Фикхий

Электромагниттик толкундар

Электромагниттик толкундар

Суроо:

Электромагниттик толкундар умумий мүлккө киреби же жокпу? Аларды жеке адамдардын иштетүүсү жаизби?

Жооп:

Абада агып жүргөн электромагниттик толкундардын иштеши деңиздерде сүзгөн кемелердин иштешиндей. Анткени аба мейкиндиги, деңиздер жана ошого окшош нерселердин табият түзүлүшү жеке адамдардын ээлик кылышынан тосот, ошондуктан мунун баары умумий мүлк болуп эсептелет.

Демек, мамлекеттин да, компаниялардын да, жеке адамдардын да деңиздерде кемелери болушу адал, ошондой эле алардын аба мейкиндигинде электромагниттик толкундары болушу да адал, бирок үч нерсеге көңүл буруу менен:

 1. Бул толкундарды пайдалануу умумий мүлктө (мисалы, жолдордо) түркүктөрдү орнотууну талап кылбоосу керек.

 2. Эгер умумий мүлктөн пайдалануу башка бирөөнүн мындан пайдалануусун тыйса же ага зыян келтирсе, анда мындай учурда мамлекеттин вазыйпасы – аны идарий тартипке салып, умумий мүлктөн баары тең пайдалана алышын камсыз кылуу. Мамлекет жолдордогу кыймылды тартипке салганы сыяктуу, дарыяларда жана деңиздерде кемелердин жүрүү жолдорун да тартипке салат. Бул болсо «иштерди көзөмөлдөө» түшүнүгүнөн келип чыгат. «Имам – башчы жана ал өз жарандарынан жоопкер». (Бухарий риваяты).

 3. Эгерде умумий мүлктөн пайдалануу кандайдыр бир абалда жеке адамга же мамлекетке же коомго зыян жеткирсе, анда мындай абал «зыян» негизине ылайык тыюу салынат. Башкача айтканда, мубах нерседен пайдаланууда зыян келтирген ар бир инсан бул иштен тыйылат, ал эми калган мубах нерселер болсо адалдыгында кала берет.

Ошондуктан электромагниттик толкундарга ээ болуу жагына келсек, эгерде аларды пайдалануу түркүктөрдү умумий мүлккө орнотууну талап кылбаса, же болбосо бул түркүктөр ошол компаниялардын же жеке адамдардын мүлктөрүнө орнотулса, анда:

1 – Аларга мамлекеттин уруксаты менен ээлик кылуу адал болот. Бул болсо мамлекеттин умумий мүлктөн пайдаланууну тартипке салып, баары тең туура пайдалана алышын камсыз кылуу шарты менен болот.

2 – Пайдаланууда зыян көргөн учурларда мамлекет айрым электромагниттик толкундарды колдонууну тыйышы мүмкүн. Бул болсо «адал нерседен пайдаланган инсан башкаларга зыян келтирсе, аны тыюу керек» деген эрежеге кирет. Мисалы, кандайдыр бир тарап бул толкундарды мусулмандарды тыңшоочу байланыштар үчүн же ошого окшогон иштерде пайдаланса тыюу салынат.

Ал эми эгер түркүктөрдү умумий мүлккө орнотуу зарыл болсо, анда компаниялар же жеке адамдар бул толкундарды колдоно алышпайт, аны мамлекет гана колдонот.

7 Зулхижжа 1426 х.

07/01/2006 м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button