Трамптын шерменде келишимине мусулман өлкөлөрүндөгү жетекчилер баштарын жерге салып ээрчишүүдө!

Трамптын шерменде келишимине мусулман өлкөлөрүндөгү жетекчилер баштарын жерге салып ээрчишүүдө!
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши шейшембиге караган түнү, АКШ тарабынан сунушталган резолюция долбоорун бекитти. Муну менен Трамптын Газа сектору боюнча демилгесин колдоп, Газа секторуна байланыштуу планын кабыл алынды. АКШ президенти Трамп Коопсуздук Кеңешинин Газа боюнча добуш берүүсүн “тарыхый учур” деп сыпаттады… (Би-Би-Си, 18/11/2025). Ал эми №2803 резолюцияны медиалар жарыялашты. Ал АКШ президенти Дональд Трамптын 2025-жыл, 29-сентябрда жарыяланган Газадагы жаңжалды токтотуу боюнча 20 пункттан турган планын кабыл алуу.
Коопсуздук Кеңешинин аталган резолюциясындагы эң кооптуу төрт нерсе төмөнкүлөр:
- Тынчтык Кеңешин (BoP) түзүү. Ал эл аралык юридикалык макамы бар убактылуу башкаруу органы болуп, Газаны комплекстүү план боюнча кайра калыбына келтирүү үчүн алкакты түзүү жана каржылоону координациялоо милдетин аткарат. Бул Палестина администрациясы өзүнүн реформа программасын бүткөнгө чейин болот.
- Убактылуу башкаруу режимин ишке ашыруу. Буга сектор тургундарынан турган саясий эмес технократ палестин комитетин көзөмөлдөө жана колдоо кирет.
- Мүчө мамлекеттерге Тынчтык Кеңеши менен бирге Газада Убактылуу Туруктуу Турукташтыруу Күчүн (ISF) түзүүгө уруксат берүү. Ал Тынчтык Кеңеши кабыл алган бирдиктүү командачылык алдында жайгаштырылат жана катышкан мамлекеттердин күчтөрү кошулат… Ошондой эле жаңы текшерилген жана даярдалган палестин полиция күчтөрү менен бирге чек ара аймактарын коопсуздандырууга жардам берет. Газадагы куралсыздандырууну камсыз кылуу аркылуу коопсуздук чөйрөсүн туруктуу кылуу, ага аскерий, террордук жана чабуулдук инфраструктураларды жок кылуу жана кайра курууга жол бербөө кирет.
- Тынчтык Кеңеши жана ушул резолюция менен уруксат берилген эл аралык жарандык жана коопсуздук тараптардын катышуусу 2027-жылдын 31-декабрына чейин иш жүргүзөт. Бул Кеңештин кийинки чараларына жараша ишке ашат… Ошондой эле Газага кирип-чыгуу үчүн адамдардын кыймылын комплекстүү планга ылайык жеңилдетүү чараларын көрүүгө… жана Тынчтык Кеңешинен алга жылуу боюнча ар алты ай сайын Коопсуздук Кеңешине жазма отчет берүү талабы коюлат.
Эй мусулмандар! Коопсуздук Кеңешинин бул чечимине көз жүгүрткөн адам үчүн Газага васийлик (көзөмөлдүк) жана колониялык көзөмөл жарыяланып жатканын түшүнүүгө терең ой жүгүртүүнүн деле кереги жок. Анткени анда башкаруу түзүмүн (Тынчтык Кеңеши) түзүү каралган. Бул кеңеш (Эл аралык Турукташтыруу Күчүн) түзөт жана кеңеш менен ал түзгөн күч 2027-жылдын 31-декабрына чейин, башкача айтканда эки жылдан ашуун иш алып барат. Бул да акыркы чек эмес, тескерисинче (Кеңештин кийинки кандай чечим кабыл алышына жараша) улана берет! Андан соң кеңеш дагы (Убактылуу башкаруу администрациясын) түзөт жана аны башкаруу иштеринен алыстатуу үчүн саясий эмес болуусун шарттайт… Муну менен да чектелбестен, бул кеңеш Газага кирип-чыгууда адамдардын кыймылын көзөмөлдөйт! Демек, бул каргыштуу чечим васийликтен да, колония болуудан да ашып түшөт!
