Комментарий
Trending

Трамптын эски Британиялык Чыгыш Индия компаниясы моделин жандандырышы Европада кооптонууну жаратууда

Трамптын эски Британиялык Чыгыш Индия компаниясы моделин жандандырышы Европада кооптонууну жаратууда

Жаңылык:

2026-жылдын 13-февралында өткөн Мюнхен коопсуздук конференциясында “The Guardian” гезити Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча өкүлү Кая Калластын Трамп Газа үчүн түзгөн «Тынчтык кеңеши» Бириккен Улуттар Уюмунун негиздеринен четтеп жатканын эскерткенин билдирди. Ал: «Коопсуздук Кеңешинин чечими бар, бирок Тынчтык кеңеши аны чагылдырбайт», — деди. Ошондой эле Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес Трампты БУУнун баштапкы мандатын айланып өтүүгө аракет кылууда деп айыптап, Европа «Палестина бийлигинин негизги каржылоочуларынын бири» катары «процесстен четтетилгенин» айтты.

Комментарий:

Газа үчүн түзүлгөн «Тынчтык кеңеши» деп аталган жана европалыктар менен Трамп администрациясынын ортосунда талаш жараткан бул түзүм – АКШ үстөмдүгүнүн жаңы куралын көрсөтөт. Ал тарыхта жаман аты менен чыккан Британиянын Чыгыш Индия компаниясына окшош. Компания байып, сооданы монополиялаштырган сайын, өзүнүн жеке армиясы бар жарым-жартылай көз карандысыз мамлекетке айланып, Индия менен Кытайда миллиондогон адамдардын өлүмүнө себеп болгон. Бул капитализмдин дүйнөгө эң ачык жана эң түз түрдө жайылышы болгон.

Ал компаниянын ийгилиги акыры анын кулашына алып келген. Себеби ал чай соодасын монополиялоо аркылуу Америкадагы колонияларды алсыратууга аракет кылган, натыйжада көз карандысыздык согушу чыгып, Британиянын таасири алсырап жаткан учурда АКШ улуу держава катары көтөрүлгөн. Ошондон бери капиталисттер артка чегинүүгө мажбур болуп, өз таасирин кыйыр жол менен т.а. саясатчылар аркылуу пара берүү, саясий басым көрсөтүү жана шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо аркылуу жүргүзүп калышты.

Жыйырманчы кылымда «эрежелерге негизделген эл аралык тартип» идеясы үстөмдүк кылды. Бирок бул эрежелер аларды колдонгон тарапка ылайык келгенде гана колдонулуп, ылайык келбегенде четке кагылып турган, ал тарап Америка болгон. Трамп доорунда буга карата бурулуш жасалып, мурда анын үстөмдүк пландарын тейлеген эл аралык стандарттар менен институттарды толук көз жаздымда калтырып, бир тараптуу күчтү абсолюттук түрдө колдонууга өтүүнү көрсөтүүдө.

Бирок ошого карабастан, Трамптын авторитардык саясаты АКШны обочолонтуп коюу коркунучун туудурат. Эгер мурдагы европалык союздаштарынын кызматташуусу азайса, Америка кыйла алсыз болуп калат. Ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио Мюнхен саммитинде европалыктарды жаңы сөзү менен бир топ тынчтандырды. Ал: «Биздин мекенибиз Батыш жарым шарда болушу мүмкүн, бирок биз ар дайым Европанын уулдары бойдон калабыз»,-деди.

Кытайдын таасири күчөп, жаңы альянстар түзүлүп жаткан шартта дүйнөлүк арена барган сайын атаандаштыкка толууда. Америка мурда өзүнө жетиштүү кызмат кылган эски институттун багытын дайыма бөгөттөп, кечеңдетип же бурмалай албай турганын түшүнүүдө. Ошондуктан ал азыр жаңы моделдерди сыноого жана өз муктаждыктарына көбүрөөк жооп бере турган жаңы куралдарды түзүүгө умтулууда.

Калластын каршылыгы дал ушул өзгөрүүгө байланыштуу. Бириккен Улуттар Уюму Газа маселесине гана тиешелүү болуп, мөөнөтү чектелген жана (жок дегенде расмий түрдө) палестиналыктардын катышуусуна негизделген эле. Ал эми «Тынчтык кеңешинин» түзүмү бул негиздердин баарынан четтеп жатат. Европа болсо буга тынчсызданууда, анткени ал кылымдар бою кан төгүлгөн согуштардан кийин Европада туруктуулукту орноткон мурдагы дүйнөлүк тартиптин жоголушунан коркот.

Мындан тышкары, Палестина өкмөтүнүн негизги каржылоочусу болгон Европанын процесстен четтетилгени тууралуу Альбарестин нааразычылыгы маанилүү жагдайды ачып берет. Кайра куруу иши басым көрсөтүү каражаты катары кайра уюштурулуп, бул күч эч кандай чектөөсүз АКШ администрациясынын айланасына топтолууда. Башкача айтканда, Америка «Тынчтык кеңешин» көзөмөлдөйт, ага кошула турган мамлекеттерди өзү аныктайт жана бул артыкчылык үчүн алардан бир миллиард доллар өлчөмүндө төлөм талап кылат.

