Роя гезити

Терроризм — Американын Исламга каршы күрөшүү жана мусулмандарды кылмышкер кылып көрсөтүү үчүн колдонгон шылтоосу

Терроризм — Американын Исламга каршы күрөшүү жана мусулмандарды кылмышкер кылып көрсөтүү үчүн колдонгон шылтоосу

«Аль-Жазира» сайты 22-январда кабарлагандай, Судандын чалгындоо кызматынын жетекчиси, армия генералы Ахмад Ибрахим Муфаддал Вашингтонго барып, негизинен коопсуздукка байланыштуу бир катар маселелерди талкуулады. Суданда согуш башталгандан бери эки ирет өткөн диалогдон кийин, чалгындоо кызматынын башкы жетекчиси АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жана Согуш министрлигинин өкүлдөрү менен үчүнчү айлампадагы сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктады. Бул сүйлөшүүлөр терроризмге каршы күрөшүү, коопсуздук боюнча координация жана Кызыл деңиздин коопсуздугун камсыз кылууга багытталды.

Байкоочулардын пикиринде, Муфаддалдын Вашингтонго сапары Судандын туруктуулугун аймактык коопсуздук менен байланыштырып, Африканын Мүйүзү жана Сахел аймагындагы активдүү ролун калыбына келтирүүгө багытталган. Бир жумага созулган бул сапар АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландонун Чыгыш Африкага боло турган туруна 8 күн калганда ишке ашты. Ал сапар Кения, Жибути, Египет, Эфиопия жана аймактык коопсуздук документтери менен түз байланышкан бир катар өлкөлөрдү камтыйт.

Булактар Судандын чалгындоо кызматынын жетекчисинин Вашингтондогу жолугушуулары АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жана АКШнын Согуш министрлигинин өкүлдөрүн камтып, терроризмге каршы күрөшүү, коопсуздук боюнча координация, маалымат алмашуу жана башка маселелерге багытталганын билдиришти. Вашингтондун көз карашында, Хартум Сахел жана Африканын Мүйүзү аймактарындагы экстремисттик топтордун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматка ээ, мындан тышкары, алардын Сомали сыяктуу өлкөлөргө тийгизген таасири жөнүндө да маалыматы бар. Муфаддал өткөн жылдын сентябрь айында Могадишого барган.

Судан менен Американын ортосундагы коопсуздук жаатындагы кызматташтык, айрыкча терроризмге каршы күрөшүү багытында дайым уланып келген. Судан АКШда терроризмди колдогон мамлекеттердин катарына киргизилип турган мезгилде да бул кызматташтык токтогон эмес. Судандын аты бул тизмеден 2020-жылдын октябрында алынып салынган, муну менен Вашингтон анын адам укуктары жаатындагы көрсөткүчтөрү жана терроризмге каршы кызматташтыгы жакшырганын мойнуна алган.

Америка Судандын геосаясий жайгашуусунун маанилүүлүгүн, 2005-жылы Африка коопсуздук жана чалгындоо органдарынын комитетин (CISA) негиздегенин, ошондой эле анын Улуу көлдөр аймагына жана Африканын Сахел аймагына чейин жайылган активдүүлүгүн жакшы түшүнөт. Бул мүмкүнчүлүктөр Суданга маалымат жана маалымат базаларын алмашуу аркылуу терроризмге каршы күрөшүүдө аймактык коопсуздук жана туруктуулукта борбордук ролду аткарууга шарт түзөт.

«Терроризм» деп аталган нерсе менен күрөшүү жаңы көрүнүш эмес. Бул маселе Судандын жооптуу өкүлдөрү менен көп ирет талкууланган. Мисалы, 2016-жылдын 16-майында “Washington Times” гезити АКШдагы Судан элчиси Муавия Усман Халиддин маегине таянып, анын мындай дегенин билдирген: Судан мурда Ливияда, Египетте, Сомалиде жана Түндүк Африканын башка аймактарында «Ислам мамлекети» уюмунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маанилүү маалыматтарды АКШнын жана анын союздаштарынын коопсуздук органдарына өткөрүп берген.

