Суроо: “Ижтимаий түзүм” китебиндеги “Аялды кароо” деген бөлүмдө төмөнкүлөр айтылган:

Суроо: “Ижтимаий түзүм” китебиндеги “Аялды кароо” деген бөлүмдө төмөнкүлөр айтылган:
«Бирөөңөр бирер аялга жуучу салса, анын никеге чакыруучу жайларын көрүүгө кудуреттүү болсо, көрсүн». Жабир айтат: «Ушундан кийин бир аялга жуучу салдым. Жашырынып туруп, анын мени никеленүүгө чакыруучу жайларын көрүп алдым. Кийин ага үйлөндүм». (Хаким риваяты).
Ошондой эле 42-беттин аягында жана 43-беттин башында төмөнкүдөй айтылган: «Башкача айтканда, момундар көздөрүн тосуусу парз, бирок жуучу салган адам андай эмес, алар никелешүүнү каалаган аялдарга кароо үчүн көздөрүн тоспой коюусуна уруксат берилет.»
Бул жерде, “жуучу салган адам” (хатыб)» деп ким түшүнүлөт? Бул аялга расмий түрдө жуучу салгандан кийинби же ага чейинби? Эгерде ага чейин болсо, анда бул тиги аялды, бул аялды карап, бирөөнө токтолуу үчүн караган адамбы же белгилүү бир аялга жуучу салганга чечим кылган адамбы?
Жооп: Тилде эгерде إذا сөзү өткөн чактагы этиш менен бириксе, анда ал иштин аткарылышын билдирет. Ошондой эле ал аткарылуу өкүмүндө болгон нерсени да билдирет, башкача айтканда, аткарууга жакындап калган же аткарылып жаткан абалды түшүндүрөт. Башкача айтканда, ал экөөнү тең камтыйт: иштин чындап аткарылышын да, өкүм боюнча аткарылышын да. Эгерде экөөнүн бирине далил (карина) келсе, анда маани ошол менен такталат. Мисалы, Аллах Тааланын куттуу аятында:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا إِذَا قُمْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ فَاغْسِلُوا وُجُوهَكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ إِلَى الْمَرَافِقِ وَامْسَحُوا بِرُءُوسِكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ إِلَى الْكَعْبَيْنِ﴾
“Эй момундар, намазга турганыңарда жүзүңөрдү жана колуңарды чыканактарына чейин жуугула, башыңарга масх тарткыла (тактап айтканда, ным колуңар менен сылагыла) жана буттарыңарды кызыл ашыктарына чейин жуугула!”
Бул жерде إذا قمتم “намазга турууну каалаганыңарда” дегенди билдирет, башкача айтканда, «намазды аткарып бүткөндөн кийин барып даарат алгыла» дегенди билдирбейт. Анткени даарат намаздан мурда аткарылат.
Ушул сыяктуу эле إذا خطب أحدكم – “Бирөөңөр бирер аялга жуучу салса” деген сөз айкашы да чындап жуучу салган учурду да, же жуучу салууга ниет кылган, башкача айтканда, жуучу салууга бел байлаган учурду да камтыйт.
Бирок ишти аткарууга ниет кылуунун өзү иштин аткарылышынын өкүмүнө кириши үчүн, ал ишти кылууга ниет кылган адам чындап олуттуу болушу шарт. Болбосо, ал маани камтылбайт. Ошондуктан факихтердин көпчүлүгү – маликийлер, шафиъийлер жана ханбалийлер – жуучу салган адамдын аялды кароосунун шариятка ылайыктуулугу үчүн, караган адам аялга нике кылууну чындап каалаган болушун, жана анын макулдугун ачык үмүт кылышын, же никеге макул болорун билишин, же жок дегенде макул болору басымдуу божомолдо болушун шарт кылышкан. Ал эми ханафийлер никеге алуу ниетинин болушун гана шарт кылышып, башка шарттарды талап кылышкан эмес.
Жыйынтык:
Кароо укугуна ээ болгон адам – чындап жуучу салган же өкүм боюнча жуучу салган адам. «Өкүм боюнча» дегендин мааниси – аялга үйлөнүү үчүн ага олуттуу түрдө жуучу салууга бел байлаган болушу. Бул жөн гана тигини-муну карап, бирөөнө токтолуу үчүн эмес. Анткени إذا خطب деген сөз, жогоруда түшүндүрүлгөндөй, белгилүү бир аялга чындап же өкүм боюнча жуучу салууга багыт алган адамды билдирет, ал эми олуттуу ниетсиз эле карап чыгуу маанисин билдирбейт. Бул иштин чыныгы абалын Аллах Субханаху ва Таала билет, Ага эч нерсе жашыруун эмес. Эгерде кароо чындап же өкүм боюнча жуучу салуу үчүн болбосо, анда адам бул үчүн Кыямат күнү суракка тартылат. Аллахтын азабы катуу.
9-Рабиъу ас-Сани 1430-х.
04.04.2009-м.




