Трамптын төрагалыгы астында “Тынчтык кеңешинин” биринчи жыйыны өтүп, ага 45тен ашуун мамлекет катышты

Трамптын төрагалыгы астында “Тынчтык кеңешинин” биринчи жыйыны өтүп, ага 45тен ашуун мамлекет катышты
АКШ президенти Трамп 2026-жылдын 19-февралында өзү төрагалык кылган Тынчтык кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйынга 45тен ашуун мамлекеттин делегациялары катышты. Анын ичинде бир катар өлкө жетекчилери да болду. Президенттерден Аргентина президенти Хавьер Милей, Индонезия президенти Прабово Субианто жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышып, алардын ичинде Египет премьер-министри Мустафа Мадбули, Пакистан премьер-министри Шахбаз Шариф жана Венгрия премьер-министри Виктор Орбан бар. Жыйынга тышкы иштер министрлеринен да бир нечеси кошулду, алардын катарында Египет тышкы иштер министри Бадр Абдель Аты, Түркия тышкы иштер министри Хакан Фидан жана яхудий түзүмүнүн тышкы иштер министри Гидеон Саар болду.
Европа мамлекеттеринен жыйынга Италия, Румыния, Греция жана Кипр катышты. Азия мамлекеттеринен Түштүк Корея жана Япония байкоочу макамында катышты. Ошондой эле кеңешке Европа Биримдигинин өкүлдөрү жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келди.
Бул эл аралык катышуунун жана аны кеңейтүүгө болгон аракеттин максаты чечимге катышуу эмес, жөн гана көрсөтмө экени айкын.
Трамп ачылыш сөзүндө бул катышуу тууралуу сыймыктануу менен айтып: «Бул улуу күн, Тынчтык кеңешинин жыйындарына көп сандаган лидерлер катышууда. Тынчтыкка жетишүү абдан кыйын, бирок биз ага жетебиз», — деди. Ал ошондой эле тынчтык тууралуу жалган сөздөр менен мактанып: «Тынчтыкка жетүүдөн маанилүү эч нерсе жок, ал эми согуштардын чыгымы тынчтыкка жетүүнүн чыгымынан бир нече эсе көп», — деп кошумчалады.
Ал «дүйнө лидерлеринин көпчүлүгү Тынчтык кеңешине кошулууга макул болду» деп билдирди. Ошол эле учурда бул кеңешине айрым лидерлердин катышуусун каалабай турганын ачык айтып: «Айрым лидерлер бар, алардын катышуусун каалабайбыз», — деди. Ал Кеңеш «тынчтык үчүн түзүлгөнүн жана анын алкагында алар Газа элинин, Жакынкы Чыгыш жана бүтүндөй дүйнөнүн жакшы келечегин камсыз кылуу үчүн бирге иштеп жатышканын» да айтты. Анын айтымында, бул Кеңеш Газа жана Жакынкы Чыгыш үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн түзүлгөн.
Трамп «Газага байланыштуу согуш аяктады» деп жарыялап, ХАМАС кыймылы «куралды тапшырат, болбосо ага катуу чара көрүлөт» деген сөзүн кайталады. Ал ошондой эле яхудий түзүмүнө кыйыр ишарат кылып, «ХАМАСты жок кылуу үчүн Газага аскер жөнөтүү зарыл деп ойлобойм» деди. Мындан тышкары, «бир нече мамлекет Газа үчүн куткаруу пакети катары 7 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөнүн» айтып, Газаны кайра куруу үчүн ири салымдар жарыяланганын, алардын ичинде бир гана АКШ тарабынан 10 миллиард доллар бөлүнгөнүн билдирди.
Ошондой эле Трамп Иранды Тынчтык кеңешине кошулууга чакырды.