Бул жерде Чыгыш Индия компаниясынын тарыхы азыркы учурду түшүнүүгө жол ачат. Компания расмий ыйгарым укуктар жана соода артыкчылыктары менен башталган, бирок мажбурлоону ири кирешеге айландырууга жетишкенде анын саясий өзгөрүүсү тездеди. Кийин Британия мамлекетинин көзөмөлү бул мамлекет менен компаниянын аралашуусун жок кылган эмес, тескерисинче аны жакшырткан. Көзөмөл кеңешинин түзүлүшү мындай системаны бекемдеген: анда компаниянын механизмдери күнүмдүк иштерди башкарса, парламент геосаясий багытты аныктап турган.

Мындай империялык жаңылык, башкаруу өзүн административдик зарылдык катары көрсөтөт, сооданы жөнгө салуу, каржы системасын жана «коопсуздукту» камсыз кылуу деп түшүндүрүлөт, бирок ошол эле учурда колониялык кызыкчылыктарга, тааныш-билишчиликке жана эксплуатацияга кызмат кылган түзүмдүк шайкештикти сактап калат.

Газадагы «Тынчтык кеңеши» боюнча талаш ушул үлгүгө шайкеш келет. Анткени анда негизинен үч нерсени ким көзөмөлдөөрү тууралуу айтылат: коопсуздук, каржылоо агымы жана өткөөл мезгилди аныктоо. Бул күч тең салмактуулугун кайра түзүүдө жеке сектордун ролу экинчи даражадагы эмес, тескерисинче анын негизги шарттарынын бири болуп саналат. Азыркы америкалык тышкы саясат согушту, басып алууну жана туруктуулукту кайра-кайра келишимдик системаларга айландырды. Маселен, 2011-жылы Иракта АКШнын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөндөрдүн саны аскер кызматкерлеринен да көп болгон. Ирак менен Афганистанда подряддык кызматкерлердин саны жүз миңдеген адамдарга жетип, көп учурда аскер күчтөрүнүн санынан ашып кеткен. Бул болсо башкаруунун негизги функцияларына жана аскер күчтөрүн колдоого пайда табуу кызыкчылыктарын аралаштырган. Бул өтө маанилүү, анткени келишим түзүү — саясий курал: ал жоопкерчиликти алсыратат, өз ара көз карандылыкты жаратат жана мамлекеттик каражаттарды жеке тармактарга өткөрүп, аларды стабилдүүлүктүн коомдук таянычына айландырышы мүмкүн.

Эл аралык тартиптеги өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылып жатып, согуш талаасы баалуу Газа жери экенин унутпайлы. Ал геноцидге жана чыккынчылыкка дуушар болгон, жана анда өлтүрүү менен кыйратуу дагы деле уланууда.

«يُوشِكُ الْأُمَمُ أَنْ تَدَاعَى عَلَيْكُمْ كَمَا تَدَاعَى الْأَكَلَةُ إِلَى قَصْعَتِهَا». فَقَالَ قَائِلٌ: وَمِنْ قِلَّةٍ نَحْنُ يَوْمَئِذٍ؟ قَالَ: «بَلْ أَنْتُمْ يَوْمَئِذٍ كَثِيرٌ وَلَكِنَّكُمْ غُثَاءٌ كَغُثَاءِ السَّيْلِ وَلَيَنْزَعَنَّ اللَّهُ مِنْ صُدُورِ عَدُوِّكُمْ الْمَهَابَةَ مِنْكُمْ وَلَيَقْذِفَنَّ اللَّهُ فِي قُلُوبِكُمْ الْوَهْنَ». فَقَالَ قَائِلٌ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَمَا الْوَهْنُ؟ قَالَ: «حُبُّ الدُّنْيَا وَكَرَاهِيَةُ الْمَوْتِ» (سنن أبي داود).

Пайгамбар ﷺ  айтты: «Жакында жеп тойгус жаныбарлар өз табагына жутунганы сыяктуу жакында улуттар бардык тараптан силерге жутунушат». Ошондо сахабалар сурады: «Ал кезде биз аз болобузбу?» Ал айтты: «Жок, силер ал кезде көп болосуңар, бирок селдин көбүгү сыяктуу болосуңар. Аллах душмандарыңардын көкүрөгүнөн силерден болгон коркууну алып салат жана жүрөгүңөргө “вахнды” салат». Бирөө сурады: «Эй Аллахтын Элчиси, “вахн” деген эмне?» Ал  айтты: «Дүйнөнү ашыкча жакшы көрүү жана өлүмдү жек көрүү». (Абу Дауд риваяты).

Дүйнөнү өтө сүйгөндөр, анын зулум башкаруучуларынын жалгандарына ишенгендер жана анын «эл аралык институттары» деп аталган нерселерге жабышкандар алдоо деңизинен суусап кайтышат. Алар жүз жыл бою эл аралык тартипке таянып, анын бардык чыккынчылыктарын көрмөксөн болушкан. Эми болсо сыйынган институттарын зулумдар кандай талкалап жатканын таң калуу менен көрүшүүдө.

Ыйык Рамазан айы жакындап жатканда, Аллахтын сөзүнө эл аралык деңгээлде ой жүгүртүп көрөлү:

﴿وَمَن يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْراً﴾

“Ким Аллага тобокел кылса, (Алланын) Өзү ага жетээрлик. Албетте Алла өзү (каалаган) ишине жетүүчү Зат. (Анын каалоосуна каршы туруучу эч ким жок). Чындыгында Алла бардык нерсе үчүн ченем-өлчөө кылып койгон (тактап айтканда, турмушта көрүнө турган ар-бир жакшы-жаман окуя же кубулуш Жалгыз Алла каалаган-белгилеген убакыт жана өлчөөдө пайда болот)”. (Талак: 3).

Абдулла Рувейбин

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button