Комментарий
Trending

Том Баррактын Ирак тууралуу билдирүүлөрү аймактагы Америка саясатынын табиятын ачыктады

Том Баррактын Ирак тууралуу билдирүүлөрү аймактагы Америка саясатынын табиятын ачыктады

АКШ администрациясынын Сирия, Ливан жана Ирак боюнча атайын өкүлү Том Баррак Американын Иракты басып алуусу кайталанбашы керек болгон каргашалуу үлгү болгонун билдирди. Иракты басып алуу үчүн болжол менен үч триллион доллар сарптаган Америка бул басып алуу жыйырма жылдан ашуун убакытка созулган апаат жана башаламандыктан башка эч нерсе алып келбегенин, анын натыйжасында жүз миңдеген адамдар өмүрүн жоготконун азыр түшүнүп жатканын айтты.

Күрддөр тууралуу болсо, Америка алар үчүн өз алдынча башкарууга ээ болгон күрд аймагын түзгөнүн жана муну өзү үчүн эң жеңил чечим болгондуктан жасаганын айтты. Бирок Америка чоң көйгөйгө туш болду б.а. бул кадам Иракты «балкандаштырууга» алып келип, аны бирдиктүү эгемен мамлекеттин ордуна борбордук бийлиги алсыз, башаламандык өкүм сүргөн жана анын үч негизги курамынын ортосундагы тирештерге жем болгон мамлекетке айланып кетти.

Баррак өз өлкөсү мындан ары миллиарддаган долларларды коротуп, аскерлерин кайрадан Иракка жөнөтүүгө кызыкдар эмес экенин баса белгилеп, алардын өмүрүн тобокелге салгысы келбегенин айтты. Ошондой эле ал Америка иштеп чыгып, Иракка таңуулаган федералдык система ийгиликке жетпегенин, анткени ал өлкөнүн этникалык жана мазхабдык курамына ылайык келбегенин белгиледи. Ал АКШ Ирактын аймактык бүтүндүгүн сактоого кызыкдар экенин баса белгилеп, Күрдстан аймактык өкмөтүн сынга алып, анын чыныгы федералдык Ирактын бөлүгү болууга эч кандай кызыкчылык көрсөтпөй жатканын айтты. Анын айтымында, мындай каалоонун жоктугу Иракка тышкы кийлигишүүгө жол ачып, узак мөөнөттүү саясий шал абалга алып келди. Ошондой эле ал күрддөр Ирактын жарандары экенин биринчи орунда, ал эми күрд экени экинчи орунда экенин таанып, кабыл алышы керектигин билдирди.

Комментарий:

Жакынкы Чыгыш аймагы боюнча эң маанилүү америкалык дипломаттын бул билдирүүлөрү бүгүнкү күндө Американын кызыкчылыгы аймакта туруктуу борборлошкон мамлекеттерди түзүүнү талап кыла баштаганын көрсөтөт. Анткени анын мурдагы Иракты бөлүү тажрыйбасы ийгиликсиз болуп, башаламандыкты пайда кылган жана Ирандын Иракка кеңири кийлигишүүсүнө жол ачкан. Бүгүн Америка мурдагыдай Иракта Ирандын таасири сакталып калышын каалабайт.

Аймактагы мамлекеттерди бөлбөө боюнча Американын бул ачык багыты бөлүнүүнү көздөгөн яхудий түзүмүнүн багытына карама-каршы келет. Бул ошондой эле Американын Сириядагы күрддөрдү Ахмад аш-Шара өкмөтүнө кошуп, аларды Евфрат дарыясынын чыгышындагы аймактарда бөлүнүп чыгууга жол бербегенин да түшүндүрөт. Демек, Баррактын бул билдирүүлөрүнө ылайык, Америка азыр Жакынкы Чыгышта салыштырмалуу туруктуу жана күчтүү мамлекеттердин болушун каалайт, анткени ал Чыгыш Азиядагы маанилүүрөөк маселелерге көңүл бурууну көздөйт, ал жакта Кытай күчүнүн өсүшү менен бетме-бет келүүдө.

Ошондой эле Америка Баррактын сөзүнө ылайык Иракта жана аймакта Иран таасири кеңейишинин улануусун каалабайт. Муну Трамптын Ирак өкмөтүнүн башчылыгына Иранга жакын мазхабий фигура болгон Нури аль-Маликинин талапкерлигин четке какканы да көрсөтөт. Иракты күчтөндүрүү аны бөлбөөгө жана чечим кабыл алууну борборлоштурууга байланыштуу болуп, бул Ирандын таасирин акырындап азайтат жана аймактык туруктуулукту камсыз кылат. Анткени мурда аймакта регионалдык тирештерди күчөтүүгө жана бөлүнүүчү багыттарды колдоого негизделген саясаттар үстөмдүк кылып, атаандаш тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жол ачып, Американын аймакта жалгыз үстөмдүк кылуусуна тоскоолдук кылган.

Американын Иракта, Сирияда жана Афганистанда жүргүзгөн мурдагы башаламан тажрыйбалары анын өз өкүлдөрүнүн моюнга алышы менен толук ийгиликсиз болду, жаңы тажрыйбалары да ийгиликсиз болот. Аймак кайрадан Ислам мамлекети түзүлүшү аркылуу жанданат, ал Ислам өлкөлөрүндөгү Американын кийлигишкен колдорун кесип, анын таасирин толук жоёт.

Ахмад Аль-Хатвани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button