Комментарий
Trending

Трамптын улуттук коопсуздук стратегиясы жана анын Ислам үммөтүнө тийгизген таасирлери

Трамптын улуттук коопсуздук стратегиясы жана анын Ислам үммөтүнө тийгизген таасирлери

Жаңылык:

2025-жылдын 5-декабрында жарыяланган АКШнын улуттук коопсуздук стратегиясында Кытай менен сооданы тең салмактоого жана Тайванды басып алуудан тосууга чакырык жасалды. Бирок Жо Байдендин президенттиги учурунда, 2022-жылы жарыяланган мурунку стратегиядан айырмаланып, жаңы стратегия негизги көңүлдү Кытайга бурган жок жана Пекин менен атаандашууну АКШ үчүн эң чоң чакырык катары аныктаган жок. (Аль-Жазира).

Комментарий:

Трамптын стратегиясы эл аралык аренада өзүн өзгөчө, жалгыз үстөм күч катары бекемдөөгө, дүйнө элдерине жана алардын байлыктарына үстөмдүк кылууга, бул стратегияны ишке ашыруу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууга багытталган. Ал эми эл аралык позициядагы «өзгөчөлөнүү» («Америка — биринчи») деген түшүнүгүнүн стратегиясы Палестина жана Украина маселелери боюнча мамилесинен ачык көрүнөт.

Палестина маселесинде Трамптын тушунда Америка эл аралык ар кандай тараптардын ролун, анын ичинде Ислам үммөтү менен Палестина элин четке кагып, Палестина маселеси боюнча өзүнүн көз карашын эч ким менен кеңешпестен дүйнөгө таңуулады. Тараптардын ролу Трамп белгилеген пландын аткаруучусу болуу менен гана чектелди.

Ал эми Украина маселесинде Америка Орусия менен сүйлөшүүлөрдү согушту америкалык көз карашка ылайык бүтүрүү жана Украинадагы өз кызыкчылыктарын камсыз кылуу багытында жүргүздү. Бул ишти Европа тарап менен да, украин тарап менен да координациясыз жасады. Зеленский Трамптын пикирине каршы чыкканы үчүн Трамп аны катуу жемелеп, кийин АКШ таңуулаган нерсеге макул болууга мажбур кылды.

Ал эми дүйнө элдерине жана алардын байлыктарына үстөмдүк кылуу идеясы Ислам өлкөлөрүндө зулумдуктун жана диктатуранын өкүмүн колдоо жана бекемдөө саясаты аркылуу ачык көрүнөт. Бул Ислам үммөтүн улам басынтып, дем алуусун кысып, аны Батыш колонизаторлорунан бошонууга жана Набий ﷺ  минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин курууга жеткирбөө үчүн жасалууда. Трамптын мезгил-мезгили менен мунай жана байлыкка ээ болгон өлкөлөргө жасаган «жортуулдары», ал жактан алтын баштыктарын аркасына илип алып, өлкөсүнө кайтканы Ислам өлкөлөрүнүн байлыктарына үстөмдүк кылуунун символдук мисалы болуп калды. Ал эми Коргоо министрлигинин атын «Согуш министрлигине» өзгөртүү Трамп өзүнүн экинчи президенттик мөөнөтүндө алып келген «камчы саясатынын» жыйынтыгы.

АКШнын жаңы коопсуздук стратегиясы Байден доорундагы Кытайга жана аны чектөөгө багытталган саясатты олуттуу түрдө өзгөртүү болуп эсептелет. Эми көңүлдүн көбү Ислам үммөтүнүн жүрөгүндө жайгашкан регионго т.а. Жакынкы Чыгышка жана Исламга бурулууда. Стратегиянын 28-бетинде мындай деп айтылат: «Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөр радикалдык тамырларды жок кылууга болгон умтулууларын көрсөтүүдө. Бул тенденцияны АКШ саясаты улантып колдоого тийиш». Бул жерде «радикалдуулук» терминин колдонуу мурдагы «экстремизм жана терроризм» деген эки терминдин ордуна коюлган жаңы басым болуп саналат. Американын «терең мамлекет» көз карашында бул «радикалдуулук» революциялык өзгөрүүгө жана Халифалык идеясына түздөн-түз байланышкан. АКШнын мамлекеттик катчысы бул терминди дал ушул мааниде 2025-жылдын 2-декабрында мындай деп айтты: «Ислам радикалдуулугу дүйнөнүн бир бөлүгүн басып алып, кичинекей Халифалыкка канааттануу максатын көздөбөйт, алар кеңейүүнү каалашат, ал табияты боюнча революциячыл».