Эй мусулмандар! Коопсуздук Кеңешинин бул чечими азыр эле пайда болгон эмес, тескерисинче, аны Трамп 2025-жылдын сентябрындагы БУУ жыйынынан бери мусулман өлкөлөрүндөгү өзүнө баш ийген өкүмдарлардын макулдугу менен жасап келген. Ал учурда Трамп Саудия, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Мисир, Иордания, Түркия, Индонезия жана Пакистанды камтыган жыйынды жетектеген. Бул жыйын БУУ Башкы Ассамблеясынын расмий иш-чараларынын алкагында 2025-жыл, 23-сентябрда өткөн жана Трамп аны «эң маанилүү жыйын» деп атаган. Андан кийин ал алардын алдына 20 пункттан турган планын койгон же таңуулаган. Бул жыйырма пункттун мазмунунун өзү эле Газаны жоготууну, ага васийлик орнотууну жана аны колония кылууну айкын көрсөткөн… Мунун бардыгы Трамп жана анын яхудий куйруктары Газаны эс алып жүрчү бакчага айландыруу үчүн пландалган!
Андан кийин Сиси Мисир жеринде Трампты жана анын Газаны жоготуучу каргыштуу планын даңазалап, Трамптын жана анын шериги Нетаньяхунун үстөмдүгүндө Газанын жок болушун майрамдады… Мусулмандар өлкөлөрүндөгү рувайбиза өкүмдарлар болсо Трампка болгон берилгендиктерине жана анын планын аткаруусуна кубанып турушту! Алар кафирлерге берилгендик кылуу бул дүйнөдө да, акыретте да аларды кор кылуучу жаза экенин унутушту же унутумуш болушту. Аллах Таала айтат:
﴿سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ﴾
«Жакында мындай кылмышкерлерге кылып өткөн айла-амалдары себептүү Алла алдында кордук жана катуу азап жетет». (Анъам: 124).
Эй мусулман жерлериндеги аскерлер! Газа Хашим сатылып, соодаланылып жатканын көрүп-угуп турсаңар, кан тамырларыңарда кан кайнабаган жүрөк кандай жүрөк?! Газа эли балдар, карыялар, аялдар яхудийлердин кылган кыргындарын көрүп-угуп турасыңар, силердин жүрөгүңөр же жеңиш же шахиддик болгон эки жакшылыктын бирине умтулбайбы? Мечиттерге, мектептерге, ооруканаларга жасалган бомба чабуулдарына, алардын ичинде башпаанек кылып турган адамдардын өлүмү үчүн өч албайсыңарбы? Газада адам да, дарак да, таш да ушул жырткычтык кол салуудан аман калган жок! Дүйнөлүк да, акыреттик да иззатка умтулбайсыңарбы? Аллахка жардам берсеңер, Аллах силерге жардам берет!
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ * وَالَّذِينَ كَفَرُوا فَتَعْساً لَهُمْ وَأَضَلَّ أَعْمَالَهُم﴾
«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат. Каапыр болгон кимселерге болсо кыйроо болот жана (Алла) алардын иш-амалдарын бекер кылат». (Мухаммад: 7-8).
Эй мусулман аскерлери! Ислам жоокерлеринин мурунку муундары сыяктуу Палестинаны жана Газа Хашимди азат кылууга силер да кудуреттүү эмессиңерби? Албетте, силер кудуреттүүсүңөр! Силер яхудий түзүмүн билекке тагылган билерик сыяктуу ар тараптан курчап турасынар. Бирок силерге чынчыл, ихластуу жетекчи керек… Силердин араңарда душманыңарга каршы баштап чыга турган ушундай жетекчи жокпу? Аллах аларды кордукка жана мискиндикке салган, силер менен согушса, силердин алдыӊарда качып-качып жеңиле турган душманга каршы жихад кыла турган эркектер жокпу?
