Макала

Ташиевдин кызматтан алынышы

Ташиевдин кызматтан алынышы

Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши коомчулукта жөнөкөй эле кадрдык алмашуу эмес, өзгөчө окуя катары кабыл алынды. Кеп акыркы жылдары жөн гана күч түзүмүнүн жетекчиси эмес, өлкөдөгү эң негизги таасирдүү борбордук бийликтеги инсандын бири жөнүндө болуп жатат. Анын фигурасы катаал чечимдер, коопсуздукту көзөмөлдөө, олуттуу аппараттык салмак жана саясий таасир менен тыгыз байланышта болчу.

Кыргызстандын бийлик системасы, акыркы жылдары күчтүү президенттик вертикалдын айланасында курулду. Бирок ошол эле учурда анын жанында өз алдынча саясий субъекттүүлүккө ээ болгон кубаттуу күчтүн блогу бар болчу. Бул механизм, кызыкчылыктар дал келгенге чейин расмий түрдө бирдикте иштеп келди. Бирок жаңы шайлоонун жакындашы менен, ал байланыш барган сайын назик боло баштады. Бир системада бири-бирине тең келе турган эки күч борбордун болушу, келечекте тең салмактуулуктун бузулушуна алып келиши качып кутулгус эле.

Күтүүсүз чечим

Кызматтан алуу коомдук пикирди алдын ала даярдоосуз, капыстан болду. Позициялардын акырындык менен алсырашы, ачык чыр-чатактар же алдыдагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтардын чыгышы байкалган жок. Баары өтө тез убакыттын ичинде ишке ашты. Мындай ылдамдык, адатта, чечим алдын ала кабыл алынганын жана реакция кылууга минималдуу убакыт калтыруу алкагында ишке ашырылганын билдирет. Саясатта фактынын өзү гана эмес, анын тандалган учуру да маанилүү. Мобилизацияга канчалык аз убакыт берилсе, системанын башкаруу астында калуу ыктымалдуулугу ошончолук жогору болот. Биз так ушуга күбө болдук.

Биринчи реакция

Күтүлгөндөн айырмаланып, Ташиевдин өзүнүн реакциясы өзгөчө мааниге ээ болду. Анын жообу токтоо жана карманган мүнөздө айтылды. Эч кандай кескин билдирүүлөр, айыптоолор же чечимдин мыйзамсыздыгы тууралуу ишараттар болгон жок.

Мындай деңгээлдеги саясатта, билдирүүнүн өңүтү ар дайым чоң мааниге ээ. Кескин реакция, тирешүүнүн башталышын түшүндүрөт. Ал эми жумшак мамиле, башка сценарийлердин бар болушунун ыктымалдуулугун көрсөтөт. Демек, Ташиевдин сөзү же алдын ала келишимдер жана кепилдиктер бар болгонун, же каршылык көрсөтүүгө кубат жоктугун билдирет. Кандай болгон күндө да, бул күч колдонуу варианты ишке киргизилбегене ишара кылат.

Эгерде ачык күрөш божомолдонсо, алгачкы белгилери дароо эле байкалмак. Кыргызстанда саясий чыр-чатактар, адатта, тез жана ачык эле билинип калат. Ал эми эң маанилүү болгон алгачкы күндөр тынч өттү. Кээде эч бир аракеттин жоктугу, эң эле мазмундуу кыймыл деп эсептелинет.

Таасир этүү куралын жоготуу

УКМК төрагасынын кызматы, жөн гана расмий бир макам эмес. Бул маалыматты, түзүмдү, ошондой эле басым жасоо жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн көзөмөлдөө дегенди билдирет. Мындай кызматтан кеткенде, адам өзүнүн башкы куралын жоготот. Жеке популярдуулукту, же тарапташтарды сактап калууга мүмкүн болсо да, бирок институттук таянычсыз, саясий оюн бир топ татаалдашат. Ташиевдин колундагы таасир этүүнүн негизги куралдары, дал ушул кызматта турганда бар болчу. Күч борборунан катардагы жөнөкөй саясий оюнчунун макамына өтүүсү шарттарды кескин түрдө өзгөртөт. Дал ушул себептен улам, Ташиевдин тарабынан кескин жооптун жоктугу, өзгөчө маанилүү. Башкача айтканда, ал өзүнүн сөзү менен бул күчтү колдон чыгарып жибергенин моюнга алууда.

