Макала
Trending

Трамп Газага мусулман өлкөлөрүнүн аскерлерин алып кирүүгө даярданууда

Трамп Газага мусулман өлкөлөрүнүн аскерлерин алып кирүүгө даярданууда

Дональд Трамп 2026-жылдын 19-февралында Газага Эл аралык күчтөрдү (ISF) жайгаштыруу боюнча өлкөлөрдүн тизмесин расмий тааныштырып, демилгенин чоо-жайын ачыктоону пландап жатат. Бул тууралуу билдирүү Вашингтондо өтө турган «Board of Peace» («Тынчтык кеңеши») аттуу биринчи жыйында жасалары күтүлүүдө.

Бул жыйында Дональд Трамп бул Эл аралык уюмга кирген өлкөлөрдүн ролун расмий тааныштырат. Ага таандык күчтөрдү америкалык генерал Жаспер Жефферс жетектейт. Бирок АКШ аскерлери атайын операцияларга түздөн-түз катышпайт.

Трамп Газага аскерлерди жөнөтүүгө даяр өлкөлөрдүн толук тизмесин азырынча жарыялаган жок. Бирок, алдын ала маалыматтарга ылайык, бул эл аралык күчтөрдү түзүүдө жана логистикасын камсыздоодо Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү негизги ролду ойнойт. Милдеттенмелер боюнча Индонезия 8 000 аскер жөнөтөт (башында 20 000 пландалган), Азербайжан аскерлерди жөнөтүүгө макул болгон, бирок так саны ачык айтылган жок, Пакистан менен Түркия потенциалдуу катышуучулар катары каралууда, ар бир өлкөдөн миңдеген аскерлер жөнөтүлөрү талкууланууда, Египет, Иордания, БАЭ көбүрөөк логистикалык жана кеңештик иштерди аткарары күтүлүүдө.

ISFтин баштапкы фазадагы болжолдуу саны бир нече миңден 10–15 миңге чейин аскерди түзөт. Каржылоо АКШ жана мүчө өлкөлөрдүн салымдары аркылуу жүргүзүлөт.

Чет элдик аскерлердин болжолдуу милдеттери:

  1. Газа менен «Израил» ортосундагы чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу жана Газаны демилитаризациялоо.
  2. ХАМАС кыймылын куралсыздандыруу жана аны көзөмөлдөө.
  3. Газада түзүлө турган өкмөттү колдоо жана инфраструктураны калыбына келтирүү иштерин коргоо.

Эске салсак, мындан умурун Хамас кыймылы өз куралдарын тапшырууну кескин четке каккан. 12-февралда Хамас кыймылынын өкүлү Махмуд Мердави палестиналык топтордун куралы жөн гана аскердик каражат эмес, көз карандысыздык жана өз тагдырын өзү аныктоо үчүн күрөштүн бир бөлүгү катары караларын белгилеген. Ошондой эле, ал куралсыздандыруу маселеси «Израил» күчтөрү Газадан толук чыгарылгандан кийин жана улуттук максаттарга жетишилген соң гана талкууланышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Ошентип АКШ «Израил» экөө ишке ашыра албаган нерсени мусулман өлкөлөрүнүн колу менен ишке ашырууга бел байлап жатат.

2023-жылы Газада согуш башталгандан бери АКШ менен «Израил» тарыхта болуп көрбөгөн бомбалоолорду, кыргындарды уюштурушту. Хиросимага ташталган атомдук бомба 15 000 тонна тротилге барабар болсо, Газада согуш башталгандан бери «Израил» Газага 100 000 тоннадан ашык тротил таштаган. Башкача айтканда, дээрлик 7 Хиросимага тете бомба ташталган. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрүнөн куралданган «Израилдин» геноциди себептүү Газада көз жумган мусулмандардын саны 70 миңден ашты, жараат алгандардын саны 171 миңден көп. Ок атышпоо келишмине карабастан, бул сандар дагы эле көбөйүп жатат.

Бирок, Батышты жетектеген АКШ жана анын эрке баласы «Израил» мына ушундай үрөй учурган кылмыштарга карабастан, бир ууч Газадагы эр жүрөк мусулмандарды багындырып, Газаны толук колго ала алган жок. Алардын куралы Газадагы мусулмандардын аскадай бекем ыйманына урулуп талкаланды. Бүткүл дүйнө «Изралдин» армиясы тууралуу «жеңилгис» деген сөздөр курулай жалган экенин көрдү. Мусулмандар ыйманында бекем турса, кандай гана улуу иштерди жасашы мүмкүн экендиги айкын болду. О.э мусулмандарда өз кубатына ишеним бекемделди. Мусулмандар ыйманда бекем турса, улуу саналган күчтөрдү да жеңүүгө кудуреттүү экенине үмүт ойгонду.

Бирок, аскерий жактан сокку уруп көздөгөнүнө жете албаган айла-амалдуу АКШ муну менен токтоп калган жок. Ал Газадагы максатына жетүү үчүн башка планды ойлоп тапты. Эми Газадагы «Израилдин» иш-аракетин мусулман өлкөлөрүнөн барган аскерлер аткарары көздөлүүдө. Алар негизинен Хамасты куралсыздандыруу милдетин аткарышат. Тагырак айтканда, Хамасты моюн сундурууга аракет кылышат. Бул мусулмандын мусулманга курал көтөрүшүнө алып келери шексиз. Мындай аракет Исламда арам эсептелип тыюу салынган. Бул аракет «тынчтыкты орнотуу» деген парда менен кооздолуп, түпкүлүгүндө ХАМАСты жок кылып Газаны толук көзөмөлгө алуу максат кылынган. Андыктан, АКШнын максатын ишке ашыруу үчүн анын жетекчилиги астында Газага баруу – бул Исламга, мусулмандарга каршы чоң кыянат. Бул саткындыкка, чыккынчылыкка барабар. Ошон үчүн Трамптын «Тынстык кеңешин» да, Газадагы демилгесин да толук четке кагуу керек. Мусулман өлкөлөрүнүн башчыларын бул кеңешке кошулуудан, Газага аскерлерин жөнөтүүдөн эскертип, кафирдин максаты үчүн эки мусулмандын ортосундагы кан төгүүгө жол бербешибиз зарыл.

Аллах Таала айтат:

﴿ وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ﴾

«Алар айла-амал кылышат, Аллах да айла-амал кылат, Аллах айлакерирээк»                                                        [8:30].

Харун Абдухак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button