Фикхий

Талакты белгилүү убакытка байлоо жана камалган адамды ажыраштыруу маселеси

Талакты белгилүү убакытка байлоо жана камалган адамды ажыраштыруу маселеси

Суроо: Ассаламу алайкум, талакты белгилүү убакытка байлоо жайизби? Ошондой эле камалган адам менен ажырашууну талап кылууга болобу?

Жооп: Уа алайкум ассалам.

1 – Белгилүү убакытка байланып берилген талак – الطلاق المضاف:

Белгилүү бир мөөнөткө байланып айтылган талак шариатта жарактуу жана убактысы келгенде күчүнө кирет. Бул «сен бир айдан кийин талаксың» деген сыяктуу сөздөр менен айтылган талак болуп саналат. Ошондуктан, түрмөгө камалган бир тууганыбыз аялына «сен алты айдан кийин талаксың, кааласаң турмушка чык» деп айтса, алты ай өткөндөн кийин талак күчүнө кирет.

2 – Камалган адамды ажыраштыруу – التفريق بسبب الحبس

Фыкх илими боюнча аалымдардын көпчүлүк пикирине ылайык, камакта отурган адамды ажыраштырууга жол берилбейт. Башкача айтканда, күйөөсү канча убакыт түрмөдө болсо да, аял сотко кайрылып ажырашуу талабын коюуга укугу жок.  Анткени, күйөөсүнүн жашоосу же өлүмү белгисиз эмес. Ал тирүү жана анын жоктугу белгилүү себепке байланыштуу. Бул пикирди ханафий, шафий жана ханбалий мазхабдары карманышат.

Бирок Имам Маликтин пикири боюнча, эгер аял күйөөсүнүн камалганынан зыян тартып жатканын айтып, сотко кайрылса жана бул камак бир жылга созулган болсо, анда ажырашууга уруксат берилет.

Биз бул маселе боюнча белгилүү бир мазхабды табанний кылып, аны кармоого чакырбайбыз, аял каалаган мазхабды ээрчисе болот. Бирок мен аялзатына сабыр кылууну кеңеш берет элем. Балким, Аллах Таала күйөөлөрүнө чыгуучу жол ачып, алар үйлөрүнө кайтып келишет. Ошондо аял, күйөөсү жана бүт үй-бүлө жакшылыкта чогулат. Сабыр кылгандыгы үчүн аялга чоң сооп жазылат. Чындыгында, Аллах сабыр кылгандар менен бирге.

Эгер аял ажырашууну катуу кааласа, анда бул өтүнүчүн күйөөсүнө өзү билдиргени жакшы. Менимче, күйөөсү эгер аялы ажырашууну суранып, анын артында калуусу зыян алып келерин билсе, ага талак берүүдөн баш тартпайт.

Саламым жана урматым менен бир тууганыңыз.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button