Келишим версиясы

Бул кызматтан кетүү алдын ала макулдашылган сценарийдин бир бөлүгү болушу мүмкүн дегендердин пикирин да толугу менен четке кагууга болбойт. Саясатта, кээде келечектеги форматка катышуу үчүн, саясатчылар аны өзгөртүп, андан соң бир кадам артка чегинишет. Андыктан, бул шайлоо алдында чыңалууну басаңдатуу, ролдорду кайра бөлүштүрүү же азыраак сокку жей турган коопсуз позицияга өтүү үчүн каралган аракет болушу да ыктымал. Бирок мындай версия, расмий кызматтан тышкары реалдуу таасир сакталып калган учурда гана мааниге ээ болот. Эгерде түзүмдүн кадрдык курамы толугу менен өзгөрүп, башкаруу башка тарапка өтө турган болсо, анда бул тактикалык маневр эмес, тең салмактуулуктун өзгөрүшү болуп саналат. Азырынча, белгилер бул окуя атайын уюштурулган көрүнүш эмес, тескерисинче, бийликтин кайра бөлүштүрүлүшүнө көбүрөөк ишарат кылууда.

Шайлоо кампаниясына тийгизген таасири

Кызматтан кетүү жана күч блогун жоготуу – шайлоону же ага катышууну жокко чыгарбайт. Бирок бул катышуучулардын баштапкы позицияларын өзгөртөт. Эгер буга чейин түзүм ичинде Ташиев көзөмөлдөгөн күчтүү альтернативдүү борборго ээ болсо, эми анын институттук мүмкүнчүлүктөрү кескин чектелди. Ал эми убакыт өткөн сайын бул мүмкүнчүлүктөр алсырай берет. Административдик ресурсу жок шайлоого аттануу кыйла татаал. Ал эми аппаратты көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жок болсо, бул иш андан бетер оор. Бул саясий күрөштүн токтоп калышын билдирбейт, бирок таптакыр башка шарттарга ишарат кылат. Эми бардык мүмкүнчүлүктөр жарандардын жалпы нааразычылыгына жана жашыруун оппозициялык күчтөрдүн активдешүүсүнө жараша болот. Эгерде нааразычылыкка олуттуу себеп болбосо, анда мобилизация үчүн күч да жетишсиз болот. Ошентип, элита ичиндеги тең салмактуулук бир калыпка келди. Анткени, учурда админстративдик күч кайсы жерге топтолгону белгилүү болгонунан улам, тараптар арасында ары же бери толкундоого мүмкүнчүлүк жоголду.

Эми эмне болот?

Кыска мөөнөттүү келечекте, кырдаал туруктуу болушу көрүнүүдө. Учурда дароо боло турган тирешүүнүн белгилери байкалбайт жана көчөдөгү нааразычылык активдүүлүгү көрүнбөйт. Ошондой эле, эч кандай кескин маалыматтык согуш жүргөн жок. Орто мөөнөттүү келечекте көп нерсе тышкы себептерге – экономикага, коомдук маанайга жана элитанын жүрүм-турумуна жараша болот. Эгерде система туруктуу болсо, бул отставка бийликтин күчүн бекемдейт. Ал эми олуттуу кризистер келип чыкса, мурунку күчтүү фигуралар кайрадан нааразычылыктын борборуна айланышы мүмкүн.

Канткен менен тез арада күтүлгөн тирешүү мүмкүнчүлүктөрү колдон чыгып кетти. Андыктан, дал ушул жар салган чечимден кийинки жымжырттык күчтөрдүн жаңы тең салмактуулугун аныктай турган башкы көрсөткүч болуп калды.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button