
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Форекс рыногундагы соода
Амин Жарардын суроосуна жооп
Суроо: Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху
“Форекс рыногунда (валюта рыногу) акчадагы айырма келишимин (CFD келишими) колдонуу менен соода кылууга болобу? Бул жерде соода жана спекуляция активди кадимкидей сатып алуу жана сатууга эмес, анын баасынын кыймылына негизделет. Форекс рыногу – бул соодагерлерди, финансылык ортомчуларды жана банктар жана хедж-фонддор сыяктуу башка мекемелерди көзөмөлдөгөн эл аралык органдар жана институттар тарабынан жөнгө салынуучу глобалдык рынок.
Форекс рыногуна кирүү үчүн мага келишим жана ишкердик келишим түзгөн финансылык ортомчу (брокер) керек. Бул келишимге CFD келишими кирет, ага ылайык мен бул брокерге белгилүү бир суммадагы акча салам жана телефонумдагы тиркеме аркылуу чет элдик валюталар менен соода кыла алам.
Бул темага байланыштуу көптөгөн фатвалар адал же арам деп бергенине карабастан, алар финансы рычагы маселесине жана түнкү төлөмдөр (риба) маселесине гана токтолушкан. Бул арам нерселерден соода жүргүзүүдө оңой эле качууга боло турган нерсе, бирок суроонун маңызы келишимдин принциби, ал шариятка каршы келбейби?
Жооп:
Уа алейкум ассалам уа рахматулоохи уа баракаатуху.
Мен Forex жөнүндө билгеним, Forex – бул “Foreign Exchange”, деген аталыштын кыскартылган түрү б.а. чет өлкөлүк валюта алмашуу. Бул баалардын айырмасынан пайда табуу максатында валюталар менен соода жүргүзүү үчүн түзүлгөн ири глобалдык рынок. Биз буга чейин ушул сыяктуу суроого 2024-жылдын 14-октябрында жооп бергенбиз жана мен андан валюта соодасы жөнүндө айтылгандарды цитата келтирем:
Алтын жана күмүш менен соода кылуу: Алтын менен күмүштү бири-бири менен же накталай акча менен сатуу жана сатып алуу колмо-кол болушу керек. Аль-Бухари жана Абу Дауд Умардан риваят кылган хадисте: «الذَّهَبُ بِالْوَرِقِ رِباً إِلَّا هَاءَ وَهَاءَ» “Алтындын ордуна күмүш алуу сүткордук болуп саналат, эгерде ал колмо-кол болбосо” деген. Башкача айтканда, колдон колго берилиши керек. Ошондуктан, алтынды күмүшкө же накталай акчага сатып алуу, эгерде алмаштыруу дароо болбосо, ал жараксыз.
Онлайн соода кандайча иштээрин билгенден кийин, алмашуу дароо эмес, бир нече саатка же күнгө созулушу мүмкүндүгүн билдик. Ошондуктан, алтын же күмүштү сатып алгандан кийин акча карта эсептен дароо алынып салынбаса, электрондук карта менен онлайн алтын жана күмүш сатып алуу жаиз эмес. Башкача айтканда колдон колго өткөн ар кандай бүтүмдөрдө, эсебиңизден сумма чыгарылмайынча, алтын же күмүш алынбайт. Онлайн соода дароо алмашууну камтыбагандыктан, тескерисинче, бир же эки күндөн кийин жүргүзүлгөндүктөн, ал жаиз эмес.