Өз кезегинде эл аралык туруктуулук күчтөрүнүн командири Жаспер Жефферс ички коопсуздук күчтөрүнүн курамында Газага аскер жайгаштырууга беш мамлекет милдеттенме алганын билдирди. Алар: Индонезия, Марокко, Казакстан, Косово жана Албания. Ал эми Египет менен Иордания сектордо жайгаштырыла турган полиция кызматкерлерин окутууга милдеттенме алганын айтты. Жефферс эл аралык туруктуулук күчтөрү алгач Газанын түштүгүндөгү Рафах аймагына өз күчтөрүн жайгаштырып, ал жерде полицияны окутуп, андан соң сектор боюнча акырындап кеңейерин түшүндүрдү. Ошондой эле узак мөөнөттүү план эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн 20 миң жоокерин колдонуу жана кошумча 12 миң полиция кызматкерин даярдоо экенин билдирди.
Бирок Тынчтык кеңешинин дүйнө мамлекеттери үчүн эң кооптуу жагы — кеңештин көз карашы Газанын географиялык алкагынан ашып түшүшү жана анын милдеттеринин дүйнөдөгү башка кагылышуулар менен чатактарда да колдонууга даяр болушу үчүн кеңейтилгени, башкача айтканда, анын Газа менен гана чектелбегени болуп саналат.
Бул кеңеш бардык эл аралык аймактык блоктордун өкүлчүлүгүн эске алат, анын аткаруучу аскери бар, ага формалдуу демократиялык добуш берүү механизми белгиленген, бардык мамлекеттерге жана блокторго мүчөлүк берүү каралган жана мүчөлөр тарабынан туруктуу каржыланат. Демек, ал азыркы эл аралык түзүмдүн ордуна альтернатива болууга даярдалып жатат.
Анын уставындагы жоболор жана алардын түзүлүш ыкмасы да жалпылаштырылып, Газанын географиясы менен чектелбестен, башка аймактардагы кагылышууларга да колдонууга ылайыктуу кылып түзүлгөн.
Трамп өзүн бул Кеңештин туруктуу төрагасы кылып дайындап, анын чечимдерин бекитүү укугун жалгыз өзү ээледи. Ошондой эле ал Кеңешке мүчөлөрдү чакыруу укугун да жалгыз өз колуна алган. Ал буга чейин бар болгон эл аралык түзүмгө да, АКШдан башка негизги дүйнөлүк державаларга да көңүл бурган жок.
Бул Кеңеш эл аралык Коопсуздук кеңешинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун ордуна түзүлгөн альтернативдүү орган катары долбоорлонгон. Анын жаңы түзүмү, жаңы добуш берүү системасы бар жана азыркы дүйнөлүк тартиптин жолуна толук параллелдүү багытты түзөт.
Бул Кеңештин түзүлүшү АКШнын 66 эл аралык уюмдан чыгышы жана Бириккен Улуттар Уюмуна берген милдеттүү каржылоо үлүшүн төрттөн бирин азайтышы менен коштолду. Ошол эле учурда ал жаңы Кеңешке 10 миллиард доллар бөлүп, өзүнө баш ийген мамлекеттерди дагы 10 миллиард доллар төлөөгө мажбурлап жатат. Мунун баары АКШнын азыркы эл аралык тартипти жоюп, өзү буйрук берүүчү жана чечим кабыл алуучу жалгыз күч болгон жаңы бир уюлдуу тартипти түзүүгө болгон каалоосун көрсөтөт. Ал жерде АКШ жалгыз туруктуу мүчө болуп, эл аралык вето укугуна ээ жалгыз мамлекет болот.
Бүгүн АКШ президенти Трамп жана аны колдогондордун көз карашында АКШны дүйнөнүн иштерин өз алдынча жана толук укук менен башкарууга жөндөмдүү жалгыз күч катары көрүшөт. Ал чечим кабыл алууда башкалар менен бөлүшүүнү каалабайт, эл аралык көп уюлдуулукту кабыл албайт жана дүйнөлүк системада үстөмдүк кылууда ага атаандаш боло турган эч бир эл аралык күчтү каалабайт.
Роя гезити
Абу Хамза ал-Хатвани