Ошондой эле 2025-жылдын 26-ноябрында Бурхан АКШнын президенти Трампка Wall Street Journal гезитиндеги макаласы аркылуу кайрылып, терроризмге каршы күрөшүүдө Америка үчүн «күчтүү өнөктөш» болууга даяр экенин билдирген. Чынында, Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдө терроризмге каршы күрөшүү жана чек аралардан өтүп иш алып барган тармактар маселеси алдыңкы орунду ээлеген. Анткени Судан режими Сахел, Сахара жана Африканын Мүйүзү аймактарындагы экстремисттик топтордун кыймыл-аракеттери тууралуу кеңири маалыматтык базага ээ.

Суроо туулат, эмнеге Америка саясатынын эң негизги куралдарынын бири болгон Бириккен Улуттар Уюму «терроризмге» вакыйлыкка туура келген, баарына бирдей колдонулуучу так жана чектелген аныктама бербей келет?

Анткени Америка жана батыш каапыр дүйнөсү «терроризмге» жалпы жана тоскоолдук жараткан аныктама берүүдөн өжөрлүк менен баш тартып келишет. Бул мусулмандарга каршы каалагандай, каалаган убакта колдонуу, ошондой эле батыш каапыр дүйнөсүнүн кулчулугунан жана колониялык үстөмдүгүнөн кутулуу үчүн жүргүзүлгөн олуттуу аракеттерге каршы пайдалануу оңой болушу үчүн кылынат. Чынында, терроризмге каршы согуш — бул Америка жана анын куралдары менен союздаштары тарабынан Исламга жана анын үммөтүнө каршы жүргүзүлгөн кампания. Муну америкалык генерал Уэсли Кларктын 2007-жылы медиадагы бир маегинде айткан сөзү ачык көрсөтөт. Ал: «Ким Афганистанга 11-сентябрь окуяларына өч алуу үчүн барганбыз деп ойлосо, жаңылыштыгын оңдосун. Биз ал жакка “Ислам” деген маселе үчүн бардык. Биз мусулмандар Исламды өздөрү аныктап, эркин долбоор катары жашап кетишин каалабайбыз, тескерисинче, Исламдын эмне экенин аларга өзүбүз аныктап берүүнү каалайбыз», — деген.

Мындан тышкары, «терроризм» жана «экстремизм» дегенден максат Ислам жана мусулмандар экенин далилдеген көптөгөн фактылар бар. Канча деген кан төгүүлөр, ырайымсыз жана жырткычтык менен жасалган иштер болуп, анда күнөөсүз адамдар курман болгон, бирок аларды мусулман эмес тараптар жасагандыктан, Бириккен Улуттар Уюму аларды терроризм деп атаган эмес. Ал эми мусулмандар айыпталган айрым иштерде эч кандай далил да, айкын көрсөтмө да жок болсо да, алар дароо терроризм деп аталат.

Россия өзүнүн кыйратуучу жана фосфордук бомбалары менен Шам элин өрттөшүн Бириккен Улуттар Уюму терроризм деп атаган жок, ага каршы конференциялар да өткөрүлгөн жок. Яхудий түзүмүнүн Газаны курчоого алып, Палестина элин өлтүрүп, ачарчылыкка түртүшү, Франциянын жана анын кошуундарынын Малидеги мусулмандарды өлтүрүшү, буддисттердин рохинжа мусулмандарынын канын төгүшү, Борбордук Африкада мусулмандардын кырылышы, Кытайдын уйгур мусулмандарын өлтүрүшү — мунун баарын Бириккен Улуттар Уюму да, батыш мамлекеттери да терроризм деп атаган жок. Анда терроризм деген эмне өзү?!