Ал эми Батыш колонизаторлорунун Жакынкы Чыгыштагы агенттери Трампка радикалдуулукка каршы күрөшүндө жардам берүү үчүн күчүн аяшпайт. Ошондуктан, мусулман мамлекеттердин башчылары саясий исламий пикирлерге, анын ичинде Халифалык долбооруна болгон көзөмөлдү жана куугунтукту мурункудан да күчөтүштү. Бул — АКШнын Ислам өлкөлөрүндөгү колониялдык үстөмдүгүн бекемдөө үчүн жүргүзүлүп жаткан кеңири сакофий, укуктук жана саясий кампаниянын бир бөлүгү. Мындан тышкары, стратегияда Вашингтондун көзүндө Жакынкы Чыгыштын маанилүүлүгү ачык айтылат. Анда мындай деп белгиленет: «Америка үчүн Булуңдагы энергия булактары ачык душмандын колуна түшүп калбашы, Ормуз кысыгы ачык болушу, Кызыл деңизде сүзүүгө шарт болушу, аймак АКШнын кызыкчылыктарына же анын жерине каршы терроризмдин очогу же экспорттоочусу болуп бербеши жана яхудий түзүмү коопсуз болушу — негизги кызыкчылык болуп кала берет».

Жакынкы Чыгыштын эбегейсиз энергия ресурстарына, соода жана деңиз күчү үчүн маанилүү болгон негизги деңиз жолдоруна, ошондой эле америкалык колониялизмге жана Ислам үммөтүнүн жүрөгүндөгү анын алдыңкы аскерий базасы болгон яхудий түзүмүнө каршы турган массалык коомдук пикир бар экени шексиз. Ошондуктан, мусулмандар Америка колонизаторлугунан бошонуп кетүүсүнө жол бербөө үчүн алардын динине каршы күчөп бара жаткан чабуулга туш болушары күтүлөт. Муну менен бирге яхудий түзүмү менен нормалдашууга мажбурлоо жана ага каршы чабуулдарды болтурбоо үчүн мусулман куралдуу күчтөрүн пайдаланылат.

Ал эми нормалдаштыруу маселесине келсек, стратегиянын чөйрөсү Жакынкы Чыгыш менен гана чектелбей, бүтүндөй Ислам өлкөлөрүн камтый турганын ачык көрсөтүүдө. 29-бетинде мындай деп айтылат: «Бизде Абрахам келишимдеринин алкагын кеңейтип, аймактагы жана Ислам өлкөлөрүндөгү башка мамлекеттерди да камтууга болгон ачык кызыкчылык бар». Демек, Американын Исламга каршы согушу Ортоңку Чыгыш менен гана чектелбестен, Индонезиядан Мароккого чейинки бардык Ислам өлкөлөрүн камтыйт!

Эй бардык мусулмандар, айрыкча күч жана мүмкүнчүлүк ээлери:

Трамп коопсуздук стратегиясын жарыялады, ал силердин диниңерге жана өлкөлөрүңөргө каршы согушту күчөтүү жөнүндө ачык билдирип жатат. Трамп силердин эбегейсиз ресурстарыңарды жана диниңерге кайтып келсеңер Америкага чакырык таштоого болгон мүмкүнчүлүгүңөрдү жакшы билет. Ал өз ниеттерин ачык жарыялап, силерге каршы жаңы демилгелерди ишке киргизди. Анда силердин жообуңар кандай болот?!

Жакшылык толугу менен биздин өлкөлөрдөн америкалык колонизаторлукту кууп чыгууда. Жакшылык өлкөлөрүңөрдү колонизаторлуктун бардык түрлөрүнөн: аскерий, саясий, экономикалык, сакофий жана укуктук көзөмөлдөн бошотууда. Бул болсо бузук режимдер менен агент-акимдерди тамырынан жулуп таштоо менен гана ишке ашат. Ислам үммөтү өзүнүн кызыкчылыктарына жетүү үчүн күчүн бириктирүүгө, Аллах Тааланын шариятын жетекчи кылууга, жана ихластуу, аң-сезимдүү саясий жетекчиликтин айланасына биригүүгө тийиш. Ошондо гана Ислам өлкөлөрүнүн бардыгы жоголуудан жана караңгылыктан чыгып, туура жолго жана нурга жетишет.

Алла Таала айтат:

﴿فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَالنُّورِ الَّذِي أَنزَلْنَا وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ﴾

«Андыктан, силер Аллага, Анын пайгамбарына жана Биз түшүргөн Нурга-Куранга ыйман келтиргиле! Алла кылып жаткан ишиңерден кабардар». (Тагабун: 8).

Мусъаб Умайр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button