Ибн Аббас رضي الله عنهما жүз жана колдор деп тафсир кылган.
Пайгамбарыбыз ﷺ да мындай деген:
«إن الجارية إذا حاضت لم يصلح أن يرى منها إلا وجهها ويداها إلى المفصل»
«Кыз балагатка жеткен соң, андан билекке чейинки колу жана жүзүнөн башка жерин көрүү жаиз эмес» (Абу Дауд риваяты).
Демек, жүз менен колдон башка дене бөлүктөрүн аялдын күйөөсүнөн же махрамдарынан башка адамдарга көрсөтүүсү харам экендиги катъий далилдер менен белгиленген.
Ошондуктан, аялдын мойну жана чачы көрүнбөс үчүн жетиштүү чоң жоолук (химар) кийиши важиб. Ал жоолугун мойнун жана көкүрөгүн жаап, үстүнөн чүмкөп салышы керек, ошондо анын денесинен жүзү менен колдору гана көрүнүп турат. Аллах Таала мындай деген:
﴿وَلْيَضْرِبْنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلَىٰ جُيُوبهن}
“Жана көкүрөктөрүн оромолдору (жоолуктары) менен тосушсун!”, — башкача айтканда, жоолук моюнду жана көкүрөк жакты жапкандай жабылышы керек, ошентип, ал чачты, кулакты жана моюнду жаап турат, жүз менен колдордон башкасынын көрүнүшүнө жол берилбейт.
10.10.2006-ж.