﴿وَإِنْ يُقَاتِلُوكُمْ يُوَلُّوكُمُ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنْصَرُونَ﴾
«Эгер силер менен согушса, аркаларына карап качышат. Кийин аларга (эч ким тарабынан) жардам берилбейт». (Али Имран: 111).
Андай жетекчи Ислам жоокерлерин жетектеп, Газа Хашимди, эки кыбыланын бири жана үчүнчү харам болгон Аль-Акса мечитин азат кылат. Анын дубалдарында жеңиштин такбирлери Фарук Умар фатх учурунда жаңыртканы сыяктуу, Салахуддин Кудусту азат кылганда жаңыртканы сыяктуу, Абдулхамид нажас яхудийлердин жамандыгынан бул ыйык жерди коргогонунда жаңыртканы сыяктуу жеңиш такбирлери угулат… Андан соң Пайгамбарыбыз ﷺдын сүйүнчүлөгөн кабары жүзөгө ашат:
«لَتُقَاتِلُنَّ الْيَهُودَ فَلَتَقْتُلُنَّهُمْ…»
«Силер яхудийлерге каршы согушуп, аларды өлтүрөсүңөр…» (Сахих Муслим).
Эй мусулман жерлериндеги аскерлер, Газа силерден жардам сурап жатат, аны жардамдан куру калтырбагыла!
﴿وَإِنِ اسْتَنْصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾
«Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса жардам кылуу силердин мойнуңарда». (Анфал: 72).
Азыр ченем толду! Абал васийликке жана колониялаштырууга чейин жетти. Асман-жер арасындагы Исра жана Мираж Мубарак жери кайра Ислам дияры болуп калбоосу үчүн каршы чыгып жаткан өкүмдарларыңарга моюн сунууңар силерге бул дүйнөдө маскаралыкты, акыретте болсо оор азапты алып келет… Ал тургай силер моюн сунган өкүмдарлар да акыретте силерден баш тартышат! Ошондо силер катуу өкүнүп каласыңар, бирок өкүнүү кеч болот:
﴿إِذْ تَبَرَّأَ الَّذِينَ اتُّبِعُوا مِنَ الَّذِينَ اتَّبَعُوا وَرَأَوُا الْعَذَابَ وَتَقَطَّعَتْ بِهِمُ الْأَسْبَابُ * وَقَالَ الَّذِينَ اتَّبَعُوا لَوْ أَنَّ لَنَا كَرَّةً فَنَتَبَرَّأَ مِنْهُمْ كَمَا تَبَرَّءُوا مِنَّا كَذَلِكَ يُرِيهِمُ اللَّهُ أَعْمَالَهُمْ حَسَرَاتٍ عَلَيْهِمْ وَمَا هُمْ بِخَارِجِينَ مِنَ النَّارِ﴾
«Ал Күндө (каапырдыкка) ээрчитүүчүлөр ээрчигендерден танышат жана алардын баары азапты (өз көздөрү менен) көрүшөт. (Ал Күндө аларды байланыштырып тура турган) шылтоолор, себептер үзүлөт. Ээрчигендер: «Дагы бир жолу мүмкүнчүлүк болсо кана. Алар бизди тангандай, биз да аларды танар элек» дешет. Ушинтип, Алла Таала алардын кылган иштерин өздөрүнө өкүнүч-касирет кылып көрсөтөт. Алар тозоктон чыккыс болушат». (Бакара: 166-167).
﴿إِنَّ فِي ذَلِكَ لَذِكْرَى لِمَنْ كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ﴾
«Албетте мында (билгич) жүрөк ээси болгон же өзү күбө болуп жаткан абалда (тактап айтканда, чын жүрөктөн) кулак туткан киши үчүн эскертме-үлгүлөр бар». (Каф: 37).
1447-жыл, Жумадал-Ула айынын 28-күнү
19/11/2025-ж.
Роя гезити




