Трамптын билдирүүсү мусулмандар үчүн төрт маанилүү чындыкты тастыктайт

Трамптын билдирүүсү мусулмандар үчүн төрт маанилүү чындыкты тастыктайт
2026-жыл 24-февралда Трамп билдирүү жасады. Бул Америка тарыхындагы эң узун сөз болуп, дүйнөдөгү биринчи мамлекеттин президенти тарабынан ички жана тышкы чоң туруксуздук учурунда айтылды. Бул сөз мусулмандар үчүн төрт маанилүү чындыкты көрсөтөт:
Биринчи чындык:
Капитализм америкалыктарга кызмат кылууда ийгиликсиздикке учураганын жана оорулуу экономика шартында Ислам өлкөлөрүнө сунуш кыла турган эч нерсеси жок экенин көрсөтөт. Анткени Трамп сөзүн экономика, инфляция жана жумушсуздук тууралуу адаштыруучу дооматтар менен баштап, анын администрациясы негизги инфляцияны төмөндөттү деп, ошондой эле «бүгүн иштеген адамдардын саны Америка тарыхындагы эң жогорку деңгээлде» деп билдирди. Бирок Федералдык резерв артык көргөн инфляция өлчөмү (негизги жеке керектөө чыгымдарынын индекси) кайрадан өсүү багытына бурулууда. Ошондой эле жумушсуздук деңгээли да жогорулады жана 2025-жыл акыркы ондогон жылдардагы эң начар жылдардын бири болду. Ал эми иштегендердин саны көбөйүшү негизинен экономиканын күчүнө эмес, калктын санынын өсүшүнө байланыштуу.
Федералдык резервдин маалыматтары көрсөткөндөй, 2025-жылдын үчүнчү чейрегинде үй-бүлөлөрдүн 1%ы Америка байлыгынын дээрлик үчтөн бирине ээ болуп, ал болжол менен 55 триллион долларга жеткен. Бул сумма дээрлик америкалыктардын эң төмөнкү 90%ынын жалпы байлыгына барабар. Бул байлык бөлүштүрүлүшүндөгү зор айырманы Трамп да, капиталисттик түзүм да чечүүгө жөндөмсүз. Анткени капитализм өз табиятында жалпы элге эмес, капитал ээлеринин азчылык тобуна кызмат кылат. Демек мусулмандар күбө болсун: Батыш капитализми өзүнүн эле үйүндө ийгиликсиздикке учурады. Андай болсо, мусулман өлкөлөрү үчүн андан кантип куткаруу күтүлөт? Жана эмне капитализм мусулмандарга таңууланат? Мунун каршысында Ислам Халифалык доорунда кылымдар бою гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылган эле…
Экинчи чындык:
«Америка биринчи» саясаты – бул дүйнөнүн калган бөлүгүн талап-тоноо жана жазалоо саясаты. Трамп ачык эле чет өлкөлүктөр төлөгөн бажы төлөмдөрү киреше салыгынын чоң бөлүгүн алмаштыра алат деп билдирди. Муну менен ал «өзү сүйгөн элдин» жүгүн жеңилдетебиз деп айтты. Ошондой эле: «Акыры Америкага биринчи орун берген президент бар болгондуктан, триллиондогон долларлар Америка Кошмо Штаттарына агылып келе берет», – деп билдирди.
Бул саясат иш жүзүндө башка күчтөрдү, анын ичинде Европа өлкөлөрүн да жазалоону билдирет жана Америкага каршы кеңири нааразычылык толкунун жаратууда. Мындан тышкары, Батыш өз агенттери аркылуу Ислам өлкөлөрүнүн байлыктарын талап-тоноп жатат. Бул айрыкча Трамптын Булуң өлкөлөрү менен болгон мамилесинде айкын көрүнөт, ал башкаруучулар үммөт байлыктарынан чыгарып, америкалык экономиканы колдоого жумшашкан.
Ошондуктан мусулмандар билиши керек: алар капитализмдин ички таасирлеринен гана жапа чегип жаткан жок. Ошол эле учурда алар экономикалык колонизаторлукка да туш болуп жатышат. Бул колонизаторлук алардын өлкөлөрүн карызга батырган абалга түшүрүп, Батыштагы каржы мекемелерине риба төлөөгө мажбур кылууда. Ошондой эле «инвестициялар» деген ат менен үммөттүн байлыктарын америкалык экономиканын тамырларына куюп, алардын базарларын жана чийки ресурстарын америкалык компанияларга ачып берип, аларга үстөмдүк кылууга жана талап-тоноого жол ачууда.