Акциялар жана облигациялар менен соода кылууга тыюу салынат, анткени акциялар шарият боюнча батыл (жараксыз) акционердик коомдорго таандык жана облигациялар сүткорлукка байланыштуу. Биз акционердик коомдор темасын “Экономика түзүмү” китебинде, ошондой эле “Финансы рыногундагы кризистер” китепчесинде жана башка китептерде талкууладык. “Финансы рыногундагы кризистер” китепчесинде биз бул маселени төмөнкүдөй кыскача баяндадык: “Ал эми бул акциялар жана карыздык облигациялар менен иштөөнүн өкүмүнө келсек, аны сатып алуу же сатуу болобу, тыюу салынган, анткени бул акциялар шарият боюнча жараксыз акционердик коомдордун акциялары болуп саналат. Булар жараксыз келишимде жана жараксыз бүтүмдө уруксат берилген капиталдын жана тыюу салынган пайданын аралаш өлчөмдөрүн камтыган облигациялар. Ар бир облигация батыл компаниянын активдеринин үлүшүн билдирет. Бул активдер ислам мыйзамдары тарабынан тыюу салынган жараксыз бүтүмгө катышкандыктан, алар арам акчага айланган жана аларды сатууга, сатып алууга же алар менен иштөөгө уруксат берилбейт. Ошол эле нерсе акча пайыздар менен инвестицияланган карыздык баалуу кагаздарга, мисалы, банк акцияларына же ушул сыяктуу нерселерге да тиешелүү. Анда тыюу салынган акчалар бар, ошондуктан аны сатуу жана сатып алууга тыюу салынат, анткени андагы акча тыюу салынган акча”. Цитата аяктады.
Доллар жана евро сыяктуу кагаз валюталарды онлайн соодалоого тыюу салынат, анткени валюта алмашууда өтө маанилүү болгон колмо кол алмашуу жок. Колмо кол алмашуу алтын жана күмүшкө, ошондой эле кагаз валюталарга тиешелүү, анткени алар акча жана эмгек акы катары колдонулат.
Биз 2004-жылдын 7-ноябрындагы суроого жооп катары төмөнкүлөрдү билдирдик:
Кагаз акча менен иштөө: Ооба, алтынга жана күмүшкө тиешелүү нерсе аларга да сүткордук жана башка акчаны жөнгө сала турган өкүмдөр жагынан кагаз акчаларга да тиешелүү. Себеби, бул кагаздар баалар жана эмгек акы катары колдонулушу аларды валюта эрежелерин кабыл алууга мажбурлайт. Ошондуктан, бул кагаздар менен иштөөдө сүткордукка алып келбөөсү үчүн сатып алуу хадисте айтылган (колмо кол) болушу керектигине баш ийет, башкача айтканда, бул карыз эмес.
Тема төмөнкүдөй:
يقول الرسول ﷺ: «الذَّهَبُ بِالذَّهَبِ، وَالْفِضَّةُ بِالْفِضَّةِ، وَالْبُرُّ بِالْبُرِّ، وَالشَّعِيرُ بِالشَّعِيرِ، وَالتَّمْرُ بِالتَّمْرِ، وَالْمِلْحُ بِالْمِلْحِ، مِثْلًا بِمِثْلٍ، سَوَاءً بِسَوَاءٍ، يَداً بِيَدٍ، فَإِذَا اخْتَلَفَتْ هَذِهِ الْأَصْنَافُ فَبِيعُوا كَيْفَ شِئْتُمْ إِذَا كَانَ يَداً بِيَدٍ»
Аллахтын элчиси, (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) мындай деген: “Алтынга алтын, күмүшкө күмүш, буудайга буудай, арпага арпа, курмага курма жана тузга туз, бирдей, барабар, колмо кол болушу керек. Эгерде бул товарлар айырмаланса, анда каалагандай саткыла, эгер ал колмо кол сатылса”. Бул хадисти Бухари жана Муслим Убада ибн ас-Самиттен (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылышкан.
