Трамптын империя тууралуу жапайы кайрылуусу

Басма сөз баянаты
Трамптын империя тууралуу жапайы кайрылуусу
Пасха майрамдарынын биринде Дональд Трамп твиттердеги баракчасында бир жапайы билдирүү жарыялап, мындай деди: «Шейшемби күнү Иранда энергия станцияларынын жана көпүрөлөрдүн күнү болот. Бул бир да нерсеге окшош болбойт!!! Бул каргыш тийген кысыкты ачкыла, эй жинди болуп кеткендер, болбосо тозокто жашайсыңар, көрөсүңөр! Президент Дональд Трамп». Ал буга чейин да АКШ Иранды «өзүнүн таш дооруна кайтарганга чейин» бомбалай турганын айтып коркуткан, бул сөздү согуш министри Пит Хегсет да кайталаган.
Чындыгында мактоолор Аллахка гана таандык, Ага итаат кылабыз жана Андан жардам сурайбыз. Чындыгында мактоолор фараонду жана анын окшошторун жок кылган Аллахка гана таандык. Чындыгында мактоолор текеберлиги себептүү империяларды кулаткан Аллахка гана таандык. Чындыгында, биздин доордун фараондору өздөрүнүн жек көрүү менен толгон империялык текеберлигинде таш доорун мисал келтиришсе да, тарых сабактарын билбейт. Трамптын Иранга каршы сөзү Америка аскер тарыхындагы бекем калыптанган үлгүнү чагылдырат, анда ашыкча күч колдонуу жана жалпы кыйроо менен коркутуу саясий максаттарды ишке ашыруу үчүн пайдаланылган. Иракта 1991-жылдагы Булуң согушунан тартып 2003-жылдагы бомбалоо, басып кирүү жана оккупацияга чейин «үрөй учуруу» деп аталган бир нече кампаниялар жарандык инфраструктураны кыйраткан. Натыйжада мектептер, ооруканалар, электр станциялары жана суу тармактары кошо олуттуу зыян тарткан, бул миллиондогон ирактыктардын жер которуусуна жана узак мөөнөттүү гуманитардык кризистерге алып келген. Ошондой эле Афганистанда 2001-жылдагы басып кирүүдөн кийин ондогон жылдарга созулган кагылышуулар массалык бомбалоолор жана туш келди бутага алуулар менен коштолуп, жүз миңдеген бейкүнөө жарандардын шахид болушуна о.э. айылдар, мектептер жана саламаттык сактоо мекемелеринин кеңири кыйрашына алып келген.
Бул үлгү тарыхтын мындан да эрте мезгилдерине чейин созулат. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Америка согушту тезирээк аяктоо деген шылтоо менен Токио, Осака жана Тояма сыяктуу жапон шаарларына кеңири масштабдагы өрттөөчү бомбалоо кампанияларын жүргүзгөн, андан кийин Хиросима жана Нагасакиге атомдук бомбаларды колдонгон, бул жүз миңдеген адамдардын өлүмүнө жана шаар борборлорунун толук кыйрашына алып келген. Вьетнамда болсо анын күчтөрү Түндүк жана Түштүк Вьетнамга тынымсыз бомбалоо кампанияларын жүргүзгөн, анын ичинде белгилүү «Rolling Thunder» операциясы да жүргүзүлүп, инфраструктураны бутага алып, жарандар арасында чоң жоготууларга жана айлана-чөйрөнүн катуу кыйроосуна себеп болгон. Азия жана Жакынкы Чыгыштан тышкары да Америка Латын Америкасынын бардык аймактарында туруксуздук чыгаруу жана жашыруун кийлигишүү операцияларын жүргүзгөн, анын ичинде Чили жана Гватемаладагы төңкөрүштөр, ошондой эле жарым аскердик топторду колдоо бар. Бул коомдук жана экономикалык туруксуздуктун узакка созулушуна салым кошкон. Бул аймактардын бардыгында аскердик күчтү колдонуу жана жарандык жашоону үзгүлтүккө учуратуу стратегиясы АКШнын геосаясий максаттарын таңуулоонун туруктуу куралы болуп келген. Бул чыныгы кагылышуулар бүткөндөн кийин да узакка созулган гуманитардык кесепеттерге алып келген.
Трамптын учурдагы аракеттери мурдагы америкалык аскердик коркутуулардан айырмаланат. Алар көбүнчө жарандарды коргоо, демократияны жайылтуу же зулумдукту токтотуу деген сөздөр менен капталган болсо, бүгүнкү Иранга каршы эскертүүлөр мындай жасалма камкордуктан толук ажыратылган. Бүгүнкү күндө ачык-айкын болуп калды: Трамптын Иранды «таш дооруна кайтарганга чейин» бомбалайбыз деген убадасы ошол эле кыйроону билдирет жана мурда ахлакый негиздердин артына жашырылган зордук-зомбулукка болгон ачык каалоосун ачып берет. АКШ эми өзүнүн күчү коомдорду талкалоочу жолдор менен колдонуларын жашырбай калды, бул болсо мындай билдирүүнүн өзү эле анын мыкаачылыгынын коркунучтуу экенин ырастайт.
Жыйынтыктап айтканда, дүйнө барган сайын күчкө же пайдага эмес, адилеттүүлүккө, гүлдөп-өнүгүүгө жана чыныгы ырайымга негизделген тартипке муктаж болуп жатат. Бул сапаттарды азыркы капиталисттик система камсыздай албайт. Дүйнөлүк элиталар өз күчү менен мактанып, кыйроону даңазалап жатканда, карапайым адамдар жапа чегип, адамдын кадыр-баркын, ар-намысын жана жашоонун ыйыктыгын баарынан жогору койгон башкарууга суусап турушат. Чыныгы туруктуулук жана тынчтык Аллах Тааладан келген, жанды коргоого, адилеттүүлүктү орнотууга жана ырайым көрсөтүүгө милдеттенген система аркылуу гана ишке ашат. Бул альтернатива Халифалыкта бар, анткени Ислам гана бардык адамдарды айырмасыз жана кош стандартсыз башкарган адилеттүү системаны сунуштайт. Рашид Халифалык гана адамзатты капитализмдин зулумунан Ислам адилеттүүлүгүнүн нуруна алып чыга ала турган жалгыз система.
﴿أَوَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَيَنظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ كَانُوا مِن قَبْلِهِمْ كَانُوا۟ هُمْ أَشَدَّ مِنْهُمْ قُوَّةً وَآثَاراً فِي الْأَرْضِ فَأَخَذَهُمُ اللَّهُ بِذُنُوبِهِمْ وَمَا كَانَ لَهُم مِّنَ اللَّهِ مِن وَاقٍ﴾
“Акыры алар жер жүзүн кыдырып саякат кылышып, өздөрүнөн мурун өткөн, (өз пайгамбарларын жалганчы дешип ыймансыз кеткен) кимселердин акыбети кандай болгонун (алар тагдырдын кандай жазымышына жолугушканын) көрүшсө болбойбу? Алар (мушриктерден) көрө күч-кубат жана Жердеш байыркы замандын эстеликтери жагынан мыктыраак эле. Анан Алла аларды күнөөлөрү себептүү кармады-жок кылды жана алар үчүн Алладан башка эч бир сактоочу болбоду”. (Гафир: 21).
Хизб ут-Тахрирдин Америкадагы маалымат бөлүмү