Мусулман өлкөлөрүндөгү агент режимдердин 2015-жылы февраль айында өткөн Вашингтон «экстремизмге каршы күрөшүү» конференциясынын сунуштарын аткарышы таң калычтуу эмес. Бул конференцияга Америка 60тан ашуун өлкөдөн делегацияларды жана эксперттерди чогулткан. Максат Исламга каршы күрөшүү, бирок бул ирет бизден өзүбүздөн чыккан башкаруучулар жана саясатчылар аркылуу жасалды.

Америка терроризм деген жабуунун алдында Исламга каршы күрөшүн улантууда, бул анын башкы алектенген иши болуп калды. Ал аймактагы өзүнө көз каранды, агент жана союздаш мамлекеттердин чалгындоо органдары менен тыгыз кызматташууда.

Чындыгында, Америка жана батыш мамлекеттери биздин өлкөлөрдө «терроризмди» өздөрү жараткан. Бул — үммөттүн долбооруна, башкача айтканда, мусулмандар үчүн талапка айланган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рашид Халифалыкка каршы күрөшүү үчүн жасалган. Дал ушул нерсе аларды коркутуп, уйкусун качырат. Алар Халифалык тикеленсе, биздин өлкөлөрдөгү үстөмдүгү аякташын, а түгүл эл аралык аренада да Халифалык алардын ордун тартып аларын жакшы билишет. Ошондуктан алар жана алардын агенттери Ислам долбоорунан башка эч нерсе менен күрөшпөйт.

CNN каналы өткөн жылдын 4-декабрында АКШнын мамлекеттик катчысы Рубионун билдирүүсүн тараткан. Анда ал АКШнын Тышкы иштер министрлиги видео үзүндүгө комментарий берип жатып, мындай деген: «Исламий экстремизм дүйнөнүн бир бөлүгүн басып алып, кичинекей Халифалык менен чектелип калууну каалабай турганын көрсөттү, тескерисинче, ал кеңейүүнү көздөйт. Ал табиятынан революциячыл. Ал кеңейип, көбүрөөк аймактарды жана калкты көзөмөлдөөнү каалайт… Бул дүйнө үчүн, жалпы Батыш үчүн, айрыкча өздөрү дүйнөдөгү жамандыктын башкы булагы деп эсептеген Америка Кошмо Штаттары үчүн ачык жана жакын коркунуч».

Кичүү Буш 2006-жылы 11-октябрда Ак үйдөгү пресс-конференцияда Халифалыкты бир нече жолу атап өткөн. Ал Американын Иракка кол салуусу «Батыштын кызыкчылыктарына коркунуч туудура ала турган күчтүү Халифалык мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербөө үчүн» экенин айткан. Ошондой эле мусулман экстремисттер «либерализмди да, эркиндиктерди да тааныбаган Халифалык идеологиясын» жайылтууну каалай турганын, «акылман жана орточо адамдарды коркутуп, алардын башкаруу режимдерин кулатып, Халифалык мамлекетин орнотууну» көздөшөрүн билдирген.

А бирок, каапырлар каалашпаса да пайгамбарлык минхажы негизиндеги рашид Халифалык, Аллахтын уруксаты менен, сөзсүз келет. Аллах Таала айтат:

﴿يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلا أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ﴾

«Алар Алланын нурун (Исламды) ооздору (бекерпоз, пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Алла болсо, (каапырлар) каалашпаса да, Өз нурун толо (чар тарапка) жаюуну каалайт». (Тообо: 32).

Ооба, бул Аллах Тааланын гана фазлы, ырайымы жана неъматы менен болот. Чындыгында, «Хизб ут-Тахрир» экинчи рашид Халифалыктын босогосуна жетти. Ал бийликтин тизгинин колго алууга даярданып, дүйнөнү Исламдын жакшылыгына жетелөөгө камынууда. Ал тарыхты жана географияны өзгөртүүгө даярданууда. Чындыгында, эртеңки күн күтүп турган адам үчүн абдан жакын.

Роя гезити

Устаз Абдулхалик Абдун Али

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button