Текстте сүткордукту камтый турган товарлардын бул түрлөрү айырмаланганда, сатуу сиз каалагандай болушу керектиги, башкача айтканда, окшошту окшошко алмаштыруу шарт эмес, тескерисинче, алмашууда колмо кол шарт экени ачык көрсөтүлгөн. “Түрлөр” деген термин жалпысынан сүткордук болуп калышы мүмкүн болгон бардык түрлөрүндө б.а. алты нерседе колдонулат жана андан тексттен бул алты нерсенин бирөө да истисна болбойт бир гана насс келсе истисна болот. Бул жерде истисна кылган насс жок. Өкүм буудайды арпага, буудайды алтынга, арпаны күмүшкө, курманы тузга, курманы алтынга, тузду күмүшкө колмо-кол болсо каалагандай алмаштырууга болот. Алмашуу бааларынын жана баалардын айырмачылыктарына карабастан, ал колмо-кол берилиши керек, башкача айтканда, ал карыз эмес нак сатылат. Алтынга жана күмүшкө тиешелүү нерсе (аны валюта катары колдонуу б.а. төлөм жана эмгек акы катары) болгондуктан ал кагаз акчага да тиешелүү”. Аягы.
Алтын сатып алуу жана сатуу боюнча онлайн соода кандайча жүргүзүлөрүн изилдөө көрсөткөндөй, эсептешүү келишим түзүлгөн күндөн тартып бир же эки күнгө кечигип жаткандыгын көрсөттү. Бул Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Колмо кол болушу керек” деп айткан дароо алмашуунун макулдашылган шартына карама-каршы келет.
Аль-Бухари Аль-Бара ибн Азибден риваят кылат, ал мындай дейт: Биз Пайгамбардан (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бул тууралуу сурадык, ал: «مَا كَانَ يَداً بِيَدٍ فَخُذُوهُ وَمَا كَانَ نَسِيئَةً فَذَرُوهُ» “Колмо-кол болгон нерсени алгыла, ал эми карызга алынган нерсени таштагыла”, – деди.
وأخرج مسلم عن مَالِكِ بْنِ أَوْسِ بْنِ الْحَدَثَانِ أَنَّهُ قَالَ: أَقْبَلْتُ أَقُولُ: مَنْ يَصْطَرِفُ الدَّرَاهِمَ؟ فَقَالَ طَلْحَةُ بْنُ عُبَيْدِ اللَّهِ وَهُوَ عِنْدَ عُمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ: أَرِنَا ذَهَبَكَ ثُمَّ ائْتِنَا إِذَا جَاءَ خَادِمُنَا نُعْطِكَ وَرِقَكَ. فَقَالَ عُمَرُ بْنُ الْخَطَّابِ: كَلَّا وَاللَّهِ لَتُعْطِيَنَّهُ وَرِقَهُ أَوْ لَتَرُدَّنَّ إِلَيْهِ ذَهَبَهُ فَإِنَّ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ قَالَ: «الْوَرِقُ بِالذَّهَبِ رِباً إِلَّا هَاءَ وَهَاءَ…
Муслим Малик ибн Авс ибн аль-Хадасаани мындай дегенин кабарлайт: Мен келип: Дирхамдарды ким алмаштырат? – деп сурадым. Талха ибн Убайдуллах Умар ибн аль-Хаттабдын алдында эле : “Алтыныңды көрсөт, анан кызматчыбыз келгенде бизге кел, биз сага күмүшүңдү беребиз”, – деди. Ошондо Умар ибн аль-Хаттаб: Жок, Кудайга ант болсун, сен ага күмүшүн беришиң керек же алтынын кайтарып беришиң керек, анткени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): “Алтынга күмүш – бул сүткордук, эгерде ал колмо кол берилбесе…» – деп айткан деди.
Ошондуктан, евро, доллар жана башка валюталарды онлайн режимде соодалоого уруксат берилбейт, анткени дароо алмаштыруу мүмкүн эмес (жооптон цитата аятады).
Ошондуктан, жогоруда түшүндүрүлгөндөй соода жараксыз болгондуктан, жогоруда айтылган ишти аткаруу келишими да жараксыз.
Менин оюмча, бул маселеде эң ыктымалдуу жооп ушул, Туурасын Аллах билет ал өкүмдар жана билүүчү.
Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рашта.
1447-х, 11-жумаадил уула.
2025-ж, 3-ноябрь.




