Фикхий
Халифага шарт коюунун өкүмү

Халифага шарт коюунун өкүмү
Суроо:
Халифага шарт коюу жаизби? Ошондой эле Усман رضي الله عنه га байъат берүү учурунда болгон окуяны кантип түшүнүү керек?
Жооп:
А) Үммөт халифага шарт койбойт, анткени халифа өкүм жүргүзүүнү Шариат көрсөтмөсүнө ылайык жүргүзөт. Демек, анын ишмердиги Шариат менен чектелет жана ошол негизде иш алып барат.
Б) Ал эми Усман رضي الله عنه менен болгон окуяга келсек, анда алар халифага шарт коюшкан эмес, анткени Усман رضي الله عنه ошол учурда али халифа болуп дайындала элек болчу. Ал жерде болуп өткөн иш шайлоо маселесине кирет.
Тандоо маалында шайлоочу өзүнө ылайык негиз коюп, ошол негизге жараша добуш бере алат. Мисалы, шайлоочу талапкерге:
«Эгер сен менин шаарымдагы жолдорду оңдоого, суу түтүктөрүн жакшыртууга, жумушсуздукту жоюуга же кедейлик менен күрөшүүгө убада берсең, сени шайлайм» — деп айта алат.
Ушундай эле абал ошол учурда да болгон. Абдуррахман ибн Ауф رضي الله عنه элден “кимди шайлайсыңар?” деп сураганда, айрымдар:
“Эгер Али رضي الله عنه халифа болсо, ал Умар رضي الله عنه халифалыгы учурунда чыккан иштерге ошол кезде Умар кандай өкүм чыгарган болсо, ошондой өкүм чыгарат” — дешкен. Себеби эл Умар رضي الله عنه нун өкүмдөрүнө ыраазы болчу.
Демек, бул элдин талапкерге карата шарты эмес, шайлоо негизиндеги каалоо болгон. Эл талапкерден айрым иштерде мурунку халифанын ыкмасын кармоону каалаган. Бул нерсе шайлоочу үчүн мубах иш болуп саналат: шайлоочу талапкерге “эгер сен муну кылсаң, сени шайлайм” деп айта алат.
Абдуррахман ибн Ауф رضي الله عنه элдин көбү талапкер халифа болуп шайланса, Умар رضي الله عنه өкүм чыгарган ошол эле маселелерде ошол сыяктуу өкүм чыгаруусун каалаганын түшүнгөн. Бирок бул бардык маселелерге эмес, Умар халифалыгы маалында чыгып, өкүмү белгилүү болгон маселелерге гана тиешелүү болчу.
Мына ушундай абал болгон. Бул шайлоочу үчүн мубах иш. Ал талапкерге мындай негиз коюп, ага жараша шайлап же шайлабай коюшу мүмкүн.
Ал эми парламенттик демократиялык башкаруу башкача: анда парламент (мыйзам чыгаруу жыйыны) президенттин (же мамлекет башчысынын) ыйгарым укуктарын чектеп, көп учурларда аны чечим кабыл алуудан токтотот же парламенттин макулдугун талап кылат.
Исламда болсо, Уммөт Мажлисинин (مجلس الأمة ) ролу башка: ал халифага кеңеш берүү жана мухасаба кылуу үчүн болот. Ал парламент сыяктуу мыйзам чыгаруучу орган эмес, анткени Исламда мыйзам чыгарып, өкүм берүү укугу Шариатка гана таандык. Кеңеш берүү жана мухасаба кылуу анын бир бөлүгү гана.
22.06.2006 ж




