Трамп Америка-Сауд альянсынын пайдубалын кантип талкалоодо?

Трамп Америка-Сауд альянсынын пайдубалын кантип талкалоодо?
2026-жылдын март айынын аягында, Вашингтон менен Эр-Рияддын ортосундагы мамилелерде кескин өзгөрүү пайда болду. Майамиде өткөн Сауд Арабиясынын инвестициялары менен түздөн-түз байланышы бар «Future Investment Initiative» инвестициялык форумунда АКШ президенти Доналд Трамп, Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салманды эл алдында мазактады.
“Ал менин… өбүүгө туура келет деп ойлогон эмес. Чынында эле ойлогон эмес. Ал мени ылдыйды көздөй кулап бара жаткан, кезектеги иши жүрбөс американын президенти болот деп ойлогон. Бирок эми ал мага сылык мамиле кылууга мажбур. Ага айтып койгула, ал мага карата сылык болушу керек” – деди Трамп.
Бул сөздөр беделдүү жана иерархиялык саясаттын негизин түзгөн адамдардын алдында айтылды. Американын саясий салтына мындай копол «ковбойдук» мүнөз туура келе бериши мүмкүн, бирок Жакынкы Чыгышта, дегеле намыс эң бийик моралдык баалуулук катары саналган Ислам маданиятында мындай билдирүүлөр таптакыр башкача мааниге ээ болот.
Батыштык байкоочу үчүн бул апыртмадай сезилиши мүмкүн. Бирок мусулман өлкөсүнүн лидери үчүн ачык мазактоо, ар кандай жашыруун келишпестиктерге караганда алда канча кооптуу. Таң калычтуусу, Эр-Рияддын расмий реакциясы өтө солгун болду. Бирок бул жымжырттык алсыздыктын белгиси эмес. Жакынкы Чыгыш саясатында эл алдында айтышып-тартышууну жактырышпайт. Жооп башкача таризде, тагыраагы, шарттарды өзгөртүү жана макулдашууларды кайра карап чыгуу аркылуу берилет. Саудиянын позициясын билдире турган ыктымалдуу кадамдар, эки негизги тармакта ишке ашышы мүмкүн жана бул үчүн алар бир дагы сөздү эл алдында айтууга муктаж болбойт.
Мунай жана ОПЕК+
Сауд Арабиясынын биринчи жана эң кубаттуу куралы дүйнөлүк мунай рыногун көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү. Эр-Рияд ыңгайлуу учурда мунай өндүрүүнү Трамп күткөндөй деңгээлде көбөйтпөй коюшу, ОПЕК+ алкагында өз аракеттерин Орусия менен ылайыкташтыруусу жана АКШдагы шайлоо алдындагы инфляция күчөгөн мезгилде ийкемдүүлүк көрсөтпөй коюшу мүмкүн. Шайлоо алдында арзан бензинге жана төмөн инфляцияга өтө муктаж болгон Трамп үчүн бул олуттуу алсыздыкты жаратат. Эл алдындагы мазактоодон кийин энергия ресурстарынын баасын акысыз көзөмөлдөөнү күтпөй эле койсо болот.
Инвестициялар
Экинчи курал, бул акча. Трамп, Сауд Арабиясы менен болгон мамилени адатта каржылык ийгилик, капиталдын көрсөткүчтөрү жана инвестициялык агымдар аркылуу кабыл алат. Аналитиктердин көз карашында, дал ушул тармакта эң сезимтал сокку урулушу мүмкүн. АКШдагы инвестициялардын басаңдашы, ири келишимдерге кол коюунун кечиктирилиши, көз карандысыз фонддорду түзүү мөөнөттөрүнүн жылдырылышы жана капиталдын бир бөлүгүн Америкадан Европага, Азияга, Кытайга же Индияга багыттоо – мунун баары «техникалык анализ», «рыноктук шарттар» же «тобокелдиктерди алдын алуу» сыяктуу көрсөтүлүшү мүмкүн. Эл алдында муну эч ким «өч алуу» деп атабайт. Бирок жыйынтык ошондой эле болуп, ал алда канча натыйжалуураак болот.
Омандык аналитик Салем ал-Жахури тараткан маалыматка ылайык, бул окуянын алдында Трамп Перс булуңундагы өлкөлөргө ультиматум койгон. Ал аймактагы өлкөлөрдөн Иран менен согушту улантуу үчүн 5 триллион доллар, же согушту тез токтотуу үчүн 2,5 триллион доллар төлөөнү талап кылган.
Сандар чынында акылга сыйгыс деңгээлде чоң. Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши тарабынан расмий тастыктоо болбосо да, бул маалыматтын ачыкка чыгып кетиши, жабык эшик артында өтө олуттуу соодалашуу жүргөнүнөн кабар берет.
Трамптын сионисттер менен биргеликте баштаган Иранга каршы согушу, алардын өздөрү үчүн оор кесепеттерди алып келди. Ормуз кысыгы жабылып, дүйнөлүк энергия ресурстарынын баасы кескин көтөрүлдү, ал эми Булуң өлкөлөрү түз экономикалык чыгымдарга учурап жатышат. Мындай кырдаалда Трамптын өзүнө мүнөздүү ач көздүк менен дагы триллиондогон долларларды талап кылышы, шылдың сыяктуу сезилет.
Саясий жеңилүүнүн шартында Трамптын мындай одонолугу, Сауд Арабиясы менен гана эмес, башка өлкөлөр менен да мамилелердин олуттуу начарлашына алып келиши мүмкүн. Согуш Жакынкы Чыгыштагы мунай экспорттоочу бардык монархиялардын экономикасына өтө катуу сокку урууда. Ошондуктан, узак мөөнөттүү келечекте Булуңундагы монархиялык бийликтер жалпысынан АКШ менен болгон мамилелерин кайра карап чыгышые болжолдоо мүмкүн.
Саясатка «Америка биринчи орунда» деген убада менен келген жана өзүн чыгымы көп «түбөлүк согуштарды» токтотуучу катары атаган Дональд Трамп, кесепеттерин алдын ала билүүгө кыйын болгон Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга өзү аралашып калды. Ал эми өзүнүн эл алдында айткан билдирүүсү менен Трамп, балким, АКШнын бул аймактагы эң баалуу активине – негизги араб союздашы менен болгон ишенимдүү мамилесине сокку урду.
Маселе жооп болобу же жокпу дегенде эмес. Маселе, Эр-Рияд мунайга, инвестицияга же Американын стратегиялык өнөктөшү деп аталуу укугуна качан бааны көтөрүүнү чечет деген суроодо. Ал учур келгенде, Трамптын мазактоочу сөздөрүн эч ким эстеп отурбайт. Бирок жыйынтык баарына белгилүү болот. Дональд Трамп көнүп калгандай, жооп дайыма эле тез, ачык же эмоционалдуу боло бербейт. Өч алуу көп учурда кечиктирилсе да, бирок ал күтүүсүз кылынат. Дал ушул себептен, өч алуу тынч, токтоолук жана ченеми менен бирге болот.
Хужжат Жамиа




