Комментарий

Трамп араб өлкөлөрүнөн 5 триллион доллар талап кылууда

Трамп араб өлкөлөрүнөн 5 триллион доллар талап кылууда

Омандык журналист жана эл аралык мамилелер боюнча изилдөөчү Салем Аль-Жахури «BBC Arabic» каналынын эфиринде АКШ акча төлөтүү максатында Перс булуңундагы өлкөлөргө басым кылып жатканы тууралуу маалыматтарды ырастады. Ал АКШны бул аймактагы өлкөлөргө «рэкетчилик» кылып жатат деп айыптады.

Аль-Жахури шилтеме кылган маалыматтарга ылайык, АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн согушту улантуу үчүн 5 триллион доллар же аны токтотуу үчүн 2,5 триллион доллар талап кылган. Америка лидери бул талаптар «жетишилген жыйынтыктар үчүн төлөм» деп көрсөтүүдө.

Салем Аль-Жахури АКШнын аймактагы союздаштарына карата каржылык талаптары тууралуу билдирүүлөргө түшүндүрмө берди. Ал АКШнын саясатын «чоң рэкетчилик» деп мүнөздөп, Трамп администрациясы Перс булуңундагы өлкөлөрдү «коопсуздук» жана «регионалдык туруктуулук» үчүн акча төлөөгө мажбурлап жатканын баса белгиледи.

Комментарий:

Булуң өлкөлөрү буга чейин Трамптын аймакка жасаган сапары учурунда АКШга 1,4-5 трлн долларга чейин инвестиция салууга убада беришкен. Мунун каршысында, Америка аймактын коопсуздугун кепилдикке алмак. А бирок, убакыт көрсөткөндөй, Америка-“Израил”дин Иранга кол салуусунан эң көп запкы тарткан дал ушул перс булуңундагы өлкөлөр болуп калды. Анткени, бул кыянатчы акимдер Аллага эмес Америкага, анын аймактагы аскердик базаларына таянышкан эле. Бул алардын бул дүйнөдө кор болушуна жетиштүү. Ал эми, акыреттеги азаптары мындан коркунучтуу болушу талашсыз.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button