Үчүнчү чындык:
Америка терең ички карама-каршылыктардын айынан шал абалга келген. Трамптын сөзү америкалык мамлекет ичиндеги жаракалардын канчалык терең экенин көрсөттү. Республикачылар менен демократтар ортосундагы күрөш күч алып, Трамп өкмөттүн жабылышы жана анын экономикалык кесепеттери үчүн демократтарды күнөөлөдү. Ал ошондой эле акчанын түгөнүшүнө алар себеп болду деп айыптады.
2026-жыл ноябрдагы орто мөөнөттүү шайлоолор жакындап келе жаткан учурда Трамптын партиясы кыйын абалга туш болуп турат. Ошондуктан ал кеңири алдамчылыкты алдын алуу деген жүйө менен шайлоочулардын өздүгүн аныктоо мыйзамдарын катуулатуучу «куткаруу» мыйзам долбоорун илгерилетти. Бул болсо негизинен демократтар таянган ак эмес шайлоочулардын добуштарына сокку урууда.
Америка мурдагыдан да көбүрөөк бөлүнгөн жана алсыраган абалда экендиги Мусулмандар билиши керек болгон чындык. Бул анын Ислам өлкөлөрүнө болгон үстөмдүгүн бекем кармоо мүмкүнчүлүгүн азайтат, айрыкча анын экономикалык кризиси жана өлкөлөрүбүздөгү тынымсыз аскердик кампанияларынан кийин чарчаган армиясы бар экенин эске алганда бул качып кутулгус.
Эгерде үммөт аскерлери шаръий милдетин аткарып, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелешсе, Америка үстөмдүгүнөн кутулуу мүмкүнчүлүгү мурдагыдан да кеңирээк ачылды.
Төртүнчү чындык:
Американын Ислам өлкөлөрүнө карата саясаты – бул кордоо жана жоготуу саясаты. Трамп өз сөзүндө дүйнөлүк маселелерге өтүп, айрым Ислам өлкөлөрүн атын атап эскерди. Ал Пакистан менен Индия ортосунда 35 миллион адамдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон өзөктүк согушту токтотконун айтты. Ошондой эле Косово менен Сербия, яхудий түзүмү жана Иран, Египет менен Эфиопия, Армения менен Азербайжан, Конго менен Руанда жана андан соң Газадагы согуш тууралуу сөз кылды.
Иран жөнүндө сөз кылып жатып, ал Иранга эч качан өзөктүк куралга ээ болууга жол бербей турганын баса белгилеп, аны «дүйнөдөгү терроризмди эң көп колдогон мамлекет» деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда ал Газада, Ливанда, Сирияда жана башка жерлерде жүргүзүп жаткан согушунда яхудий түзүмүн толук колдоодо.
Ошондуктан мусулмандар бул саясаттын өз өлкөлөрүнө алып келген кыйратуучу кесепеттерин аңдап түшүнүшү керек. Трамптын Пакистан менен Индия ортосундагы жаңжалга кийлигишүүсү мусулмандардын канына кам көргөндүктөн эмес, Индиянын жоготууларын азайтуу жана Кашмирдин индустар колунан бошотулушуна жол бербөө үчүн болгон. Ал эми Газада болсо, ал геноцид согушунда яхудий түзүмүнө саясий жана аскерий калкан түзүп берди жана азыр душмандын үстөмдүгүн сактап кала турган, үммөттүн колун байлай турган келишимдерди таңуулоого аракет кылууда.
Ошондой эле анын Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна каршы туруусу өз ичинде Пакистандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн да бутага алуу ниетин камтыйт. Анткени ал муну көп жолу стратегиялык коркунуч катары эскерип келет.
Эй мусулмандар жана алардын ичиндеги күч-кубат ээлери!
Трамптын сөзү капитализмдин ийгиликсиздигин, колонизаторлуктун зулумун, Американы алсыраткан ички бөлүнүүнү жана анын тышкы саясатынын Ислам үммөтүн өлүмгө алып баруучу коркунучун далилдейт.
Бул сабактар Ислам өлкөлөрүндөгү Трамптын кулдары тарабынан көз жаздымда калууда. Алар кожоюнсуз дүйнөнү элестете да алышпайт. Ал эми күч-кубат ээлеринин арасындагы ихлас ээлерине Аллах үммөттүн абалын өзгөртүү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк берди. Бул чакырык үммөттүн чыгышынан батышына чейин айтылууда.
Ошондуктан мусулман армиялары пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат бериши керек. Анткени куфр түзүмдөрү кыйрап, куфр лагеринин жаракалары тереңдеп жаткан учурда Халифалык дин үстөмдүгүн камсыз кылып, үммөттү көз карандылыктан эгемендикке чыгарат.
Аллах Таала айтты:
﴿الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعاً﴾
«Алар момундарды коюп, каапырларды дос тутушат, эмне, алар ошол каапырлардын жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!). Анткени бардык күч-кубат Аллага таандык». (Ниса: 139).
Роя гезити




